cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

Kloop кыргызча

Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде. Сайт: https://ky.kloop.kg Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/ Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz

Show more
Advertising posts
801
Subscribers
+224 hours
+147 days
+5430 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

Photo unavailableShow in Telegram
Жокчулук, коркунуч, чыккынчылык. Аялдар эмне себептен балдарын таштоого мажбур болот? Махабат 2016-жылы Кубат аттуу жигит менен таанышып, экөө мамиле кура баштаган. Бирок кийин жаштар уруша кетип, эки жолго түшөт. Көп өтпөй Махабат боюнда бар экенин билет. Буга чейин биринчи жолдошу менен ажырашып кеткен, бир баласы бар болчу. Экинчи жолу эне болууга даяр эмес эле. Тогуз айдан кийин Махабаттын баласы ажатканадан табылган. Ымыркай аман калган. Бирок кыз кармалып, кийин 2 айга кесилген. Акыркы жылдары Кыргызстанда ушундай жагдайга кабылган аялдар менен ымыркайлардын саны миңден ашат. Ымыркайлар таштанды челектен, ажатканадан же таала-түздөн, кээде кимдир бирөөнүн короосунан табылат. Мындай окуялар чындап эле көппү жана себеби эмнеде? «Клооптун» дата-журналисттери талдап чыгышты. 👉https://bit.ly/3VuQ3xK (бул бөгөткө карабастан ачыла турган шилтеме)
Show all...
👍 1
Photo unavailableShow in Telegram
Ош: 44 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип мурунку күйөө баласы кармалды Ош облусунун Кара-Суу районундагы 44 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип анын 28 жаштагы мурунку күйөө баласы кармалды. Бул тууралуу 3-июнда облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, эки тараптын ортосундагы жаңжал бала талашуудан келип чыккан. 30-майда Кара-Суу районунун аймагындагы 28 жаштагы кишинин үйүнѳ 45 жаштагы мурунку кайненеси, анын 44 жаштагы сиңдиси жана 24 жаштагы баласы бастырып кирип, анын балдарын талашып, урушуп кетишкен. Денесинен жарат алган 24, 44 жана 45 жаштагы тургундар ооруканага кайрылып, 44 жаштагы аял денесинен алган жараатынан улам ооруканада каза болду. Бул окуя боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 28 жаштагы тургун кармалды. Учурда териштирүү иштери уланууда. #кабарлар
Show all...
Миң-Кушта уран калдыгын ташыган жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылды Бул тууралуу «Азаттык» ӨКМдин маалыматына таянып жазды. 1-июнда Жумгал районунун Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыгын ташып иштеген «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сайга кулап түшкөн. Автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгон. Министрлик уран калдыктарын ташыган машиналар дезинфекциядан өтүп турарын жана акыркы кырсыктан кийин эч кандай кооптонуу жок экенин кошумчалаган.
«Сууга эч нерсе төгүлгөн эмес. Ошого карабай суунун, топурактын үлгүлөрү алынып текшерүүгө жиберилди. Ал жерден радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкты. Ошондуктан жарандарга кооптонууга негиз жок»,
– деп айтылат билдирүүдө. «Туюк-Суудагы» уран калдыктарын «Дальнее» сактоо жайына ташуу иштери өткөн жылдын август айында башталган. Аны орусиялык «Росатом» ишканасы ишке ашырууда. Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген. Үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Жогорку Кеңеш уран казууга уруксат берген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Уран жана торийди казууга тыюу 2019-жылы Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө каршы нааразылык акцияларынан кийин киргизилген. Аны алып салуу идеясы минкабга таандык. Алар 2020-2023-жылдардагы экономикалык башаламандыктан кийин өлкөгө башка киреше булактары керек деп эсептейт. #кабарлар
Show all...
01:14
Video unavailableShow in Telegram
Бишкек шаардык соту «Клооптун» сайтын бөгөттө чечимин мыйзамдуу деп тапты Бүгүн Бишкек шаардык соту «Клооптун» сайтын бөгөттө боюнча Маданият министрлигинин аппеляциялык арызын карады. Буга чейин административдик сот министрликтин басылманын сайтын бөгөттөө жана ага себеп болгон материалды өчүрүү чечимин негизсиз деп тапкан. «Клооптун» юристи Фатима Якупбаева шаардык соттун өкүмүн мыйзамсыз деп атап, ага каршы Жогорку сотко даттанышарын билдирди. Ал мындай жагдай онлайн басылмаларга коркунуч жаратат деп белгиледи. «Клооптун» орус тилиндеги сайтын бөгөттөө чечими өткөн жылдын 12-сентябрда, ал эми кыргыз тилиндегисин бөгөттөө чечими ноябрдын башында күчүнө кирген. Сайтты бөгөттөөгө «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» деген материал негиз болгон. Макаланын үстүнөн Маданият министрлигине УКМК арызданган. Атайын кызмат материал «чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет» деп эсептейт. #кабарлар
Show all...
video_2024-06-03_14-57-21.mp46.23 MB
Грузияда «чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди – документке парламенттин спикери кол койду «Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзам деп аталып, Грузияда чоң нааразылыктарды жараткан «Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндөгү» мыйзамга парламенттин спикери Шалва Папушвили кол коюп, күчүнө кирди. Грузиянын парламенти 28-майдагы жыйынында президент Саломе Зурабишвили мыйзамга койгон ветодон өттү. Мыйзам 2023-жылдын маалыматы боюнча кирешесинин 20%дан ашыгын чет өлкөдөн алгандар бир айдын ичинде «чет элдик бийликтин кызыкчылыгын ишке ашырган» уюм катары каттоодон өтүүгө милдеттүү. Негизинен Батыш фонддору менен иштеген онлайн медианын жана бейөкмөт уюмдардын басымдуу бөлүгү ушундай талаптарга жооп беришет. Эгер алар каттоодон өтпөсө, аларга айып пул салынат. «Айкындуулук» мыйзамына каршы чыккандар аны Орусиянын чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамынын көчүрмөсү деп аташат. Алардын пикири боюнча, мыйзам Грузиядагы оппозицияга каршы кысымдын жана репрессиянын куралы болуп калышы мүмкүн. Мыйзам долбоору өлкө боюнча миңдеген митингдерге алып келди. Ал Европа өлкөлөрүнүн бийликтери жана эл аралык укук коргоочу уюмдар тарабынан сынга алынган. Freedom House билдиргендей, «чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзам Грузияны репрессиялык режимдерге жакындатат. #кабарлар
Show all...
👍 2
«Ким болсо да катышсын». Президент мамлекеттик долбоорлор тууралуу иликтөөгө жооп берди Президент Садыр Жапаров «Клооп», OCCRP жана Temirov Live биргеликте жасаган мамлекеттик долбоорлор тууралуу иликтөөгө жооп берди. Ал өкмөттүк басылмаларга андай медиаларга жооп берип убакыт коротпогула деп буйрук бергенин билдирди. Анын айтымында, ири курулуш иштерине ким болсо да келип катыша алат, бирок долбоор ыңгайлуу бааны сунуштагандарга берилет. Жапаров «Аманат Строй Инвест» компаниясы Баткендеги 91 үйдүн ар бирин 3,3 миллион сомдон курганын, ал эми жеке компаниялар 5,8 миллион сомго курууну сунуштаганын белгиледи. Иликтөөгө ылайык, «Аманат Строй Инвесттин» ээси президенттин тууганынын жакын досу, 26 жаштагы Адилет Нурланбек уулу жана президенттин иш башкармалыгын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жердеши Давид Камбаров. «Курулушка катышам деген каалоочу компаниялар болсо, келе берсин. Айрыкча ушул жалганчы сынчылардын тааныш компанияларын чакырат элем. Келип өздөрүн көрсөтүшсүн. Колдорунан иш келер бекен – көрөлү. Тили сайрагандай болуп, колдорунан бир нерсе келер бекен? Ай ким билет? Колдорунан эч нерсе келбейт. Мындайларды турмушта далай эле көрдүк го», — деди президент. Иликтөөнү толук бул жерден окуңуз: #кабарлар
Show all...
«Ким болсо да катышсын». Президент мамлекеттик долбоорлор тууралуу иликтөөгө жооп берди Президент Садыр Жапаров «Клооп», OCCRP жана Temirov Live биргеликте жасаган мамлекеттик долбоорлор тууралуу иликтөөгө жооп берди. Ал өкмөттүк басылмаларга андай медиаларга жооп берип убакыт коротпогула деп буйрук бергенин билдирди. Анын айтымында, ири курулуш иштерине ким болсо да келип катыша алат, бирок долбоор ыңгайлуу бааны сунуштагандарга берилет. Жапаров «Аманат Строй Инвест» компаниясы Баткендеги 91 үйдүн ар бирин 3,3 миллион сомдон курганын, ал эми жеке компаниялар 5,8 миллион сомго курууну сунуштаганын белгиледи. Иликтөөгө ылайык, «Аманат Строй Инвесттин» ээси президенттин тууганынын жакын досу, 26 жаштагы Адилет Нурланбек уулу жана президенттин иш башкармалыгын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жердеши Давид Камбаров. «Курулушка катышам деген каалоочу компаниялар болсо, келе берсин. Айрыкча ушул жалганчы сынчылардын тааныш компанияларын чакырат элем. Келип өздөрүн көрсөтүшсүн. Колдорунан иш келер бекен – көрөлү. Тили сайрагандай болуп, колдорунан бир нерсе келер бекен? Ай ким билет? Колдорунан эч нерсе келбейт. Мындайларды турмушта далай эле көрдүк го», — деди президент. Иликтөөнү толук бул жерден окуңуз: https://bit.ly/3ywX5bY #кабарлар
Show all...
Жатка кетпесин. Өлкөдөгү ири долбоорлор кандайча президенттин айланасындагы адамдардын колуна тийген?

Көшөгө артында бул долбоорлорду өлкө башчынын жакын адамдарына тийиштүү компаниялар ишке ашырууда

Photo unavailableShow in Telegram
Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасына жолдомо алды Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 2-июнда Таиландда өткөн турнирде коло медалга ээ болуп, Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Ал мелдеште 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым финалга жеткен. Анда украиналык мушкерге жеңилип, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште индиялык спортчуну уткан. Мунарбек Сейитбек уулу өткөн жылы Ташкенде өткөн Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип, Кыргызстандын эгемен тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпионатында байгеге татыган алгачкы спортчу болгон. Ушуну менен 15 кыргыз спортчусу Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Буга чейин балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков, Айаал Лазарев Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, ошондой эле суучул Денис Петрашов, дзюдочу Эрлан Шеров жана жөө күлүк Илья Тапкин менен Сардана Трофимова лицензия алган болчу. #кабарлар
Show all...
🔥 1
Photo unavailableShow in Telegram
Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кетүүгө арыз жазды Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов «Азаттыкка» тастыктады. Анын айтымында, Курманкул Зулушев мамлекет башчысы Садыр Жапаровго тиешелүү арыз менен кайрылган. Эми арызды Жогорку Кеңеш карайт. Алагөзов президент башкы прокурорлукка талапкер прокуратура кызматкерлеринин арасынан каралып жатканын кошумчалады. Курманкул Зулушев башкы прокурорлук кызматына 2020-жылы 21-октябрда дайындалган. Зулушев депутаттар тарабынан бул кызматка каралган жападан-жалгыз талапкер болгон. Ага чейин башкы прокурорлук кызматта Өткүрбек Жамшитов иштеп, ал кызматтык мөөнөтүнөн мурда бошотулган. #кабарлар
Show all...
Сот саламаттык министрин сындаган Коргонбай уулуна 10 миң сом айып салды Мындай чечимди 31-майда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарганын 2-июнда жактоочу Кайсын Абакиров фейсбук барагында жазды.
«31-майда Ленин райондук соту Алымкадыр Бейшеналиевдин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Коргонбай уулуна каршы ар-намысын, кадыр-баркын коргоо жана парламенттин жыйынында сүйлөгөн сөзү үчүн келтирилген моралдык чыгымды өндүрүү боюнча доо арызын канааттандырды. Сот Коргонбай уулунун маалыматы чындыкка дал келбесин төгүндөп, андан 10 000 сом моралдык чыгым өндүрдү»,
— деп айтылат билдирүүдө. Жусупбек Коргонбай уулу азырынча бул боюнча комментарий бере элек. Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу «саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жашыруун операция кылып жүргөн» деп билдирген. Буга Бейшеналиев жарадамга муктаж бардык адамга операция жасаганын айтып жооп берген. Кийин министр Бейшеналиев Коргонбай уулун ар-намыс жана кадыр-баркын коргоо үчүн сотко бергени белгилүү болгон. Көп өтпөй, 22-апрелде, депутат Коргонбай уулу мандатын тапшырууну чечип, эртеси БШК анын арызын канааттандырган. #кабарлар
Show all...
Log in or sign up to view

See posts, photos and more on Facebook.