en
Feedback
АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

Open in Telegram

Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!

Show more
1 728
Subscribers
-224 hours
-57 days
-1330 days

Data loading in progress...

Tags Cloud
No data
Any problems? Please refresh the page or contact our support manager.
Incoming and Outgoing Mentions
---
---
---
---
---
---
Attracting Subscribers
September '26
September '26
+6
in 0 channels
August '26
+22
in 0 channels
Get PRO
July '26
+26
in 0 channels
Get PRO
June '26
+37
in 0 channels
Get PRO
May '26
+16
in 0 channels
Get PRO
April '26
+28
in 1 channels
Get PRO
March '26
+25
in 0 channels
Get PRO
February '26
+44
in 2 channels
Get PRO
January '26
+17
in 1 channels
Get PRO
December '25
+34
in 1 channels
Get PRO
November '25
+39
in 2 channels
Get PRO
October '25
+41
in 1 channels
Get PRO
September '25
+22
in 1 channels
Get PRO
August '25
+25
in 5 channels
Get PRO
July '25
+29
in 2 channels
Get PRO
June '25
+38
in 1 channels
Get PRO
May '25
+65
in 2 channels
Get PRO
April '25
+38
in 7 channels
Get PRO
March '25
+45
in 8 channels
Get PRO
February '25
+79
in 4 channels
Get PRO
January '25
+107
in 1 channels
Get PRO
December '24
+100
in 3 channels
Get PRO
November '24
+93
in 3 channels
Get PRO
October '24
+142
in 3 channels
Get PRO
September '24
+75
in 2 channels
Get PRO
August '24
+85
in 4 channels
Get PRO
July '24
+94
in 1 channels
Get PRO
June '24
+47
in 1 channels
Get PRO
May '24
+87
in 1 channels
Get PRO
April '24
+102
in 2 channels
Get PRO
March '24
+126
in 1 channels
Get PRO
February '24
+78
in 1 channels
Get PRO
January '24
+84
in 3 channels
Get PRO
December '23
+37
in 4 channels
Get PRO
November '23
+39
in 4 channels
Get PRO
October '23
+61
in 6 channels
Get PRO
September '23
+24
in 0 channels
Get PRO
August '23
+31
in 0 channels
Get PRO
July '23
+44
in 0 channels
Get PRO
June '23
+29
in 0 channels
Get PRO
May '23
+42
in 0 channels
Get PRO
April '23
+44
in 0 channels
Get PRO
March '23
+48
in 0 channels
Get PRO
February '23
+41
in 0 channels
Get PRO
January '23
+84
in 0 channels
Get PRO
December '22
+24
in 0 channels
Get PRO
November '22
+82
in 0 channels
Get PRO
October '22
+105
in 0 channels
Get PRO
September '22
+164
in 0 channels
Get PRO
August '22
+120
in 0 channels
Get PRO
July '22
+274
in 0 channels
Get PRO
June '22
+296
in 0 channels
Get PRO
May '22
+107
in 0 channels
Get PRO
April '22
+2 175
in 0 channels
Get PRO
March '220
in 0 channels
Get PRO
February '220
in 0 channels
Get PRO
January '22
+993
in 0 channels
Date
Subscriber Growth
Mentions
Channels
08 September0
07 September0
06 September+2
05 September0
04 September+1
03 September+3
02 September0
01 September0
Channel Posts
‼️“Бишкек-Арена” 386 млн долларга курулганы маалым болду ✔️“Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулуп бүттү. Бул туурал
‼️“Бишкек-Арена” 386 млн долларга курулганы маалым болду ✔️“Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулуп бүттү. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
“Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулуп бүтүптүр. “60 млн долларга бүттү” деген жалган сөз. Тээ башында стадион курулуп баштаганда 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондо Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айтканын эшиттик. Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган. Бирок кийин Президентибиз Садыр Жапаров баштапкы долбоорду түп-тамырынан бери өзгөртүп: “Кыргыздын боз үйү сымал болсун, ичинде соода борборлору, ресторан-кафелери, супермаркети, кинотеатрлары, спорт залдары жана балдар ойной турган аянтчалары менен курулсун, антпесек бул стадион дагы бюджеттин мойнуна олтурат. Бул стадион келечекте киреше бере турган мекемеге айланыш керек”
- деп тапшырма берген”-деди Алагөзов.

2
‼️Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаевдин соту уланууда ✔️ Биринчи май райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын жаш
‼️Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаевдин соту уланууда ✔️ Биринчи май райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын жаш саясатчысы Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков фигурант катары өтүп жаткан массалык башаламандыктарды уюштуруу иши боюнча процесс уланды. Сот жабык режимде өтүүдө. ✔️Тергөө абагында жаткандарды колдоо үчүн алардын жакындары келишти: Раиса Атамбаева, Султанбековдун ата-энеси жана кичүү карындашы, Султанбековдун айдоочусу Эрмек Эрматовдун туугандары, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айрым тарапташтары. ✔️Раиса Атамбаеванын айтымында, ал Кыргызстанга болжол менен 10 күн мурун кайтып келген жана үч айга жакын уулу Кадырды көрө элек болчу. Буга чейин ал жолдошу менен Испанияда жүргөнү, ал эми кызы Алия Шагиева бутунун жаракатынан улам мурунку процесстерге катыша албаганы кабарланган.
56
3
‼️Аяз Баетов Юстиция министри кызматынан бошотулду ✔️Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президент
‼️Аяз Баетов Юстиция министри кызматынан бошотулду ✔️Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Кабарлангандай, Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, Баетовду башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу юстиция министри кызматынан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.
60
4
https://youtu.be/fQdBXEDhG9U?si=YpeZJ5AlCemx0xDW
124
5
‼️УКМК Бажы кызматкерлерин кармады ✔️Мамлекеттик бажы кызматынын Ош бажысынын "БИМИ Ош сервис" бажылык тариздөө пунктун текше+1
‼️УКМК Бажы кызматкерлерин кармады ✔️Мамлекеттик бажы кызматынын Ош бажысынын "БИМИ Ош сервис" бажылык тариздөө пунктун текшерүү тобунун инспекторлору К.У.Т. жана Т.А.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. ✔️Маалым болгондой, «Ош» бажысынын айрым кызмат адамдары кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, айрым ишкерлер менен алдын ала сүйлөшүп, акча алуу максатында ташылып өтүүчү товарларга бажылык кароо жүргүзбөй, туура эмес декларациялап өткөрүп жиберүүгө көмөктөшкөн. Натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирген. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда УКМК кылмыштуу схемага катышкан башка бажычыларды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштерин улантууда.
146
6
‼️"75чилер иши": Прокурорлор айыптоочулардын баарын 9 жылдан абакка кесүүнү сурады ✔️Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунд
‼️"75чилер иши": Прокурорлор айыптоочулардын баарын 9 жылдан абакка кесүүнү сурады ✔️Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда “75чилердин каты” боюнча соттук отурумда жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочулар соттон айыптоочулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сурады. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди. ✔️Түшкө чейин иштин материалдары изилденди. Жарыш сөз аяктаса айыпталуучулардын акыркы сөзү угулуп, сот өкүм чыгарышы мүмкүн. 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, төрт жылдан абакка кесилген. 8 айыпталуучунун баарына үч жылдык пробациялык жаза берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган.
138
7
‼️Бишкектеги Аламедин базарынын жанында өрт чыкты ✔️Кырсыктын видеосу социалдык тармактарда пайда болду. Күбөлөр өрт батарея
‼️Бишкектеги Аламедин базарынын жанында өрт чыкты ✔️Кырсыктын видеосу социалдык тармактарда пайда болду. Күбөлөр өрт батарея алмаштыруучу жайдан үйгө чейин жайылганын билдиришти. Окуя болгон жерде бир өрт өчүрүүчү топ иштеп жатканы айтылды.
132
8
‼️Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын билеттерин сатуудан канча сом түштү? ✔️5-сентябрга карата VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш
‼️Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын билеттерин сатуудан канча сом түштү? ✔️5-сентябрга карата VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына жалпы суммасы 31 млн 721 миң сомдук 37 миң 198 билет сатылды. Бул тууралуу ДКОнун медиаштабынан билдиришти. Билеттерди сатуу «NEBS.GOV.KG» улуттук электрондук билет системасы аркылуу жүргүзүлдү. Жалпы суммадан: ▪️QR-код аркылуу 17 млн 821 миң 48 сом келди; ▪️«Элкарт», «Visa» жана «Mastercard» банктык карталары аркылуу 10 млн 410 миң 533 сом түштү; ▪️Накталай акча түрүндө 3 млн 489 миң 419 сом түшкөн. ✔️Ошол эле учурда Кырчын капчыгайындагы маданий жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборуна кирүү акысыз болду. «Рух Ордо», «Дордой Номад» этношаарчасындагы жана ипподромдогу айрым маданий иш-чараларга билеттердин баасы 500 сомду түздү. Жабылуу аземине билеттер секторго жана орунга жараша 500 сомдон 4000 сомго чейин, ал эми көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге 1000 сомдон сатылды.
137
9
‼️Канат Сагынбаев кызматтан бошотулуп, Алмаз Имангазиев Эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды ✔️Канат Сагынба+1
‼️Канат Сагынбаев кызматтан бошотулуп, Алмаз Имангазиев Эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды ✔️Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлык 7-сентябрда жарыяланды. Ал бул кызматка 2025-жылдын сентябрында дайындаган эле. ✔️Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Имангазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.Алмаз Имангазиев буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.
136
10
‼️Тамак-аш саткан аянтчалар боюнча ишкерлерге арзандатуулар каралууда ✔️VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тамак-аш с
‼️Тамак-аш саткан аянтчалар боюнча ишкерлерге арзандатуулар каралууда ✔️VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тамак-аш сатуу максатында аянтча пайдалануу боюнча жалпы суммасы 25 млн сомдук келишим түзүлгүн. Бул тууралуу оюндардын маданий бөлүгүнүн башкы режиссеру Алтынбек Максутов билдирди. Бирдиктүү оператор катары «Көчмөндөр ашканасы» компаниясы бекитилген. Алар тамактануучу жайлар жайгашкан аянтчаларды 5 негизги локацияда уюштурушкан: ▪️Курманжан датка атындагы борбор; ▪️«Рух Ордо»; ▪️Чолпон-Атадагы ат майдан; ▪️«Дордой Номад»; ▪️Кырчын. ✔️Жалпы суммадан 8 млн сому төлөнүп берилди, ал эми калган 17 млн сомун оператор оюндар аяктагандан кийин которот. Аба ырайынын сууктугунан, электр энергиясы жана суу берүүдөгү үзгүлтүктөрдөн улам ат майдандагы жана Кырчындагы ишкерлер чыгымга учурашты. Учурда оператор менен «Кыргыз маданият сервис» жабыркаган ар бир ишкерге ижара акысынан жеңилдетүү берүү маселесин өзүнчө карап чыгууда.
140
11
‼️Нурланбек Тургунбек уулу Улан Ниязбеков менен эмнени сүйлөшкөнүн айтып берди ✔️Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек
‼️Нурланбек Тургунбек уулу Улан Ниязбеков менен эмнени сүйлөшкөнүн айтып берди ✔️Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек “75чилер иши” боюнча соттун адилеттүү чечимин күтөрүн билдирди. Ал бул тууралуу 7-сентябрда Бишкек шаардык сотундагы отурум алдында журналисттерге билдирди. Тургунбек уулу ошондой эле “Ырыс Ордонун” ачылышына катышуусу тууралуу комментарий берип, расмий чакыруу менен барганын айтты. «Чакыруусуз бармак белек? Бизди расмий түрдө чакырышкан, биз чакырылган конок катары катыштык», - деди мурдагы спикер. ✔️Тургунбек уулу муну көз караштардын айырмачылыктарына жана учурдагы жагдайларга карабастан, президент Садыр Жапаровдун биримдикке чакырыгы катары кабыл алганын белгиледи. Ал эми Ички иштер министри Улан Ниязбеков жолугушуусу тууралуу «Биз дээрлик беш жыл бою бир президенттик командада иштедик. Ички коопсуздук жаатындагы көптөгөн мыйзам долбоорлору парламенттен өттү. Биз Ички иштер министрлиги менен тыгыз иштештик. Менин баары менен жакшы мамилем бар» , - деген ал.
159
12
‼️Көк бөрү жана көкпар: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү командалар канча акча алышты? ✔️Көк бөрү боюнча биринчи орун үч
‼️Көк бөрү жана көкпар: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү командалар канча акча алышты? ✔️Көк бөрү боюнча биринчи орун үчүн кыргыз командасы 5 миллион сом алды. Казакстандын күмүш медалчылары 3 миллион сом, үчүнчү орун үчүн орус командасы 2,5 миллион сом жана төртүнчү орун үчүн Тажикстан 1 миллион сом алды. ✔️Көкпарда жеңүүчү кыргыз командасы 3 миллион сом алды. Казакстан экинчи орун үчүн 2 миллион сом, үчүнчү орун үчүн Орусия 1 миллион сом жана төртүнчү орун үчүн Өзбекстан 500 000 сом алды. Эске салсак, кечээ 6-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк-бөрү жана көкпар боюнча Кыргызстандын курама командасы финалдык беттеште казакстандык улакчыларды 12:0 эсебинде жеңип, чемпион болду.
150
13
‼️"75чилер иши”: Бишкек шаардык соту ушул аптада өкүм чыгарышы мүмкүн ✔️ Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоевдин айт
‼️"75чилер иши”: Бишкек шаардык соту ушул аптада өкүм чыгарышы мүмкүн ✔️ Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоевдин айтымында, айыпталуучулардын сурактары акыркы отурумда аяктап, сот бүгүн далилдерди изилдей баштайт. "Эгерде тергөө бүгүн аяктаса, оозеки жарыштар жакында башталат. Айыпталуучуларга акыркы сөздөрү берилип, өкүм бейшемби күнкү отурумда жарыяланышы мүмкүн. Бирок, так мөөнөттү көрсөтүү кыйын. Сотко чакырылган бардык күбөлөр биздин кардарларыбыздын пайдасына көрсөтмө бериши маанилүү", - деп кошумчалады Ногоев. ✔️2-июлда Биринчи май райондук соту Ташиевди, Зулушевди жана Тургунбек уулун мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок үч жылга шарттуу көзөмөлдү киргизген. Сот аларды бийликти басып алууга аракет кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп тапкан, бирок кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча актаган. “75чилер иши” боюнча башка айыпталуучулар да шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.
164
14
https://youtu.be/Hi-SeyZGHZY?si=voPAjV3wpDHE6bKq
195
15
‼️“Бишкек Аренанын” курулушуна канча каражат кетти? Алагөзов билдирүү таратты ✔️Президенттин маалымат катчысы “Бишкек Аренанв
‼️“Бишкек Аренанын” курулушуна канча каражат кетти? Алагөзов билдирүү таратты ✔️Президенттин маалымат катчысы “Бишкек Аренанвн” курулуша кеткен чыгым боюнча туура эмес маалыматтар тарап жатканын билдирди. Айтымында, айрым маалыматтар боюнча курулушка “60 миллион доллар кеткен” деген маалымат жалган. “Бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап стадион “60 миллион долларга курулуп бүттү” деп айткан эмес. Мындай масштабдуу объектти 60 млн долларга арзан куруу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул сандарды жөн гана пиар кылып жайылтууну токтотууну суранабыз. Дүйнөлүк практикага кайрылсак, дүйнө жүзүндө 50-60 миң орундуу заманбап стадиондордун курулушу 500 млн доллардан кем болбойт. Биздин стадион албетте, мынчалык кымбатка турган жок, бирок такталбаган сандар менен коомчулукту адаштырууга жол бербейли. Учурда курулушка кеткен чыгымдарды тактоо атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына Эсеп палатасы, ИИМ, Прокуратура жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар кирди”- деген ал. Айтымында комиссия 1-2айда жыйынтык чыгарат.
221
16
‼️“Эдунун кырк чоросунун” бири “Лизун” үй камагына чыкты ✔️"Эдунун кырк чоросу" деп аталган топтун мүчөсү катары аты аталган
‼️“Эдунун кырк чоросунун” бири “Лизун” үй камагына чыкты ✔️"Эдунун кырк чоросу" деп аталган топтун мүчөсү катары аты аталган С.У. үй камагына чыкты. 26-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү канааттандырып, камакка алуунун ордуна өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катын тандап, үй камагына бошоткон. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди. ✔️Маалыматка караганда, ал коррупция боюнча кылмыш ишинде шектүү катары өтүп жатат. Буга чейин С.У. №1 тергөө абагына киргизилген болчу.Анын "Эдунун кырк чоросу" тобуна тиешеси бар экени расмий түрдө тастыкталган эмес. Бирок каймана аты "Лизун" деп аталып келет.
219
17
‼️Туманбаев жаңы “Ош базарына” барды. Базар толук мамлекеттин менчигинде болот ✔️Жаңы Ош базар толугу менен мамлекеттин менчи
‼️Туманбаев жаңы “Ош базарына” барды. Базар толук мамлекеттин менчигинде болот ✔️Жаңы Ош базар толугу менен мамлекеттин менчигинде болот. Бул тууралуу президенттин мүлкүн башкаруучу Каныбек Туманбаев билдирди. Туманбаев инфраструктураны карап чыгып, бүтүндөй соода процесси санариптештирилерин жарыялады. "Төлөмдөр, арыздар жана базардын администрациясы менен өз ара аракеттенүү баары автоматташтырылат. Бул кезектерди жок кылат жана бюрократиядан арылтат. Жакында биз сатуучуларды эски базардан көчүрө баштайбыз. Ал убакка чейин бардык курулуш иштери аякташы керек", - деп баса белгиледи ал. ✔️Базар дээрлик 90% бүттү. Анда кенен соода павильондору, унаа токтотуучу жай, адамдар жана товарлар үчүн лифттер, кафе жана башка ыңгайлуулуктар болот.
199
18
‼️“Биз бүгүн кызматтабыз, бир күнү башка адамдар келишет”- Туманбаев ыраазычылык билдирди ✔️Президенттин Иш башкармалыгынын б
‼️“Биз бүгүн кызматтабыз, бир күнү башка адамдар келишет”- Туманбаев ыраазычылык билдирди ✔️Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинен кийин кыргызстандыктарга кайрылып, иш-чараны өткөрүүгө салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык билдирди. Ал акыркы бир жылдагы даярдык, уйкусуз түндөр жана чоң жоопкерчилик ачылыш аземинде көз алдынан өткөнүн белгиледи. Туманбаев президент Садыр Жапаровго ишеними, колдоосу жана чечкиндүүлүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Ал иш-чаранын жүрүшүндө кемчиликтер кеткен болсо, элден кечирим сурап, Кыргызстанды дүйнөгө татыктуу көрсөтүү үчүн уюштурууга катышкан миңдеген адамдар колдон келген аракетин жасаганын айтты. "Биз бүгүн кызматтабыз, бир күнү башка адамдар келишет. Убакыт өтөт, кызматтар өзгөрөт… Бирок Кыргызстан калат. Элибиз калат. Тарыхыбыз, маданиятыбыз, мурасыбыз калат. Биздин бир гана мекенибиз бар - ал биздин Кыргызстан!",- деп билдирди Туманбаев.
200
19
‼️"75чилер каты" боюнча сотто Зулушев, Карашев көрсөтмө беришти ✔️Бишкек шаардык сотунда “75чилер каты” боюнча соттук отурумд
‼️"75чилер каты" боюнча сотто Зулушев, Карашев көрсөтмө беришти ✔️Бишкек шаардык сотунда “75чилер каты” боюнча соттук отурумда айыпталуучулардын сурагы уланып жатат. Бүгүн, 4-сентябрда, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Курманкул Зулушев менен Аалы Карашев көрсөтмө берди. Бул тууралуу Карашевдин адвокаты Разак Ашимабев билдирди. "Азыр айыпталуучуларды суроого өттү. Андан кийин изилдөө болуп, жарыш сөзгө өтөбүз. Биринчи май райондук сотунда суралган күбөлөрдөн сырткары дагы чакырып сурайлы деген чечим чыгарган. Ошого шаардык сотто кошумча күбөлөр суралып жатат" , - деди жактоочу. ✔️3-сентябрдагы отурумда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев, мурдагы министр Бекболот Талгарбеков, мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу көрсөтмө берген.
237
20
‼️Айгүл Жапаровага 35 миң долларлык килем белекке берилди ✔️Кырчында биринчи айым Айгүл Жапаровага 35 миң долларлык килем бел
‼️Айгүл Жапаровага 35 миң долларлык килем белекке берилди ✔️Кырчында биринчи айым Айгүл Жапаровага 35 миң долларлык килем белекке берилди. Килем колдо жасалып, 4миң кымбат баалуу таш менен кооздолгон. Анын автору килемди канайымга берүүнү максат кылганын билдирди. Видео:Би-Би-Си
200