Kloop кыргызча
Open in Telegram
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде. Сайт: https://ky.kloop.kg Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/ Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Show more684
Subscribers
+324 hours
No data7 days
-430 days
Posts Archive
+7
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов «Бишкек Арена» стадионунун курулушуна 386 млн доллар жумшалганын билдирди.
Анын айтымында, баштапкы долбоорду президент Садыр Жапаров өзү түп-тамырынан өзгөртүп, боз үй сымал болсун деген тапшырма койгон.
«Ошондуктан Камчыбек Ташиев 30-35 миң адам бата турган стадионду 60-70 миллион доллардын тегерегинде бүтөт десе керек», — дейт Алагөзов, Ташиевдин мурда айткандарын бурмалап.
Алагөзов: «Бишкек-Арена» стадионун курууга 386 млн доллар кеткен
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов «Бишкек Арена» стадионунун курулушуна 386 млн доллар жумшалганын билдирди.
«“60 млн долларга бүттү” деген жалган сөз. Тээ башында стадион курулуп баштаганда 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондо Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айтканын эшиттик. Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган», — дейт Алагөзов.
Анын айтымында, баштапкы долбоорду президент Садыр Жапаров өзү түп-тамырынан өзгөртүп, боз үй сымал болсун деген тапшырма койгон.
«Ошондуктан Камчыбек Ташиев 30-35 миң адам бата турган стадионду 60-70 миллион доллардын тегерегинде бүтөт десе керек», — дейт Алагөзов, Ташиевдин мурда айткандарын бурмалап.
Анткени 2024-жылы Ташиев 45 миң адамды сыйдыра турган стадион тууралуу сөз кылган. Ташиевдин андагы маегин УТРК, «Мир» телеканалы, 7-канал жана «Азаттык» радиосу жарыялаган. Анда боз үй сымал стадиондун, азыркы «Бишкек Аренанын» макети көрсөтүлгөн болчу.
«Эгер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй болуп курулуп калса, ал өзүн өзү актабаганы аз келгенсип, бюджеттин эсебинен жыл сайын миллиарддаган каражаттарды стадионду тейлөө үчүн коротууга жана эмгек акыларды төлөп берүүгө туура келет. Ошондуктан 52 миң адамды батыра турган, жогорудагыдай шарттары менен стадион болсун деп долбоорду чоңойткон», — дейт Алагөзов.
Бирок, басма сөз катчынын пикиринде, жаңы стадион өзүн өзү актайт. Анда ресторан, күркөлөр, дүкөндөр, супер маркеттер бар жана «мааракелерди өткөрүү сунуштары» келе баштады.
«Бирок “Бишкек-Аренабыз” бул сумманы кыска убакытта эле актап тим болбостон, өмүр бою киреше бере турган мекемеге айланат», — дейт ал.
Анткен менен стадиондун курулушуна сарпталган чыгымды комиссия текшермек болду.
«Президентибиз Эсеп палатасы баш болгон башка органдардан турган комиссия түзүп, тыкыр текшерип чыксын деген тапшырма берди. Курулуш материалдары толук колдонулганбы, эмгек акылар толук берилгенби, акчалар уурдалып кеткен жокпу деген сыяктуу маселелер текшерилип, жыйынтыгы жалпы элге жарыяланат», — деп убадалады президенттин басма сөз катчысы.
+6
Бийлик «Бишкек Арена» стадиону канчага курулганын так билбейт — бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун соцтармактарга жазган пикиринен улам белгилүү болду. Стадионду президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге байланышы бар компания курган.
Алагөзовдун айтымында, стадиондун курулушуна 60 млн доллардан ашык каражат сарпталган, бирок 500 млн долларга «жетпейт».
60$ млндон ашат, $500 млнго жетпейт. «Бишкек Аренанын» так баасын атайын комиссия аныктайт
Бийлик «Бишкек Арена» стадиону канчага курулганын так билбейт — бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун соцтармактарга жазган пикиринен улам белгилүү болду. Стадионду президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге байланышы бар компания курган.
Алагөзовдун айтымында, стадиондун курулушуна 60 млн доллардан ашык каражат сарпталган, бирок 500 млн долларга «жетпейт».
«Дүйнөлүк практикага кайрылсак, дүйнө жүзүндө 50-60 миң орундуу заманбап стадиондордун курулушу 500 млн доллардан кем болбойт. Андан арзан баага салынган мындай объектилерди таба албайсыздар. Биздин стадион, албетте, мынчалык кымбатка турган жок, бирок такталбаган сандар менен коомчулукту адаштырууга жол бербейли», — деп жазган ал.
Ал «Бишкек Аренанын» чыныгы баасын атайын комиссия аныктай турганын билдирди. Комиссиянын курамында Эсеп палатасынын, ИИМ, прокуратура жана башка мекемелердин кызматкерлери бар.
Ошондо 60 млн доллар деген баа кайдан чыкты? Көчмөндөр оюндары башталгандан кийин соцтармактарда «Бишкек Аренанын» сүрөтү менен коллаждар тарап, ушул сумма жазылган болчу. Анда «Бишкек Аренаны» Казакстанда мындан бир кыйла кымбатка курулган стадион менен салыштырышкан.
«Бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап стадион “60 миллион долларга курулуп бүттү” деп айткан эмес. Мындай масштабдуу объектти 60 млн долларга арзан куруу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул сандарды жөн гана пиар кылып жайылтууну токтотууну суранабыз», — дейт Алагөзов.
Анткен менен 60 миллион доллар деген сумманы чындап эле расмий органдын өкүлү — ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айткан.
«Биздин баамыбызда 45 миң орундуу заманбап стадионду 60 миллион долларга салып бүтөбүз деген оюбуз бар. Мүмкүн азырак, мүмкүн ошонун тегерегинде болуп калар», — деген ал 2024-жылы.
Ошондой эле Ташиев стадиондун курулушуна 21 млн долларды «Коррупцияга каршы күрөшүү фонду» бөлөрүн айткан. Бул эмне болгон фонд — түшүнүксүз, Миюсттун реестринде мындай юридикалык жак катталган эмес.
+7
Temirov Live басылмасы Кыргызстандагы алгачкы унаа заводунун артында кимдер турганы тууралуу жаңы иликтөө жарыялады — анда президенттин Иш башкармалыгы кайра-кайра айтылат. Мекеменин өзү гана эмес, жетекчиси Каныбек Туманбаевдин бир тууган эжеси жөнүндө сөз болот.
Бул көрүнүш Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө мыйзамга каршы келет. Аткаминерлерге жеке кызыкчылыктарын эске алып, үй-бүлө мүчөлөрү менен келишим түзүүгө тыюу салынат. Бирок Туманбаев жетектеген Иш башкармалык бир тууган эжесине таандык компанияны заводдун курулушуна аралаштырган.
Андан тышкары, жогорку кызмат адамдары чет элдин жараны болбошу керек. Бирок Туманбаев өзү, эжеси дагы орус жарандыгын алышкан.
«Биз мурда мамлекеттик долбоорлордо президенттин айланасындагы адамдар жалданмачы болгонун айтып келгенбиз. Бул жерде схема башкача. Мамлекеттик мекеме өзү ошол чөйрөнүн кишилерине кошулуп, компаниянын тең негиздөөчүсү болгон», — деп түшүндүрөт Темиров.
Иликтөөчү журналисттер инвесторго дагы токтоло кетишкен. Расмий инвестор Hubei Zhuoyue, бирок минюсттун маалыматында «Хубэй Цзису Инвестициянын» аты аталган. Болот Темиров кытайлык компаниялардын реестринен мындай аталыштагы фирманы таба алган эмес.
«Мамлекеттик жерди пайдалануу укугу “Жисуга” кандай шартта берилди? Жеке өнөктөштү тандоодо конкурс жарыяланганбы? Эмнеге “Модуль Хаус”? Жана "Хубэй Цзису Инвестиция" деген кимдер?», — деп суроо салат Болот Темиров.
Кыргызстандагы алгачкы унаа заводу менен Туманбаевдин кандай байланышы бар? Temirov Live’дын иликтөөсү
Temirov Live басылмасы Кыргызстандагы алгачкы унаа заводунун артында кимдер турганы тууралуу жаңы иликтөө жарыялады — анда президенттин Иш башкармалыгы кайра-кайра айтылат. Мекеменин өзү гана эмес, жетекчиси Каныбек Туманбаевдин бир тууган эжеси жөнүндө сөз болот.
Заводдун курулушуна 2024-жылы президент Садыр Жапаров өзү капсула салган. Президенттин администрациясынан анда баасы 115 млн доллар турган заводду «жергиликтүү ишканалар кытай компаниясы менен» биргеликте курарын билдиришкен, бирок мекеме тараткан пресс-релизде так маалымат жок болчу.
Журналист Болот Темиров Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын бирдиктүү реестринен алынган маалыматка таянып, автоунаа заводу курула турчу жер тилкеси мамлекетке караштуу экенин айтып чыкты. Капсула салынганга чейин, жер участкасын тескөө укугу Каныбек Туманбаев башкарган президенттин Иш башкармалыгына берилген.
Капсула түшкөн күндүн эртеси, «Кытай-Кыргыз биргелешкен автоунаа өндүрүүчү “Жису” компаниясы» негизделген. Дал ушул компанияга, арадан төрт ай өткөн соң, завод куруу пландалган жер тилкесин пайдалануу укугу берилген.
Президенттин Иш башкармалыгынын бул окуядагы байланышы завод курулуучу жер тилке менен эле бүтпөйт. Мекеме — «Жису» компаниясынын үч негиздөөчүсүнүн бири. Калган экөө — «Модуль Хаус» жана «Хубэй Цзису Инвестиция».
«Модуль Хаус» компаниясын эки кыргызстандык жетектейт. Биири биз буга чейин журналисттик иликтөөлөрдө атын угуп жүргөн рэп-ырчысы Эламан Токтобеков. Музыкант президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун досу. Экинчиси — Жыпаргүл Базарбаева, Каныбек Туманбаевдин бир тууган эжеси.
30-августта Бишкектеги «Мадина» базарында өрт чыгып, бир катар соода түйүндөрү күйүп кетти.
Буга чейин шаар бийлиги базар жабылат деп, соодагерлерди жаңы «Ала-Тоо» базарына көчүрүүгө мажбурлап келишкен. Алар көчүүгө каршы чыгып, жаңы базардагы ижара акысы жана соода орундарын баасы кымбат экенин айтып жатышкан болчу.
Базар өрттөнгөндөн кийин, айрым соодагерлер арасында бул атайын уюштурулган өрттөө деген божомолдор айтылууда. Милиция каргашанын келип чыгуу себептерин иликтеп жатат.
Буга чейин «Клооп», жаңы «Ала-Тоо» базары президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин жакын адамына тиешелүү экенин аныктаган.
https://youtube.com/shorts/jqZVEiQ8ebw
30-августта Ташкендеги Marriott Hotel Tashkent мейманканасында Райымбек Матраимовдун уулу Аймендин үйлөнүү тою өттү. Райымбек Матраимов — бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн негизги фигуранттарынын бири. Кыргызстандын соту аны коррупцияга байланыштуу кылмыш боюнча күнөөлүү деп таап, бирок ал абакта бир да күн отурган эмес. Матраимов мамлекетке бир нече миллиард сом төлөп, эркиндикте калган.
Тойго Кыргызстандагы бир катар мурдагы депутаттар катышып, коноктор үчүн ырчылар Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Раим жана Нурлан Насип ырдашкан. Аймендин жубайы Самира — казакстандык ишкер Жакып Марабаевдин небереси.

https://youtube.com/shorts/dgJ8y9052pg
Бишкекте 31-августта жаңы курулган «Бишкек Арена» стадионунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү. Борбор Азия боюнча эң ири, ичине 51 миң адамды сыйдыра турган стадиондун курулушу 2024-жылы жазда башталып, көчмөндөр оюнунун ачылышына даяр болду. Иш-чараны президент Садыр Жапаров өзү ачса, ШКУ саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген бир нече өлкөнүн башчылары VIP-орундардан көрүп отурушту. Ачылыш аземи салтанаттуу жана ири масштабда өткөрүлдү.
Бирок мындай майрамдык маанайдын артында мүчүлүштүктөр да бар. Стадион шаар сыртындагы Орок айылына курулган. Айылга азырынча тийиштүү инфраструктура жете элек. Стадиондун курулушуна президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге байланышы бар компаниялар тартылган.
https://youtube.com/shorts/EUyxP7bC89E
Кытай лидери Си Цзиньпинди Бишкекте чоң шаан-шөкөт менен тосуп алышты. Кыргызстандын бийлиги Пекин менен кызматташтыктын өзгөчө деңгээлин көрсөтүүгө аракет кылганы байкалып турду.
Бирок майрамдык салтанаттын артындагы реалдуулук башкачараак: ШКУ саммитинен улам борбор калаанын тургундарына чектөөлөр коюлду — жолдор жабылып, соода борборлору, базарлар жана башка бизнес өкүлдөрү иштеген жок, авиабагыттар өзгөртүлүп, бийлик иш-чара жыйынтыкталганга чейин шаардан чыга тургула деген жарыя таратты. Ал эми Кытайдын дарегине ачык сын айткандар куугунтукка кабылышкан болчу.
https://youtube.com/shorts/zhYop0wUPak
+8
Финансы полициясынын экс-башчысы Сыймык Жапыкеев журналист Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жатып, бийликтин «кустуруу» ыкмасы тегиз болгон жок деп сынга алды. Мисал катары, минкабдын мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровду да «кустуруу» керектигин айтты. Ошондой эле Жапыкеев өлкөдөгү кадр саясаты жана адам укуктары боюнча пикирин кошумчалады.

https://youtube.com/shorts/tfhEd7bH3IE
Президент Садыр Жапаров чет өлкөдө жүргөн активисттерге жана журналисттерге ишенбөөгө чакырып, аларды «жалган маалымат таратып жатат» деп сынга алды. Бир кезде Жапаров өзү оппозицияда жүргөн жылдары чет өлкөдө жашап, социалдык тармактар аркылуу кыргыз бийлигин сындаган.
https://youtube.com/shorts/Ws-988G9nII
Президент Садыр Жапаров чет өлкөдө жүргөн активисттерге жана журналисттерге ишенбөөгө чакырып, аларды «жалган маалымат таратып жатат» деп сынга алды. Бир кезде Жапаров өзү оппозицияда жүргөн жылдары чет өлкөдө жашап, социалдык тармактар аркылуу кыргыз бийлигин сындаган.
«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаров жана минкабдын мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров алтын кен өндүргөн ишкананын банктагы эсебинен 630 миллион долларга жакын каражатты чыгарып кеткенин айтууда.
https://youtube.com/shorts/N8dvLfVB85Q
+9
«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаров жана минкабдын мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров алтын кен өндүргөн ишкананын банктагы эсебинен 630 миллион долларга жакын каражат чыгарып кеткенин айтып чыкты.
Сырдуу жагдайда дагы 210 миллион доллар жоголгон
2021-жылы май айында Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу болуп дайындалган. Анын эсеби боюнча, Чолпонкуловдун «катасынан» кийин «Кумтөрдүн» эсебинде жүгүртүүчү капитал катары дагы 210 миллион долларга жакын, 5-6 ай иштөөгө жете турган акча калышы керек болчу.
Бирок «Кумтөрдүн» эсебинде андай сумма болгон эмес. Бөлтүрүктүн айтымында, мындай шартта ишкананын ишин улантуу да кыйынга турмак.
«Мен 17-майда келдим, 18-майда банктан маалымдама алып келишти. “Кумтөрдүн” эсебинде болгону 46 миң доллар калыптыр. Баарын тазалап кетишиптир», — деп эскерет ал күндөрдү.
Президент Жапаровдун кандай тиешеси бар?
Бөлтүрүктүн президент Жапаров минкаб төрагасы менен жең ичинен сүйлөшүп алышкан, балким «Кумтөрдөн» чыгарылып кеткен акчадан үлүш да алган болушу мүмкүн деп шек санайт.
Анын айтымында, «Кумтөрдү» Кыргызстанга алуу боюнча Женевага жөнөр алдында, президенттин иш бөлмөсүнө чогулушкан. Ага Жапаров менен Бөлтүрүктөн тышкары ошол кездеги минкаб төрагасы Акылбек Жапаров, андагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев болгон.
Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу катары чогулгандарга «Центерра Голддун» эсептеринде болжол менен миллиард доллар акча бар экенин айтып, Кыргызстанга келтирилген экологиялык зыяндарга кенемте катары талап кылууну сунуштаган.
«Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров мага каршы чыгышты: “Жок, керек эмес, акча сурабагыла. Башкысы — “Кумтөрдү” алыш керек, деди. Эки Жапаров тең каршы болушкан:“Керек эмес, эчтеке сурабагыла. Сиз таптакыр сүйлөбөңүз. Делегацияны Акылбек Жапаров жетектейт», — дешкенин эскерет Бөлтүрүк.
Ошондо гана Теңгиз Бөлтүрүк эки Жапаровдун ортосунда макулдашуу болгонун болжолдой баштаган.
«Мен түшүнө албай, булар чындап эле “Центерра” менен сүйлөшүп бирдеме жегенби деп чочуп кеттим. [...] Ошондо бул акчанын көптүгүнөн эмес да? Жыргаганыбыздан эмес го? Бюджетте болсо акча жок», — дейт ал.
Бөлтүрүк ошол сүйлөшүүдө Ташиев менен Зулушев аны колдогонун баса белгилейт. Бирок делегацияны Акылбек Жапаров жетектеп барып, «Центеррадан» эч ким акча талап кылган эмес. Ал азыр Ташиев менен Зулушевди дагы эл алдында «чындыкты айткыла» деп чакырып кеткен.
«Ошентип Женевага сүйлөшүүгө кеттик. Сүйлөшүү башталганда Акылбек менен Скотт Перри көзмө-көз сүйлөшөбүз деп айтышты. Ошондо баары сүйлөшүлгөн окшойт. Мен аны билбейм, балким экология боюнча өзүнчө сөз болгондур, акчаны кантип чыгарып кетебиз деп, же дагы башкача», — дейт Бөлтүрүк.
Анын айтымында, кийин «Кумтөрдү» өткөрүп берүү боюнча «Центерра Голд» менен сүйлөшүүдө жашыруун тиркемелер пайда болгон. Бөлтүрүк жашыруун документтер менен таанышкан эмес, азыр эми жашыруун сүйлөшүүлөрдү ачыкка чыгаруу талабы менен Башкы прокуратурага кайрылууга ниеттенип жатканын айтат.
Акылбек Жапаров булардын баарын четке кагууда, ал эми Садыр Жапаров адатынча үндөбөй отурат.