en
Feedback
«Азаттык» радиосу

«Азаттык» радиосу

Open in Telegram

«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз. Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755 Орусча канал: @azattykrus

Show more
4 033
Subscribers
+224 hours
-107 days
-2330 days

Data loading in progress...

Tags Cloud
No data
Any problems? Please refresh the page or contact our support manager.
Incoming and Outgoing Mentions
---
---
---
---
---
---
Attracting Subscribers
September '26
September '26
+10
in 0 channels
August '26
+73
in 0 channels
Get PRO
July '26
+101
in 1 channels
Get PRO
June '26
+52
in 0 channels
Get PRO
May '26
+50
in 0 channels
Get PRO
April '26
+46
in 0 channels
Get PRO
March '26
+70
in 0 channels
Get PRO
February '26
+97
in 0 channels
Get PRO
January '26
+52
in 0 channels
Get PRO
December '25
+58
in 0 channels
Get PRO
November '25
+79
in 0 channels
Get PRO
October '25
+63
in 1 channels
Get PRO
September '25
+62
in 2 channels
Get PRO
August '25
+47
in 2 channels
Get PRO
July '25
+46
in 1 channels
Get PRO
June '25
+57
in 2 channels
Get PRO
May '25
+53
in 1 channels
Get PRO
April '25
+83
in 3 channels
Get PRO
March '25
+88
in 4 channels
Get PRO
February '25
+132
in 9 channels
Get PRO
January '25
+211
in 1 channels
Get PRO
December '24
+214
in 5 channels
Get PRO
November '24
+205
in 3 channels
Get PRO
October '24
+218
in 3 channels
Get PRO
September '24
+153
in 2 channels
Get PRO
August '24
+197
in 4 channels
Get PRO
July '24
+343
in 4 channels
Get PRO
June '24
+162
in 3 channels
Get PRO
May '24
+296
in 4 channels
Get PRO
April '24
+275
in 6 channels
Get PRO
March '24
+407
in 6 channels
Get PRO
February '24
+334
in 4 channels
Get PRO
January '24
+223
in 4 channels
Get PRO
December '23
+177
in 5 channels
Get PRO
November '23
+167
in 2 channels
Get PRO
October '23
+213
in 2 channels
Get PRO
September '23
+226
in 0 channels
Get PRO
August '23
+361
in 0 channels
Get PRO
July '23
+316
in 0 channels
Get PRO
June '23
+505
in 0 channels
Get PRO
May '23
+330
in 0 channels
Get PRO
April '23
+134
in 0 channels
Get PRO
March '23
+252
in 0 channels
Get PRO
February '23
+462
in 0 channels
Get PRO
January '23
+558
in 0 channels
Get PRO
December '22
+89
in 0 channels
Get PRO
November '22
+189
in 0 channels
Get PRO
October '22
+448
in 0 channels
Get PRO
September '22
+509
in 0 channels
Get PRO
August '22
+111
in 0 channels
Get PRO
July '22
+138
in 0 channels
Get PRO
June '22
+131
in 0 channels
Get PRO
May '22
+131
in 0 channels
Get PRO
April '22
+174
in 0 channels
Get PRO
March '22
+526
in 0 channels
Get PRO
February '22
+85
in 0 channels
Get PRO
January '22
+351
in 0 channels
Get PRO
December '21
+66
in 0 channels
Get PRO
November '21
+120
in 0 channels
Get PRO
October '21
+82
in 0 channels
Get PRO
September '21
+74
in 0 channels
Get PRO
August '21
+107
in 0 channels
Get PRO
July '21
+120
in 0 channels
Get PRO
June '21
+42
in 0 channels
Get PRO
May '21
+89
in 0 channels
Get PRO
April '21
+248
in 0 channels
Get PRO
March '21
+171
in 0 channels
Get PRO
February '21
+70
in 0 channels
Get PRO
January '21
+94
in 0 channels
Get PRO
December '20
+1 121
in 0 channels
Date
Subscriber Growth
Mentions
Channels
08 September+3
07 September+2
06 September+1
05 September0
04 September0
03 September+2
02 September+1
01 September+1
Channel Posts
Борбор Азиядагы эң чоң стадиондун чыгымын соодагерлер жабат Коомчулуктагы талкуулардан кийин бийлик “Бишкек Аренанын” курулушу 386 млн АКШ долларга курулганын жарыялады. Мындай маалыматты 8-сентябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов жарыялады. Бийлик муну менен буга чейин стадиондун алда канча арзан курулганы тууралуу маалыматтарды расмий төгүндөдү. Бирок коомчулукта өлкөдөгү ири курулушка коротулган каражат тууралуу маалыматтын убагында берилбегени шектүү ойлорду пайда кылышы мүмкүн экени айтылууда. https://youtu.be/tRE-hkv2iAs

2
Президент министрлерди эмнеге алмаштырууда? | 08.09.2026 • Кыргызстанда юстиция министри менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты. Кадрдык өзгөртүүлөрдүн төркүнү эмнеде? • Берлинде миңдеген адам ашкере оңчулдардын саясатта активдүү күчкө айлануусуна каршы акцияга чыкты. Мунун алдында Саксония-Анхальт аймагындагы парламенттик шайлоодо “Германия үчүн альтернатива” партиясы жеңүүчү болгон. • Жаңы гана ачылып баасы талаш жараткан “Бишкек арена” стадиону 386 миллион долларга курулганы белгилүү болду. https://www.youtube.com/watch?v=-tlykZ452bY
207
3
💵⚽️Көчмөндөр оюндарынын ачылышы өткөн "Бишкек Аренанын" курулушуна канча акча кеткенин атайын комиссия аныктамай болгон. 8-сентябрда бул сумма 386 млн доллар экени расмий айтылды. Курулуш башталганда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев 60 млн доллардай талап кылынарын айтканы маалымдалган. Буга чейин бул маселенин тегерегинде ар кандай пикирлер айтылып жаткан. Стадиондун ачылышынан кийин казакстандык журналисттер аны өз өлкөсүндөгү жаңы стадиондор менен салыштырып, Бишкекте арзан жана масштабдуу болгонун айтып чыгышкан. @azattyk_radiosu
306
4
‼️“Прайм эра” же тойдун эртеси: Көчмөндөр оюндарынын даңазасы менен таразасы Эл аралык медиа Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жаңы масштаб берип, дүйнөдөгү ири спорттук жана маданий иш-чарага айлантууда деп жазды. Кыргыз бийлиги дагы “Көчмөндөр оюндары Олимпиада, футбол чемпионаттары сыяктуу дүйнө элинин кызыгуусун арттырган чоң окуя болуп баратканын” белгилейт. Кыргызда “той болот, тойдун эртеси да болот” деген сөз бар. Анын сыңарындай Кыргызстан дагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жыйынтыктап, ич ара талкуулап жатат. Бул жолку көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн мааракелик саммитине туура келгендиктен, мааниси ого бетер артты. 31-августта 50 миң кишиге ылайыкталган “Бишкек арена” стадионунда өткөн ачылыш салтанатына саммитке келген бир нече өлкөнүн лидерлери катышты. @azattyk_radiosu
297
5
Ташиевдерге тогуз жылдык жаза суралды | 07.09.2026 • Прокурорлор Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев баш болгон сегиз адамга тогуз жылдан абак жазасын сурашты. Шаардык сотто "75чилердин каты” боюнча иш соңуна чыгып баратат. • Трамптын администрациясы Украинадагы согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерин кайра жандантты. АКШ президентинин өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Орусиянын, андан кийин Украинанын президенти менен жолукту. • 51 миң орундуу “Бишкек арена” стадионунун курулушуна канча каражат сарпталганын атайын комиссия аныктамай болду. Борбор Азиядагы эң чоң стадиондун наркы боюнча коомчулукта кайчы пикирлер жаралды. https://www.youtube.com/watch?v=R5-iqTcofEA
373
6
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Командалык эсепте Казакстан биринчи орунду алды деп табылды VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча комиссия командалык эсепте Казакстан биринчи орунду алды деп тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв Фейсбуктагы баракчасында билдирди. “Командалык эсеп боюнча бир гана техникалык айырма медалдарды эсептөөдө жаралган. Бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алды. Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз! Кыргызстандык спортчулар да бул оюндарда өз күчүн, чеберчилигин татыктуу көрсөттү. Медалдын эсеби спорттун бир бөлүгү, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду”, – деп жазды Аскат Алагөзов. Мунун алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебине байланыштуу талаш-тартыштар чыккан. Айрым маалыматтарда Кыргызстан 30 алтын медал алып биринчи орунду алганы айтылса, башка маалыматтарда Казакстан 32 алтын медал менен биринчи орунга жетишкени жазылган. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 6-сентябрдын соңунда маалымат таратып, оюндун алкагында расмий медалдык жана командалык эсеп, ошондой эле өлкөлөрдүн жеңип алган медалдарынын саны боюнча жалпы рейтинг жүргүзүлбөй турганын билдирген. Бул Казакстандын жана Кыргызстандын маалымат айдыңында кайрадан ызы-чууга жем таштаган. https://www.azattyk.org/a/33849203.html
353
7
"75чилердин каты": Прокурорлор соттон айыптоочулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сурады 7-сентябрь, түштөн кийин Бишкек шаардык сотунда “75чилердин каты” боюнча соттук отурумда жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочулар соттон айыптоочулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сурады. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди. Түшкө чейин иштин материалдары изилденди. Жарыш сөз аяктаса айыпталуучулардын акыркы сөзү угулуп, сот өкүм чыгарышы мүмкүн. 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен. Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробациялык жаза берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган. Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган. Райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна прокуратура жана шектүүлөр да апелляциялык арыз берип, иш шаардык сотто каралууда. https://www.azattyk.org/a/33848440.html
345
8
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кийинки айлампасын өткөрүү Татарстанга берилди 6-сентябрдын кечинде Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өттү. Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев анда оюндардын ийгиликтүү өтүшү менен жалпы кыргызстандыктарды, оюндардын катышуучуларын жана бардык конокторду, ошондой эле жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул – жалпынын жеңиши экенин билдирди. “Көчмөн дүйнө – бул өзүнүн мамлекеттүүлүгү, дүйнө таанымы, нарк-насили, акылмандыгы, искусствосу, адам менен табияттын эриш-аркак жашоо маданияты бар улуу цивилизация. Мындан он эки жыл мурда Ысык-Көлдө башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улам канат жайып, Түркияда, Казакстанда уланып, дүйнөлүк маданий-спорттук кыймылга айланды. Бүгүн ал өз мекенине мурдагыдан да чоң масштабда кайтып келип, дүйнөнүн жүздөн ашуун мамлекетинин өкүлдөрүнүн башын бириктирди”, – деди МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев. Көчмөндөр оюндары Олимпиада, футбол боюнча дүйнө чемпионаты сыяктуу дүйнө эли кызыгуу менен күткөн ири спорттук окуяларга үзөңгүлөш болуп бара жатканын, Дүйнөлүк спорт жана маданият мейкиндигинде жаңы чоң күч пайда болгонун айтты. Жабылуу аземде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кийинки айлампасын – VII оюндарды өткөрүү Орусия Федерациясынын Татарстан Республикасына берилди. Оюндардын символу катары суу толтурулган көөкөрдү Адылбек Касымалиевдин колунан Орусия Федерациясынын спорт министри Михаил Дегтярев жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов алды. https://www.azattyk.org/a/33848310.html
367
9
Туристке толгон Кырчын Көчмөндөр оюндары учурунда Кырчын жайлоосуна күн сайын жүздөгөн адам келип жатты. Бул жерден Кыргызстандын ар кайсы аймагынан келгендерди эле эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтерди да жолуктурууга болот. Кимдир бирөө Көчмөндөр оюндарын көргөнү келсе, дагы бири кыргыздын маданиятына, улуттук оюн-зоогуна кызыгып келген. “Азаттыктын” кабарчылары Кырчынды аралап, бул жердин өзгөчө маанайын түзүп жаткан адамдар менен тааныштырат. https://www.youtube.com/watch?v=T5nX0vUlS7g
394
10
Көк бөрү: Ат майданга билет менен кире албай калгандардын акчасы кайтарылат 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы көк бөрү жана көкпар оюндарына билет алып, бирок жайгаша албай калган жарандардын акчасы кайтарылып берилет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маалымат жыйында билдирди. "Ким биздин санарип тутум аркылуу билет сатып алган болсо, төлөм боюнча дүмүрчөктөрүн жана билеттин өзүн көрсөтүшү керек болот. Уюштуруу комитети тарабынан коюлган сумма - 1 миң сом кайтарылып берилет", - деди Мамбеталиев. Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан 6-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында 6-сентябрда көк бөрү жана көкпар оюндарынын финалдык беттештери өтүп, Кыргызстан менен Казакстандын улуттук командалары күч сынашкан. Бул оюндарды көрүү үчүн келген жарандар милиция кызматкерлеринин эскертүүсүнө карабай, тосмолорду бузуп, ат майданга кирип кетишкен. Кийин оюндардын алып баруучулары келген бардык конокторду ат майданга киргизүү боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма бергенин жарыялашкан. Эртең менен көк бөрү боюнча беттеште Кыргызстандын улуттук курама командасы казакстандык улакчыларды 12:0 эсебинде жеңсе, көкпарда кыргызстандык оюнчулар 7:2 эсеби менен утту. https://www.azattyk.org/a/33847963.html
401
11
Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көкпар оюну боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы казакстандык улакчыларды 7:2 эсебинде жеңип, чемпион болду. https://www.azattyk.org/a/33847890.html
399
12
ДКО: Кыргызстан көк бөрүдөн Казакстанды утуп, чемпион болду Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы көк бөрү боюнча финалдык беттеште казакстандык улакчыларды 12:0 эсебинде жеңип, чемпион болду. Жыйынтыктоочу оюн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү. Беттештин биринчи бөлүгүндө эсеп 4:0, экинчиде 8:0 менен жыйынтыкталып, акыркы 15 мүнөттүк бөлүктө 12:0 болду. Кыргызстандык улакчылардан Нуржан Мелисбеков үч, Кыязбек Ниязов, Байтегин Оморбеков, Мирбек Муташов, Айдаркан Анарбеков экиден, Сеитбек Анарбек уулу бир салым салды. Ушул эле күнү көкпар боюнча финалдык оюнда да Кыргызстан менен Казакстандын оюнчулары беттешет. https://www.azattyk.org/a/33847875.html
404
13
АКШнын чабармандары Москвага барды, Трамп тынчтыкка жетүү идеясы бар экенин айтты АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер 5-сентябрда Москвага барышты. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары жана Reuters агенттиги кабарлады. Маалыматтарга караганда, америкалык өкүлдөр Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу маселеси боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Андан соң жекшемби күнү Киевге барып, украин тарап менен да жолугушууларды жүргүзөт. Алардын максаты согушту токтотуу тууралуу сунушту жеткирүү экенин АКШ президенти Дональд Трамп 4-сентябрда журналисттерге билдирген. @azattyk_radiosu
438
14
Чолпон-Атада "Көчмөндөр жаңырыгы" эл аралык этно-музыка фестивалы жыйынтыкталды Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-музыка фестивалы жыйынтыкталды. 4-сентябрда иш-чаранын жабылуу аземи өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Фестивалдын башкы байгеси — Гран-при Кыргызстандын өкүлү Нурдөөлөт Деркембаевге ыйгарылды. Калыстар тобунун чечими менен I орунду Түндүк Македониянын өкүлү Васил Ангелов, II орунду Казакстандын өкүлү Жасмина Тлеумбетова ээледи. Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Монголиянын өкүлү Одмандах Баяраа биринчи орунга татыды. @azattyk_radiosu
458
15
Орусияда 15 жаштагы кыргызстандык кыз "май куюучу жайга өрт койгон" деп жети жылга камалды Орусияда 15 жаштагы окуучу кыз Сайкал Вазирова Санкт-Петербургдагы май куюучу жайды өрттөөгө айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылды жана жашы жете электер үчүн түзөтүү колониясына жөнөтүлдү. Ишти Батыш аймактык аскер соту карап, 19-августта ушундай өкүм чыгарганын Mediazona басылмасы анын жактоочусуна таянып билдирди. Тергөөнүн маалыматына караганда, быйыл 23-февралда Вазирова Санкт-Петербургдун Приморск районундагы "Татнефть" май куюучу жайындагы колонкага тез тутануучу суюктук чачып өрттөп жиберген. 25-февралда ал терроризмге байланыштуу иштин алкагында камакка алынган. Бирок кийинчерээк анын айыбы өзгөртүлүп, "мүлккө олуттуу зыян келтирген террордук актыны жасоо" деп алмаштырылган. Басылманын маалыматына караганда, Сайкал Вазированын ата-энеси теги Кыргызстандан болушат. Өзү ата-энесине жардам берүү үчүн курулушта иштечү. @azattyk_radiosu
475
16
Эдил Байсалов президенттин үч катасын айтты Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов “Азаттыкка” маек куруп, президенттин ж
Эдил Байсалов президенттин үч катасын айтты Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов “Азаттыкка” маек куруп, президенттин жетишкендиктерин жана кемчиликтерин атады. Элчи маегинде АКШ менен алака, визалык чектөөлөр, Кыргызстандагы учурдагы саясий абал тууралуу суроолорго жооп берди. Интервьюну толук “Азаттыктын” Ютуб каналынан көрө аласыз. #azattykproject2026
508
17
Тилекмат Кудайберген уулунун соту 11-сентябрга жылдырылды Бишкектин Ленин райондук сотунда камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) ишин кароо боюнча 4-сентябрга белгиленген отурум 11-сентябрга жылдырылды. Буга адвокат келбей калганы себеп болду. Сот залынан алып чыгып баратышканда Кудайберген уулу журналисттерге учкай комментарий берип, "бийликти басып алууга чакырык жасабаганын" айтты. Мунун алдында анын бир тууганы Фейсбук баракчасына сотто күбө катары суралат дегендердин тизмесин чыгарган. Алардын катарында мурдагы министрлер Мамбетжунус Абылов, Таалайбек Ибраев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нуржигит Кадырбеков, Кубанычбек Кадыров, Эмил Жамгырчиев, Орозайым Нарматова, саясатчылар Бектур Асанов, Жеңиш Молдокматов, активисттер Илим Карыпбеков, Атай Бейшенбек жана башка жалпы 15 кишинин аты бар. @azattyk_radiosu
455
18
Нетаньяху Ирандагы бийлик алмашууну Израилдин башкы максаты деп атады Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандагы азыркы бийликти кулатуу анын өлкөсүнүн алдында турган негизги милдеттердин бири экенин жана бул максатка жетүүгө болорун билдирди. 3-сентябрда израилдик аскер жетекчилеринин катышуусундагы иш-чарада сүйлөгөн Нетаньяху Иран жетекчилиги азыр болуп көрбөгөндөй алсыраган абалда экенин айтты. "Бул режим азыр кыйроо алдында турат. Ал мурдагыдан да алсыз болуп калды жана өз өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатат", - деди Израил өкмөт башчысы. Анын айтымында, Израил өзүнө коркунуч жараткан бул режимди биротоло жоюуга жөндөмдүү. Нетаньяху Тегеранды Израилди жок кылууга умтулган жана өзөктүк куралга ээ болууну көздөгөн режим катары мүнөздөдү. @azattyk_radiosu
474
19
Айжан Анарбек кызы кол күрөш боюнча абсолюттук категорияда оң жана сол колдогу беттештерде финалга чейин жетип, экинчи орунду
Айжан Анарбек кызы кол күрөш боюнча абсолюттук категорияда оң жана сол колдогу беттештерде финалга чейин жетип, экинчи орунду ээлеп, күмүш медал тагынды. Ал мелдештин жүрүшүндө 6 беттешти жеңип, финалга чыккан жалгыз кыргызстандык балбан кыз болду. Айжан финалда казакстандык спортчу менен күч сынашкан.  #azattykproject2026
470
20
⚡️Чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген дагы 5 531 автоунаа легалдаштырылды 2026-жылдын июнь айынан 1-сентябрга чейин Кыргызстанга мурда чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген дагы 5 531 автоунаа легалдаштырылып, “10” деген мамлекеттик номурдук белги берилди. Ушуну менен чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген унааларды мыйзамдаштыруу аяктады. 1-сентябрга чейин жетишпей калгандардын автоунаасы мындан ары мыйзамдаштырылбайт жана Кыргызстандын аймагында айдаганга тыюу салынат. @azattyk_radiosu
519