cookie

نحن نستخدم ملفات تعريف الارتباط لتحسين تجربة التصفح الخاصة بك. بالنقر على "قبول الكل"، أنت توافق على استخدام ملفات تعريف الارتباط.

avatar

Kloop кыргызча

Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде. Сайт: https://ky.kloop.kg Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/ Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz

إظهار المزيد
مشاركات الإعلانات
761
المشتركون
+324 ساعات
+87 أيام
+10830 أيام

جاري تحميل البيانات...

معدل نمو المشترك

جاري تحميل البيانات...

2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан 517 бала Кыргызстанга кайтарылды Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова 15-майда билдирди. «Алар Кыргызстанга келгенден кийин реабилитациялык, теологиялык, педагогикалык иш-чаралардан өтүп, туугандарына өткөрүлүп берилет», — деди Рысбекова. 2021-жылдагы расмий маалыматка ылайык, 2013-жылдан бери Сирияга болжол менен 800 кыргызстандык чыгып кеткен. Алардын бир бөлүгү каза болгон деп эсептелсе, аялдар менен балдар аман калган. Алар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерине бөлүштүрүлгөн, бирок так саны белгисиз. Сүрөт: «Азаттык» #кабарлар
إظهار الكل...
👎 1
Өзгөн: Башкы прокурордун атын жамынып тургунду коркуткан кишинин иши иликтене баштады Өткөн жылдын апрелинде соцтармакта Өзгөн районунун 39 жаштагы тургуну Гулиза Мусурованын видео кайрылуусу тараган. Анда ал ошол эле райондун «Дөкү» аттуу тургуну башкы прокурор Курманкул Зулушевдин атын жамынып, «үйүнө тапанча менен кирип күйөөсүн коркутканын» айтып, окуядан соң 12 жылдан бери күтүп жүргөн боюндагы баласынан ажыраганын билдирген. 15-майда Ош облустук милициясы «Клоопко» аталган окуя боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгында, жабырлануучу боюндагы баласынан ажыраганы окуяга тиешеси жок экенин кабарлады. Ал эми видеодогу Мусурованын үйүнө кирип тополоң салган тургун Өзгөндүк 34 жаштагы аял экени аныкталган. «Ал эми видео тасмада сөз болуп жаткан “Дөкү” аттуу жаран Өзгөн районунун 1984-жылы туулган жараны экени аныкталып, көрсөтмөсүндө өзүнүн үйүнүн короосунун алдында кошуналары О. кызы А. менен Г. М. урушуп жатканын көрүп калып, аларды ажыратып койгонун жана эч кимди урбаганын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, кылмыш иш козгоодон баш тартылган», — деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле милициядан жабырлануучу «Дөкү» аттуу тургун ок атуучу курал менен үйүнө кирип келип жолдошун жана өзүн коркутканы тууралуу мурдагы арызында көрсөтпөгөнүн, бул тууралуу арызы үстүбүздөгү жылы 7-майда каттоого алынганын билдиришти. Кылмыш ишин козгоодон баш тартылган токтом Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жокко чыгарылып, кошумча текшерүү иштери башталды. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат. #кабарлар
إظهار الكل...
БШК президентке Свердлов округунда кезексиз шайлоо дайындоону сунуштайт Бул чечимди 15-майдагы жыйында Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышты. Эми БШК президентке Свердлов бир мандаттуу округунда кезексиз шайлоо дайындоо сунушун киргизет. Мурда бул округдан Шайлообек Атазов шайланып келген. Бирок сот аны депутаттык мандаттан ажыраткан. Бишкектин Администрадивдик жана шаардык соттору БШК аталган округ боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиевди ЖК шайланган депутат деп тааныганга милдеттүү деп чечкен. Кийин Атазов бул чечимдер боюнча Жогорку сотко даттанып, башкы сот Атазовду мандаттан ажыратуу жөнүндө пунктту күчүндө калтырган. Бирок өкүмдө БШК мандатты Муртазалиевге өткөрүп бериши керектиги айтылган эмес. Муртазалиев болсо Боршайкомду сот чечимдерин аткарбай жатат деп айыптоодо. Мурдараак ал БШКнын үстүнөн Башкы прокуратурага арызданганы белгилүү болгон. Башпрокуратура болсо жагдай боюнча үн ката элек. #кабарлар
إظهار الكل...
Бишкек: 400дөн ашык чет элдик студенттин жумушу токтотулду Борбор калаада мобилдик транспорт менен жеткирүү кызматтарында иштеген 400дөн ашык чет элдик студенттин иши токтотулду. Бул тууралуу 15-майда ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чаралар чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу жана алар аралашкан кылмыштарды алдын алуу жана аныктоо үчүн жасалып жатат. 12-апрелден бери Бишкек милициясынын Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматы ар кайсы чөйрөдө иштеген чет өлкөлүк жарандарды текшеришти. Кыргызстандын аймагында жашоо же иштөө эрежелерин бузгандар үчүн 225тен ашык протокол түзүлүп, 1 млн 248 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды. #кабарлар
إظهار الكل...
Бишкекте 400дөн ашык чет элдик студенттин жумушу токтотулду Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбордо мопед, мотоцикл менен жеткирүү кызматтарында иштеген 400дөн ашык чет элдик студенттердин ишин токтотту. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирип, мындай чаралар чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу жана алар аралашкан кылмыштардын алдын алуу жана аныктоо үчүн жасалып жатканын кошумчалады. 12-апрелден бери Бишкек милициясынын Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматы ар кайсы тармактарда иштеген чет өлкөлүк жарандарды текшерип, Кыргызстандын аймагында жашоо же иштөө эрежелерин бузгандарга 1 млн 248 миң 500 сом айып салган. @azattyk_radiosu
إظهار الكل...
❗️Кемпир-Абад иши: Айбек Бузурманкулов сотко келерде күзөтчүлөр тарабынан сабалганын айтты 15-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпер-Абад ишин кароо уланууда. Айыпталуучулардын бири Айбек Бузурманкулов сот залына денесинде көгала тактар менен жарым жылаңач абалда киргизилди. Ал өзү денесине «Кемпир-Абад» деп жазганы үчүн сабалганын айтты. Бузурманкуловдун жубайы жолдошу өткөн аптада сабалганын, ал эми Жзаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери анын өтүнүчүнө жооп бербей жатканын айтты. Жубайы Бузурманкулов «күнөөсүн моюндабай жатканы үчүн ага дайыма кысым көрсөтүлүп жатканын» белгиледи. Бул окуяга байланыштуу сотто 14 саатка чейин тыныгуу жарыяланды. 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган. Видео: «Апрель ТВ» #кабарлар
إظهار الكل...
😨 1
Депутаттар Ататүрк паркындагы үйлөрдү сүрдүрүүгө каршы чыгып, жер мунапысын жарыялоону сунушташты ЖК айрым депутаттары 15-майда Ататүрк паркынын аймагындагы үйлөрдү сүрдүрүүго каршы чыгышты. Депутат Камила Талиева ал жерде жашагандардын арасында билбей үй сатып алгандар бар экенин белгиледи. «Андыктан 20-майда 198 объект сүрдүрүлөт деген туура болбой калат. Аларга салыкты көбүрөөк кылып белгилеп койсо болот. Бул үчүн ошол убакта бийликте отуруп, жер бергендер жооп берсин», — деп белгиледи ал. Кесиптешин эл өкүлү Жалолидин Нурбаев да колдоду. Ал паркта жер мунапысын жарыялоону сунуштады. «Адамдар аябай тынчсызданып атат. Адамдын тагдыры менен ойногон болбойт. Чогулуп, компромисске келсе болот. Буга чейин президент Садыр Жапаров жерге мунапыс жарыялаган. Мүмкүн муну бул тургундарга да кылсак болот?» — деп кайрылды ал президенттин жаны минкабдын парламенттеги өкүлүнө. Буга чейин Бишкек мэриясы Ататүрк паркындагы мыйзамсыз объектилер 20-майда сүрдүрүлүп баштарын билдирген. Мэр Айбек Жунушалиева тийиштүү кызматтардын жетекчилерине сот аргандарына арыздарды тапшырууну табыштаган. 12-апрелде мэр Ататүрк паркынын аянтын 1992-жылдагы калыбына келтирүү жөнүндө токтомго кол койгон. Шаар бийлиги паркка 43 гектар жерди кайтарып, мыйзамсыз курулган 100дөн ашуун объектти сүрдүрүү пландалып жатканын билдирген. #кабарлар
إظهار الكل...
Жетинчи чакырылыштын депутаттары кандай басым-кысымга кабылып жатат? Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын 20 чакты депутаты өз эрки менен же сот жолу аркылуу мандатынан ажыратылып отурат. Дегеле бул чакырылыш 2021-жылдын 29-декабрында ант берген күндөн бери, үч жыл аралыгында басым-кысымга кабылганын бир нече жолу айтып чыгышкан. «Клооп» үч жыл ичинде басымга кабылган депутаттар кимдер жана мындай даттануулар өлкөдөгү кайсы саясий окуяларга тушташ болгонун тизмектеп чыкты. Материалды төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп окуңуз: https://bit.ly/4bh2CSp (бул күзгүгө шилтеме, ал бөгөткө карбай иштейт) https://bit.ly/4ahuAw5 (бул материалдын түп нускасына шилтеме)
إظهار الكل...
👍 1
ЖК: Шайлоодо иштеген үгүтчүлөрдүн санын азайтуу каралган мыйзам долбоору колдоо тапкан жок Бул боюнча чечимди ЖК депутаттары 15-майда кабыл алды. Мыйзам долбоорунда партияларга беш миңден ашпаган, ал эми бир мандаттуу округдардын талапкерлерине 100дөн ашпаган үгүтчү менен иштөөгө уруксат берүү сунушталган. Колдонуудагы мыйзамга ылайык, саясий партиялардын үгүтчүлөрүнүн саны 10 миңден, ал эми бир мандаттуу округдун талапкерлериники 500дөн ашпашы керек. Авторлордун пикиринде, азыркы чектөө үгүт иштерин ашыкча жүргүзүүгө шарт жана талапкерлер үчүн теңдешсиз абал жаратышы мүмкүн. Бирок талкуу учурунда депутат Дастан Жумабеков партиялар жана бир мандаттуу округдун талапкерлери үгүтчүлөрдүн санын өздөрү аныкташы керектигин айтты. Ал эми Исхак Масалиев үгүтчүлөрдүн санын округдагы шайлоочулардын санына жараша пайыз менен аныктоону сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды. #кабарлар
إظهار الكل...
2023-жылы 35 судья тартип жоопкерчилигине тартылды Бул тууралуу парламент жыйынында Жогорку соттун судьясы Кыдык Жунушпаев билдирди. Анын айтымында, былтыр судьялардын үстүнөн 760 даттануу түшкөн: 35 судья тартип жоопкерчилигине тартылып, дагы сегиз судья отставкга кеткен. Ал өлкөнүн сот системасы өркүндөтүлүп жатканын дагы кошумчалады. Мурдараак башкы прокурор Курманкул Зулушев 2023-жылы судьяларга карата 11 кылмыш иши козголгонун билдирген. Мындан сырткары Жогорку соттун башчысы Замирбек Базарбеков алар дагы деле судьялардын арасындагы кылмыштуулук менен күрөшүп жатышканын айткан. #кабарлар
إظهار الكل...