ch
Feedback
Kloop кыргызча

Kloop кыргызча

前往频道在 Telegram

Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде. Сайт: https://ky.kloop.kg Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/ Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz

显示更多
683
订阅者
+124 小时
+47 天
-230 天

数据加载中...

吸引订阅者
九月 '26
九月 '26
+8
在0个频道中
八月 '26
+10
在0个频道中
Get PRO
七月 '26
+11
在0个频道中
Get PRO
六月 '26
+9
在0个频道中
Get PRO
五月 '26
+8
在0个频道中
Get PRO
四月 '26
+10
在0个频道中
Get PRO
三月 '26
+10
在0个频道中
Get PRO
二月 '26
+16
在0个频道中
Get PRO
一月 '26
+8
在0个频道中
Get PRO
十二月 '25
+12
在0个频道中
Get PRO
十一月 '25
+9
在0个频道中
Get PRO
十月 '25
+13
在0个频道中
Get PRO
九月 '25
+8
在0个频道中
Get PRO
八月 '25
+7
在0个频道中
Get PRO
七月 '25
+9
在0个频道中
Get PRO
六月 '25
+8
在0个频道中
Get PRO
五月 '25
+31
在0个频道中
Get PRO
四月 '25
+30
在0个频道中
Get PRO
三月 '25
+39
在0个频道中
Get PRO
二月 '25
+24
在0个频道中
Get PRO
一月 '25
+35
在2个频道中
Get PRO
十二月 '24
+45
在0个频道中
Get PRO
十一月 '24
+49
在0个频道中
Get PRO
十月 '24
+41
在0个频道中
Get PRO
九月 '24
+50
在0个频道中
Get PRO
八月 '24
+80
在2个频道中
Get PRO
七月 '24
+97
在1个频道中
Get PRO
六月 '24
+65
在0个频道中
Get PRO
五月 '24
+107
在2个频道中
Get PRO
四月 '24
+176
在0个频道中
Get PRO
三月 '24
+76
在0个频道中
Get PRO
二月 '24
+31
在0个频道中
Get PRO
一月 '24
+40
在0个频道中
Get PRO
十二月 '23
+22
在1个频道中
Get PRO
十一月 '23
+7
在0个频道中
Get PRO
十月 '23
+32
在0个频道中
Get PRO
九月 '23
+36
在0个频道中
Get PRO
八月 '23
+24
在0个频道中
Get PRO
七月 '23
+16
在0个频道中
Get PRO
六月 '23
+22
在0个频道中
Get PRO
五月 '23
+36
在0个频道中
Get PRO
四月 '23
+15
在0个频道中
Get PRO
三月 '23
+26
在0个频道中
Get PRO
二月 '23
+18
在0个频道中
Get PRO
一月 '23
+32
在0个频道中
Get PRO
十二月 '22
+23
在0个频道中
Get PRO
十一月 '22
+36
在0个频道中
Get PRO
十月 '22
+44
在0个频道中
Get PRO
九月 '22
+140
在0个频道中
Get PRO
八月 '22
+26
在0个频道中
Get PRO
七月 '22
+44
在0个频道中
Get PRO
六月 '22
+26
在0个频道中
Get PRO
五月 '22
+21
在0个频道中
Get PRO
四月 '22
+30
在0个频道中
Get PRO
三月 '22
+85
在0个频道中
Get PRO
二月 '22
+24
在0个频道中
Get PRO
一月 '22
+82
在0个频道中
Get PRO
十二月 '21
+33
在0个频道中
Get PRO
十一月 '21
+48
在0个频道中
Get PRO
十月 '21
+52
在0个频道中
Get PRO
九月 '21
+32
在0个频道中
Get PRO
八月 '21
+40
在0个频道中
Get PRO
七月 '21
+36
在0个频道中
Get PRO
六月 '21
+23
在0个频道中
Get PRO
五月 '21
+43
在0个频道中
Get PRO
四月 '21
+101
在0个频道中
Get PRO
三月 '21
+34
在0个频道中
Get PRO
二月 '21
+48
在0个频道中
Get PRO
一月 '21
+89
在0个频道中
Get PRO
十二月 '20
+462
在0个频道中
日期
订阅者增长
提及
频道
15 九月0
14 九月+2
13 九月0
12 九月+1
11 九月0
10 九月0
09 九月+2
08 九月+3
07 九月0
06 九月0
05 九月0
04 九月0
03 九月0
02 九月0
01 九月0
频道帖子
Борбор Азияда көптөгөн жылдар экономика жана логистика — бул Кытай, ал эми аймактагы саясий режимди Орусия камсыздайт деген т
+8
Борбор Азияда көптөгөн жылдар экономика жана логистика — бул Кытай, ал эми аймактагы саясий режимди Орусия камсыздайт деген түшүнүк бар болчу. Бирок азыр бул система бузула баштагандай.

2
Кезектеги ири объект президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлдү. Бул жолу — Кыргызстанда чоңдугу боюнча «Дордойдон» кийин экинч+7
Кезектеги ири объект президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлдү. Бул жолу  — Кыргызстанда чоңдугу боюнча «Дордойдон» кийин экинчи орунда турган, өлкөнүн түштүгүндөгү Кара-Суу же дагы бир аты «Туратали» базары алардын карамагында болмокчу. 
78
3
«Кара-Суу» базары президенттин Иш башкармалыгына өттү  Кезектеги ири объект президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлдү. Бул жолу  — Кыргызстанда чоңдугу боюнча «Дордойдон» кийин экинчи орунда турган, өлкөнүн түштүгүндөгү Кара-Суу же дагы бир аты «Туратали» базары алардын карамагында болмокчу.  Базар Иш башкармалыкка берилгенин «Турмуш» басылмасына мурдагы директор Нурбек Эргешов тастыктады. Анын айтымында, базарды өткөрүп берүү процесси 2-3 ай мурда башталган. «Азыр базарды кабыл алуу жараяны бүтө элек. Үч айдан бери өткөрүп бере албай кыйналып жатабыз», — деген ал «Турмушка».     Базар эмне себептен Иш башкармалыкка өткөрүлгөнүнүн так себеби белгисиз. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында, Ош облусуна болгон расмий сапарында   Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жергиликтүү тургундарга Кара-Суу базарынын ордуна заманбап соода борбору курулат деп убада берген. Анда базар Иш башкармалыкка өтөт деген сөз болгон эмес, бирок өлкө башчысы базарды модернизациялоону кечиктирип жатканы үчүн жергиликтүү аткаминерлерди сынга алып, Бишкектеги Ош базарында соодагерлердин шартын жакшыртып жатышканын мисал келтирген. Борбор калаада аталган базарды модернизациялоону Жапаровдун көзгө басар кадры — Каныбек Туманбаев башында турган президенттин Иш башкармалыгы ишке ашырып жатат.  «Клооп» менен Temirov Live басылмасынын журналисттери Туманбаевдин орус жарандыгы бар экенин аныкташкан. Бул бир учурда өлкөнүн үч мыйзамына каршы келет — кош жарандуулугу бар адам мамлекеттик органда жогорку кызматты аркалоого акысы жок.  Президент бүгүнкү күнгө чейин бул окуяга реакция жасаган жок жана Иш башкармалыгына улам бир мекемени өткөрүп берип жатат. Ушул тапта Туманбаевдин карамагына 30дан ашуун мекемелер карайт.  Кара-Суу базары — өлкөнүн түштүгүндөгү ири соода түйүнү. Мында Кытай, Өзбекстан жана Тажикстандын жолдору кесилишет.  Базар сексенинчи жылдары, совет бийлиги Кара-Сууда колхоз базарын ачкан кезде пайда болгон. Токсонунчу жылдары, СССР тараган соң базар шаар сыртына көчүрүлүп, жаңы-жаңы соода катарлары кошулган. Базарды ондогон жеке башкаруучулар — базаркомдор көзөмөлдөшчү. Көпчүлүгү мурда мамлекеттик кызматта ишетегендер же кылмыш чөйрөсүнөн келгендер.  2024-жылы январда соодагерлер менен жолугушууда, ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базар мамлекеттин карамагына өтөт деп билдирген. Андан кийин базарды улутташтыруу процесси ишке кирип, аны базардын айрым соодагерлери менен кызматкерлери «рейдерлик басып алуу» деп сыпатташкан.    Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен базарды башкарууну Нурбек Эргешовго тапшырышкан.  Соодагерлер болсо базарком Эргешов менен базардын жетекчилигинин өз билемдигине көп жолу арызданышкан. Алардын айтымында, базарком базардын аймагына алымсынбай, жеке секторго таандык жакын жайгашкан аймактарга көз арта баштаган. Менчик ээлеринен сот аркылуу орундарын тартып алып, бир күндө сүрдүрүп салган.   Ал эми 2025-жылы Эргешов соодагерлердин бирин сабап салган. Анда, июндун аягында жеке ишкер Исламбек Халилов контейнерин сатууну чечип, макулдашуу үчүн базаркомго барган. Эргешов контейнердин баасынан үлүш  чыгарып берүүсүн талап кылган. Макул болгон Халиловду Эргешов муштуму жана уюлдук телефон менен башка-көзгө ургулаган.
63
4
Отурумда «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси «Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу» беренесине (195-берене)+3
Отурумда «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси «Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу» беренесине (195-берене) алмаштырылып, айыпталгандар күнөөлүү деп табылды. Соттолгондор кандайча шайлоо укугун жүзөгө ашырууга тоскоол болгону белгисиз, анткени президенттик шайлоо 2027-жылы январда өтөт, ал эми фигуранттардын көпчүлүгү кызматта эмес, мурдагы чиновниктер.
79
5
75 кишинин каты: Бийликти басып алууга айыпталган жок, баары пробацияга кесилди жана мүлкү конфискацияланбайт  10-сентябрда Бишкек шаардык сотунда «75 кишинин каты» деп аталып келген кылмыш иши боюнча өкүм чыкты. Сот отурумуна журналисттер киргизилген жок.  Прокурор айыпталуучуларды 9 жылга эркинен ажыратууну суранган болчу.  Отурумда «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси «Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу» беренесине (195-берене) алмаштырылып, айыпталгандар күнөөлүү деп табылды. Соттолгондор кандайча шайлоо укугун жүзөгө ашырууга тоскоол болгону белгисиз, анткени шайлоо баштала элек, ал эми фигуранттардын көпчүлүгү кызматта эмес, мурдагы чиновниктер.  Ошентип УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, андан тышкары мурдагы чиновниктер Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Эмил Узакбаев төрт жылга эркинен ажыратылып, эки жылдык пробацияга кесилди. Ал эми жаңы коюлган берене боюнча мүлкүн конфискациялоо каралган эмес.  «Сот айыпталуучуларды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскартты», — деп жазды «Азаттык» басылмасы.  
78
6
Активист Сыргак Кенжебаев кыргыз бийлиги аны Камбоджада кантип камакка алууга аракет кылганын айтып берди. Ал жашырынууга жан
Активист Сыргак Кенжебаев кыргыз бийлиги аны Камбоджада кантип камакка алууга аракет кылганын айтып берди. Ал жашырынууга жана жайгашкан жерин өзгөртүүгө үлгүргөн.
72
7
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов «Бишкек Арена» стадионунун курулушуна 386 млн доллар жумшалганын билдирди. Анын+7
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов «Бишкек Арена» стадионунун курулушуна 386 млн доллар жумшалганын билдирди.  Анын айтымында, баштапкы долбоорду президент Садыр Жапаров өзү түп-тамырынан өзгөртүп, боз үй сымал болсун деген тапшырма койгон.  «Ошондуктан Камчыбек Ташиев 30-35 миң адам бата турган стадионду 60-70 миллион доллардын тегерегинде бүтөт десе керек», — дейт Алагөзов, Ташиевдин мурда айткандарын бурмалап. 
99
8
Алагөзов: «Бишкек-Арена» стадионун курууга 386 млн доллар кеткен   Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов «Бишкек Арена» стадионунун курулушуна 386 млн доллар жумшалганын билдирди.  «“60 млн долларга бүттү” деген жалган сөз. Тээ башында стадион курулуп баштаганда 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондо Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айтканын эшиттик. Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган», — дейт Алагөзов.  Анын айтымында, баштапкы долбоорду президент Садыр Жапаров өзү түп-тамырынан өзгөртүп, боз үй сымал болсун деген тапшырма койгон.  «Ошондуктан Камчыбек Ташиев 30-35 миң адам бата турган стадионду 60-70 миллион доллардын тегерегинде бүтөт десе керек», — дейт Алагөзов, Ташиевдин мурда айткандарын бурмалап.    Анткени 2024-жылы Ташиев 45 миң адамды сыйдыра турган стадион тууралуу сөз кылган. Ташиевдин андагы маегин УТРК, «Мир» телеканалы, 7-канал жана «Азаттык» радиосу жарыялаган. Анда боз үй сымал стадиондун, азыркы «Бишкек Аренанын»  макети көрсөтүлгөн болчу. «Эгер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй болуп курулуп калса, ал өзүн өзү актабаганы аз келгенсип, бюджеттин эсебинен жыл сайын миллиарддаган каражаттарды стадионду тейлөө үчүн коротууга жана эмгек акыларды төлөп берүүгө туура келет. Ошондуктан 52 миң адамды батыра турган, жогорудагыдай шарттары менен стадион болсун деп долбоорду чоңойткон», — дейт Алагөзов.    Бирок, басма сөз катчынын пикиринде, жаңы стадион өзүн өзү актайт. Анда ресторан, күркөлөр, дүкөндөр, супер маркеттер бар жана «мааракелерди өткөрүү сунуштары» келе баштады.  «Бирок “Бишкек-Аренабыз” бул сумманы кыска убакытта эле актап тим болбостон, өмүр бою киреше бере турган мекемеге айланат», — дейт ал.    Анткен менен стадиондун курулушуна сарпталган чыгымды комиссия текшермек болду.  «Президентибиз Эсеп палатасы баш болгон башка органдардан турган комиссия түзүп, тыкыр текшерип чыксын деген тапшырма берди. Курулуш материалдары толук колдонулганбы, эмгек акылар толук берилгенби, акчалар уурдалып кеткен жокпу деген сыяктуу маселелер текшерилип, жыйынтыгы жалпы элге жарыяланат», — деп убадалады президенттин басма сөз катчысы. 
71
9
Бийлик «Бишкек Арена» стадиону канчага курулганын так билбейт — бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аск+6
Бийлик «Бишкек Арена» стадиону канчага курулганын так билбейт — бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун соцтармактарга жазган пикиринен улам белгилүү болду. Стадионду президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге байланышы бар компания курган.  Алагөзовдун айтымында, стадиондун курулушуна 60 млн доллардан ашык каражат сарпталган, бирок 500 млн долларга «жетпейт».
70
10
60$ млндон ашат, $500 млнго жетпейт. «Бишкек Аренанын» так баасын атайын комиссия аныктайт Бийлик «Бишкек Арена» стадиону канчага курулганын так билбейт — бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун соцтармактарга жазган пикиринен улам белгилүү болду. Стадионду президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге байланышы бар компания курган.  Алагөзовдун айтымында, стадиондун курулушуна 60 млн доллардан ашык каражат сарпталган, бирок 500 млн долларга «жетпейт». «Дүйнөлүк практикага кайрылсак, дүйнө жүзүндө 50-60 миң орундуу заманбап стадиондордун курулушу 500 млн доллардан кем болбойт. Андан арзан баага салынган мындай объектилерди таба албайсыздар. Биздин стадион, албетте, мынчалык кымбатка турган жок, бирок такталбаган сандар менен коомчулукту адаштырууга жол бербейли», — деп жазган ал.  Ал «Бишкек Аренанын» чыныгы баасын атайын комиссия аныктай турганын билдирди. Комиссиянын курамында Эсеп палатасынын, ИИМ, прокуратура жана башка мекемелердин кызматкерлери бар. Ошондо 60 млн доллар деген баа кайдан чыкты? Көчмөндөр оюндары башталгандан кийин соцтармактарда «Бишкек Аренанын» сүрөтү менен коллаждар тарап, ушул сумма жазылган болчу. Анда «Бишкек Аренаны» Казакстанда мындан бир кыйла кымбатка курулган стадион менен салыштырышкан. «Бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап стадион “60 миллион долларга курулуп бүттү” деп айткан эмес. Мындай масштабдуу объектти 60 млн долларга арзан куруу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул сандарды жөн гана пиар кылып жайылтууну токтотууну суранабыз», — дейт Алагөзов.    Анткен менен 60 миллион доллар деген сумманы чындап эле расмий органдын өкүлү — ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айткан.  «Биздин баамыбызда 45 миң орундуу заманбап стадионду 60 миллион долларга салып бүтөбүз деген оюбуз бар. Мүмкүн азырак, мүмкүн ошонун тегерегинде болуп калар», — деген ал 2024-жылы.   Ошондой эле Ташиев стадиондун курулушуна 21 млн долларды «Коррупцияга каршы күрөшүү фонду» бөлөрүн айткан. Бул эмне болгон фонд — түшүнүксүз, Миюсттун реестринде мындай юридикалык жак катталган эмес. 
87
11
Temirov Live басылмасы Кыргызстандагы алгачкы унаа заводунун артында кимдер турганы тууралуу жаңы иликтөө жарыялады — анда пр+7
Temirov Live басылмасы Кыргызстандагы алгачкы унаа заводунун артында кимдер турганы тууралуу жаңы иликтөө жарыялады — анда президенттин Иш башкармалыгы кайра-кайра айтылат. Мекеменин өзү гана эмес, жетекчиси Каныбек Туманбаевдин бир тууган эжеси жөнүндө сөз болот.
110
12
Бул көрүнүш Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө мыйзамга каршы келет. Аткаминерлерге жеке кызыкчылыктарын эске алып, үй-бүлө мүчөлөрү менен келишим түзүүгө тыюу салынат. Бирок Туманбаев жетектеген Иш башкармалык бир тууган эжесине таандык компанияны заводдун курулушуна аралаштырган.  Андан тышкары, жогорку кызмат адамдары чет элдин жараны болбошу керек. Бирок Туманбаев өзү, эжеси дагы орус жарандыгын алышкан.  «Биз мурда мамлекеттик долбоорлордо президенттин айланасындагы адамдар жалданмачы болгонун айтып келгенбиз. Бул жерде схема башкача. Мамлекеттик мекеме өзү ошол чөйрөнүн кишилерине кошулуп, компаниянын тең негиздөөчүсү болгон», — деп түшүндүрөт Темиров.    Иликтөөчү журналисттер инвесторго дагы токтоло кетишкен. Расмий инвестор Hubei Zhuoyue, бирок минюсттун маалыматында «Хубэй Цзису Инвестициянын» аты аталган. Болот Темиров кытайлык компаниялардын реестринен мындай аталыштагы фирманы таба алган эмес.  «Мамлекеттик жерди пайдалануу укугу “Жисуга” кандай шартта берилди? Жеке өнөктөштү тандоодо конкурс жарыяланганбы? Эмнеге “Модуль Хаус”? Жана "Хубэй Цзису Инвестиция" деген кимдер?», — деп суроо салат Болот Темиров.   
79
13
Кыргызстандагы алгачкы унаа заводу менен Туманбаевдин кандай байланышы бар? Temirov Live’дын иликтөөсү  Temirov Live басылмасы Кыргызстандагы алгачкы унаа заводунун артында кимдер турганы тууралуу жаңы иликтөө жарыялады — анда президенттин Иш башкармалыгы кайра-кайра айтылат. Мекеменин өзү гана эмес, жетекчиси Каныбек Туманбаевдин бир тууган эжеси жөнүндө сөз болот. Заводдун курулушуна 2024-жылы президент Садыр Жапаров өзү капсула салган. Президенттин администрациясынан анда баасы 115 млн доллар турган заводду «жергиликтүү ишканалар кытай компаниясы менен» биргеликте курарын билдиришкен, бирок мекеме тараткан пресс-релизде так маалымат жок болчу.  Журналист Болот Темиров Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын бирдиктүү реестринен алынган маалыматка таянып, автоунаа заводу курула турчу жер тилкеси мамлекетке караштуу экенин айтып чыкты. Капсула салынганга чейин, жер участкасын тескөө укугу Каныбек Туманбаев башкарган президенттин Иш башкармалыгына берилген. Капсула түшкөн күндүн эртеси, «Кытай-Кыргыз биргелешкен автоунаа өндүрүүчү “Жису” компаниясы» негизделген. Дал ушул компанияга,  арадан төрт ай өткөн соң, завод куруу пландалган жер тилкесин пайдалануу укугу берилген. Президенттин Иш башкармалыгынын бул окуядагы байланышы завод курулуучу жер тилке менен эле бүтпөйт. Мекеме — «Жису» компаниясынын үч негиздөөчүсүнүн бири. Калган экөө — «Модуль Хаус» жана «Хубэй Цзису Инвестиция». «Модуль Хаус» компаниясын эки кыргызстандык жетектейт. Биири биз буга чейин журналисттик иликтөөлөрдө атын угуп жүргөн рэп-ырчысы Эламан Токтобеков. Музыкант президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун досу. Экинчиси — Жыпаргүл Базарбаева, Каныбек Туманбаевдин бир тууган эжеси. 
59
14
30-августта Бишкектеги «Мадина» базарында өрт чыгып, бир катар соода түйүндөрү күйүп кетти.  Буга чейин шаар бийлиги базар жабылат деп, соодагерлерди жаңы «Ала-Тоо» базарына көчүрүүгө мажбурлап келишкен. Алар көчүүгө каршы чыгып, жаңы базардагы ижара акысы жана соода орундарын баасы кымбат экенин айтып жатышкан болчу.  Базар өрттөнгөндөн кийин, айрым соодагерлер арасында бул атайын уюштурулган өрттөө деген божомолдор айтылууда. Милиция каргашанын келип чыгуу себептерин иликтеп жатат. Буга чейин «Клооп», жаңы «Ала-Тоо» базары президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин жакын адамына тиешелүү экенин аныктаган. https://youtube.com/shorts/jqZVEiQ8ebw
65
15
30-августта Ташкендеги Marriott Hotel Tashkent мейманканасында Райымбек Матраимовдун уулу Аймендин үйлөнүү тою өттү. Райымбек
30-августта Ташкендеги Marriott Hotel Tashkent мейманканасында Райымбек Матраимовдун уулу Аймендин үйлөнүү тою өттү. Райымбек Матраимов — бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн негизги фигуранттарынын бири. Кыргызстандын соту аны коррупцияга байланыштуу кылмыш боюнча күнөөлүү деп таап, бирок ал абакта бир да күн отурган эмес. Матраимов мамлекетке бир нече миллиард сом төлөп, эркиндикте калган.  Тойго Кыргызстандагы бир катар мурдагы депутаттар катышып, коноктор үчүн ырчылар Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Раим жана Нурлан Насип ырдашкан. Аймендин жубайы Самира — казакстандык ишкер Жакып Марабаевдин небереси.
94
16
30-августта Ташкендеги Marriott Hotel Tashkent мейманканасында Райымбек Матраимовдун уулу Аймендин үйлөнүү тою өттү. Райымбек Матраимов — бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн негизги фигуранттарынын бири. Кыргызстандын соту аны коррупцияга байланыштуу кылмыш боюнча күнөөлүү деп таап, бирок ал абакта бир да күн отурган эмес. Матраимов мамлекетке бир нече миллиард сом төлөп, эркиндикте калган.  Тойго Кыргызстандагы бир катар мурдагы депутаттар катышып, коноктор үчүн ырчылар Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Раим жана Нурлан Насип ырдашкан. Аймендин жубайы Самира — казакстандык ишкер Жакып Марабаевдин небереси. https://youtube.com/shorts/dgJ8y9052pg
1
17
Бишкекте 31-августта жаңы курулган «Бишкек Арена» стадионунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү. Борбор Азия боюнча эң ири, ичине 51 миң адамды сыйдыра турган стадиондун курулушу 2024-жылы жазда башталып, көчмөндөр оюнунун ачылышына даяр болду. Иш-чараны президент Садыр Жапаров өзү ачса, ШКУ саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген бир нече өлкөнүн башчылары VIP-орундардан көрүп отурушту. Ачылыш аземи салтанаттуу жана ири масштабда өткөрүлдү. Бирок мындай майрамдык маанайдын артында мүчүлүштүктөр да бар. Стадион шаар сыртындагы Орок айылына курулган. Айылга азырынча тийиштүү инфраструктура жете элек. Стадиондун курулушуна президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге байланышы бар компаниялар тартылган.  https://youtube.com/shorts/EUyxP7bC89E
91
18
Кытай лидери Си Цзиньпинди Бишкекте чоң шаан-шөкөт менен тосуп алышты. Кыргызстандын бийлиги Пекин менен кызматташтыктын өзгөчө деңгээлин көрсөтүүгө аракет кылганы байкалып турду.  Бирок майрамдык салтанаттын артындагы реалдуулук башкачараак: ШКУ саммитинен улам борбор калаанын тургундарына чектөөлөр коюлду — жолдор жабылып, соода борборлору, базарлар жана башка бизнес өкүлдөрү иштеген жок, авиабагыттар өзгөртүлүп, бийлик иш-чара жыйынтыкталганга чейин шаардан чыга тургула деген жарыя таратты. Ал эми Кытайдын дарегине ачык сын айткандар куугунтукка кабылышкан болчу.  https://youtube.com/shorts/zhYop0wUPak
115
19
Финансы полициясынын экс-башчысы Сыймык Жапыкеев журналист Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жатып, бийликтин «кустуруу+8
Финансы полициясынын экс-башчысы Сыймык Жапыкеев журналист Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жатып, бийликтин «кустуруу» ыкмасы тегиз болгон жок деп сынга алды. Мисал катары, минкабдын мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровду да «кустуруу» керектигин айтты. Ошондой эле Жапыкеев өлкөдөгү кадр саясаты жана адам укуктары боюнча пикирин кошумчалады.
173
20
+8
Финансы полициясынын экс-башчысы Сыймык Жапыкеев журналист Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жатып, бийликтин «кустуруу» ыкмасы тегиз болгон жок деп сынга алды. Мисал катары, минкабдын мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровду да «кустуруу» керектигин айтты. Ошондой эле Жапыкеев өлкөдөгү кадр саясаты жана адам укуктары боюнча пикирин кошумчалады.
136