uz
Feedback
OSHO

OSHO

Kanalga Telegram’da o‘tish

@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз

Ko'proq ko'rsatish

📈 Telegram kanali OSHO analitikasi

OSHO (@kgosho) Qirg'iz til segmentidagi kanali faol ishtirokchi. Hozirda hamjamiyat 53 097 obunachidan iborat bo'lib, Taʼlim toifasida 3 208-o'rinni va Qirg'iziston mintaqasida 25-o'rinni egallagan.

📊 Auditoriya ko‘rsatkichlari va dinamika

невідомо sanasidan buyon loyiha tez o‘sib, 53 097 obunachiga ega bo‘ldi.

27 Avgust, 2026 dagi oxirgi ma’lumotlarga ko‘ra kanal barqaror faollikka ega. Oxirgi 30 kunda obunachilar soni 11 844 ga, so‘nggi 24 soatda esa 727 ga o‘zgardi va umumiy qamrov yuqori darajada qolmoqda.

  • Tasdiqlash holati: Tasdiqlanmagan
  • Jalb etish (ER): Auditoriya o‘rtacha 23.14% darajada jalb etiladi. Nashrdan keyingi dastlabki 24 soatda kontent odatda umumiy obunachilar sonining 23.46% ini tashkil etuvchi reaksiyalarni to‘playdi.
  • Post qamrovi: Har bir post o‘rtacha 12 289 marta ko‘riladi; birinchi sutkada odatda 12 460 ta ko‘rish yig‘iladi.
  • Reaksiyalar va o‘zaro ta’sir: Auditoriya faol: har bir postga o‘rtacha 7 ta reaksiya keladi.

📝 Tavsif va kontent siyosati

Muallif resursni shaxsiy fikrni ifoda etish maydoni sifatida ta’riflaydi:
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз

Yuqori yangilanish chastotasi (oxirgi ma’lumot 28 Avgust, 2026 da olingan) sababli kanal doimo dolzarb va katta qamrovli bo‘lib qoladi. Analitika auditoriya kontent bilan faol hamkorlik qilishini, uni Taʼlim toifasidagi muhim ta’sir nuqtasiga aylantirishini ko‘rsatadi.

53 097
Obunachilar
+72724 soatlar
+3 2517 kunlar
+11 84430 kunlar
Postlar arxiv
OSHO
53 304
👴 Казакстан 2050-жылга чейин «улгайган өлкөгө» айланышы мүмкүн Казакстанда калктын картаюу процесси күчөшү мүмкүн. Буга төрөттүн азайышы жана адамдардын өмүрүнүн узарышы себеп болууда. 📊 Пенсиялык фонддун аналитикасына ылайык, 2050-жылга карата өлкөнүн ар бир алтынчы жараны 60 жаштан ашат. Бул курактагы адамдардын үлүшү 18,8%га жетиши мүмкүн. 👥 Пенсиялык системага да басым күчөйт: • 2025-жылы 1 пенсионерге 4,95 иштеген адам туура келген; • 2050-жылы бул көрсөткүч 3,42 адамга чейин төмөндөшү мүмкүн. 📉 Төрөт коэффициенти: 2021-жылы — 3,32 бала 2025-жылы — 2,57 2050-жылы болжол — 2,39 бала аялга ⏳ Ошол эле учурда орточо жашоо узактыгы 75,97 жашка жеткен. 🇰🇿 Казакстандын калкы азыркы 20,5 млн адамдан 2050-жылы 26,5 млнго чейин көбөйүшү күтүлүүдө. 🌍 БУУнун болжолуна ылайык, XXI кылымдын аягына чейин Казакстан менен Кыргызстан ЕАЭБдеги төрөт өлүмдөн жогору бойдон кала турган жалгыз өлкөлөр болушу мүмкүн. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
💰 Кыргызстандык камсыздандыруучулар 1,01 млрд сомду кайра камсыздандырууга өткөрүштү Кыргызстандын камсыздандыруу компаниялары 2026-жылдын II кварталында 1,01 млрд сомду кайра камсыздандырууга өткөрүшкөн. 🌍 Анын 726,2 млн сому же 72,2%ы чет өлкөлүк камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу компанияларына кеткен. 🇰🇬 Ал эми 279,5 млн сом Кыргызстандын ичиндеги компанияларга багытталган. 📊 Кайра камсыздандырууга өткөрүлгөн сумма жалпы чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 18,1%ын түзгөн. 🏦 Эң көп сумманы кайра камсыздандырууга өткөргөн компаниялар: • «А Плюс» — 188,4 млн сом; • «Кыргызстан» — 156,6 млн сом; • «Бакай Иншуренс» — 122,8 млн сом; • Мамлекеттик камсыздандыруу уюму — 109,1 млн сом; • «Джубили Кыргызстан Иншуренс Компани» — 81,9 млн сом. 🌐 Кайра камсыздандыруу — камсыздандыруучу компания өзүнө алган тобокелдиктин бир бөлүгүн башка камсыздандыруучуга өткөрүп берүү механизми. Бул ири чыгымдардан коргонууга жана компаниянын финансылык туруктуулугун сактоого жардам берет. 📌 Бирок быйылкы көрсөткүчтөгү негизги өзгөчөлүк — кайра камсыздандыруунун дээрлик төрттөн үч бөлүгү чет өлкөгө кеткендиги. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
🧾 Кыргызстанда КНС боюнча тобокелдүү товарлардын жаңы тизмеси бекитилди Мамлекеттик салык кызматы КНС (НДС) боюнча салык базасында тобокелдик белгилери бар товарлардын жаңыланган тизмесин бекитти. 📌 Жаңы тизме салыктык башкарууну жакшыртуу жана КНСти эсептөөдө тобокелдиктерди так аныктоо максатында түзүлдү. Тизмени даярдоодо: • салыктык башкаруунун жыйынтыктары; • айрым товар топторунун өзгөчөлүктөрү; • ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кайрылуулары; • КНС базасын негизсиз төмөндөтүү тобокелдиктери эске алынган. 🎯 Негизги максаттар: ☑ ишкерлер үчүн бирдей шарт түзүү; ☑ ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо; ☑ салыктык башкаруунун ачыктыгын жогорулатуу; ☑ айрым товарларга негизсиз салык жүгүн азайтуу; ☑ КНСти башкарууда тобокелдиктер системасын өркүндөтүү. 📲 Жаңы тизме мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирет. Толук маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын sti.gov.kg сайтынан: «Билим базасы» → «Евразия экономикалык биримдиги» → «КНСтин тобокелдик белгилери бар салык базасы» бөлүмүнөн көрүүгө болот. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
🌊 Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 389 адамга жетти Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 389 адамга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди. 🚑 466 адам жаракат алып, куткарылды. Каза болгондордун эң көбү Читван улуттук паркынын аймагынан табылган. Суу ташкыны 26-августта мөңгү жана таш көчкү түшүп, Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндөн кийин болгон. 🌊 Табигый кырсыктан бир нече калктуу конуш, жолдор жана гидроэнергетикалык объектилер жабыркаган. Ошондой эле сел Кытайдын Тибет автономиялык районундагы чек ара бекетин да талкалаган. 🇰🇬 Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, алдын ала маалымат боюнча, Непалда жана Тибетте каза болгондордун же дайынсыз жоголгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
💵 Улуттук банк эски долларларды чет өлкөгө чыгарууга уруксатты узартты Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктарга эски жана эскирген АКШ долларларын өлкөдөн сыртка чыгарууга уруксатты 2027-жылдын 1-мартына чейин узартты. 📌 Кеп: • эскирген, жыртылган же жараксыз абалдагы доллар купюралары; • 2006-жылга чейин жана 2006-жылы чыгарылган банкноттор жөнүндө болуп жатат. 🏦 Коммерциялык банктар мындай купюраларды чет өлкөгө накталай же накталай эмес АКШ долларына алмаштыруу үчүн чыгара алышат. 🔄 Бул убактылуу тартип Кыргызстанда 2024-жылдан бери колдонулуп келет. Улуттук банк аны буга чейин бир нече жолу узарткан. 📅 Буга чейинки уруксаттын мөөнөтү 2026-жылдын 1-сентябрында аякташы керек болчу. Эми ал дагы алты айга узартылды. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
🚨 Бишкекте 29-августтан 2-сентябрга чейин унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет Шаарда мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет. 📍 Чектөө киргизиле турган негизги тилкелер: ✈️ «Манас» аэропортунан Бишкек багытында 🚗 Васильевский тракты 📍 Фучик көчөсү 📍 Чүй проспекти 📍 Манас проспекти 📍 Чыңгыз Айтматов проспекти 📍 Жусуп Абдрахманов көчөсү 📍 Байтик Баатыр көчөсү 📍 Абсамат Масалиев проспекти 📍 Жайыл Баатыр көчөсү ⚠️ Айдоочуларга сапарларын алдын ала пландап, мүмкүн болсо альтернативдүү маршруттарды тандоо сунушталат. 🇰🇬 Бул чектөөлөр ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу коопсуздук чараларынын алкагында киргизилүүдө. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
🎓 Кыргызстанда ЖОЖдорго 35 миңден ашык абитуриент кабыл алынды Кыргызстанда 2026-жылдагы ЖОЖдорго кабыл алуу кампаниясынын жыйынтыгы чыкты. Жалпы 35 099 абитуриент студент болуп кабыл алынды. 💳 Контракттык негизде — 27,8 миң студент (79,3%) 🎓 Бюджеттик негизде — 7,3 миңге жакын студент (20,7%) 📌 Ошол эле учурда ЖОЖдор быйыл жалпысынан 65 миңге жакын абитуриентти кабыл алууну пландаган: анын 9,5 миңи бюджеттик, 55 миңден ашыгы контракттык орундар болчу. 🔝 Кайсы кесиптерди көбүрөөк тандашты? Абитуриенттер арасында эң көп тандалган багыттар: 👩‍🏫 педагогика жана гуманитардык адистиктер 💰 экономика жана финансы 🩺 медицина 💻 маалыматтык технологиялар ⚖️ юриспруденция 🏗️ архитектура жана курулуш 🎓 Бюджеттик орундар эң көп билим берүү, IT, медицина, архитектура жана курулуш багыттарына бөлүндү. 🏫 Талапкерлер эң көп катталган ЖОЖдор: 1️⃣ Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) 2️⃣ Кыргыз улуттук университети (КУУ) 3️⃣ Ош мамлекеттик университети 4️⃣ Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 5️⃣ Бишкек мамлекеттик университети 📚 Кабыл алуу кампаниясы 6 турда өттү. ЖОЖдордо окуу жылы 15-сентябрда башталат. Медициналык багытта билим ала тургандар сабакты 2-сентябрдан онлайн башташат. 📈 Салыштыруу үчүн: 2025-жылы Кыргызстандагы ЖОЖдорго 30 миңге жакын студент кабыл алынган. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
🇰🇬 ДКО-2026: Бишкекте ачылыш аземин көрүүгө 12 фан-зона уюштурулат 📍 31-августта Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин түз эфирден көрүүгө 12 фан-зона иштейт. 🏟️ Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат. Калган 11 жай шаардагы төрт райондо уюштурулат. 📍 Октябрь району • «Тунгуч-1» сквери, «Тунгуч» кичирайону • «Ынтымак-2» паркындагы амфитеатр 📍 Ленин району • Фучик атындагы парк • «Ак-Орго» конушундагы «Ашар» паркы • «Жал» кичирайонундагы «Муун» сквери 📍 Биринчи Май району • Ч. Түлөбердиев атындагы парк — Көкчетавская жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде • Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси • «Ак-Босого» конушу, Чүй көчөсү, 52 📍 Свердлов району • «Алга» спорт комплекси — Усебаев көчөсү, 200/1 • №66 мектеп — «Восток-5» кичирайону, • №21 мектеп — Энесай 1-көчөсү, 1 🎤 Түз эфир башталганга чейин фан-зоналарда концерттер өтөт. Ошондой эле 📸 фотозоналар, көргөзмөлөр, 🍔 фуд-корттор, эс алуу жайлары жана улуттук оюндар үчүн аянтчалар уюштурулат. 🔥 ДКО-2026нын ачылыш аземи 31-августта «Бишкек Аренада» өтөт. Ал эми негизги спорттук мелдештер Ысык-Көл облусунда уюштурулат. 🤝 Ошол эле күндөрү Бишкекте ШКУ саммити да өтөт. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
💰 Кыргызстанда салыктан тышкаркы бюджеттик кирешелер өсүүдө Кыргызстандын бюджетине түшкөн салыктан тышкаркы кирешелер 2025-жылы 88 млрд сомго өсүп, жалпы 189,5 млрд сомду түздү. 📈 Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, алардын ИДПдагы үлүшү бир жыл ичинде 6,4%дан 9,6%га жогорулаган. 💵 Салыктан тышкаркы кирешелердин негизги булактары: • мамлекеттик акциялардан түшкөн дивиденддер; • Улуттук банктын бюджетке которгон пайдасы; • мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтар; • ар кандай жыйымдар жана төлөмдөр; • башка салыктан тышкаркы түшүүлөр. 📊 Орто мөөнөттүү прогноз боюнча, 2027-жылы бюджетке 149,2 млрд сом салыктан тышкаркы киреше түшөт деп күтүлүүдө. Ал эми 2031-жылга карата бул көрсөткүч 189,9 млрд сомго жетиши мүмкүн. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
🚨 Кыргызстанда аялдардын кылмыштуулугу 22%га өстү Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июль айларында укук коргоо органдары 13 490 укук бузуучуну аныктады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,4% көп. 👩 Аялдар арасындагы кылмыштуулук кыйла тездик менен өскөн. Мыйзам бузган аялдардын саны 22%га көбөйүп, 1 899 адамга жетти. Алар жалпы көрсөткүчтүн 14,1%ын түзөт. 👨 Эркек укук бузуучулардын саны 9,8%га өсүп, 11 591 адамды түзгөн. 📊 Жаш курак боюнча: • 29 жаштан жогоркулар — 8 428 адам (+13,1%); • 18–24 жаштагылар — 3 003 адам (+31,7%). ⚠️ Укук бузгандардын дээрлик үчтөн экиси — 8 727 адам (64,7%) — кармалган учурда иштеген да, окуган да эмес. 👦 Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук 40,1%га азайган. Жети айда жашы жете электер тарабынан 572 кылмыш жасалган. Алардын 75,9%ы мыйзамды биринчи жолу бузган. 👧 Ошол эле учурда 7 айда кылмыштан 832 бала жабыркаган. Алардын 37си каза болуп, 181и денесинен жаракат алган. 👩‍🦰 Аялдарга каршы 7 129 кылмыш катталган. Жабыркаган аялдардын көбү алдамчылыкка (45,7%) жана уурулукка (26,4%) туш болгон. 👴 Улгайган адамдарга карата 1 262 кылмыш жасалган. Алардын жарымынан көбү — алдамчылык (51,3%). 📍 Аялдарга жана балдарга каршы кылмыштардын эң көп бөлүгү Бишкекте катталган. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
🏕️ В Кырчыне ачыла турган «Евразия» боз үйү конокторду интерактивдүү программага чакырат АНО «Евразия» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болду. 🏡 Өнөктөштүктүн алкагында Кырчын капчыгайындагы «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасынын ичинде «Евразия» боз үйү иштейт. Бул жерде коноктор жөн гана көрүүчү болбостон, ар кандай программаларга өздөрү да катыша алышат. 🎯 Программада: • улуттук оюндар; • мастер-класстар; • маданият жана салт-санаа боюнча презентациялар; • интерактивдүү иш-чаралар; • атайын программалар уюштурулат. 🌍 Быйыл Кырчын капчыгайында 500гө жакын боз үй тигилип, этношаарча күнүнө 100 миңге чейин конокту кабыл ала алат. 🏹 Ошондой эле бул жерде улуттук спорттун түрлөрү, жаа атуу, ордо, салбуруну, ат оюндары, этно ырлар жана акындардын айтышы боюнча мелдештер өтөт. 📅 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Негизги маданий-этнографиялык программа Ысык-Көл облусунда, анын ичинде Кырчын капчыгайында уюштурулат. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
👨‍👩‍👧 «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу тартиби 1-сентябрдан өзгөрөт Кыргызстанда балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» ай сайынкы жөлөкпулун дайындоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди. 📅 Жаңы тартип 2026-жылдын 1-сентябрынан күчүнө кирет. 💰 1. Кепилденген минималдуу киреше көбөйөт Жөлөкпул алууга укукту аныктоодо колдонулган көрсөткүч 1 000 сомдон 1 500 сомго чейин жогорулатылат. 🏠 2. Үй-бүлөнүн мүлкү да эске алынат Жөлөкпулга муктаждыкты аныктоодо кошумча критерийлер киргизилет: 🚗 Унаа боюнча: Мурда 20 жылга чейинки унаасы бар үй-бүлөлөр эсепке алынбаса, эми бул чектөө 15 жылга түшүрүлөт. Башкача айтканда, 15 жылдан эски унаасы бар үй-бүлөлөр жөлөкпул алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. 🏡 Экинчи турак жай: Эки же андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр потенциалдуу алуучулардын катарынан чыгарылат. Себеби экинчи турак жайды ижарага берип, кошумча киреше алууга болот деп эсептелет. 🌾 Жер тилкеси: Айыл жерлериндеги жер жана короо-жай тилкелеринен түшүүчү кирешени эсептөө нормативдери жаңыланат. Алар административдик-аймактык реформаны, айылдардагы реалдуу бааларды жана айыл чарба продукциясын өндүрүүгө кеткен чыгымдарды эске алуу менен аныкталат. 📌 Өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — муктаж үй-бүлөлөрдү кеңири камтуу жана социалдык жардамды даректүү кылуу. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
🇰🇿 Казакстанга кирүүнүн жаңы эрежелери: кыргызстандыктар азырынча эркин бара алышат Казакстанда чет өлкөлүктөр үчүн жаңы санариптик миграциялык механизмдер киргизиле баштады. Алардын бири — өлкөгө кирүүгө алдын ала уруксат алуу системасы QazETA. 📱 QazETA аркылуу чет өлкөлүк жарандар үчүн миграциялык кызматтарды бирдиктүү санариптик система аркылуу көрсөтүү пландалууда. Системаны 2026-жылдын август–декабрь айларында этап-этабы менен киргизүү каралган. 🇰🇬 Кыргызстандыктар үчүн азырынча өзгөрүү жок. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, КР жарандарына Казакстанга баруу үчүн алдын ала электрондук уруксат талап кылынбайт. 🤝 Бул маселе Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу менен Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Жеңишбек Асанкуловдун жолугушуусунда да талкууланды. 📌 Депутат ЕАЭБдин алкагындагы миграциялык нормаларды жана эки өлкөнүн учурдагы келишимдерин талдап, кыргызстандыктарга Казакстанга кирүү жана ал жерде болуу эрежелериндеги өзгөрүүлөр тууралуу өз убагында маалымат берип турууну сунуштады. ⚠️ Жыйынтык: азыркы учурда кыргызстандыктар Казакстанга кирүүдө QazETA аркылуу алдын ала уруксат алышпайт. Жаңы система этап-этабы менен киргизилип жатат. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
Күйүүчү май импортуна берилген субсидиялар жыл аягына чейин узартылды Кыргызстандын Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майларды импорттоону субсидиялоо механизмин 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартты. 📌 Субсидияны эсептөө үчүн белгиленген баалар: • ⛽️ АИ-92 бензини — $960 / тонна • 🛢️ Дизель майы — $1 050 / тонна • 🚗 Суюлтулган газ — $650 / тонна ❗️ Бирок маанилүү өзгөрүү бар: мындан ары субсидия АИ-92 бензинине гана берилет. Буга чейин АИ-95 да камтылган. 💰 Субсидия импорттолгон күйүүчү майдын белгиленген баасы менен иш жүзүндөгү келишимдик наркынын, анын ичинде ташуу чыгымдарынын айырмасынын негизинде эсептелет. 🇷🇺 Кыргызстан керектүү күйүүчү майдын болжол менен 95%ын Орусиядан импорттойт. Буга чейин жеткирүүдөгү көйгөйлөрдөн улам бензин жана дизель майы кымбаттап, айрым май куюучу жайларда АИ-95 жана дизель тартыштыгы жаралган. 📅 Жаңы чечим 2026-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
🇰🇬 Кыргызстандын калкы 7,46 миллионго жетти Кыргызстандын туруктуу калкы 2026-жылдын биринчи жарымында 56,5 миң адамга көбөйүп, 1-июлга карата 7 млн 461 миң адамды түздү. 📈 Калктын өсүшүнүн негизги себеби — табигый өсүш. Алты айда өлкөдө 50 миң 304 адамга көбөйүү катталган. 👶 Январь–июнь айларында Кыргызстанда 66 272 наристе төрөлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6% көп. 🕊️ Ошол эле учурда 6 айда 15 968 адам каза болгон. 📍 Табигый өсүштүн эң жогорку көрсөткүчү: • Баткен облусунда — 18,2 адам / 1 миң калкка; • Ош облусунда — 16,8; • Жалал-Абад облусунда — 16,1. 🏙️ Эң төмөн көрсөткүч Бишкекте — 7,6. 📊 Калктын санынын өсүү темпи боюнча Бишкек жана Ош шаарлары алдыда. Бишкекте калк 1,1% өсүп, 1 млн 373 миңге, Ошто 490,3 миңге жетти. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
📈 Кыргызстандын бюджетинин профицити 2030-жылы 103 млрд сомдон ашышы мүмкүн Кыргызстандын бийлиги 2027–2031-жылдары мамлекет
📈 Кыргызстандын бюджетинин профицити 2030-жылы 103 млрд сомдон ашышы мүмкүн Кыргызстандын бийлиги 2027–2031-жылдары мамлекеттик бюджетте профицит болот деп болжолдоодо. 💰 Финансы министрлигинин эсебине ылайык: • 2027-жыл — 32,4 млрд сом • 2028-жыл — өсүү уланат • 2030-жыл — эң жогорку көрсөткүч, 103,6 млрд сом2031-жыл — 99,2 млрд сом 📊 2027-жылы бюджеттин кирешеси 789,5 млрд сом, чыгашасы 758,7 млрд сом болот деп күтүлүүдө. Ал эми 2031-жылга карата: 💵 киреше — 1,15 трлн сом 💸 чыгаша — 1,05 трлн сом 🧾 Бюджеттин негизги киреше булагы болуп салыктар кала берет. Салыктык түшүүлөр 2027-жылы 628,2 млрд сомдон 2031-жылы 954,2 млрд сомго чейин көбөйүшү күтүлүүдө. 🏗️ Капиталдык чыгымдарга 2027-жылы 122,1 млрд сом каралмакчы. 💡 Өкмөт профициттен түшкөн каражаттарды экономиканы өнүктүрүүгө, мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын уставдык капиталын көбөйтүүгө жана бюджеттик кредиттерди берүүгө багыттоону пландап жатат. Ошондой эле каражаттын бир бөлүгү мамлекеттик карызды төлөөгө жумшалат. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
🇰🇿 Казакстандын жаңы Курултайындагы 145 мандат кандай бөлүштүрүлдү? Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Курултайга өткөн шайлоонун жыйынтыгын бекитип, 145 мандатты беш партияга бөлүштүрдү. 🏆 «Әділет» партиясы 71,17% добуш алып, 110 мандатка ээ болду. 📊 Калган мандаттар: • «Ауыл» — 6,26% → 10 мандатRespublica — 5,56% → 9 мандат«Ак жол» — 5,21% → 8 мандатОСДП — 5,11% → 8 мандат ❌ Калган партиялар 5%дык босогодон өтө алган жок: • Казакстандын Элдик партиясы — 3,11% • «Байтақ» — 1,07% • «Баарына каршы» — 2,51% 📌 Жыйынтык: жаңы 145 орундуу бир палаталуу парламентте «Әділет» партиясы басымдуу көпчүлүктү — 110 мандатты алды. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
💰 Кыргызстанда 15 салык жеңилдиги 2031-жылга чейин сакталат Кыргызстанда натыйжалуулугу үчүнчү этапта бааланган 15 салыктык жеңилдиктин мөөнөтү 2031-жылдын 1-январына чейин узартылат. 📊 2025-жылы берилген салык жеңилдиктеринин жалпы көлөмү 70 млрд сомго жеткен. 2024-жылы бул көрсөткүч 64,1 млрд сом болгон. Демек, бир жылда жеңилдиктердин көлөмү 5,9 млрд сомго же 9,2%га өскөн. 📌 Сакталуучу жеңилдиктердин арасында: 🔹 коммерциялык эмес уюмдардын айрым кирешелерин пайда салыгынан бошотуу; 🔹 ата мекендик жана чет элдик уюмдардан алынган дивиденддерге жеңилдик; 🔹 кайрымдуулук уюмдарын пайда салыгынан бошотуу; 🔹 айрым операцияларга жана товарларга КНСтен бошотуу; 🔹 эл аралык авиация үчүн реактивдүү отунга КНС колдонбоо; 🔹 ата мекендик чийки заттан айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар үчүн КНСти 80%га азайтуу; 🔹 социалдык тармакта, билим берүүдө, медицинада, илимде, маданиятта жана спортто иштеген коммерциялык эмес уюмдарга салыктык жеңилдиктер. ⚡️ Мындан тышкары, жеңилдиктер энергияны үнөмдөөчү жабдууларды, медициналык кызматтарды, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жана эл аралык авиацияны колдоого багытталган. 📌 Кыргызстанда салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугу мезгил-мезгили менен бааланып, аларды мындан ары сактоо зарылдыгы аныкталат. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
️ Акылбек Жапаров: күйүүчү майдын көйгөйү нанга да таасир этиши мүмкүн Экс-министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда күйүүчү май маселеси бааларга тез таасир этиши мүмкүн экенин билдирди. 🥖 Анын айтымында, бир бөлкө наннын өздүк наркынын болжол менен 27%ын күйүүчү-майлоочу майларга кеткен чыгым түзөт. 🌾 Өзгөчө азыр, түшүм жыйноо маалында, өкмөт күйүүчү май маселесин тез арада чечиши керек деп эсептейт. 🏭 Бул үчүн Жапаров: • «Джунда» НПЗсын; • «Кыргыз Петролеум Компани» заводун модернизациялоону аяктоону; • заводдорду Орусия, Казакстан, Иран жана Кытайдан чийки зат менен камсыздоону сунуштады. 📈 Ошондой эле инфляцияны 10%дан төмөн деңгээлде кармоо зарыл экенин белгиледи. Болбосо баалардын өсүшү калкка олуттуу оорчулук жаратышы мүмкүн. @kgosho Билип жаша!

OSHO
53 304
🏅 Спортсмендер үчүн Кыргызстанда жаңы жеңилдиктер киргизилиши мүмкүн Жогорку Кеңештин депутаттары кесипкөй спортчуларга байланыштуу бир катар жаңы чараларды сунушташты. 📌 Мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр каралган: 🛡️ Милдеттүү камсыздандыруу Кыргызстандын улуттук курама командасынын спортчулары машыгуу жана расмий мелдештер учурунда өмүрү жана ден соолугу боюнча милдеттүү түрдө камсыздандырылат. Чыгымдар республикалык бюджеттен жана мыйзамда уруксат берилген башка булактардан каржыланат. 🎖️ Спортчулар үчүн өзгөчө аскердик бөлүктөр Улуттук курама команданын спортчуларына машыгуу жана мелдештерин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн спорттук роталарда аскердик кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 💰 Олимпиада байгелери үчүн мамлекеттик стипендия Олимпиада оюндарында 1–5-орундарды ээлеген спортчуларга мамлекеттик стипендия төрт жылга — бир олимпиадалык циклге дайындалат. ⚠️ Бирок стипендияны алуу үчүн антидопинг талаптарын сактоо шарт. Спортчу допинг эрежесин бузса, кылмыш жасаса же жарандыгын өзгөртсө, төлөм токтотулат. 👨‍🏫 Машыктыруучулар да колдоого алынат Олимпиада чемпиондорун жана байге ээлерин даярдаган биринчи жана жеке машыктыруучулар үчүн да социалдык колдоо каралууда. 📊 Кыргызстанда спортчуларга буга чейин да стипендия төлөнүп келген. Депутаттар мурда анын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштап, азыркы эң жогорку төлөм 60 миң сом экенин белгилешкен. @kgosho Билип жаша!