uz
Feedback
OSHO

OSHO

Kanalga Telegram’da o‘tish

@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз

Ko'proq ko'rsatish

📈 Telegram kanali OSHO analitikasi

OSHO (@kgosho) Qirg'iz til segmentidagi kanali faol ishtirokchi. Hozirda hamjamiyat 39 775 obunachidan iborat bo'lib, Taʼlim toifasida 4 788-o'rinni va Qirg'iziston mintaqasida 30-o'rinni egallagan.

📊 Auditoriya ko‘rsatkichlari va dinamika

невідомо sanasidan buyon loyiha tez o‘sib, 39 775 obunachiga ega bo‘ldi.

23 Iyul, 2026 dagi oxirgi ma’lumotlarga ko‘ra kanal barqaror faollikka ega. Oxirgi 30 kunda obunachilar soni 9 517 ga, so‘nggi 24 soatda esa 50 ga o‘zgardi va umumiy qamrov yuqori darajada qolmoqda.

  • Tasdiqlash holati: Tasdiqlanmagan
  • Jalb etish (ER): Auditoriya o‘rtacha 18.25% darajada jalb etiladi. Nashrdan keyingi dastlabki 24 soatda kontent odatda umumiy obunachilar sonining 18.63% ini tashkil etuvchi reaksiyalarni to‘playdi.
  • Post qamrovi: Har bir post o‘rtacha 7 141 marta ko‘riladi; birinchi sutkada odatda 7 292 ta ko‘rish yig‘iladi.
  • Reaksiyalar va o‘zaro ta’sir: Auditoriya faol: har bir postga o‘rtacha 7 ta reaksiya keladi.

📝 Tavsif va kontent siyosati

Muallif resursni shaxsiy fikrni ifoda etish maydoni sifatida ta’riflaydi:
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз

Yuqori yangilanish chastotasi (oxirgi ma’lumot 24 Iyul, 2026 da olingan) sababli kanal doimo dolzarb va katta qamrovli bo‘lib qoladi. Analitika auditoriya kontent bilan faol hamkorlik qilishini, uni Taʼlim toifasidagi muhim ta’sir nuqtasiga aylantirishini ko‘rsatadi.

39 775
Obunachilar
+5024 soatlar
+2 2017 kunlar
+9 51730 kunlar

Ma'lumot yuklanmoqda...

Taglar buluti
Ma'lumot yo'q
Muammo bormi? Iltimos, sahifani yangilang yoki bizning qo'llab-quvvatlash boshqaruvchimizga murojaat qiling>.
Kirish va chiqish esdaliklari
---
---
---
---
---
---
Obunachilarni jalb qilish
Iyul '26
Iyul '26
+7 969
1 kanalda
Iyun '26
+8 440
0 kanalda
Get PRO
May '26
+1 593
1 kanalda
Get PRO
Aprel '26
+1 763
0 kanalda
Get PRO
Mart '26
+1 781
1 kanalda
Get PRO
Fevral '26
+2 617
0 kanalda
Get PRO
Yanvar '26
+3 227
5 kanalda
Get PRO
Dekabr '25
+2 129
0 kanalda
Get PRO
Noyabr '25
+2 604
0 kanalda
Get PRO
Oktabr '25
+7 793
0 kanalda
Get PRO
Sentabr '25
+441
0 kanalda
Get PRO
Avgust '25
+420
1 kanalda
Get PRO
Iyul '25
+353
0 kanalda
Get PRO
Iyun '25
+378
0 kanalda
Get PRO
May '25
+478
0 kanalda
Get PRO
Aprel '25
+392
2 kanalda
Get PRO
Mart '25
+918
1 kanalda
Get PRO
Fevral '25
+6
4 kanalda
Get PRO
Yanvar '25
+233
2 kanalda
Get PRO
Dekabr '24
+9
0 kanalda
Get PRO
Noyabr '24
+278
2 kanalda
Get PRO
Oktabr '24
+1 742
2 kanalda
Get PRO
Sentabr '24
+1 660
4 kanalda
Get PRO
Avgust '24
+613
0 kanalda
Sana
Obunachilarni jalb qilish
Esdaliklar
Kanallar
24 Iyul+641
23 Iyul+50
22 Iyul+658
21 Iyul+49
20 Iyul+672
19 Iyul+74
18 Iyul+632
17 Iyul+71
16 Iyul+55
15 Iyul+39
14 Iyul+56
13 Iyul+668
12 Iyul+59
11 Iyul+656
10 Iyul+82
09 Iyul+603
08 Iyul+62
07 Iyul+612
06 Iyul+70
05 Iyul+677
04 Iyul+64
03 Iyul+690
02 Iyul+62
01 Iyul+667
Kanal postlari
🇪🇺 Евробиримдиктин жаңы санкциялар тизмесине Кыргызстандын үч компаниясы кирди Евробиримдик Россияга каршы кабыл алган 21-пакет санкциялардын алкагында Кыргызстандын үч компаниясын санкциялар тизмесине киргизди. Ошондой эле Кыргызстандагы бир коммерциялык банкка карата операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынды. 📌 Жаңы санкциялар үчүнчү өлкөлөрдөгү бир катар компанияларды жана каржы мекемелерин да камтыйт. Тизмеге Кытай, Түркия, Казакстан, БАЭ, Индия жана Кыргызстандын компаниялары кирген. 💳 Мындан тышкары, криптоактивдерге байланышкан кызматтарга, айрым банктарга, платформаларга жана Россиянын металлургия, алтын өндүрүү, дрон чыгаруу тармактарына каршы жаңы чектөөлөр киргизилди. 📌 Азырынча санкцияга кабылган Кыргызстандын кайсы компаниялары жана кайсы банкы экени расмий маалыматта так көрсөтүлгөн жок. @kgosho Билип жаша!

2
🌍 Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келди Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. 📍 Бүгүн ал Чолпон-Ата шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. 🤝 Жолугушууда эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ШКУ аймагындагы кырдаал, коопсуздук жана туруктуулук, ошондой эле Евразиядагы туруктуу өнүгүү маселелери талкууланары күтүлүүдө. 📅 Мындан тышкары, Сергей Лавровдун бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү пландалууда. @kgosho Билип жаша!
3 675
3
💼 Wildberries’тен жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилиши мүмкүн Министрлер кабинети Wildberries маркетплейсинин кампасындагы өрттөн чыгымга учураган кыргызстандык ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирди. 💰 Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин айтымында, азырынча жабыркаган ишкерлерден расмий кайрылуулар түшө элек. Ошондуктан чыгымдын так көлөмү аныктала элек. 📦 Буга чейин маркетплейстер жана тигүү тармагында иштеген ишкерлер үчүн пайызсыз жана жеңилдетилген насыялар бериле баштаган. Бул программанын алкагында бизнеске 20 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн. 🛡️ Ошондой эле Данияр Амангелдиев ишкерлерди товарларын жана экспорттук жүктөрүн сөзсүз камсыздандырууга чакырды. Анын айтымында, эгер товарлар камсыздандырылган болсо, мындай кырдаалда чыгымдын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк болмок. 📌 Эске салсак, 18-июлда Россиядагы Wildberries логистикалык кампаларына жасалган чабуулдан кийин ири өрт чыгып, көптөгөн сатуучулардын товарлары жабыркаган. @kgosho Билип жаша!
11 794
4
🎓 КРСУдагы эң масштабдуу бүтүрүү кечесине каттоо жабылды КРСУнун тарыхындагы эң ири бүтүрүү кечесине каттоо аяктаганын окуу жай расмий түрдө жарыялады. Эки күндөн кийин миңден ашуун бүтүрүүчү, алардын ата-энелери, окутуучулар, университеттин кызматкерлери жана ардактуу коноктор бир аянтчага чогулуп, маанилүү күндү белгилешет. Катышуучулар иш-чара боюнча суроолоруна жоопту Telegramдагы чат ботко кайрылып ала алышат. 📌 Эске салсак, бүтүрүү кечеси 25-июлда Бишкектеги «Жаштык Аренада» өтөт. Бул иш-чара КРСУнун 33 жылдык тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечеси болмокчу. Анда 1128 бүтүрүүчү диплом менен жаңы турмушка аттанат. Алардын 1068и университеттин, дагы 60ы КРСУнун колледжинин бүтүрүүчүлөрү. Майрамга 33 жыл аралыгындагы бардык каалоочу бүтүрүүчүлөр, аларлын ата-энелери, окутуучулар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнөктөштөр жана ардактуу коноктор катыша алат. Программада белгилүү ырчылардын концерти, шоу-программа жана уюштуруучулар алдын ала жарыялаган жашыруун конок келет. Ошондой эле белгилүү Белорусь музыканты HOLLYFLAME дагы сахнага чыгат. @kgosho Билип жаша!
230
5
🎓 КРСУдагы эң масштабдуу бүтүрүү кечесине каттоо жабылды КРСУнун тарыхындагы эң ири бүтүрүү кечесине каттоо аяктаганын окуу жай расмий түрдө жарыялады. Эки күндөн кийин миңден ашуун бүтүрүүчү, алардын ата-энелери, окутуучулар, университеттин кызматкерлери жана ардактуу коноктор бир аянтчага чогулуп, маанилүү күндү белгилешет. Катышуучулар иш-чара боюнча суроолоруна жоопту Telegram-чат-бот аркылуу ала алышат. 📌 Эске салсак, бүтүрүү кечеси 25-июлда Бишкектеги «Жаштык Аренада» өтөт. Бул иш-чара КРСУнун 33 жылдык тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечеси болмокчу. Анда 1128 бүтүрүүчү диплом алып, жаңы турмушка аттанат. Алардын 1068и университеттин, ал эми 60ы КРСУнун колледжинин бүтүрүүчүлөрү. Майрамга КРСУнун 33 жылдык тарыхындагы бардык каалоочу бүтүрүүчүлөр, алардын ата-энелери, окутуучулар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнөктөштөр жана ардактуу коноктор катыша алышат. Программада белгилүү ырчылардын концерти, шоу-программа жана уюштуруучулар алдын ала жарыялаган сырдуу конок болот. Ошондой эле белгилүү Беларусь музыканты HOLLYFLAME дагы сахнага чыгат. @kgosho | Билип жаша!
10 711
6
🎓 КРСУдагы эң масштабдуу бүтүрүү кечесине каттоо жабылды КРСУнун тарыхындагы эң ири бүтүрүү кечесине каттоо аяктаганын окуу жай расмий түрдө жарыялады. Эки күндөн кийин миңден ашуун бүтүрүүчү, алардын ата-энелери, окутуучулар, университеттин кызматкерлери жана ардактуу коноктор бир аянтчага чогулуп, маанилүү күндү белгилешет. Катышуучулар иш-чара боюнча суроолоруна жоопту Telegramдагы чат ботко кайрылып ала алышат. 📌 Эске салсак, бүтүрүү кечеси 25-июлда Бишкектеги «Жаштык Аренада» өтөт. Бул иш-чара КРСУнун 33 жылдык тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечеси болмокчу. Анда 1128 бүтүрүүчү диплом менен жаңы турмушка аттанат. Алардын 1068и университеттин, дагы 60ы КРСУнун колледжинин бүтүрүүчүлөрү. Майрамга 33 жыл аралыгындагы бардык каалоочу бүтүрүүчүлөр, аларлын ата-энелери, окутуучулар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнөктөштөр жана ардактуу коноктор катыша алат. Программада белгилүү ырчылардын концерти, шоу-программа жана уюштуруучулар алдын ала жарыялаган жашыруун конок келет. Ошондой эле белгилүү Белорусь музыканты HOLLYFLAME дагы сахнага чыгат. @kgosho Билип жаша!
1
7
🏠 Турак жай салыгы эми автоматтык түрдө эсептелет Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы турак жайга салынуучу салыкты эсептөө процессин толугу менен автоматташтырды. 💻 Бул үчүн Салык кызматынын маалыматтык системалары Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органынын (Кадастр) базасы менен толук интеграцияланды. 📊 Эми турак жай салыгы мамлекеттик кадастрдагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө эсептелип, салыктык милдеттенмелер электрондук форматта түзүлөт. 📱 Мындан ары турак жай ээлери салыктын суммасын өз алдынча эсептебейт. Даяр эсептелген маалыматтар автоматтык түрдө «Салык төлөөчүнүн кабинетинде» көрсөтүлөт. @kgosho Билип жаша!
11 795
8
🏛️ Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жаңы тартип менен көрсөтүлөт Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөткөн кызматтар жөнүндө жаңы мыйзамга кол койду. 📅 Мыйзам 2026-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана расмий жарыялангандан кийин үч айдан соң күчүнө кирет. 💻 Жаңы тартипке ылайык, мамлекеттик кызматтар кеңири санариптештирилип, айрым кызматтар жарандын арызы жок эле, мамлекеттик органдардагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө көрсөтүлөт. Мындай учурда жаранга сөзсүз билдирүү жөнөтүлөт жана ал кызматтан баш тартууга же жыйынтыгына даттанууга укуктуу болот. 🤝 Санариптик мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн кызмат алуунун салттуу жолдору сакталат. 💳 Ошондой эле мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды акы төлөнүүчү жана жарандык-укуктук негизде көрсөтүлүүчү кызматтарга бөлөт. Социалдык жактан аяр катмар үчүн жеңилдиктер каралган. Ал эми мыйзам боюнча акысыз көрсөтүлүүгө тийиш болгон кызматтар үчүн төлөм алууга тыюу салынат. 📌 Мындан тышкары, мамлекеттик кызматтардын бир бөлүгүн аутсорсинг аркылуу жеке сектор көрсөтө алат. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт. @kgosho Билип жаша!
11 520
9
🎬 Орнелла Мути Орусиянын жарандыгын алууну пландап жатат Италиялык белгилүү актриса Орнелла Мути жана анын кызы, ырчы Найке
🎬 Орнелла Мути Орусиянын жарандыгын алууну пландап жатат Италиялык белгилүү актриса Орнелла Мути жана анын кызы, ырчы Найке Ривелли Орусиянын жарандыгын алуу үчүн арыз берүүгө ниеттенип жатканын РИА Новости жазды. 🗣️ Найке Ривеллинин айтымында, бул чечим алардын орус тамыры жана жакындары менен байланыштуу. « Биз өзүбүздү чындап эле үйүбүздөгүдөй сезгибиз келет », — деген ал. 🎥 Орнелла Мути дүйнөгө «Укрощение строптивого» жана «Жашоо сонун» тасмаларындагы ролдору аркылуу кеңири таанылган. 🇷🇺 Актриса буга чейин да Орусияга бир нече жолу барып келген. Мурда анын Орусиянын жарандыгын алууга ниеттенип жатканы жана өлкөдө кыймылсыз мүлкү бар экени тууралуу маалыматтар чыккан. 📌 Азырынча Орнелла Мутинин жарандык алуу боюнча арызынын качан каралары тууралуу расмий маалымат жарыялана элек. @kgosho Билип жаша!
10 938
10
🍞 Дүйнөдө буудайдын баасы эки жылдагы эң жогорку чекке жетти Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, дүйнөлүк рынокто буудайдын баасы акыркы эки жылдагы эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү. 📈 Париждеги Euronext биржасында буудайдын баасы 4,4%га өсүп, тоннасы 245 еврого жетти. Жүгөрүнүн баасы да 2,1%га жогорулады. 🌍 Адистер муну Кара деңиз аймагындагы кырдаал жана дан азыктарын экспорттоо боюнча кооптонуулар менен байланыштырышууда. Анткени дүйнөлүк буудай экспортунун төрттөн биринен көбү Россия менен Украинанын үлүшүнө туура келет. ⚠️ Баанын өсүшү дүйнөлүк азык-түлүк рыногуна таасир этип, айрым өлкөлөрдө ун жана нан азыктарынын кымбатташына алып келиши мүмкүн. 📌 Азырынча Кыргызстанда нанга болгон бааны жогорулатуу тууралуу расмий маалымат жок. @kgosho Билип жаша!
11 272
11
🌳 Кыргызстанда бир кыйылган дарактын ордуна беш көчөт отургузуу сунушталды Жогорку Кеңештин кароосуна калктуу конуштардагы жашыл аймактарды коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору сунушталды. 🌱 Документке ылайык, ар бир кыйылган дарактын ордуна курулуш жүргүзгөн тарап кеминде 5 чоң көчөт отургузуп, аларды 3 жыл бою багууга милдеттүү болот. 🏞️ Ошондой эле жаңы мыйзам долбоору парктарды, скверлерди жана бульварларды кыскартууга жол бербөөнү, алардын чек араларын электрондук картада ачык көрсөтүүнү сунуштайт. 📋 Мындан тышкары, ар бир даракка жайгашкан жери жана абалы көрсөтүлгөн санариптик паспорт берүү, ал эми дарактарды эки жылда бир инвентаризациялап, ачык электрондук реестр жүргүзүү каралган. 🚜 Эгер курулуш үчүн 10дон ашык дарак же бадал кыйылса, долбоор милдеттүү түрдө экологиялык экспертизадан өтүшү керек. 💰 Курулуш учурунда дарактарга зыян келтиргендерге айып пул салуу сунушталууда: жеке жактарга 7 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом. @kgosho Билип жаша!
10 670
12
🔥 Wildberries өрттөн жабыркаган сатуучуларга компенсация төлөй баштады Wildberries компаниясы Электросталь шаарындагы кампада чыккан өрттөн товарлары жабыркаган сатуучуларга каражат которо баштаганын билдирди. 💰 Алгач компенсация 88 миңден ашуун чакан ишкерге берилет. Компаниянын маалыматына ылайык, каражаттар сатуучулардын эсебине 24 сааттын ичинде түшөт. 📦 Ошондой эле товарларды кампалардан алып чыгуу кызматы жакын арада толук калыбына келтирилип, логистикалык процесстер кайра уюштурулуп жатканы айтылды. 🛒 Компания азыркы учурда кардарлардын буйрутмаларын өз убагында жеткирүүгө артыкчылык берип жатканын белгиледи. 🕊️ Мындан тышкары, кампаларга жасалган чабуулдан улам бир адам каза болуп, анын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлөрү маалымдалды. 📌 Эске салсак, 18-июлда Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries логистикалык борборлору дрондордун чабуулуна кабылган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяда Кыргызстандын бир жараны жеңил жаракат алганын билдирген. @kgosho Билип жаша!
11 124
13
👶 «Бала ырысы» алуу үчүн балада паспорт жок болсо эмне кылуу керек? Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет: эгер балада Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту жок болсо, «Бала ырысы» бир жолку жөлөкпулун алуу үчүн алгач анын жарандыгын ырастаган маалымкат алуу зарыл. 📌 Бул үчүн ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлү алдын ала Калкты тейлөө борборуна (КТБ/ЦОН) кайрылып, төмөнкү маалыматтарды тастыктаган маалымкат алышы керек: жарандыгы; жеке идентификациялык номери (ПИН); каттоосу (пропискасы); документтештирилиши; жарандык абал актылары тууралуу маалымат. 📝 Электрондук кезек алып, операторго кайрылганда маалымкат «Бала ырысы» жөлөкпулун тариздөө үчүн керек экенин сөзсүз айтыңыз. ⏳ Маалымкат 14 жумуш күнүнө чейин даярдалат. Ошондуктан документтерди алдын ала даярдап алуу сунушталат, бул жөлөкпулду дайындоо процессинде кечигүүлөрдүн алдын алат. @kgosho Билип жаша!
10 412
14
⚠️ Кыргызстанда 3,8 миң үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 3 миң 800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап келет. 🏠 Алардын 2 миң 415и мамлекет жер тилкесин бөлүп берип, көчүүгө жардам көрсөткөнүнө карабастан, кооптуу аймактан көчө элек. 📍 Эң көп мындай үй-бүлөлөр Ош облусунда катталган. Бул жерде 2 миң 396 үй-бүлө кооптуу аймакта жашаса, алардын 1 миң 475и азыркыга чейин коопсуз жерге көчө элек. 🌧️ ӨКМ белгилегендей, жер көчкү көбүнчө жазында кардын эришинен жана нөшөрлүү жаандан улам жүрөт. Бирок күзүндө да узакка созулган жаан-чачын коркунучту күчөтүшү мүмкүн. 🚨 Министрлик жарандарды расмий эскертүүлөрдү так аткарып, жер көчкү коркунучу бар аймактардан өз убагында коопсуз жайларга көчүүгө чакырды. @kgosho Билип жаша!
10 913
15
📈 Өкмөт Кыргызстанда инфляциянын жаңы божомолун жарыялады Кыргызстанда жыл жыйынтыгында инфляция 14–15% болушу мүмкүн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. 📊 Буга чейин өкмөт инфляцияны 9% деңгээлинде болжолдогон. Бирок акыркы жарым жылдан бери уланып жаткан тышкы экономикалык факторлордон улам көрсөткүч кайра каралды. ⛽ Өкмөттүн маалыматына ылайык, негизги коркунучтардын бири — күйүүчү-майлоочу материалдардын, өзгөчө дизель майынын кымбатташы. Бул айыл чарбасына, өнөр жайга жана коомдук транспортко түздөн-түз таасир этет. 💰 Баалардын кескин өсүшүн алдын алуу үчүн өкмөт мунай сатуучу компаниялардын чыгымдарынын бир бөлүгүн республикалык бюджеттен компенсациялоо механизмин киргизди. 🚗 Бул мамлекеттик жөнгө салуу АИ-92 бензинине жана дизель майына тиешелүү болот. 📌 Жаңыланган макроэкономикалык божомолдор Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынында каралды. @kgosho Билип жаша!
11 700
16
⛽ Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы жөнөтүлдү Кыргызстанга Кытайдан күйүүчү-майлоочу материалдардын (ГСМ) алгачкы партиясы жөнөтүлдү. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. 🚛 Министрдин айтымында, күйүүчү май автоунаалар аркылуу ташылгандыктан, жеткирүү белгилүү бир убакытты талап кылат. 🚦 Министрлер кабинети Бажы, Салык кызматтарына жана тиешелүү мекемелерге жүктөрдү тез өткөрүп, жеткирүүгө тоскоолдук жаратпоону тапшырды. 🤝 Ошондой эле Беларусь менен импорт боюнча келишим түзүлүп, ал жактан келген алгачкы вагондор Кыргызстанга жетти. Казакстан менен болсо ай сайын 15–20 миң тонна мазут жеткирүү боюнча келишим күчүндө. 🇺🇿 Мындан тышкары, Өзбекстандан да күйүүчү май жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. 📌 Буга чейин Кыргызстан күйүүчү май менен камсыздоону диверсификациялоо максатында бир катар өлкөлөр менен кызматташтыкты күчөткөнүн билдирген. @kgosho Билип жаша!
11 946
17
📄 Чиновниктер эми электрондук базада бар документтерди жарандардан талап кыла албайт Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөткөн кызматтар тууралуу жаңы мыйзамга кол койду. 💻 Эми мамлекеттик мекемелер электрондук маалымат базасында бар документтерди жарандардан талап кылууга укуксуз. 📲 Мыйзамга ылайык, эгер керектүү маалыматты мамлекеттик органдар ведомстволор аралык электрондук система аркылуу өздөрү ала алса, аны жарандан сурабайт. ⚖️ Жаңы мыйзам мамлекеттик кызматтарды санарип форматта көрсөтүүгө артыкчылык берип, бюрократияны азайтууну көздөйт. 📅 Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 11-июнунда кабыл алынган жана расмий жарыялангандан үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. @kgosho Билип жаша!
10 600
18
🎓 КРСУнун ректору бүтүрүү кечесине белгилүү музыкант HOLLYFLAME келерин жарыялады Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) ректору 25-июлда өтө турган масштабдуу бүтүрүү кечесинин алгачкы атайын коногун жарыялады. 🎤 Анын айтымында, кечеде беларусиялык белгилүү ырчы, «Тону» чыгармасы менен таанылган HOLLYFLAME өнөр көрсөтөт. 💬 « Бирок бул баары эмес. HOLLYFLAME менен бирге сахнага Jax 02.14 жана Александр Волкодав чыгат. Мындан тышкары дагы эки атайын конок бар. Алардын ысымдарын азырынча сыр бойдон калтырабыз. Жакын арада бүтүрүү кечесинин экинчи башкы сюрпризин дагы жарыялайбыз» , — деп билдирди ректор. ✨ Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөрдү диплом тапшыруу аземи, КРСУнун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын ачылышы, мыкты студенттерди сыйлоо аземи, концерттик программа жана бир катар сюрприздер күтүп турганын кошумчалады. 📌 Эске салсак, КРСУ 25-июлда өзүнүн 33 жылдык тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечесин Бишкектеги «Жаштык Аренада» өткөрөт. Быйыл окуу жайды 1128 бүтүрүүчү аяктап жатат. @kgosho Билип жаша!
10 368
19
🇰🇬🤝🇧🇾 Беларустун тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков 22–23-июль күндөрү Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Кыргызстанга расмий сапар менен келет. 📅 Сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү өтөт. 🤝 Тараптар кыргыз-беларус кызматташтыгынын учурдагы абалын, аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын жана эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелерди талкуулашат. 🌍 Жолугушууда эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана башка тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулары күтүлүүдө. @kgosho Билип жаша!
11 750
20
⚡ Кыргызстанда майнинг-фермалар өчүрүлбөйт Энергетика министри Алтынбек Рысбеков өлкөдөгү майнинг-фермалар электр энергиясынын тартыштыгына себеп болбой турганын билдирди. 📍 Анын айтымында, учурда Кыргызстанда эки майнинг-ферма иштеп жатат. Алардын бири Кеминде импорттолгон электр энергиясын колдонсо, экинчиси Камбар-Ата-2 ГЭСинен энергия алып, жаңы көмөк чордондорду курууга инвестиция салып жатат. 🔌 Министр белгилегендей, азыркы электр тармагындагы көйгөй ысык аба ырайынан улам Бишкек жана Чүй облусундагы электр берүү линияларынын жүктөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу. ❌ Ошондуктан учурдагы кырдаалды майнинг менен байланыштырууга техникалык негиз жок жана бул объектилерди өчүрүү пландалган эмес. ⚠️ Эске салсак, 17-июлда эки жогорку чыңалуудагы электр линиясы авариялык түрдө өчүп, анын кесепетинен Бишкек менен Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн. @kgosho Билип жаша!
11 793