fa
Feedback
OSHO

OSHO

رفتن به کانال در Telegram

@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз

نمایش بیشتر

📈 تحلیل کانال تلگرام OSHO

کانال OSHO (@kgosho) در بخش زبانی قرقیزی بازیگری فعال است. در حال حاضر جامعه شامل 52 269 مشترک است و جایگاه 3 306 را در دسته آموزش و رتبه 25 را در منطقه قيرغيزستان دارد.

📊 شاخص‌های مخاطب و پویایی

از زمان ایجاد در невідомо، پروژه رشد سریعی داشته و 52 269 مشترک جذب کرده است.

بر اساس آخرین داده‌ها در تاریخ 25 اوت, 2026، کانال فعالیت پایداری دارد. در ۳۰ روز گذشته تغییر اعضا برابر 11 635 و در ۲۴ ساعت گذشته برابر 707 بوده و همچنان دسترسی گسترده‌ای حفظ شده است.

  • وضعیت تأیید: تأیید نشده
  • نرخ تعامل (ER): میانگین تعامل مخاطب 23.17% است و در ۲۴ ساعت نخست پس از انتشار، محتوا معمولاً 24.04% واکنش نسبت به کل مشترکان کسب می‌کند.
  • دسترسی پست‌ها: هر پست به طور میانگین 12 083 بازدید دریافت می‌کند. در اولین روز معمولاً 12 538 بازدید جمع‌آوری می‌شود.
  • واکنش‌ها و تعامل: مخاطبان به‌طور فعال حمایت می‌کنند؛ میانگین واکنش به هر پست 7 است.

📝 توضیح و سیاست محتوایی

نویسنده این فضا را محل بیان دیدگاه‌های شخصی توصیف می‌کند:
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз

به لطف به‌روزرسانی‌های پرتکرار (آخرین داده در تاریخ 26 اوت, 2026)، کانال همواره به‌روز و دارای دسترسی بالاست. تحلیل‌ها نشان می‌دهد مخاطبان به‌طور فعال با محتوا تعامل دارند و آن را به نقطه اثرگذاری مهم در دسته آموزش تبدیل کرده‌اند.

52 269
مشترکین
+70724 ساعت
+2 5487 روز
+11 63530 روز
آرشیو پست ها
OSHO
52 269
📈 Кыргызстандын бюджетинин профицити 2030-жылы 103 млрд сомдон ашышы мүмкүн Кыргызстандын бийлиги 2027–2031-жылдары мамлекет
📈 Кыргызстандын бюджетинин профицити 2030-жылы 103 млрд сомдон ашышы мүмкүн Кыргызстандын бийлиги 2027–2031-жылдары мамлекеттик бюджетте профицит болот деп болжолдоодо. 💰 Финансы министрлигинин эсебине ылайык: • 2027-жыл — 32,4 млрд сом • 2028-жыл — өсүү уланат • 2030-жыл — эң жогорку көрсөткүч, 103,6 млрд сом2031-жыл — 99,2 млрд сом 📊 2027-жылы бюджеттин кирешеси 789,5 млрд сом, чыгашасы 758,7 млрд сом болот деп күтүлүүдө. Ал эми 2031-жылга карата: 💵 киреше — 1,15 трлн сом 💸 чыгаша — 1,05 трлн сом 🧾 Бюджеттин негизги киреше булагы болуп салыктар кала берет. Салыктык түшүүлөр 2027-жылы 628,2 млрд сомдон 2031-жылы 954,2 млрд сомго чейин көбөйүшү күтүлүүдө. 🏗️ Капиталдык чыгымдарга 2027-жылы 122,1 млрд сом каралмакчы. 💡 Өкмөт профициттен түшкөн каражаттарды экономиканы өнүктүрүүгө, мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын уставдык капиталын көбөйтүүгө жана бюджеттик кредиттерди берүүгө багыттоону пландап жатат. Ошондой эле каражаттын бир бөлүгү мамлекеттик карызды төлөөгө жумшалат. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🇰🇿 Казакстандын жаңы Курултайындагы 145 мандат кандай бөлүштүрүлдү? Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Курултайга өткөн шайлоонун жыйынтыгын бекитип, 145 мандатты беш партияга бөлүштүрдү. 🏆 «Әділет» партиясы 71,17% добуш алып, 110 мандатка ээ болду. 📊 Калган мандаттар: • «Ауыл» — 6,26% → 10 мандатRespublica — 5,56% → 9 мандат«Ак жол» — 5,21% → 8 мандатОСДП — 5,11% → 8 мандат ❌ Калган партиялар 5%дык босогодон өтө алган жок: • Казакстандын Элдик партиясы — 3,11% • «Байтақ» — 1,07% • «Баарына каршы» — 2,51% 📌 Жыйынтык: жаңы 145 орундуу бир палаталуу парламентте «Әділет» партиясы басымдуу көпчүлүктү — 110 мандатты алды. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
💰 Кыргызстанда 15 салык жеңилдиги 2031-жылга чейин сакталат Кыргызстанда натыйжалуулугу үчүнчү этапта бааланган 15 салыктык жеңилдиктин мөөнөтү 2031-жылдын 1-январына чейин узартылат. 📊 2025-жылы берилген салык жеңилдиктеринин жалпы көлөмү 70 млрд сомго жеткен. 2024-жылы бул көрсөткүч 64,1 млрд сом болгон. Демек, бир жылда жеңилдиктердин көлөмү 5,9 млрд сомго же 9,2%га өскөн. 📌 Сакталуучу жеңилдиктердин арасында: 🔹 коммерциялык эмес уюмдардын айрым кирешелерин пайда салыгынан бошотуу; 🔹 ата мекендик жана чет элдик уюмдардан алынган дивиденддерге жеңилдик; 🔹 кайрымдуулук уюмдарын пайда салыгынан бошотуу; 🔹 айрым операцияларга жана товарларга КНСтен бошотуу; 🔹 эл аралык авиация үчүн реактивдүү отунга КНС колдонбоо; 🔹 ата мекендик чийки заттан айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар үчүн КНСти 80%га азайтуу; 🔹 социалдык тармакта, билим берүүдө, медицинада, илимде, маданиятта жана спортто иштеген коммерциялык эмес уюмдарга салыктык жеңилдиктер. ⚡️ Мындан тышкары, жеңилдиктер энергияны үнөмдөөчү жабдууларды, медициналык кызматтарды, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жана эл аралык авиацияны колдоого багытталган. 📌 Кыргызстанда салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугу мезгил-мезгили менен бааланып, аларды мындан ары сактоо зарылдыгы аныкталат. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
️ Акылбек Жапаров: күйүүчү майдын көйгөйү нанга да таасир этиши мүмкүн Экс-министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда күйүүчү май маселеси бааларга тез таасир этиши мүмкүн экенин билдирди. 🥖 Анын айтымында, бир бөлкө наннын өздүк наркынын болжол менен 27%ын күйүүчү-майлоочу майларга кеткен чыгым түзөт. 🌾 Өзгөчө азыр, түшүм жыйноо маалында, өкмөт күйүүчү май маселесин тез арада чечиши керек деп эсептейт. 🏭 Бул үчүн Жапаров: • «Джунда» НПЗсын; • «Кыргыз Петролеум Компани» заводун модернизациялоону аяктоону; • заводдорду Орусия, Казакстан, Иран жана Кытайдан чийки зат менен камсыздоону сунуштады. 📈 Ошондой эле инфляцияны 10%дан төмөн деңгээлде кармоо зарыл экенин белгиледи. Болбосо баалардын өсүшү калкка олуттуу оорчулук жаратышы мүмкүн. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🏅 Спортсмендер үчүн Кыргызстанда жаңы жеңилдиктер киргизилиши мүмкүн Жогорку Кеңештин депутаттары кесипкөй спортчуларга байланыштуу бир катар жаңы чараларды сунушташты. 📌 Мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр каралган: 🛡️ Милдеттүү камсыздандыруу Кыргызстандын улуттук курама командасынын спортчулары машыгуу жана расмий мелдештер учурунда өмүрү жана ден соолугу боюнча милдеттүү түрдө камсыздандырылат. Чыгымдар республикалык бюджеттен жана мыйзамда уруксат берилген башка булактардан каржыланат. 🎖️ Спортчулар үчүн өзгөчө аскердик бөлүктөр Улуттук курама команданын спортчуларына машыгуу жана мелдештерин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн спорттук роталарда аскердик кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 💰 Олимпиада байгелери үчүн мамлекеттик стипендия Олимпиада оюндарында 1–5-орундарды ээлеген спортчуларга мамлекеттик стипендия төрт жылга — бир олимпиадалык циклге дайындалат. ⚠️ Бирок стипендияны алуу үчүн антидопинг талаптарын сактоо шарт. Спортчу допинг эрежесин бузса, кылмыш жасаса же жарандыгын өзгөртсө, төлөм токтотулат. 👨‍🏫 Машыктыруучулар да колдоого алынат Олимпиада чемпиондорун жана байге ээлерин даярдаган биринчи жана жеке машыктыруучулар үчүн да социалдык колдоо каралууда. 📊 Кыргызстанда спортчуларга буга чейин да стипендия төлөнүп келген. Депутаттар мурда анын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштап, азыркы эң жогорку төлөм 60 миң сом экенин белгилешкен. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🇨🇦🇺🇸 Соода согушу күчөдү: Канада АКШнын товарларына жооп иретинде бажы төлөмдөрүн киргизди Канада АКШдан импорттолгон товарларга жалпы көлөмү болжол менен $20 млрд болгон жооп иретиндеги бажы төлөмдөрүн киргизди. 📦 Тизмеге болот, сүт азыктары, тиричилик техникасы, айыл чарба жабдуулары менен катар күнүмдүк керектелүүчү товарлар — деңиз азыктары, сыр, кийим-кече, косметика жана даараткана кагазы да кирди. 💰 Айрым товарларга тариф 50%га чейин жетет. 🇨🇦 Канаданын каржы министри Франсуа-Филипп Шампань өлкө бул жаңжалды өзү баштабаганын айтып, экономикалык интеграция «өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн негизи эмес, курал катары колдонулганда» Канада жооп кайтарууга аргасыз экенин билдирди. 🛒 Өнөр жай министри Мелани Жоли канадалыктарды жергиликтүү өндүрүштөгү товарларды көбүрөөк сатып алууга чакырды. Анын айтымында, бул жумуш орундарын сактоого жардам берет. ⚔️ Канаданын жообу АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы канадалык товарларга 50%дык тариф киргизгенден кийин болду. Бул чечим соода сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктагандан кийин кабыл алынган. 📉 Эки өлкөнүн тирешүүсү дүйнөдөгү эң ири соода мамилелеринин бирине коркунуч жаратып, америкалык компаниялар менен керектөөчүлөрдүн чыгымдарын көбөйтүү коркунучун жаратууда. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🐄 Ар бир мал эсепке алынат: Кыргызстанда малды идентификациялоо системасы өзгөртүлөт Кыргызстанда малды идентификациялоо, каттоо жана эсепке алуу системасын жаңылоо сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 📌 Өзгөртүүлөр мамлекеттик органдардын, ветеринардык мекемелердин, жергиликтүү бийликтин жана мал ээлеринин укук-милдеттерин тактоону карайт. 🎯 Негизги максат — малдын эсебин так жүргүзүү жана маалыматтарды жаңыртып туруу. Ошондой эле идентификацияланган малдардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтарды толук жана ишенимдүү кылуу пландалууда. 🇰🇬🇰🇿🇷🇺🇧🇾🇦🇲 Өзгөртүүлөр ЕАЭБдин алкагындагы процесстерге да байланыштуу. Биримдикке кирген өлкөлөр айыл чарба жаныбарларын жана жаныбарлардан алынган продукцияны идентификациялоо, каттоо жана көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү ыкмаларды түзүп жатышат. 💻 Келечекте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук маалымат системалары электрондук форматта маалымат алмаша алышы мүмкүн. 🐑 Мыйзам кабыл алынса, идентификацияланган мал тууралуу маалыматтарды киргизүү жана жаңыртуу боюнча так эрежелер белгиленип, мал ээлеринин жоопкерчилиги жана милдеттери да такталат. 🔎 Мындан тышкары, малды жана ветеринардык документтерди санариптик көзөмөлдөө системасын өнүктүрүүгө укуктук шарт түзүлөт. 🇪🇺 Авторлордун пикиринде, өзгөртүүлөр Кыргызстандагы малдын эсебин ачык-айкын жүргүзүүгө жана улуттук системаны ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн маалыматтык системалары менен интеграциялоого даярдоого мүмкүндүк берет. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🏙️ Бишкекте бир катар көчөлөрдүн аталышы өзгөртүлүүдө: толук тизме Бишкекте административдик-аймактык реформадан кийин аталыштары кайталанган көчөлөрдү бирдиктүү аталышка бириктирүү иштери аяктап жатат. 📌 Тиешелүү чечимди Бишкек шаардык кеңеши 2026-жылдын 31-майында кабыл алган. 🔹 Өзгөртүлгөн көчөлөрдүн негизги тизмеси: • Михаил Фрунзе көчөсү (Новопавловка), Дэн Сяопин, Чүй жана Шабдан Баатыр проспектилери → Чүй проспекти; • 7-Апрель жана Курманжан Датка көчөлөрү → Курманжан Датка көчөсү; • Жайыл Баатыр көчөсү, Абсамат Масалиев жана Аалы Токомбаев проспектилери, Кайыков көчөсү → Аалы Токомбаев проспекти; • Анварбек Чортеков жана Кривоносов көчөлөрү → Абсамат Масалиев көчөсү; • Лев Толстой, Путепроводная жана Сары-Өзөн көчөлөрү → Шабдан Баатыр көчөсү; • Чыңгыз Айтматов проспекти жана Манас көчөсү → Чыңгыз Айтматов проспекти; • Жаш Гвардия бульвары жана Махатма Ганди көчөсү → Иманалы Айдарбеков көчөсү; • Селекционная жана Муромская көчөлөрү → Махатма Ганди көчөсү; • Юлиус Фучик көчөсү жана Васильевский тракты → Манас көчөсү; • Жибек Жолу жана Жеңиш проспектилери → Жибек Жолу проспекти; • Максим Горький жана Анкара көчөлөрү → Анкара көчөсү; • Чалагыз Иманкулов жана Карыбек Тыналиев көчөлөрү → Карыбек Тыналиев көчөсү; • Байтик Баатыр, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов жана Борбордук көчөлөр → Жусуп Абдрахманов көчөсү; • Береговая, Окраинная, Көк-Сай, К. Курманалиев жана Набережная көчөлөрү → Дэн Сяопин көчөсү. 🏠 Азырынча техникалык иштер жүрүп жатат. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалы дарек номерлерин жаңы аталыштарга ылайык өзгөртүп жатат. 🚏 Андан кийин мэрия жаңы көчө белгилерин орнотуп, коммуналдык кызматтардын жана коомдук транспорттун маалыматтарын жаңыртат. 🗺️ Ошондой эле жаңыртылган даректер 2ГИС жана «Яндекс Карты» картографиялык сервистерине жөнөтүлүп, алардын базаларындагы маалыматтар да өзгөртүлөт. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🇰🇿 Казакстанда электросамокат менен тротуарда жүрүүгө тыюу салынды 🛴🚫 Казакстанда 25-августтан тарта электросамокаттар менен тротуарларда жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдордо жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди. 🚲 Эми электросамокат айдагандар велосипед жолдору же веложол тилкелери менен жүрүшү керек. Эгер алар жок болсо, жолдун оң четинен же жол жээгинен жүрүүгө уруксат берилет. 👤 Унаа жүрүүчү жолго 18 жаштан улуу, айдоочулук күбөлүгү бар адамдар гана чыга алат. Алар коргоочу каска кийүүгө, ал эми караңгы убакта жарык чагылдыруучу элементтерди колдонууга милдеттүү. 🚶‍♀️ Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жолду кесип өтүүдө самокаттан түшүп, аны жанына жетелеп өтүү керек. 🚫 Ошондой эле жүргүнчү ташууга жана рулду кармабай туруп телефон колдонууга тыюу салынат. 💰 Тротуарда самокат айдаган адамга 2 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө — 8 650 теңге (болжол менен 1 650 сом) айып пул салынат. 📊 Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, жыл башынан бери электросамокат айдоочуларынын күнөөсү менен 47 жол кырсыгы катталган. Мындан тышкары, самокат айдагандарды сүзүп кеткен 145 учур катталган. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
️ Мамлекет күйүүчү май импорттоочуларга баадагы айырманы компенсациялоону улантат Кыргызстанда бензиндин чекене баасын туруктуу кармап туруу үчүн мунайзаттарын импорттогон компанияларга 956,1 млн сом субсидия берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. 💰 Каражат күйүүчү майдын иш жүзүндөгү баасы менен чекене сатуу баасынын ортосундагы айырманы жабууга багытталган. Мунайзаттын түрүнө жараша айырма литрине болжол менен 20–40 сомду түзөт. 📌 Касымалиевдин айтымында, субсидия берүү — калкты жана экономиканы мамлекеттик колдоонун чараларынын бири. Күйүүчү майдын кымбатташы жарандардын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизбеши керек. 🏪 Субсидиялар өз убагында берилсе, компаниялардын май куюучу жайлары аймактарда толук көлөмдө жана чектөөсүз иштеши керектиги белгиленди. 📊 Жыйындын катышуучуларына: • күйүүчү майдын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыз кылуу; • рынокко мониторингди күчөтүү; • импорттоочу компаниялар менен ишти жакшыртуу; • күйүүчү май жеткирүү боюнча жаңы келишимдерди түзүү; • импорттун кошумча механизмдерин издөө; • мамлекеттик чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү тапшырылды. 🏭 Мындан тышкары, Кыргызстандагы мунай иштетүүчү заводду модернизациялоону белгиленген мөөнөттө аяктоо жана ички рынокту күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды өз убагында көрүү тапшырылды. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🇰🇬 Кабмин мамлекеттик жерлер чет элдик инвесторлорго кандай берилерин аныктады Министрлер кабинети улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жер тилкелерин ажыратуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-августта кол койгон. 🏠 Документке ылайык, мындай жер тилкелери Кыргызстандын жеке жана юридикалык жактарына менчикке, ал эми чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга гана берилет. 🔨 Жерди убактылуу пайдалануу укугу аукциондун жыйынтыгы боюнча берилет. Жеңүүчүнүн кепилдик төгүмү жер тилкеси үчүн төлөмдүн эсебине чегерилет. 📄 Соода аяктагандан кийин баланс кармоочу жеңүүчү менен тиешелүү келишим түзөт. Анда төлөмдүн өлчөмү, аны төлөө тартиби жана шарттары көрсөтүлөт. ⚖️ Эгер жерди сатып алуучу же пайдалануучу аныкталган мыйзам бузууларды 30 календардык күндүн ичинде жойбосо, баланс кармоочу сотко кайрылат. Соттон келишимди бузуу, жер тилкесин мамлекеттик менчикке кайтаруу, ошондой эле мамлекет тарткан чыгымдарды жана алынбай калган кирешени өндүрүү талап кылынышы мүмкүн. 📅 Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🇰🇬 Кыргызстанда Көчмөндөр оюндарына карата «Тайган жарыш» аттуу күмүш тыйын чыгарылды 🐕🥈 🏅 Улуттук банк 25-августтан тар
🇰🇬 Кыргызстанда Көчмөндөр оюндарына карата «Тайган жарыш» аттуу күмүш тыйын чыгарылды 🐕🥈 🏅 Улуттук банк 25-августтан тарта «Тайган жарыш» коллекциялык күмүш тыйынын жүгүртүүгө чыгарды. Тыйындын чыгарылышы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган. 🐕 Тыйындын бетинде кыргыздын тоолорунун фонунда жарышка катышкан үч тайгандын сүрөтү түшүрүлгөн. Ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын эмблемасы, улуттук оймо-чийме, номиналы, сынамы жана салмагы көрсөтүлгөн. 🔄 Арткы бетинде Кыргызстандын герби, тайгандын башынын сүрөтү, «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games» деген жазуу жана чыгарылган жылы жайгашкан. 💰 Номиналы — 10 сом. 🪙 Сатуу баасы — 8 900 сом. ✨ Күмүштүн сынамы — 925 ⚖️ Салмагы — 28,28 грамм 📦 Нускасы — 1 000 даана 🎁 Ар бир тыйын акрил капсулага салынып, өзүнчө кутуга таңгакталган. Ага сапат сертификаты да кошо берилет. 🏦 Тыйынды Улуттук банктын мекемелериндеги кассалардан иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин сатып алууга болот. 🇰🇬 Тыйын Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
📢 «Газпром Кыргызстан» 1-сентябрда Бишкектеги филиалдарынын иш тартибин өзгөртөт 🏢 Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» компаниясынын калкты тейлөө борборлору 1-сентябрда иштебейт. 📌 Компаниянын маалыматына ылайык, иш графигинин өзгөрүшү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу. 🌍 Ал эми аймактардагы филиалдар жарандарды кадимки тартипте кабыл алууну улантат. 📱 Керектүү кызматтарды аралыктан да алууга болот. Бул үчүн «Мой газ» мобилдик тиркемесин же компаниянын сайтындагы жеке кабинетти колдонсоңуз болот. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🎓 Кыргызстанда билим берүү тармагын каржылоо 89 млрд сомго жетти Кыргызстанда билим берүү системасын каржылоо акыркы алты жылда дээрлик 2,5 эсеге өстү. 💰 2020-жылы — 36 млрд сом болсо, 📈 2026-жылы — 89 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Муктарбек Баймурзаев билдирди. 🏫 2026-жылы министрликке түздөн-түз 76 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн. Каражат негизинен мугалимдердин айлык акысына жана билим берүү мекемелерин кармоого жумшалат. 💻 Быйыл педагогдор үчүн ноутбук сатып алууга 715 млн сом каралган. Акыркы эки жылда мугалимдерге 49 миң ноутбук берилген. 🤝 Кошумча техникалар Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоордун алкагында алынат. 🖥️ Мындан тышкары, мектептерди компьютерлер менен камсыздоого жыл сайын болжол менен 50 млн сом бөлүнөт. 🌐 Дүйнөлүк банк менен биргелешкен долбоордун алкагында өлкөдөгү бардык мектептер интернетке туташтырылган. Министрлик байланыш кызматтары үчүн ай сайын каражат бөлүп турат. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🏥 Новосибирсктеги травматология институту Кыргызстан үчүн адистерди даярдоого жардам берет Новосибирск шаарындагы Я. Цивьян атындагы травматология жана ортопедия илимий-изилдөө институту Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоого көмөктөшүүдө. Бул тууралуу институттун директору Андрей Корыткин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын журналисттери үчүн уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө билдирди. 👨‍⚕️ Институт үч негизги багытта иш алып барат: • билим берүү; • илим; • медицина. 🩺 Адистер таяныч-кыймыл аппаратынын, ошондой эле борбордук жана перифериялык нерв системасынын оорулары бар бейтаптарга жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүшөт. 🚑 Институт омурткасы жабыркаган жана жамбаш сөөгүнүн проксималдык бөлүгүндө жаракат алган бейтаптарга шашылыш жардам көрсөтөт. Мындай бейтаптар санитардык авиация же жердеги транспорт аркылуу жаракат алгандан кийин 24 сааттын ичинде жеткирилет. 🇰🇬 Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн институтка жыл сайын көптөгөн бейтаптар кайрылат. Алардын арасында мурда жасалган операциялардын кесепеттери же ооруларды дарылоодогу көйгөйлөр менен келгендер бар. 🎓 Кадр даярдоого да өзгөчө көңүл бурулат. Институтта Кыргызстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген ординаторлор — анестезиологдор, травматологдор жана нейрохирургдар билим алышат. 📊 Институт жылына 14 миңден ашык жогорку технологиялык операция жасап, болжол менен 1,5 миң телемедициналык консультация өткөрөт. 🤖 Медициналык мекемеде жасалма интеллект жана роботтоштурууга байланыштуу технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү да бар. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🏔️ Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгарууну колдобойт Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Ош шаарындагы ыйык Сулайман-Тоого асма жол куруу сунушун колдобойт. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди. 🚫 Министрдин айтымында, асма жол куруу — Ош шаарынын мэринин жеке сунушу. Бирок мындай чечимдерди кабыл алууда Кыргызстандын мыйзамдары жана маданий мурастарды коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелер эске алынышы керек. «Терс жооп берилет», — деди министр. 🏔️ «Бул ыйык тоо, ошондуктан биз аны сакташыбыз керек», — деп белгиледи Мамбеталиев. Анын айтымында, Сулайман-Тоого асма жол куруу такыр жол берилгис. 💰 Ошол эле учурда тоодо реконструкция жана реставрация иштерин жүргүзүү пландалууда. Дүйнөлүк банк бул иштерге болжол менен 12 млн сом бөлгөн. 🌍 Министрлик Сулайман-Тоонун буфердик аймагынын чек араларын кайра карап чыгуу боюнча да иш алып барууда. Кыргызстан ЮНЕСКОго буфердик аймактын аянтын кыскартуу боюнча расмий кайрылган. 📌 Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине өзгөчө маданий жана руханий баалуулукка ээ объект катары киргизилген. Ранее Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгарууну сунуштаган. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🇰🇬 Кыргызстанга түшкөн ЕАЭБдин импорттук бажыларынын 83% Россияга туура келди 💰 2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын республикалык бюджетине ЕАЭБ өлкөлөрү арасында бөлүштүрүлүүчү 15,5 млрд сом импорттук бажы төлөмдөрү түштү. 🇷🇺 Анын ичинен 12,9 млрд сом Орусияга туура келип, жалпы сумманын болжол менен 83%ын түздү. 📊 Калган өлкөлөрдүн көрсөткүчү: 🇰🇿 Казакстан — 1,5 млрд сом 🇧🇾 Беларусь — 811,6 млн сом 🇦🇲 Армения — 321,5 млн сом 📌 Демек, Орусиянын үлүшү 83%га жакын, ал эми калган үч өлкөгө жалпы 17%га жакын туура келет. 🧭 Бул система кантип иштейт? ЕАЭБге кирбеген үчүнчү өлкөдөн товар союздун аймагына импорттолгондо, бажы төлөмү товар кайсы мамлекетте төлөнүүгө тийиш болсо, ошол жерде алынат. Андан кийин чогулган каражат ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдүн бюджеттерине белгиленген нормативдер боюнча бөлүштүрүлөт. 💵 @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🇰🇬 КЫРГЫЗСТАНГА ТҮЗ ӨТКӨН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ИНВЕСТИЦИЯ 27%ГА ӨСТҮ 💰 2025-жылы Кыргызстанга тартылган түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 1 млрд 310,8 млн долларды түздү. 📈 Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 27,3%га өскөн. 🇰🇬 Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Ак-Кеме» мейманканасынын жаңыланган имаратынын ачылышында билдирди. 🤝 Президенттин айтымында, инвестициялардын өсүшү чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргызстандын экономикасына болгон ишенимин жана узак мөөнөттүү долбоорлорго кызыгуусун көрсөтөт. 📊 Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун портфелинде жалпы баасы 456 млрд сомдон ашкан 90дон ашык инвестициялык долбоор бар. 🏗️ Анын ичинен 71 долбоор ишке ашырылууда, калгандары боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. 🌱 Долбоорлор аймактарды өнүктүрүүгө, энергетикага, транспорттук инфраструктурага жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. 👥 Ошондой эле 2025-жылы Кыргызстанда жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында 273 миңден ашык жаңы жумуш орду түзүлгөнү айтылды. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
💳 КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН КРЕДИТТЕРИ 392 МИЛЛИАРД СОМГО ЖАКЫНДАДЫ 🏦 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында Кыргызстандагы коммерциялык банктардын кредиттик портфели 601,9 млрд сомду түздү. 👨‍👩‍👧‍👦 Анын 392,8 млрд сому же 65,3%ы — жеке адамдарга берилген кредиттер. 📌 Кредиттердин бөлүштүрүлүшү: • 🛍️ Керектөө кредиттери — 211 млрд сом (35,1%) • 🏪 Соодага — 138,4 млрд сом (23%) • 🏠 Ипотека — 76,2 млрд сом • 🌾 Айыл чарбасына — 55,1 млрд сом ⚠️ Мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин көлөмү 20,3 млрд сомду түздү. 📍 Банктардын кредиттеринин 56,3%ы Бишкекке туура келет — 338,8 млрд сом. 💰 Ал эми жарандардын банктардагы депозиттери июнь айынын аягында 388,4 млрд сомго жетти. 📈 Жыл башынан бери калктын депозиттери 33,5 млрд сомго көбөйүп, депозиттик портфель 9,4%га өскөн. @kgosho Билип жаша!

OSHO
52 269
🛢️ Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы 1 доллардан ашык арзандады Дүйнөлүк мунай баалары жаңы аптанын башында 1 доллардан ашык төмөндөдү. Буга АКШнын Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыялашы күтүлүп жатканы себеп болууда. 📉 Brent мунайынын фьючерстери $1,22ге (1,29%) арзандап, баррели $93,17 болду. 📉 WTI мунайынын баасы $1,20ге (1,38%) төмөндөп, баррели $85,86 түздү. Буга чейин мунайдын баасы кескин өскөн. Өткөн аптада Brent жана WTIнин экөө тең 5%дан ашык кымбаттаган. ⚠️ Рыноктун көңүлү АКШнын Иранга каршы жаңы санкцияларына бурулууда. АКШнын Каржы министри Скотт Бессент Тегеранга каршы «тарыхтагы эң катаал санкциялар» киргизилерин билдирген. 🇺🇸 АКШ президенти Дональд Трамп ошондой эле Иран менен соода жүргүзгөн өлкөлөргө экономикалык чаралар көрүлүшү мүмкүн экенин эскерткен. 🌍 Инвесторлор санкциялардын Ирандын мунай экспортуна жана Жакынкы Чыгыштан чийки зат жеткирүүгө кандай таасир этерин күтүп жатышат. 🇮🇷 Иран тарап АКШнын пландарын сынга алып, президент Масуд Пезешкиан маселени дипломатиялык жол менен чечүүнү жактай турганын билдирүүдө. 📌 Ошол эле учурда АКШнын чаралары Иран мунайынын Кытайга жеткирилишине да таасир эте баштаганы айтылууда. @kgosho Билип жаша!