OSHO
📈 Аналитический обзор Telegram-канала OSHO
Канал OSHO (@kgosho) языкового сегмента Кыргызский является активным участником. Сейчас сообщество объединяет 37 631 подписчиков, занимая 5 113 место в категории Образование и 32 место в регионе Кыргызстан.
📊 Показатели аудитории и динамика
С момента создания невідомо проект демонстрирует стремительный рост, собрав аудиторию из 37 631 подписчиков.
Согласно последним данным от 17 июля, 2026, канал показывает стабильную активность. За последние 30 дней изменение числа участников составило 9 557, а за последние 24 часа — 71, при этом общий охват остаётся высоким.
- Статус верификации: Не верифицирован
- Уровень вовлечённости (ER): Средний показатель вовлечённости аудитории составляет 18.83%. В первые 24 часа после публикации контент обычно набирает 19.15% реакций от общего числа подписчиков.
- Охват публикаций: В среднем каждый пост получает 6 969 просмотров. В течение первых суток публикация набирает 7 088 просмотров.
- Реакции и взаимодействия: Аудитория активно поддерживает контент: среднее количество реакций на один пост — 7.
📝 Описание и контентная политика
Автор описывает ресурс как площадку для выражения субъективного мнения:
“@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз”
Благодаря высокой частоте обновлений (последние данные получены 19 июля, 2026) канал поддерживает актуальность и высокий уровень охвата публикаций. Аналитика показывает, что аудитория активно взаимодействует с контентом, что делает его важной точкой влияния в категории Образование.
Загрузка данных...
| Дата | Привлечение подписчиков | Упоминания | Каналы | |
| 18 июля | +632 | |||
| 17 июля | +71 | |||
| 16 июля | +55 | |||
| 15 июля | +39 | |||
| 14 июля | +56 | |||
| 13 июля | +668 | |||
| 12 июля | +59 | |||
| 11 июля | +656 | |||
| 10 июля | +82 | |||
| 09 июля | +603 | |||
| 08 июля | +62 | |||
| 07 июля | +612 | |||
| 06 июля | +70 | |||
| 05 июля | +677 | |||
| 04 июля | +64 | |||
| 03 июля | +690 | |||
| 02 июля | +62 | |||
| 01 июля | +667 |
| 2 | 🏗 Садыр Жапаров чет элдик инвесторлорго жер берүү боюнча түшүндүрмө берди
Президент Садыр Жапаров чет элдик инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү жаңы норма эмес экенин билдирди.
Анын айтымында, мындай механизм Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келет. Азыркы өзгөртүүлөр көзөмөлдү күчөтүүгө жана инвесторлордун жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
📌 Президент чет элдик жарандар менен компаниялар Кыргызстанда жер тилкесин жеке менчикке сатып ала албай турганын баса белгиледи.
Алар жерди белгилүү мөөнөткө ижарага гана алып, ижара акысын төлөшөт. Ал эми жер мамлекеттик менчикте кала берет.
Жапаров Бишкектеги Vefa Center жана Beta Stores сыяктуу долбоорлор да узак мөөнөттүү ижара механизми аркылуу ишке ашканын мисал келтирди.
⚠️ Анын айтымында, мамлекет жерди ижарага алып, бирок жылдар бою эч нерсе курбаган инвесторлорго жол бербөө үчүн талаптарды күчөтүүдө.
@kgosho Билип жаша! | 7 108 |
| 3 | 🛡 Москвада Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары терроризмге каршы күрөштү талкуулады
14–15-июлда Москва шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызмат жетекчилеринин аймактык жолугушуусу өттү. Иш-чараны Россиянын Тышкы иштер министрлиги жана БУУ уюштурду.
Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле БУУ, ЖККУ, КМШнын Антитеррордук борбору жана ШКУнун түзүмдөрү катышты.
🇰🇬 Кыргызстандын делегациясын УКМКнын төрагасынын орун басары, Антитеррордук борбордун директору, генерал-майор А.Т. Эрбаев жетектеди.
Тараптар терроризмге каршы күрөшүү, террористтик уюмдарга курал-жарак жана учкучсуз аппараттарды жеткирүү каналдарын бөгөттөө, маалымат алмашуу жана аймактык коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашты.
🤝 Кыргызстандын делегациясы БУУнун жана КМШнын Антитеррордук борборунун өкүлдөрү менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү да өткөрдү.
Жолугушууларда жаңы коркунучтарга каршы аракеттенүү, биргелешкен машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүү жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
@kgosho Билип жаша! | 7 923 |
| 4 | 💍 Кыргызстан менен Индия зер буюмдарын биргелешип өндүрүүнү пландап жатат
Кыргызстан Индияга өлкө ичинде баалуу металлдарды жана таштарды кайра иштетип, биргелешкен зергердик ишканаларды ачууну сунуштады.
Бул маселе Бишкекте өткөн кыргыз-индиялык симпозиумда талкууланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнестин өкүлдөрү жана Индиянын 12 компаниясынан турган делегация катышты.
📊 2025-жылы Кыргызстандын Индияга экспорту 10 млн долларга жакындап, анын 66 пайызын күмүш түзгөн. Ал эми Индиядан келген түз инвестициялар дээрлик үч эсеге өсүп, 16,16 млн долларга жеткен.
Кыргызстанда аметист, гранат, нефрит, рубин, сапфир жана топаз сыяктуу баалуу жана жарым баалуу таштардын 400дөн ашык кени бар.
🤝 Тараптар Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын Индиянын технологиялары жана зергердик тажрыйбасы менен айкалыштырып, даяр продукция чыгарууга кызыкдар экенин билдиришти.
Ошондой эле адистерди даярдоо, тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ишканаларынын кызматташтыгын кеңейтүү пландалууда.
@kgosho Билип жаша! | 7 226 |
| 5 | 🕋 Кыргызстанда ажылыкка каттоо үчүн бирдиктүү санарип система түзүлөт
Кыргызстанда ажылык сапарын уюштурууга арналган бирдиктүү санарип система ишке киргизилет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
📱 Жаңы система аркылуу ажылыкка катталуу, электрондук кезекке туруу, төлөм жүргүзүү жана арыздарды кароо автоматташтырылат.
Ажылыкты уюштуруу иштери муфтият менен биргеликте ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
📌 Жарандар бирдиктүү санарип система жана атайын мобилдик тиркеме аркылуу каттала алышат.
@kgosho Билип жаша! | 7 050 |
| 6 | ♻️ Кыргызстанда 2027-жылдан тартып желим баштыктарга тыюу салынат
2027-жылдан тартып Кыргызстанда полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана айрым пластик буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.
🛍 Мындан тышкары, соода жана кызмат көрсөтүү жайларында уруксат берилген тизмеге кирбеген желим баштыктарды акысыз таратууга болбойт.
Жаратылыш ресурстары министрлиги мындай чектөөлөр өлкөдөгү пластик калдыктарын азайтуу максатында этап-этабы менен киргизилип жатканын билдирди.
📌 Буга чейин, 2023-жылдан тартып Ысык-Көл облусунда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айрым пластик буюмдардын колдонулушу чектелген.
Министрликтин маалыматына ылайык, пластик буюмдар 400–700 жылда, ал эми полиэтилен баштыктар 100–200 жылда гана чирип жок болот.
🌿 Микро жана нанопластиктер адамдын организмине кирип, ден соолукка да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
@kgosho Билип жаша! | 7 739 |
| 7 | 🇰🇬🇨🇳 Кытай жарандарына Кыргызстандын мыйзамдары эскертилди
Нарын облусунун милиция кызматкерлери «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушунда иштеп жаткан Кытай жарандары менен профилактикалык жолугушуу өткөрдү.
🚘 Чет элдик адистерге жол эрежелерин сактоо, ылдамдыкты ашырбоо, мас абалында унаа башкарбоо, коомдук тартипти бузбоо жана жергиликтүү каада-салттарды урматтоо талаптары түшүндүрүлдү.
🌿 Ошондой эле айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу зарылдыгы айтылып, катышуучуларга кытай тилиндеги эскертмелер таратылды.
Мындай иштер чет элдик жарандардын катышуусундагы бир катар мыйзам бузуулардан кийин күчөтүлүүдө. Буга чейин Ат-Башыда электр тогу менен мыйзамсыз балык кармаган Кытай жарандары кармалып, айып пул салынып, өлкөгө кайра кирүүсүнө тыюу салынган.
👮 ИИМдин маалыматына ылайык, профилактикалык жолугушуулардын максаты — мыйзам бузуулардын алдын алуу жана миграциялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу.
@kgosho Билип жаша! | 7 436 |
| 8 | 🚬 Кыргызстанда тамекинин минималдуу баасын 2029-жылга чейин 165 сомго көтөрүү сунушталды
Экономика жана коммерция министрлиги тамеки, сигарет жана ысытылуучу тамеки продукцияларынын минималдуу баасын этап-этабы менен жогорулатуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Азыр бир куту тамекинин минималдуу баасы 120 сом. Сунушталган график боюнча:
📌 2027-жылдан — 135 сом
📌 2028-жылдан — 150 сом
📌 2029-жылдан — 165 сом
Ушундай эле баа өсүшү стиктерге жана башка ысытылуучу тамеки продукцияларына да тиешелүү болот.
Министрлик бул чара тамеки керектөөнү азайтууга, калктын саламаттыгын коргоого жана салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жардам берет деп эсептейт.
📊 Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө тамеки продукцияларына 180,1 млн акциздик марка берилген. Ал эми акциз салыгынан түшкөн киреше 10,8 млрд сомго жеткен.
@kgosho Билип жаша! | 7 090 |
| 9 | 📚 Чет өлкөлөрдөгү орус тилдүү авторлор үчүн «Русский ГлаголЪ» эл аралык сынагы жарыяланды
Россиядан тышкары өлкөлөрдө орус тилинде чыгарма жазган авторлор үчүн «Русский ГлаголЪ» эл аралык адабий сынагына арыз кабыл алуу башталды.
✍️ Сынакка прозаиктер, акындар, эссеисттер, публицисттер, ошондой эле студенттер, изилдөөчүлөр, журналисттер, котормочулар жана маданият өкүлдөрү катыша алышат.
📅 Арыздар 2026-жылдын 10-июлунан 10-сентябрына чейин кабыл алынат.
📖 Финалисттердин тизмеси 31-октябрга чейин жарыяланат. Ал эми жеңүүчүлөрдүн ысымдары 26-ноябрда Москва шаарында өтө турган сыйлоо аземинде белгилүү болот.
🏆 Сынак Россиянын Президенттик маданий демилгелер фондунун колдоосу менен өткөрүлөт.
@kgosho Билип жаша! | 8 023 |
| 10 | 📱🥇 Кыргызстандыктар инвестициялык алтынды смартфон аркылуу сатып ала алышат
Кыргыз фондулук биржасы «Смартфондогу инвестициялык алтын» аттуу жаңы долбоорду ишке киргизүүнү пландап жатат.
📌 Жаңы сервис аркылуу жарандар алтынды электрондук форматта сатып алып, аны физикалык түрдө алып кетүүнүн зарылдыгы болбойт.
Долбоор калк үчүн баалуу металлдарга инвестиция салууну жеңилдетип, жаңы жеке инвесторлорду тартууга багытталган.
💹 Мындан тышкары, КФБ депозиттик аукциондордун санарип платформасын ишке киргизүүнү, баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товардык биржалары менен интеграцияны пландап жатканын билдирди.
🤝 Бул механизмдер экспорттук-импорттук операциялар үчүн бирдиктүү стандарттарды түзүүгө жана биржалык сооданы өнүктүрүүгө жардам берет.
@kgosho Билип жаша! | 6 892 |
| 11 | 🇰🇬🇷🇺 Кыргызстан менен Россия эмгек миграциясы үчүн кадр даярдоону талкуулады
Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрү эмгек миграциясы жана квалификациялуу адистерди даярдоо маселелерин талкуулашты.
📌 Жолугушууда чет өлкөдө иштей турган жарандардын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, адистерди эмгек рыногунун талаптарына ылайык даярдоо жана алардын квалификациясын баалоо маселелери каралды.
Иш-чарага Россиянын иш берүүчүлөрү, ишке орноштуруу агенттиктери, Финансы университетинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын Эмгек министрлиги жана тиешелүү мамлекеттик органдар катышты.
🤝 Жыйынтыгында эмгек миграциясы, адистерди даярдоо жана квалификацияларды таануу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду.
@kgosho Билип жаша! | 7 063 |
| 12 | 💰 «Кумтөр» жарым жылда бюджетке 19 млрд сом төктү
«Кумтөр Голд Компани» 2026-жылдын алгачкы алты айында өлкө бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 19 млрд сом которду.
📌 Мындан тышкары, компания жалгыз акционери болгон «Кыргызалтын» ААКсына 300 млн доллар дивиденд төлөдү.
Январь–июнь айларында компаниянын өндүрүштүк кирешеси 732 млн 725 миң долларды түзгөн.
📈 Ал эми таза кирешеси 418 млн 937 миң долларга жетти.
Салыштыруу үчүн, 2025-жылы «Кумтөрдүн» кирешеси 124 млрд сомдон ашып, таза пайдасы 59,3 млрд сомду түзгөн.
@kgosho Билип жаша! | 7 692 |
| 13 | 🏥 Кыргызстан менен Россия медицина тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен «ВТБ Медицина» өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду.
📌 Документ медициналык жардам көрсөтүү, дарыгерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, заманбап технологияларды киргизүү, телемедицина, санариптештирүү жана медициналык туризм багыттарын камтыйт.
Министр Дамир Осмонов кыргызстандыктарды жогорку технологиялык медициналык жардам алуу үчүн Россиядагы клиникаларга жөнөтүү механизмин түзүүнү сунуштады.
👩⚕️ Ошондой эле ординатор дарыгерлерди даярдоо жана кыргызстандык адистер үчүн билим берүү программаларын кеңейтүү маселеси көтөрүлдү.
Россия тарап бул сунуштарды мындан ары иштеп чыгууга жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
🤝 Тараптар меморандумдун негизинде конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууну улантууга макулдашты.
@kgosho Билип жаша! | 7 764 |
| 14 | ⚖️ Эми мамлекеттик органдардын катасынан зыян тарткандар компенсация ала алышат
Юстиция министрлиги жарандарга жана бизнеске мамлекеттик органдардын мыйзамсыз чечими же аракетинен келтирилген зыянды өндүрүп алууга укук берген жаңы кодекстин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
📌 Эгер мамлекеттик орган мыйзамсыз чечим, аракет же аракетсиздик менен мүлктүк зыян келтирсе, ал мыйзамда белгиленген тартипте төлөнүп берилиши керек.
Ошондой эле жаран ак ниет аракет кылып, мурда берилген укукту пайдалана баштаса, мамлекеттик орган ал үчүн пайдалуу чечимди өз билемдик менен жокко чыгара албайт.
🏛 Долбоор бардык мамлекеттик органдар үчүн бирдиктүү иш тартибин киргизип, чиновниктердин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.
Мындан тышкары, «бирдиктүү терезе» принциби киргизилип, мамлекетте бар документтерди жарандардан кайра талап кылууга тыюу салынат.
💻 Айрым мамлекеттик кызматтар боюнча чечимдер чиновниктин катышуусуз, автоматтык түрдө кабыл алынышы мүмкүн.
@kgosho Билип жаша! | 6 862 |
| 15 | 🚆 «Бишкек-2» вокзалында жүргүнчүлөрдү жана жүктү милдеттүү текшерүү сунушталды
Кыргызстанда «Бишкек-2» темир жол вокзалында жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн, багажды жана жүк-багажды милдеттүү текшерүү тартибин киргизүү сунушталууда.
📌 Тиешелүү токтом долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министрлиги даярдады.
Жаңы эреженин негизги максаты — вокзалдын аймагына курал-жарак, жарылуучу жана башка кооптуу заттарды алып кирүүгө бөгөт коюу.
🏛 Министрлик «Бишкек-2» бардык эл аралык жүргүнчү поезддери түзүлүп, жөнөтүлүүчү негизги вокзал экенин белгиледи. Мындан тышкары, темир жол объекттери өлкөнүн стратегиялык объекттеринин тизмесине кирет.
Азыр Кыргызстанда темир жол вокзалдарында жүргүнчүлөрдү жана жүктү текшерүүнү жөнгө салган өзүнчө документ жок.
⚠️ Эгер токтом кабыл алынса, эл аралык поезддерге отурар алдында текшерүүдөн өтүү милдеттүү болот.
@kgosho Билип жаша! | 7 420 |
| 16 | 🗳 Камчыбек Ташиев 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин койбой турганын айтты.
Анын кайрылуусун «Регион» телеканалынын мурдагы жетекчиси Өткүрбек Рахманов жарыялаган.
📌 Ташиев акыркы убакта анын атын шайлоо менен байланыштырган жалган маалыматтар тарап жатканын белгиледи.
«
Мен 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпайм. Менин позициям өзгөргөн жок жана өзгөрбөйт
», — деди ал.
🤝 Ошондой эле ал шайлоодо президент Садыр Жапаровду толук колдой турганын билдирди.
@kgosho Билип жаша! | 7 610 |
| 17 | 🏛 Кыргызстанда жарандар менен мамлекеттик органдардын иштөө тартибин өзгөртүү сунушталды
Юстиция министрлиги жаңы Административдик ишмердүүлүк жана жол-жоболор кодексинин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
📌 Документ кабыл алынса, мамлекеттик кызматтарды алуу жөнөкөйлөшүп, жарандар менен мамлекеттик органдардын өз ара байланышы негизинен санарип форматка өтөт.
💻 Негизги жаңылыктардын бири — «бирдиктүү терезе» принциби. Жарандар мамлекеттик органдарда бар маалымкаттарды кайрадан чогултпай калат, анткени мекемелер керектүү маалыматтарды өз ара электрондук системалар аркылуу алышат.
✅ Дагы бир жаңылык — «унчукпай макул болуу» принциби. Эгер мамлекеттик орган мыйзамда белгиленген мөөнөттө жооп бербесе, айрым учурларды кошпогондо, арыз автоматтык түрдө канааттандырылды деп эсептелет.
📑 Ошондой эле бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды камтыган бирдиктүү реестр түзүлүп, арыздарды кароо мөөнөтү негизинен 15 жумуш күнү, ал эми бир нече мекеме катышса 20 жумуш күнү менен чектелет.
⚖️ Документ мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү ачык-айкын кылууга, бюрократияны жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга багытталган.
@kgosho Билип жаша! | 7 365 |
| 18 | 🌾 Таласта россиялык буудайдын элиталык жаңы сорту гектарына 100 центнер түшүм берди
Талас облусунун Манас районундагы «Беш кадам» айыл чарба кооперативинде Россиядан алып келинген «Алексеич» элиталык буудай сорту биринчи жолу жыйналды.
📌 Дан эгиндери 1,5 гектар аянттан орулуп бүттү.
Аймак үчүн жаңы болгон бул сорттун түшүмдүүлүгү гектарына 100 центнерди түздү.
Маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
@kgosho Билип жаша! | 7 358 |
| 19 | 📱 Эми «Санарип чек ара» тиркемеси аркылуу чек ара өткөрмө пунктарындагы коррупция тууралуу билдирүүгө болот
«Санарип чек ара» мобилдик тиркемесинде Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан жасалган мүмкүн болгон коррупция жана башка мыйзам бузуулар тууралуу билдирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.
📌 Тиркемедеги «Пикир калтыруу» бөлүмүнөн «Коррупция тууралуу билдирүү» категориясын тандап, кайрылуу жөнөтүүгө болот.
Маалымат атайын операторго түшүп, анын каралышы көзөмөлдөнөт. Кайрылууларга Чек ара кызматынын ички тартибине ылайык чара көрүлөт.
⚠️ Жарандар кызматкерлердин орой мамилеси, кызматтык тартипти бузуу жана коррупциялык көрүнүштөр тууралуу да билдире алышат.
🌐 Тиркеме азыр Android түзмөктөрүндө жеткиликтүү. iPhone үчүн версиясын App Store’го июлдун аягына чейин жайгаштыруу пландалууда. Ошондой эле сервистин веб-версиясы иштейт.
@kgosho Билип жаша! | 7 970 |
| 20 | 💧 Кыргызстанда 2030-жылга чейин 106 жаңы суу сактагыч курулат
Кыргызстанда 2030-жылга чейин 106 жаңы суу сактагычтын курулушун аяктоо пландалууда.
Бул тууралуу суу чарбасын өнүктүрүү жана сугат инфраструктурасын жаңылоо боюнча кеңешмеде маалым болду.
🏗 Долбоорлордун алкагында жаңы суу сактагычтар курулуп, ирригациялык тармактар масштабдуу түрдө модернизацияланат.
🌾 Бул иштер дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.
📌 Жаңы объекттер жана сугат тармактарын оңдоо суу тартыштыгын азайтып, он миңдеген гектар айыл чарба жерлерин кошумча сугарууга мүмкүнчүлүк берет.
@kgosho Билип жаша! | 7 881 |
