OSHO
📈 Аналітичний огляд Telegram-каналу OSHO
Канал OSHO (@kgosho) у мовному сегменті Киргизька є активним учасником. На даний момент спільнота об'єднує 56 741 підписників, посідаючи 2 989 місце в категорії Освіта та 21 місце у регіоні Киргизстан.
📊 Показники аудиторії та динаміка
З моменту свого створення невідомо, проект продемонстрував стрімке зростання, зібравши аудиторію у 56 741 підписників.
За останніми даними від 04 вересня, 2026, канал демонструє стабільну активність. Хоча за останні 30 днів спостерігається зміна кількості учасників на 12 676, а за останні 24 години на 725, загальне охоплення залишається високим.
- Статус верифікації: Не верифікований
- Рівень залученості (ER): Середній показник залученості аудиторії становить 22.13%. Протягом перших 24 годин після публікації контент зазвичай збирає 22.75% реакцій від загальної кількості підписників.
- Охоплення публікацій: В середньому кожен допис отримує 12 559 переглядів. Протягом першої доби публікація в середньому набирає 12 910 переглядів.
- Реакції та взаємодія: Аудиторія активно підтримує контент: середня кількість реакцій на один пост – 8.
📝 Опис та контентна політика
Автор описує ресурс як майданчик для висловлення суб'єктивної думки:
“@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз”
Завдяки високій частоті оновлень (останні дані отримано 05 вересня, 2026), канал підтримує актуальність та високий рівень охоплення публікацій. Аналітика показує, що аудиторія активно взаємодіє з контентом, що робить його важливою точкою впливу в категорії Освіта.
Триває завантаження даних...
| Дата | Залучення підписників | Згадування | Канали | |
| 05 вересня | 0 | |||
| 04 вересня | +737 | |||
| 03 вересня | +127 | |||
| 02 вересня | +724 | |||
| 01 вересня | +237 |
| 2 | 🌲 Кыргызстан 50 жылда токойлорунун 90%га жакынын жоготкон
Кыргызстан акыркы 50 жылда токой каптоосунун 90%га жакынын жоготкон. Бул маалымат өлкөнүн 2035-жылга чейинки Улуттук адаптация планында келтирилген.
⚠️ Токойлордун азайышы экологиялык гана көйгөй эмес. Ал сел жана жер көчкү коркунучун күчөтүп, суу топтолгон аймактардын абалын начарлатып, жолдорго, көпүрөлөргө жана айыл чарба жерлерине келчү зыянды көбөйтөт.
🌿 Документте токойлор жана тоо экосистемалары өлкөнүн табигый инфраструктурасы катары бааланат. Алар тоо капталдарын бекемдеп, суунун агымын жөнгө салып, катуу жаан-чачындын кыйратуучу таасирин азайтат.
📌 2035-жылга чейин бийлик:
• кеминде 150 миң гектар деградацияланган аймакты калыбына келтирүүнү;
• артыкчылыктуу суу топтоочу аймактардын 60%дан кем эмесин токой калыбына келтирүү чаралары менен камтууну;
• аялуу тоо жана токой экосистемаларынын 80%ын мониторингге алууну;
• экосистемаларды калыбына келтирүү боюнча кеминде 40 демонстрациялык участок түзүүнү пландоодо.
@kgosho Билип жаша! | 13 176 |
| 3 | 🚗 Автомектептер мамлекеттик системага өтүп, айдоочулук экзамендер боди-камерага жазылат
Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо, экзамен тапшыруу жана айрым унааларды каттоо тартибин өзгөрткөн мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
🏫 Авто мектептерде айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо иштерин мамлекеттик билим берүү уюмдарына жана кесиптик окуу жайларга өткөрүү сунушталууда. Алардын баары бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилет.
📹 Айдоочулук күбөлүк алуу экзамендери толугу менен видео жазууга алынат. Теориялык жана практикалык сынактар экзамендик унаалардагы видеорегистраторлор, кызматкерлердин боди-камералары жана башка техникалык каражаттар аркылуу үзгүлтүксүз жазылат.
🪪 Ошондой эле Кыргызстан аймагында гана жарактуу убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүгүн киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
🩺 Айдоочулук укук алуу үчүн медициналык текшерүү, анын ичинде наркологиялык, психиатриялык жана көздү текшерүү талаптары сакталат.
⚡ Электромобилдерге Кыргызстандын жарандарына жана өлкөдө катталган юридикалык жактарга атайын жашыл мамлекеттик номерлерди берүү сунушталууда.
Эгер мыйзам кабыл алынса, ал расмий жарыялангандан 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.
@kgosho Билип жаша! | 12 679 |
| 4 | 🌡️ Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанда жакырчылыкты күчөтүшү
Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү анын кесепеттеринен коргонууга мүмкүнчүлүгү аз болгон калкка көбүрөөк таасир этиши мүмкүн. Улуттук адаптация планында аялдар, балдар, жаштар, улгайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өзгөчө тобокелдиктеги топтор катары белгиленген.
🌾 Калктын 57%дан ашыгы айыл жеринде жашап, суу ресурстарына, жайыттарга жана айыл чарбасына көз каранды. Кургакчылык, суунун тартыштыгы, жердин деградациясы, ысык жана табигый кырсыктар социалдык-экономикалык теңсиздикти күчөтүшү мүмкүн.
👩 Айыл жеринде аялдар үй-бүлөнү суу жана азык-түлүк менен камсыз кылуу, балдарга жана улгайгандарга кам көрүү иштеринин көбүн аткарат. Ошол эле учурда айыл чарбасында иштегендердин 35–45%ын аялдар түзгөнү менен, жетекчилик кызматтарда алардын үлүшү болгону 22% чамасында.
🏠 Мындан тышкары, кыймылсыз мүлктүн 29%ы гана аялдардын атына катталган. Бул алардын насыя алуу жана климаттык тобокелдиктерге даярдануу мүмкүнчүлүгүн чектейт.
⚠️ Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн кургакчылык, сел же суу ташкынынан түшүм, мал-жандык, турак жай же кирешеден ажыроо жакырчылыктын андан ары күчөшүнө алып келиши мүмкүн.
Документте климаттык жардамды бөлүштүрүүдө аялдардын, жаштардын, улгайгандардын, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын өзүнчө эске алуу сунушталууда.
@kgosho Билип жаша! | 12 833 |
| 5 | 🇰🇬🇰🇿 Казакстан Кыргызстанга биринчи жолу мунай транзитин жүргүздү
Казакстан өз аймагы аркылуу Кыргызстанга 35 миң тонна мунайды биринчи жолу транзит менен жеткирди. Бул тууралуу «КазТрансОйл» компаниясы билдирди.
🛢️ Мунайдын биринчи партиясы 15-августта жөнөтүлгөн. Август айында Кыргызстанга транзиттин жалпы көлөмү 35 миң тоннаны түзгөн.
Мунай алгач магистралдык түтүктөр аркылуу «Шагыр» мунай куюу пунктуна жеткирилип, андан соң темир жол цистерналарына жүктөлүп, Кыргызстанга жөнөтүлөт.
Буга чейин кыргызстандык компаниялар Кытайдын CNPC компаниясы менен Кыргызстанга мунай заттарын жеткирүү боюнча келишим түзгөн.
@kgosho Билип жаша! | 12 915 |
| 6 | 📦 ЕАЭБде чет өлкөлүк товарлардын киргизилишин көзөмөлдөө механизми ишке кирди
1-сентябрдан тарта Евразия экономикалык биримдигинде ЕАЭБдин бир өлкөсүндө бажыдан өткөрүлүп, кийин башка мүчө мамлекеттерге ташылган чет өлкөлүк товарларды көзөмөлдөө механизми иштей баштады.
📺 Биринчи этапта система төмөнкү товарларга тиешелүү:
• муздаткычтар жана тоңдургучтар;
• кир жуучу машиналар;
• телевизорлор.
Жаңы тартип товарлар тууралуу маалыматты улуттук системаларга киргизүүнүн бирдиктүү жол-жобосун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдары ортосунда маалымат алмашууну карайт.
🔎 Механизм товарлардын ЕАЭБ аймагына мыйзамдуу киргизилгенин тастыктоого шарт түзүп, бизнес үчүн ак ниетсиз атаандаштыктан коргоону күчөтөт.
Компаниялар үчүн бул товарларды эсепке алууга жана алар тууралуу маалымат алмашууга коюлган талаптардын жогорулашын билдирет.
@kgosho Билип жаша! | 14 097 |
| 7 | 🦠 Конго мамлекетинде Эбола боюнча тарыхтагы эң тез жайылган эпидемия катталды
БУУнун маалыматына караганда, Демократиялык Конго Республикасында Эбола вирусу тарыхта болуп көрбөгөндөй тез жайылып жатат.
Эпидемия өлкөнүн алты провинциясына жайылды. Бул учурда өлкөдө гуманитардык кризис уланып, дээрлик 11 миллион адам жардамга муктаж.
⚠️ Эпидемияга каршы күрөштү куралдуу жаңжал, азык-түлүктүн тартыштыгы жана саламаттык сактоо системасынын алсыздыгы татаалдаштырууда. Вирус менен күрөшүүдө 40тан ашык медицина кызматкери каза болгон.
💰 2026-жылга Конго боюнча гуманитардык жардам планы $2,1 млрд деп бааланууда. Анын ичинен $300 млн Эболага каршы күрөшкө талап кылынат. Азырынча $1 млрддан ашыгы чогултулган, бирок каржылоонун дээрлик жарымы дагы эле жетишсиз.
БУУнун Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу борбордук фондунан Эболага каршы күрөшүүгө жана инфекциянын коңшу өлкөлөргө жайылышына даярдык көрүүгө $57 млндан ашык каражат бөлүндү.
@kgosho Билип жаша! | 12 543 |
| 8 | ✈️ Кыргызстанда авиация тармагындагы мыйзам бузуулар үчүн айып пулдар күчөтүлөт. Талаптар жүргүнчүлоргө да тиешелүү
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиация тармагындагы мыйзам бузуулар үчүн айып пулдарды кескин көбөйтүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
💰 Айрым айып пулдар бир нече эсеге, айрымдары 30 эсеге чейин көбөйтүлөт. Мисалы, аба мейкиндигин пайдалануу эрежесин бузуу үчүн жеке жактарга — 100 миң сомго, юридикалык жактарга — 500 миң сомго чейин айып пул сунушталууда.
🚁 Дрондорго байланыштуу жоопкерчилик да күчөтүлөт:
• каттоодон өтпөгөн дронду учуруу — жеке жакка 30 миң сомго, юридикалык жакка 100 миң сомго чейин;
• тыюу салынган аймакта дрон учуруу — жеке жакка 100 миң сом, юридикалык жакка 1 млн сомго чейин.
☢️ Кооптуу жүктөрдү ташуу жана авиациялык маалыматтарды жок кылуу, жашыруу же бурмалоо үчүн да айып пул 1 млн сомго чейин жетиши мүмкүн.
👨✈️ Жүргүнчүлөргө да талап күчөтүлөт. Экипаждын мыйзамдуу талаптарын аткарбагандарга 20 миң сом, ал эми мас абалдагы жүргүнчүнүн чатагынан улам учак аргасыз консо — 100 миң сом айып пул салуу сунушталууда.
Ошондой эле учактарга лазер же прожектор багыттоо, аэропортко жакын аймакта мыйзамсыз курулуш жүргүзүү жана аэродромдун жанында канаттууларды же жаныбарларды кармоо үчүн жоопкерчилик киргизүү каралууда.
@kgosho Билип жаша! | 14 355 |
| 9 | 🐎 ДКО-2026: Көк бөрү боюнча байге фонду 5 млн сомду түзөт
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча байге фонду 5 миллион сом болот. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Эрлан Абдыкапаров билдирди.
🏆 Ал эми жер улак (көкпар) боюнча байге фонду — 3,5 млн сом. Эл аралык Көк бөрү ассоциациясы кошумча каражат бөлүүнү да пландап жатат.
🇰🇬 Кыргызстандын курама командасы оюндарга эки ай даярданган. Мыкты оюнчулар Жогорку лиганын катышуучуларынан тандалып, аттар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан чогултулган. Даярдык Чолпон-Атада өткөн.
🐴 Аттардын абалын кесипкөй ветеринарлар көзөмөлдөп жатышат. Учурда курама командада жаракат алган оюнчулар жок.
Абдыкапаровдун айтымында, быйыл командалардын деңгээли кыйла өскөн. Кыргызстан курамасы эки дисциплинада тең — көк бөрү жана жер улакта — финалга чыгып, жеңишке жетүүнү көздөп жатат.
@kgosho Билип жаша! | 13 986 |
| 10 | 💳 Кыргызстанда картаны накталай акча менен жашыруун толуктоо мүмкүн болбой калышы мүмкүн
Улуттук банк банк эсептерин, карталарды жана электрондук капчыктарды төлөм терминалдары аркылуу накталай толтуруунун эрежелерин күчөтүүнү сунуштады.
📱 Эгер өзгөртүү кабыл алынса, терминал аркылуу акча салган адам идентификациядан жана верификациядан өтүшү керек. Бул үчүн паспортту сканерлөө, жеке маалыматтарды киргизүү, фото-видео, NFC, биометрия же «Кыргызстанда бирдиктүү идентификация системасы» колдонулушу мүмкүн.
🔎 Мындан тышкары, төлөөчү терроризм, экстремизм, массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу санкциялык тизмелер боюнча текшерилет.
⚠️ Бирок бардык терминалдык төлөмдөргө идентификация талап кылынбайт. Коммуналдык кызматтар, салыктар, мамлекеттик алымдар, айып пулдар, интернет, телевидение, насыя төлөмдөрү жана айрым мамлекеттик кызматтар сыяктуу төлөмдөр жеңилдетилген категорияда калат.
Улуттук банк бул өзгөртүүлөрдү кылмыштуу ишмердикти каржылоонун жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоонун алдын алуу, ошондой эле FATF эл аралык стандарттарын аткаруу зарылдыгы менен түшүндүрдү.
@kgosho Билип жаша! | 13 714 |
| 11 | 🚨 Ош облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 665 чет өлкөлүк жаран айыпка жыгылды
КР УКМК менен ички иштер органдары Ош облусунда чет өлкөлүк жарандардын миграциялык мыйзамдарды бузуусун жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн аныктоого багытталган «Нелегал» рейдин өткөрдү.
Рейд учурунда чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанда болуу тартиби жана коомдук тартипти сактоо талаптары түшүндүрүлдү.
📌 Иш-чаралардын жыйынтыгында 2026-жылдын август айында 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынган.
@kgosho Билип жаша! | 12 101 |
| 12 | 🚗 Кыргызстанда чет элдик номурдагы 5,5 миңден ашык унаа легалдаштырылды
Кыргызстанда чет өлкөлүк мамлекеттик номур менен жүргөн унааларды кошумча легалдаштыруу өнөктүгү аяктады.
Жыйынтыгында 5 531 унаа легалдаштырылып, мамлекеттик каттоодон өттү. Алардын ичинен 48и оң рулу сол рулга өткөрүлгөн («перекид») унаалар.
📊 Легалдаштырылган унаалардын:
• 4 870и — кыймылдаткычы 2 000 см³ чейин;
• 661и — 2 000 см³дөн жогору.
Бардык унааларга Кыргызстанда «10» аймактык коду бар мамлекеттик номерлер берилди.
Өнөктүк Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин киргизилген жана мурда өлкөдө каттоодон өтпөгөн унааларга тиешелүү болгон. Бир жаран бир гана унааны легалдаштыра алган.
@kgosho Билип жаша! | 13 298 |
| 13 | 👨👩👧 ШКУ өлкөлөрү энелик, аталык жана балалык институтун бекемдөөгө ниеттенүүдө
ШКУга мүчө мамлекеттер үй-бүлөнү колдоо жана коргоону мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири катары белгилешти. Бул тууралуу Бишкекте 1-сентябрда өткөн саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган билдирүүдө айтылат.
👶 Өлкөлөр энелик, аталык жана балалык институтун бекемдөөгө, улуу муунду колдоого жана муундар аралык байланышты өнүктүрүүгө багытталган чараларды күчөтөт.
📚 Ошондой эле социалдык абалына, жашаган жерине же үй-бүлөлүк шарттарына карабастан, бардык адамдар үчүн билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу каралган.
🌿 Мамлекеттер үй-бүлөнүн салттуу руханий жана адеп-ахлактык негиздерин бекемдөө коомдук туруктуулукту сактоого, кылмыштуулуктун алдын алууга жана жаштарды терс көрүнүштөрдөн коргоого жардам берерин белгилешти.
🇰🇬 Мындан тышкары, Кыргызстан сунуштаган ШКУнун Үй-бүлө форумун тажрыйба алмашуу жана үй-бүлөлүк саясат боюнча демилгелерди талкуулоо аянтчасы катары өткөрүү демилгеси колдоого алынган.
@kgosho Билип жаша! | 14 050 |
| 14 | 🇷🇺 Россияда эмгек мигранттары үчүн медициналык текшерүүдөн өтүү мөөнөтү кыскарды
Россияда 1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк жарандарды медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирди.
👨⚕️ Эми эмгек мигранттары Россияга киргенден кийин 90 күндүн ордуна 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.
Узак мөөнөткө жүргөн чет өлкөлүктөр медициналык текшерүүдөн жыл сайын кайра өтүүгө милдеттүү.
Текшерүүдө коркунучтуу жугуштуу оорулар, ВИЧ, ошондой эле дарыгердин көрсөтмөсү жок баңгизат жана психотроптук заттарды колдонуу аныкталат.
💰 Текшерүүнүн чыгымын мигранттын өзү же анын иш берүүчүсү төлөйт.
Маалыматтар электрондук түрдө катталып, 24 сааттын ичинде федералдык реестрге киргизилет жана Россиянын Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт.
@kgosho Билип жаша! | 12 720 |
| 15 | 📉 Алтындын баасы август айынын башынан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү
2-сентябрдагы соодада COMEX биржасында алтындын декабрдагы фьючерстери 1,53% арзандап, бир унциясы $4 329,2 болду.
Баанын төмөндөшү катары менен төртүнчү күн уланууда. Буга Жакынкы Чыгыштагы согуш аракеттеринин күчөшү жана инфляцияга байланыштуу кооптонуулар себеп болууда.
📊 Бул факторлор облигациялардын кирешелүүлүгүнүн өсүшүнө жана пайыздык чендердин жогорулашы мүмкүн деген күтүүлөрдүн күчөшүнө алып келди.
Алтындын тарыхый рекорддук баасы 29-январда — $5 626,8 болгон. Кийин баа төмөндөп, июнь айында унциясы $4 миңден да төмөн түшкөн.
@kgosho Билип жаша! | 14 276 |
| 16 | 💰 Кыргызстанда бизнеске акчаны накталай чыгарууга көзөмөл күчөтүлөт
Улуттук банк бизнес тарабынан акчаны накталай чыгарууга жана юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин эсептериндеги транзиттик операцияларга көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.
🏦 Банктар акчаны накталай чыгарууда жогорку тобокелдиктин белгилери аныкталса, операцияны кошумча текшерүүгө милдеттүү болот.
Мисалы:
• эсепке түшкөн акча көп өтпөй накталай чыгарылса;
• түшкөн каражаттар экономикалык негизсиз үчүнчү жактарга же чет өлкөгө которулса;
• компания же ИП катталгандан кийин дароо ири операциялар башталса;
• чет өлкөдөн түшкөн каражаттар системалуу түрдө накталай чыгарылса;
• корпоративдик карталар негизинен накталай акча алуу үчүн колдонулса.
🔎 Банк мындай учурда акчанын булагын, операциянын максатын жана аны тастыктаган документтерди сурай алат.
Документтер берилбесе, банк операцияны жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу. Ал эми кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же кылмыштуу ишмердикти каржылоо боюнча шек жаралса, операция токтотулушу же кардар менен келишим үзүлүшү мүмкүн.
Улуттук банк бул талаптар каржы агымдарынын ачыктыгын жогорулатып, мыйзамсыз акча накталайдаштырууну азайтат деп эсептейт.
@kgosho Билип жаша! | 13 325 |
| 17 | 💳 Кыргызстанда банктарды бирдиктүү тез төлөм системасына бириктирүү сунушталды
Улуттук банк Кыргызстандын тез төлөмдөр системасы (СБП) боюнча жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Жаңы система аркылуу жарандар жана компаниялар акчаны 24/7, реалдуу убакыт режиминде, кайсы банкта эсеп ачылганына карабастан которо алышат.
📱 Акча которуу үчүн алуучунун телефон номери, улуттук стандарттагы QR-код, эсеп же банк картасынын номери сыяктуу бирдиктүү идентификатор колдонулмакчы.
🏦 Система банктарды, төлөм уюмдарын жана алардын технологиялык платформаларын бириктирип, алардын ортосундагы төлөмдөрдү шайкеш жүргүзүүгө шарт түзөт.
🔐 Коопсуздук үчүн шектүү жана алдамчылык операцияларды автоматтык аныктаган антифрод-модулу киргизилет. Ошондой эле жаңылыш же талаштуу которууларды кайтаруу механизми каралган.
🌍 Келечекте система эл аралык жана чек ара аралык төлөмдөргө да интеграцияланышы мүмкүн.
Улуттук банк бул механизм накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүп, которууларды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат деп эсептейт.
@kgosho Билип жаша! | 13 522 |
| 18 | 🎖 «Акыркы сокку: Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы» — онлайн лекция
📅 Бүгүн, 3-сентябрда саат 18:30да (Бишкек убактысы) Жеңиш музейи Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жылдыгына арналган онлайн лекция өткөрөт.
📚 Лекцияда 1945-жылдагы совет-япон согушунун негизги окуялары, Манчжуриядагы стратегиялык чабуул операциясы жана Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктары тууралуу сөз болот.
🌏 Тарыхка, тарыхый эстутумду сактоого жана Экинчи дүйнөлүк согуш окуяларын объективдүү чагылдырууга кызыккандардын баары чакырылат.
🔗 Онлайн трансляцияга кошулуу: cmvov.ktalk.ru/wetebfayjou5
@kgosho Билип жаша! | 12 924 |
| 19 | 🥇 Кыргызстандык спортчулар эр эңиштен үч медаль утту
Кыргызстандык балбандар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1 алтын жана 2 күмүш медаль жеңишти.
Мелдеш 2-сентябрда Чолпон-Атадагы «Көк-Бөрү» аренасында өтүп, ага 8 өлкөдөн 19 спортчу катышты.
🇰🇬 60 кг чейин — 🥈 Кыргызстан
🇰🇬 70 кг чейин — 🥈 Кыргызстан
🇰🇬 80 кг чейин — 🥇 Кыргызстан
60 жана 70 кг категорияларында кыргызстандыктар казакстандык спортчуларга утулуп, күмүш медаль тагынды.
💰 Жеңүүчүлөргө 100 миң сом, күмүш медаль ээлерине 80 миң сом, коло медаль ээлерине 60 миң сом берилет.
@kgosho Билип жаша! | 13 951 |
| 20 | 🇪🇪 Эстониянын жаңы президенти болуп Юлле Мадисе шайланды
Эстониянын парламенти 51 жаштагы Юлле Мадисени өлкөнүн жаңы президенти кылып шайлады. Ал депутаттардын үчтөн экисинен көбүнүн колдоосуна ээ болду.
⚖️ Мадисе — кесиби боюнча юрист. Акыркы 11 жылда Эстониянын юстиция канцлери, башкача айтканда өлкөдөгү жогорку юридикалык арбитр болуп иштеген.
Президент Эстонияда негизинен салтанаттуу өкүлчүлүк милдетти аткарат. Ички жана тышкы саясатты негизинен парламент менен өкмөт аныктайт.
Мадисе либералдык көз караштагы саясатчы катары белгилүү. Ал бюрократия жана ашыкча жөнгө салуу ишкердик демилгеге тоскоол болуп жатканын айткан.
📅 Ал президенттик кызматка 11-октябрда киришет. Ошол күнү азыркы президент Алар Карис кызматтан кетет.
@kgosho Билип жаша! | 13 000 |
