ar
Feedback
OSHO

OSHO

الذهاب إلى القناة على Telegram

@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз

إظهار المزيد

📈 نظرة تحليلية على قناة تيليجرام OSHO

تُعد قناة OSHO (@kgosho) في القطاع اللغوي Kirghiz لاعباً نشطاً. يضم المجتمع حالياً 42 690 مشتركاً، محتلاً المرتبة 4 273 في فئة التعليم والمرتبة 30 في منطقة Kyrgyzstan.

📊 مؤشرات الجمهور والحراك

منذ تأسيسه في невідомо، حقق المشروع نمواً سريعاً وجمع 42 690 مشتركاً.

بحسب آخر البيانات بتاريخ 01 أغسطس, 2026، تحافظ القناة على نشاط مستقر. خلال آخر 30 يوماً تغيّر عدد الأعضاء بمقدار 10 096، وفي آخر 24 ساعة بمقدار 660، مع بقاء الوصول العام مرتفعاً.

  • حالة التحقق: غير موثّقة
  • معدل التفاعل (ER): يبلغ متوسط تفاعل الجمهور 19.68‎%. وخلال أول 24 ساعة من النشر يحصد المحتوى عادةً 23.51‎% من ردود الفعل نسبةً إلى إجمالي المشتركين.
  • وصول المنشورات: يحصل كل منشور على متوسط 8 397 مشاهدة. وخلال اليوم الأول يجمع عادةً 10 030 مشاهدة.
  • التفاعلات والاستجابة: يتفاعل الجمهور بانتظام؛ متوسط التفاعلات لكل منشور يبلغ 7.

📝 الوصف وسياسة المحتوى

يصف المؤلف القناة بأنها مساحة للتعبير عن الآراء الذاتية:
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз

بفضل وتيرة التحديث المرتفعة (أحدث البيانات بتاريخ 02 أغسطس, 2026) تحافظ القناة على حداثتها ومستوى وصول مرتفع. وتُظهر التحليلات تفاعلاً نشطاً من الجمهور، ما يجعلها نقطة تأثير مهمة ضمن فئة التعليم.

42 690
المشتركون
+66024 ساعات
+2 7967 أيام
+10 09630 أيام

جاري تحميل البيانات...

القنوات المماثلة
لا توجد بيانات
هل تواجه مشاكل؟ يرجى تحديث الصفحة أو الاتصال بمدير الدعم الخاص بنا.
سحابة العلامات
لا توجد بيانات
هل تواجه مشاكل؟ يرجى تحديث الصفحة أو الاتصال بمدير الدعم الخاص بنا.
الإشارات الواردة والصادرة
---
---
---
---
---
---
جذب المشتركين
أغسطس '26
أغسطس '26
+682
في 0 قنوات
يوليو '26
+10 206
في 1 قنوات
Get PRO
يونيو '26
+8 440
في 0 قنوات
Get PRO
مايو '26
+1 593
في 1 قنوات
Get PRO
أبريل '26
+1 763
في 0 قنوات
Get PRO
مارس '26
+1 781
في 1 قنوات
Get PRO
فبراير '26
+2 617
في 0 قنوات
Get PRO
يناير '26
+3 227
في 5 قنوات
Get PRO
ديسمبر '25
+2 129
في 0 قنوات
Get PRO
نوفمبر '25
+2 604
في 0 قنوات
Get PRO
أكتوبر '25
+7 793
في 0 قنوات
Get PRO
سبتمبر '25
+441
في 0 قنوات
Get PRO
أغسطس '25
+420
في 1 قنوات
Get PRO
يوليو '25
+353
في 0 قنوات
Get PRO
يونيو '25
+378
في 0 قنوات
Get PRO
مايو '25
+478
في 0 قنوات
Get PRO
أبريل '25
+392
في 2 قنوات
Get PRO
مارس '25
+918
في 1 قنوات
Get PRO
فبراير '25
+6
في 4 قنوات
Get PRO
يناير '25
+233
في 2 قنوات
Get PRO
ديسمبر '24
+9
في 0 قنوات
Get PRO
نوفمبر '24
+278
في 2 قنوات
Get PRO
أكتوبر '24
+1 742
في 2 قنوات
Get PRO
سبتمبر '24
+1 660
في 4 قنوات
Get PRO
أغسطس '24
+613
في 0 قنوات
التاريخ
نمو المشتركين
الإشارات
القنوات
02 أغسطس+22
01 أغسطس+660
منشورات القناة
🇺🇸💳 АКШ Кыргызстан жарандары үчүн визалык депозиттин суммасын 20 миң долларга чейин көбөйттү 📅 2026-жылдын 3-августунан т
🇺🇸💳 АКШ Кыргызстан жарандары үчүн визалык депозиттин суммасын 20 миң долларга чейин көбөйттү 📅 2026-жылдын 3-августунан тартып АКШнын жаңы эрежеси күчүнө кирет. Ага ылайык, Кыргызстанды кошкондо 50 өлкөнүн жарандары туристтик жана ишкердик виза алууда 20 миң долларга чейинки визалык депозит төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн. 💵 Консулдук кызматкер талапкерден 10 миң, 15 миң же 20 миң доллар өлчөмүндө депозит талап кылууга укуктуу. Негизги сумма катары 15 миң доллар каралат. ⚠️ Депозит бардык жарандардан талап кылынбайт. Ал консулдук кызматкер тиешелүү чечим кабыл алган учурда гана төлөнөт. ❌ Ошондой эле депозитти төлөө виза сөзсүз берилет дегенди билдирбейт. ✅ Эгер жаран АКШдан белгиленген мөөнөттө чыгып, виза шарттарын бузбаса, депозит кайтарылат. Ал эми өлкөдө уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калса, каражат кайтарылбай калышы мүмкүн. 📌 Эске салсак, Кыргызстан бул пилоттук программага 2026-жылдын январынан тартып катышууда. Буга чейин депозиттин эң жогорку өлчөмү 15 миң доллар болчу. @kgosho Билип жаша!

2
🇰🇬🤝🇷🇺 Россия Кыргызстанга 1,7 миң тоннадан ашык азык-түлүк жардамын берди 🌾 Россия БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк пр+1
🇰🇬🤝🇷🇺 Россия Кыргызстанга 1,7 миң тоннадан ашык азык-түлүк жардамын берди 🌾 Россия БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) алкагында Кыргызстанга 1,7 миң тоннадан ашык витаминдештирилген ун жана 200 тоннадан ашык өсүмдүк майын гуманитардык жардам катары өткөрүп берди. 📦 Жардамдын курамында түндүк аймактарга 607 тонна ун жана 81 тонна күн карама майы, ал эми Ош облусуна жана түштүк аймактарга 1 147 тонна ун менен 121 тонна витаминдештирилген май жеткирилет. 💬 Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновдун айтымында, Россия Кыргызстандагы БУУнун азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. 2008-жылдан бери бул максатка 122 миллион доллардан ашык каражат бөлүнүп, жыл сайын 100 миңдей адамга жардам көрсөтүлүүдө. 🛠 Программанын алкагында азык-түлүк жардамын алган жарандар аймактарды көрктөндүрүү, сугат каналдарын тазалоо, суу менен камсыздоону жакшыртуу жана селден коргоочу курулуштарды куруу сыяктуу коомдук иштерге катышат. @kgosho Билип жаша!
12 077
3
🏇🌍 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 113 өлкөдөн 3 миң спортчу келет 🌎 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 113 өлкөсүнөн 3 миң спортчу катышат. Алар 42 спорт түрү боюнча күч сынашып, маданий жана илимий иш-чараларга да катышышат. 🆕 Быйыл оюндарга Австралия, Жаңы Зеландия, Алжир, Бурунди, Гамбия, Иордания, Египет, Кабо-Верде, Кот-д’Ивуар, Оман, Уганда, Эфиопия жана Түндүк Македония алгачкы жолу катышат. 🐎 Спорттук программага 42 дисциплина киргизилди. Алардын арасында тыйын эңмей, көкпар, стронгмен жана бурят элинин улуттук оюну – омуртка сөөгүн сындыруу боюнча мелдеш да бар. 👥 Уюштуруучулардын маалыматына караганда, быйыл оюндарды көрүү үчүн 100 миңге жакын конок келери күтүлүүдө. Салыштыруу үчүн, 2018-жылы Кыргызстанда өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 84 өлкө катышып, мелдештерге 50 миңден ашуун көрүүчү барган. 📅 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. @kgosho Билип жаша!
11 825
4
✈️ «Каракол» аэропорту августта алгачкы эл аралык каттамды кабыл алат 🛫 «Каракол» эл аралык аэропорту алгачкы эл аралык катт
✈️ «Каракол» аэропорту августта алгачкы эл аралык каттамды кабыл алат 🛫 «Каракол» эл аралык аэропорту алгачкы эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдыкты аяктап жатат. 🏗 «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын маалыматына ылайык, учуп-конуу тилкесин узартуу долбоорунун даярдыгы 95%га жетти. Негизги курулуш иштери бүткөрүлүп, жаңы тилкеге заманбап жарык берүүчү жабдуулар орнотулду. Учурда аларды техникалык сыноо жана учурдагы система менен интеграциялоо иштери жүрүүдө. 📅 Алгачкы техникалык эл аралык каттам август айынын ортосунда аткарылары күтүлүүдө. Ошондой эле авиакомпаниялар менен туруктуу эл аралык каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. 🌍 Долбоор өлкөнүн авиациялык инфраструктурасын жаңылоонун алкагында ишке ашырылып, Ысык-Көл аймагындагы туризмди өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын эл аралык аба байланыштарын кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө. @kgosho Билип жаша!
10 828
5
🇰🇬🤝🇷🇺 Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарын коргоо маселесин талкуулашты 📅 16-июлда Кыргызстан менен Россиянын эмгек ишмердүүлүгү жана мигранттарды социалдык жактан коргоо маселелери боюнча биргелешкен жумушчу тобунун 18-жыйыны өттү. 👥 Жолугушууда эки өлкөнүн өкүлдөрү миграциялык абал, учурдагы статистика жана мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу пикир алышты. 🛡 Өзгөчө көңүл Россияда эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына бурулду. Тараптар алардын социалдык жана укуктук корголушун камсыздоо боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти. @kgosho Билип жаша!
11 973
6
✈️ Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстандын бирдиктүү туристтик виза демилгесин колдоду 🇰🇬 Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чет элдик туристтерге арналган бирдиктүү туристтик визаны киргизүү боюнча Кыргызстандын демилгесин Казакстан жана Өзбекстан колдогонун билдирди. 🤝 Мамлекет башчысы бул демилге аймактагы бардык өлкөлөр тарабынан колдоого алынарына үмүт артарын айтты. 🌍 Демилге учурда Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын лидерлеринин бейформал консультативдик жолугушуусунда талкууланууда. Лидерлер соода, энергетика, туризм, транспорттук коридорлор жана аймактык коопсуздук маселелерин карап жатышат. 📌 Эске салсак, 2025-жылдын март айында Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда визасыз режимди кеңейтүүнү жана чет элдик туристтер үчүн Шенген системасына окшош бирдиктүү визаны түзүүнү сунуштаган. @kgosho Билип жаша!
10 980
7
🌍 Чолпон-Атадагы саммит: Борбор Азия лидерлери аймактык кызматташтыкты күчөтүүнү талкуулашты 🇰🇬 Президент Садыр Жапаров Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги 2027–2028-жылдардагы мүчөлүгү учурунда Борбор Азиянын жалпы кызыкчылыктарын илгерилетерин билдирди. Ошондой эле ал чет элдик туристтер үчүн Борбор Азиянын бирдиктүү туристтик визасын киргизүүнү тездетүүнү сунуштап, транспорттук байланыштарды, энергетикалык кызматташууну, Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу сыяктуу стратегиялык долбоорлорду өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи. 🇺🇳✈️ 🇦🇿 Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу Азербайжандын тышкы саясатындагы башкы багыттардын бири экенин айтты. Ал Борбор Азия менен Азербайжан бүгүнкү күндө бирдиктүү геосаясий жана геоэкономикалык мейкиндикке айланып жатканын белгилеп, кызматташтыкты мындан ары дагы кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. 🤝 🇰🇿 Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия азыр өз тарыхындагы эң ийгиликтүү мезгилди баштан кечирип жатканын айтты. Ал аймакты өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгууну сунуштап, Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышын куттуктады. 🌟 🇹🇲 Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 2026-жылдын 8-октябрында Аваза шаарында өтө турган кийинки саммиттин күн тартибинде коопсуздук, соода-экономика, энергетика, транспорт, экология, суу ресурстары жана маданий-гуманитардык кызматташтык өңдүү беш негизги багыт талкууланарын билдирди. 🌱 🇹🇯 Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азияда заманбап технологиялар менен ири мунай иштетүүчү завод куруу демилгесин көтөрдү. Ошондой эле энергетикалык коопсуздук, транспорт, логистика, санариптештирүү жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташууну күчөтүүгө чакырды. ⚡🏭 🇺🇿 Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мурда бөлүнүп турган Борбор Азия өлкөлөрү бүгүн бир максаттын айланасында биригип жатканын белгиледи. Ал Азербайжандын форматка кошулушу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтып, аймакты билим берүү, илим жана инновациянын атаандаштыкка жөндөмдүү борборуна айландыруу, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип аракеттенүү зарылдыгын белгиледи. 📚🌍 ℹ️ Бейформал консультативдик жолугушуу 31-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өттү. Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын лидерлери жана Азербайжандын президенти катышып, аймактык коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика, туризм жана инвестициялык кызматташтык маселелерин талкуулашты. @kgosho Билип жаша!
11 474
8
⛽ Кыргызстан Россия менен ай сайын 100 миң тонна күйүүчү май жеткирүү боюнча макулдашты 🇰🇬🤝🇷🇺 Кыргызстан менен Россия ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды (ГСМ) жеткирүү тууралуу өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюшту. 💰 Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин айтымында, күйүүчү майдын баасы азырынча макулдаша элек. Жакынкы күндөрү Кыргызстандын Мунай ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү Россияга барып, баа жана жеткирүү шарттарын талкуулашат. ⛽ Өкмөт ички рынокту бензин жана дизель менен толук камсыздоо үчүн башка өлкөлөр менен да сүйлөшүүлөрдү улантарын билдирди. 📌 Эске салсак, Россия мунай продуктуларын экспорттоого коюлган чектөөнү 2027-жылдын 31-январына чейин узарткан. Бирок 1-сентябрдан тартып өкмөттөр аралык келишимдердин алкагында күйүүчү май жеткирүүгө уруксат берилет. 📊 Кыргызстан жылына болжол менен 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды керектейт. Анын 95%га жакыны Россиядан импорттолот. @kgosho Билип жаша!
10 124
9
🇰🇬🇺🇿 Кыргызстан менен Өзбекстан каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 15 күнгө чейин узартат Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары эми коңшу өлкөгө баргандан кийин 15 күнгө чейин каттоого турбай жүрө алышат. Тиешелүү протокол Ысык-Көлдө президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев кол койгон документтер пакетине кирди. 📝 Жаңы тартипке ылайык, эки өлкөнүн жарандары чек арадан өткөн күндөн тартып 15 суткага чейин кабыл алуучу өлкөдө туруктуу же убактылуу каттоодон өтүүгө милдеттүү болбойт. Бул өзгөртүү 2006-жылы түзүлгөн жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө эки тараптуу макулдашууну толуктайт. 📌 Буга чейин Кыргызстанда Өзбекстандын жарандары өлкөгө киргенден кийин 5 күндүн ичинде ички иштер органдарына каттоого турууга милдеттүү болчу. @kgosho Билип жаша!
10 346
10
🎓 Кыргызстанда «Айылдан келечекке» аттуу жаңы билим берүү программасы ишке кирет Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өлкөдө «Айылдан келечекке» аттуу аймактык билим берүү программасы ишке киргизилет. Программа: 🔹 аймактарды колдоого; 🔹 айыл жаштарына жогорку билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө; 🔹 өлкөнүн кадрдык потенциалын чыңдоого багытталган. 📚 Жарлыкка ылайык, жыл сайын айылдык мектептердин кеминде беш бүтүрүүчүсү аймактарды өнүктүрүү фонддорунун эсебинен ЖОЖдордо контракттык негизде окууга каржыланат. Бул үчүн бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) белгиленген босого упайдан төмөн эмес жыйынтык алышы керек. 📌 2026-жылы ЖОЖдорго өтүү үчүн босого упай: • негизги тест – 110 упай; • предметтик тест – 60 упай. @kgosho Билип жаша!
11 050
11
🇹🇲 Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга келди Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Азербайжандын президентинин бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. ✈️ Жогорку даражалуу конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. 🤝 Чолпон-Ата шаарында өтө турган жолугушууда лидерлер: аймактык кызматташууну өнүктүрүү; өнөктөштүктү чыңдоо; эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат. @kgosho Билип жаша!
11 148
12
💸 Той-топурдагы ашыкча чыгымдарга каршы күрөшүүгө эми мэриялар менен айыл өкмөттөр да жооптуу болот Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. 🔹 Мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар беренелерден «курултай» түшүнүгү алып салынды. 🔹 Ошондой эле шаардык мэриялар менен айыл өкмөттөрдүн ыйгарым укуктарына жаңы милдет кошулду. Эми алар үй-бүлөлүк тойлордо, маркумду эскерүү иш-чараларында жана башка салттуу жөрөлгөлөрдө ашыкча ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү. Эске салсак, 2022-жылдын февраль айында президент диний жөрөлгөлөрдө, каада-салттарда жана башка иш-чараларда ашыкча чыгымдарды болтурбоого багытталган жарлыкка кол койгон. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарына, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге үлгү көрсөтүп, ашыкча чыгымсыз той өткөрүү сунушталган. @kgosho Билип жаша!
12 141
13
💵 Кыргызстанга акча которуулар 1,2 млрд доллардан ашты Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстанга жеке жактар тарабынан 1 миллиард 247,4 миллион доллар акча которулган. 📊 Ошол эле мезгилде өлкөдөн сыртка 115,1 миллион доллар чыгарылган. Натыйжада таза валюта агымы 1 миллиард 132,3 миллион долларды түздү. 📈 Май айында өлкөгө келген акча которуулардын көлөмү 287,9 миллион долларга жетип, жыл башынан берки эң жогорку көрсөткүч болду. 💸 Ошол эле учурда өлкөдөн сыртка акча чыгаруу да көбөйдү. Май айында бул көрсөткүч 35,7 миллион долларды түзүп, апрель айына салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн. 🌍 Кыргызстанга келген акча которууларынын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн, айрыкча Россиядан түшкөн. Алыскы чет өлкөлөрдүн ичинен эң көп каражат АКШдан жөнөтүлгөн. @kgosho Билип жаша!
10 545
14
🇰🇬🇹🇯 Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Азербайжандын лидеринин бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. 📍 Жолугушуу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. ✈️ «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды. 🤝 Эске салсак, буга чейин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да келген. @kgosho Билип жаша!
11 358
15
✈️ Asman Airlines 1-августтан тарта ички каттамдардын билет баасын жогорулатат Asman Airlines авиакомпаниясы 2026-жылдын 1-августунан тартып айрым ички каттамдар боюнча билеттердин баасын көтөрөт. ⛽ «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын маалыматына ылайык, тарифтердин өзгөрүшүнө авиациялык күйүүчү майдын баасынын 32 пайызга кымбатташы себеп болгон. 💰 Жаңы бир тараптуу тарифтер: • Бишкек – Ош: 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин; • Бишкек – Манас: 4 100 сомдон 5 000 сомго чейин. 🎫 Билеттин акыркы баасы сатып алуу күнүнө, каттамдын толушуна жана тарифтик класстагы орундардын санына жараша аныкталат. 📌 Буга чейин бул багыттар боюнча билеттин баасы 3 600 сомдон 5 500 сомго чейин болчу. @kgosho Билип жаша!
11 284
16
🇰🇬🤝🇦🇿 Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 30-июлда президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. 👥 Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлери жеке форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. 🏛️ Ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешинин үчүнчү жыйыны өтөт. 📈 Расмий маалыматка ылайык, бул сапар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн дагы бекемдейт деп күтүлүүдө. @kgosho Билип жаша!
10 415
17
🤝 Кыргызстан менен Өзбекстан товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүүнү макулдашты Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анын жыйынтыгында Шериктештик мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту. 📄 Макулдашууларды ишке ашыруу үчүн өлкөлөр Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзмөй болушту. 🛣️ Садыр Жапаров келишимдер чек ара маселелерин толук жөнгө салып, өткөрмө пункттарынын санын көбөйтүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Бул чек ара аймактарындагы жашоочулар, соода, транспорттук логистика жана гуманитардык байланыштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. ⚡ Ошондой эле президент Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун стратегиялык маанисине токтолду. 🌍 Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев бул күндү тарыхый күн деп атап, эки өлкөнүн мамилеси союздаштык деңгээлге көтөрүлгөнүн билдирди. Ал эми өз ара товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдашууга жетишилгенин айтып, бул көрсөткүч акыркы чек эмес экенин белгиледи. 🚆 Мирзиёев Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун «кылымдын курулушу» деп атап, ал Борбор Азиядагы геосаясий абалга олуттуу таасир этерин айтты. @kgosho Билип жаша!
12 282
18
🏛️ Ташкенттеги советтик модернизмдин 10 имараты ЮНЕСКОнун тизмесине кирди Өзбекстандын Ташкент шаарындагы советтик модернизм стилинде курулган 10 имарат ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Бул чечим ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас комитетинин 48-сессиясында кабыл алынды. 🌍 Өзбекстан Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинен XX кылымдагы модернисттик архитектураны ЮНЕСКОнун тизмесине киргизген биринчи мамлекет болду. 🇰🇬 Ал эми Кыргызстанда акыркы айларда бир катар совет доорундагы имараттар тарыхый жана маданий эстелик макамынан ажыратылды. 📍 Алардын арасында: • Бишкектеги Республикалык көз клиникасынын имараты (1939-жыл); • Кургак учук институтунун имараты (1949-жыл); • ошондой эле мурда «Кыргызстан Аба Жолдору» жана улуттук кафе жайгашкан имараттар бар. ⚠️ Ошентип, Өзбекстан советтик архитектураны эл аралык деңгээлде коргоого алып жаткан чакта, Кыргызстанда мамлекеттик коргоодогу тарыхый имараттардын саны кыскарууда. @kgosho Билип жаша!
12 199
19
🏦 Улуттук банк насыялар боюнча пайыздарды жана комиссияларды чектөөнү сунуштады Кыргызстандын Улуттук банкы коомдук талкууга банк секторунун ишине өзгөртүү киргизе турган мыйзам долбоорун чыгарды. Документке ылайык, жөнгө салуучу орган банктардын жана башка каржы уюмдарынын комиссияларын, тарифтерин жана насыялар боюнча пайыздык чендерин чектөө укугуна ээ болушу мүмкүн. 💳 Улуттук банктын маалыматына ылайык, учурда: • ар башка банктардын кардарларынын ортосундагы акча которуулар үчүн комиссия 0,5–1% чейин жетет; • төлөм терминалдары аркылуу эсепти же электрондук капчыкты толуктоо үчүн комиссия 5% чейин алынат; • айрым насыялар боюнча пайыздык чендер 33–34% чейин жеткен. 🛡️ Мыйзам долбоору банктарды алдамчылыкка каршы автоматтык системаларды (антифрод) киргизүүгө милдеттендирет. Мындай системалар шектүү операцияларды аныктап, зарыл учурда эсептерди убактылуу бөгөттөй алат. Бул иштердин натыйжалуулугун Улуттук банк көзөмөлдөйт. 📈 Ошондой эле банктарга белгилүү талаптарды сактоо менен финансылык эмес тармактарга да инвестиция салууга уруксат берүү сунушталууда. Бул реалдуу секторго көбүрөөк инвестиция тартууга жардам берет деп күтүлүүдө. ⚠️ Ошол эле учурда Улуттук банк мындай өзгөрүүлөрдүн тобокелдиктерин да белгиледи. Комиссиялар менен пайыздык чендерди чектөө банктардын кирешесин азайтып, жаңы кызматтарды өнүктүрүүгө жана тобокелдиги жогору кардарларга насыя берүүгө таасир этиши мүмкүн. 📊 Эгер мыйзам кабыл алынса, жаңы талаптар: • 21 коммерциялык банкка; • 194 банктык эмес каржы-насыя уюмуна; • 41 төлөм уюмуна; • 40 төлөм системасынын операторуна жайылтылат. @kgosho Билип жаша!
10 404
20
🗳️ Кыргызстанда кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалды Президент Садыр Жапаров шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду. Ага ылайык, өлкөдө президенттик жана парламенттик шайлоонун бир катар эрежелери өзгөрөт. 📌 Негизги өзгөрүүлөр: • кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт; • мындан ары президенттик шайлоо президенттин ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт; • президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү акы төлөнүүчү эс алуу күнү болот; • «шайлоо дареги» түшүнүгү жоюлат; • бир шайлоо участогунда, эреже катары, 4 миңден ашык шайлоочу болбоого тийиш; • талапкерлер жана саясий партиялар шайлоо фондун алдын ала түзүп, бардык чыгымдарды ошол фонд аркылуу жүргүзүшү керек; • шайлоочулардын колун эми кагаз түрүндө гана эмес, булуттагы санариптик кол тамга аркылуу да чогултууга уруксат берилет; • ар бир шайлоо участогунда талапкер же партия үчтөн ашык эмес үгүтчү тарта алат. 📄 Мыйзам расмий жарыялангандан кийин жаңы эрежелер күчүнө кирет. @kgosho Билип жаша!
10 924