OSHO
📈 Análisis del canal de Telegram OSHO
El canal OSHO (@kgosho) en el segmento lingüístico de Kirguís es un actor destacado. Actualmente la comunidad reúne a 36 856 suscriptores, ocupando la posición 5 080 en la categoría Educación y el puesto 32 en la región Kirguistán.
📊 Métricas de audiencia y dinámica
Desde su creación el невідомо, el proyecto ha mostrado un crecimiento acelerado, reuniendo a 36 856 suscriptores.
Según los últimos datos del 14 julio, 2026, el canal mantiene una actividad estable. En los últimos 30 días la variación de miembros fue de 10 272, y en las últimas 24 horas de 56, conservando un alto alcance.
- Estado de verificación: No verificado
- Tasa de interacción (ER): El promedio de interacción de la audiencia es 18.87%. Durante las primeras 24 horas tras publicar, el contenido suele obtener 19.08% de reacciones respecto al total de suscriptores.
- Alcance de las publicaciones: Cada publicación recibe en promedio 6 953 visualizaciones. En el primer día suele acumular 7 029 visualizaciones.
- Reacciones e interacción: La audiencia responde de forma activa: el promedio de reacciones por publicación es 7.
📝 Descripción y política de contenido
El autor describe el recurso como un espacio para expresar opiniones subjetivas:
“@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз”
Gracias a la alta frecuencia de actualizaciones (últimos datos recibidos el 15 julio, 2026), el canal mantiene la vigencia y un amplio alcance. La analítica demuestra que la audiencia interactúa activamente con el contenido, lo que lo convierte en un punto de referencia dentro de la categoría Educación.
Carga de datos en curso...
| Fecha | Crecimiento de Suscriptores | Menciones | Canales | |
| 15 julio | +26 | |||
| 14 julio | +56 | |||
| 13 julio | +668 | |||
| 12 julio | +59 | |||
| 11 julio | +656 | |||
| 10 julio | +82 | |||
| 09 julio | +603 | |||
| 08 julio | +62 | |||
| 07 julio | +612 | |||
| 06 julio | +70 | |||
| 05 julio | +677 | |||
| 04 julio | +64 | |||
| 03 julio | +690 | |||
| 02 julio | +62 | |||
| 01 julio | +667 |
| 2 | 📱 Коррупция тууралуу эми «Түндүк» аркылуу билдирүүгө болот
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде коррупция фактылары тууралуу билдирүү жөнөтүүчү жаңы кызмат ишке кирди.
📌 Сервисти Башкы прокуратура «Укук» мекемеси жана «Түндүк» ААКсы менен биргеликте иштеп чыккан.
Кайрылуу жөнөтүү үчүн тиркемеден «Коррупция тууралуу билдирүү» кызматын тандап, электрондук форманы толтуруу керек. Зарыл болсо, сүрөт, документ жана башка далилдерди тиркөөгө болот.
⚖️ Арыз берүүчүнүн тандоосу боюнча кайрылуу Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт.
Жаңы сервис 2026–2027-жылдарга карата антикоррупциялык маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасынын алкагында ишке киргизилди.
@kgosho Билип жаша! | 1 215 |
| 3 | 📚 Кыргызстанда китеп чыгарууну өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки программасы даярдалууда
Кыргызстанда китеп басып чыгаруу тармагын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки программасы иштелип жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
📌 Анын айтымында, мамлекет тарабынан чыгарылган китептер кылдат тандоодон жана экспертизадан өтөт.
Ал эми жеке басмаканалардын ишин өнүктүрүү жана тармактагы сапатты жакшыртуу үчүн өзүнчө программа даярдалууда.
🎭 Министр театрларда коюла турган спектаклдер да алдын ала көркөм-эксперттик комиссия тарабынан текшерилерин белгиледи.
Эксперттердин эскертүүлөрү оңдолгондон кийин гана спектаклди коюуга уруксат берилет.
@kgosho Билип жаша! | 7 494 |
| 4 | 🇰🇬 Кыргыз тилин өнүктүрүүнүн 2028-жылга чейинки жаңы программасы бекитилди
Министрлер кабинети 2026–2028-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын бекитти. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
📌 Документ мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзамды ишке ашырууга жана жакынкы үч жылда тил саясатын улантууга багытталган.
Программа менен кошо иш-чаралар планы, максаттуу көрсөткүчтөрдүн матрицасы жана керектүү каржынын эсеби да бекитилди.
🏛 Министрликтер, мамлекеттик органдар, президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрү жана жергиликтүү бийлик органдары программаны аткарууга милдеттүү.
Алар ар алты айда жана жыл сайын Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга отчет берип турушат.
📄 Ошондой эле 2021–2025-жылдарга карата мурдагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы күчүн жоготту деп таанылды.
Токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
@kgosho Билип жаша! | 6 835 |
| 5 | 🐾 Кыргызстанда ветеринардык дарыканаларга жаңы талаптар киргизилди
Министрлер кабинети ветеринардык дары-дармектерди өндүрүү, дүң жана чекене сатуу боюнча лицензиялык талаптарды жаңылады.
📌 Ветеринардык дарыканаларда жогорку же орто кесиптик ветеринардык билими бар адис иштеши керек. Дарыкананын аянты кеминде 10 чарчы метр болушу зарыл.
❄️ Ошондой эле вакцина сактоочу муздаткыч, витрина, кондиционер, температура менен нымдуулукту көзөмөлдөөчү жабдуулар жана кардарларды тейлөө үчүн өзүнчө аймак болушу милдеттүү.
Дүң кампалардын аянты кеминде 20 чарчы метр болуп, аларда муздаткыч жабдуулар, кондиционерлер жана сактоо шарттарын каттоочу журналдар болушу керек.
🏭 Ал эми өндүрүүчүлөрдөн атайын билими бар кызматкерлер, талапка жооп берген өндүрүш жайлары, өзүнчө кампалар жана калдыктарды зыянсыздандыруучу жабдуулар талап кылынат.
🚫 Ветеринардык препараттарды химиялык, биологиялык заттар жана башка багыттагы дары-дармектер менен бирге сактоого жана сатууга тыюу салынат.
Жаңы талаптар токтом жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
@kgosho Билип жаша! | 6 781 |
| 6 | 🏛 Кыргызстанда тарыхый эстеликтерди тизмеден чыгарууга мораторий киргизүү сунушталды
Кыргызстанда тарых жана маданият эстеликтерин мамлекеттик тизмеден чыгарууга убактылуу тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
📌 Анын айтымында, министрлик тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп жатат.
Буга чейин Министрлер кабинети Республикалык көз клиникасынын жана Кургак учук институтунун имараттарын республикалык маанидеги эстеликтердин тизмесинен чыгарган.
Ошондой эле мурда «Кыргызстан Аба Жолдору» авиакомпаниясынын имараты жана Тоголок Молдо — Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги улуттук кафенин имараты да коргоо статусунан ажыратылган.
⚠️ Коомчулукта тарыхый жана архитектуралык мурастарды жоготуу маселеси бир нече жолу көтөрүлүп келген.
@kgosho Билип жаша! | 7 176 |
| 7 | 🔬 Кыргызстанда илимий изилдөөлөргө каражат сынак аркылуу бөлүнөт
Министрлер кабинети илимди жана инновацияларды мамлекеттик колдоо системасын реформалоого багытталган жаңы жоболорду бекитти.
📌 Негизги өзгөрүүлөрдүн бири — илимий долбоорлорду конкурстук негизде каржылоого өтүү. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги мамлекеттик заказдын алкагында изилдөөлөргө жана долбоорлорго каражатты сынак аркылуу бөлөт.
Ошондой эле Илимий фонддун эсебинен илимий уюмдарга жаңы базалык каржылоо берүүгө мораторий киргизилди. Буга чейин мындай каржылоо алып келген мекемелерге гана өзгөчө шарт каралган.
🧪 Документте илимий долбоорлорду көз карандысыз экспертизадан өткөрүү тартиби жана илимий кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттары да такталды.
💰 Каржы министрлигине өзгөртүүлөрдү 2026-жылдагы республикалык бюджетке жана 2027–2028-жылдардын пландык көрсөткүчтөрүнө киргизүү тапшырылды.
@kgosho Билип жаша! | 6 660 |
| 8 | ⚖️️ Шайырбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү 16-сентябрга чейин узартылды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевдин тергөө абагында кармоо мөөнөтү 16-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.
📌 Ал «Кыргызнефтегаз» ААКсына байланыштуу кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары өтүүдө.
Тергөө материалдарына ылайык, көмүскө ортомчулук схемалар жана чийки затты күмөндүү эсептен чыгаруу мамлекеттик ишканага 4 миллиард сомдон ашык зыян келтирген.
Шайырбек Ташиев 1-апрелде коррупцияга шектелип кармалган. Ошондон бери камакта.
@kgosho Билип жаша! | 7 071 |
| 9 | 🏅 Министрлер кабинети 23 ардактуу наам негиздеди
Министрлер кабинети 23 ардактуу наамдын тизмесин жана Ардак грамота менен сыйлоонун жаңы тартибин бекитти.
Алардын арасында «Эмгек сиңирген артист», «Эмгек сиңирген дарыгер», «Эмгек сиңирген мугалим», «Эмгек сиңирген юрист», «Эмгек сиңирген ишкер», «Эмгек сиңирген илим ишмери» жана башка наамдар бар.
📌 Наамдар тиешелүү тармакты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон Кыргызстандын жарандарына, чет элдиктерге жана жарандыгы жок адамдарга ыйгарылат.
Көпчүлүк наамдар үчүн кеминде 20 жылдык эмгек стажы талап кылынат. Ал эми «Эмгек сиңирген ишкер» наамына кеминде беш жыл үзгүлтүксүз ишкерлик жүргүзгөн компания негиздөөчүлөрү талапкер боло алышат.
💻 Сыйлыкка көрсөтүү боюнча документтер «Сыйлык» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу берилет.
Чечимди сыйлыктар боюнча комиссия кабыл алып, ал Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемеси менен бекитилет. Ардактуу наам бир адамга бир гана жолу ыйгарылат. @kgosho Билип жаша! | 7 794 |
| 10 | 🇶🇦 Катардагы абал чыңалган бойдон калууда
Жакынкы Чыгыштагы аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Катардагы абал чыңалган бойдон калууда. Бирок учурда Кыргызстандын жарандарынан эвакуациялоо өтүнүчү түшкөн жок.
📌 Кыргызстандын Катардагы элчилигинин өкүлү Шумкарбек Курсановдун айтымында, дипломатиялык өкүлчүлүк жана консулдук бөлүм күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
🚀 Катар аймагына маал-маалы менен ракеталык чабуулдар жасалууда. Акыркы сокку кечээ саат 06:30 чамасында катталган. Катардын абадан коргонуу системасы бардык ракеталарды абада жок кылып, жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
Буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн 592 кыргызстандык эвакуацияланган. Алардын 212си Катардан чыгарылган.
✈️ Учурда Катардын аба мейкиндиги ачык, эл аралык каттамдар кадимки режимде аткарылууда.
Элчилик Кыргызстандын жарандары Катарга эркин барып, туруктуу каттамдар менен мекенине кайтып жатканын билдирди.
@kgosho Билип жаша! | 7 646 |
| 11 | ✈️ «Манас» аэропортунун негизги кире бериши ремонттон кийин ачылды
«Манас» эл аралык аэропортунун имаратына кирүүчү башкы бөлүк 12-июлда масштабдуу реконструкциядан кийин ачылды.
🏗 Жаңылоо иштери аэровокзал комплексин модернизациялоонун алкагында жүргүзүлдү. Долбоор имараттын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун арттырууга жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Учурда аэровокзалдын аймагында сырткы жасалгалоо иштери аяктап жатат. Имараттын ичинде курулуш жана оңдоо иштери уланууда.
📌 Реконструкция толук бүткөндөн кийин жаңыланган терминал жүргүнчүлөр жана аэропорттун коноктору үчүн дагы ыңгайлуу шарттарды түзөт.
@kgosho Билип жаша! | 6 953 |
| 12 | 💰 Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 41,8 млрд сом жумшады
2026-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 41,8 млрд сом багыттады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
🌍 Тышкы карыз боюнча төлөмдөр 23,8 млрд сомду түзүп, жалпы чыгымдын 57 пайызына жакынын ээледи. Анын 18,7 млрд сому негизги карызды жабууга, 5 млрд сому пайыздык төлөмдөргө кеткен.
🏦 Ички карызды тейлөөгө 18,1 млрд сом
@kgosho Билип жаша! | 6 875 |
| 13 | 🌍 “Кыргызстан да кооптуу аймакка кирет”. ДССУ зилзала коркунучу бар аймактарга алдын-ала даярданууну эскертти
⚠️ ДССУ Кыргызстан менен Тажикстандын дээрлик бардык аймагы сейсмикалык коркунучу өтө жогору зонага кирерин белгилейт. Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын айрым аймактары да тобокелдикте.
Өзгөчө Фергана өрөөнү кооптуу деп бааланууда. Бул аймакта Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аймагында жалпы 11 миллионго жакын адам жашайт.
🏥 Эксперттер жер титирөө учурунда ооруканалар ишин токтотпошу керектигин эскертишет. Сейсмикалык талаптарды эске алып жаңы оорукана куруу долбоордун баасын 4 пайызга жетпеген өлчөмдө гана жогорулатат.
🚑 ДССУ медициналык мекемелерди бекемдөө, тез жардам бригадаларын даяр кармоо, машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүү жана улгайган адамдарды, майыптыгы бар жарандарды өзгөчө коргоо зарыл экенин белгиледи.
Уюмдун негизги эскертүүсү: кийинки кырсык болгондон кийин эмес, ага чейин даярдануу керек.
@kgosho Билип жаша! | 7 756 |
| 14 | 🎓 Кыргызстанда ЖОЖдорго жана колледждерге кабыл алуунун биринчи туру башталды
Бүгүн, 13-июлда Кыргызстанда ЖОЖдорго, колледждерге жана кесиптик лицейлерге кабыл алуу башталды.
📲 Документтер «Абитуриент Онлайн» платформасы аркылуу онлайн кабыл алынат. ЖОЖдорго жана колледждерге кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Искусство жана дене тарбия багыттарында кошумча сынактар каралган.
📌 ЖОЖдор үчүн негизги тесттин минималдуу босого баллы — 110. Педагогикалык багыттарда грантка 130, контрактка 115; медицинада грантка 120, контрактка 110 балл талап кылынат.
Колледждерде көпчүлүк адистиктер үчүн минималдуу босого — 90 балл. Педагогикалык жана медициналык адистиктерде грантка 95, контрактка 90 балл керек.
🛠 Кесиптик лицейлерде 9- жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү курулуш, энергетика, IT, айыл чарба, транспорт, туризм, коомдук тамактануу жана башка багыттар боюнча кесип тандай алышат.
☎️ ЖОЖдорго жана колледждерге тапшыруу боюнча суроолор үчүн 110 номериндеги кол-борбор иштейт.
@kgosho Билип жаша! | 6 745 |
| 15 | 💧 Президент Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.
📌 Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, калктуу конуштардагы дренаждык системаларды күтүү, техникалык тейлөө, оңдоо, калыбына келтирүү, долбоорлоо жана куруу тартибин Министрлер кабинети бекитет.
Ошондой эле жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине дренаждык курулмаларды тейлөө, оңдоо, калыбына келтирүү жана куруу маселелери да киргизилди.
🗓 Министрлер кабинетине мыйзамды ишке ашыруу үчүн үч айдын ичинде бардык зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
⚖️ Мыйзам 2026-жылдын 19-июлунан тартып күчүнө кирет.
@kgosho Билип жаша! | 7 580 |
| 16 | 🌳 Бишкектик тургун шаарга мөмөлүү дарактарды көбүрөөк отургузуп, канаттууларды кайтарууну сунуштады
Экологиялык кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын тургуну мэр Айбек Жунушалиевге борборду жашылдандырууда мөмөлүү дарактарга жана бадалдарга көбүрөөк көңүл бурууну сунуштады.
🐦 Анын айтымында, акыркы жылдары шаарда канаттуулардын саны азайып кеткен. Ошондуктан долоно, алча, четин жана башка мөмөлүү өсүмдүктөрдү көбүрөөк отургузуу керек.
Тургун мындай дарактардын мөмөсү канаттууларга азык болуп, алардын шаарда калышына шарт түзөрүн белгиледи.
🐝 Ошондой эле ал акыркы 15–20 жылда аарылар да кыйла азайганын айтып, алар үчүн ширелүү өсүмдүктөрдүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Анын пикиринде, мөмөлүү бак-дарактарды көбөйтүү шаардагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана экологиялык абалды жакшыртууга жардам берет.
Мэр Айбек Жунушалиев бул сунуш караларын билдирди.
@kgosho Билип жаша! | 7 334 |
| 17 | ⚔️ Ирандын айланасындагы кырдаал кайрадан курчуду
АКШ акыркы бир апта ичинде Ирандагы буталарга үчүнчү ирет ракеталык сокку урганын билдирди. Бул Ормуз кысыгынан өтүп бара жаткан кемеге жасалган ирандык чабуулга жооп катары түшүндүрүлдү.
🚢 Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу кеме «мыйзамсыз багытта жүргөнүн» айтып, Ормуз кысыгы жабылганын жарыялады.
Тегеран АКШ аймактын иштерине кийлигишүүсүн токтотмоюнча кысык жабык бойдон каларын эскертти.
🇮🇷 Ирандын жаңы руханий лидери Можтаба Хаменеи атасы Али Хаменеинин жана америкалык-израилдик соккулардан каза болгон башка ирандыктардын өлүмү үчүн өч алууга убада берди.
Али Хаменеи 2026-жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин анын резиденциясына жасаган соккусунан каза болгон.
🕊 Ошол эле учурда Вашингтон Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү улантууга макул болгонун, бирок мурдагы элдешүү аяктаганын билдирди.
@kgosho Билип жаша! | 7 604 |
| 18 | 🛰 Кытайда Starlink спутниктерине каршы импульстук курал иштелип чыкканы айтылды
Кытайлык аскердик окумуштуулар Starlink спутниктерин иштен чыгарууга жөндөмдүү болушу мүмкүн делген импульстук курал иштеп чыгышкан.
Маалымат Кытайдын Улуттук коргонуу технологиялар университетинин изилдөөчүлөрүнүн илимий макаласында жарыяланган.
⚡️ Авторлордун айтымында, мындай системалардын импульстук кубаттуулугу 100 гигаваттка чейин жетет.
Окумуштуулар технология акыркы жылдары лабораториялык үлгүдөн практикалык колдонуу баскычына өткөнүн, анын кубаттуулугу жана иштөө мөөнөтү жогорулаганын белгилешкен.
💰 Изилдөөчүлөрдүн баамында, мындай системаларды колдонуу космостук буталарды жок кылуучу салттуу каражаттарга салыштырмалуу кыйла арзан болушу мүмкүн.
Азырынча куралдын Starlink спутниктерине каршы иш жүзүндө колдонулганы тууралуу маалымат жок.
@kgosho Билип жаша! | 7 830 |
| 19 | 🍲 Ысык-Көлдө «Дүйнө көчмөндөрүнүн ашканасы» сынагы өтөт
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдө «Дүйнө көчмөндөрүнүн ашканасы» аттуу эл аралык сынак уюштурулат.
👨🍳 Ага Канада, Англия, Түркия, Россия, Монголия, Сауд Арабиясы, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген ашпозчулар — жалпысынан 15 мамлекеттин өкүлдөрү катышат.
Сынак 2–5-сентябрь күндөрү төрт этап менен өтүп, катышуучулар быжы, куурдак жана «жашыруун кутудагы» азыктардан өзгөчө тамак даярдашат.
🔥 Сынактын концепциясы — «Көчмөндөрдүн тамак жасоо ыкмасы жана заманбап тартуулоо». Ошондуктан бардык тамактар таштын үстүндө же казанда бышырылат.
Финалга беш өлкөнүн ашпозчулары өтөт. Гранд-финалда ар бир катышуучуга бирден койдун тушасы берилип, каалаган тамагын даярдоого жети саат убакыт бөлүнөт.
🏆 Жеңүүчүнү Кыргызстандан эки жана Өзбекстан же Казакстандан бир мүчө кирген калыстар тобу аныктайт.
Мындан тышкары, Кырчын жайлоосунда чоң этношаарча жана атайын тамак-аш аймагы курулуп жатат. Оюндардын катышуучуларын 70 ресторан тамак-аш менен камсыздайт.
@kgosho Билип жаша! | 7 376 |
| 20 | ✈️ Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды
«Кыргызстан аэропорттору» ААК билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгында олуттуу мыйзам бузуулар аныкталып, Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды.
📅 7-июлда «Манас» эл аралык аэропортунда Бишкек—Ош багыты боюнча учууга даярданып жаткан Tez Jet учагы менен авиакырсык катталган.
Окуядан кийин Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги расмий иликтөө баштап, авиакомпаниянын ишмердүүлүгүнө пландан тышкаркы текшерүү жүргүзгөн.
🔍 Текшерүүнүн жыйынтыгында учуу коопсуздугуна түздөн-түз таасир эткен мыйзам бузуулар аныкталган. Ушунун негизинде агенттик компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.
🛫 Окуянын жүрүшү:
Учуу тилкесинде ылдамдык ала баштаганда McDonnell Douglas MD-83 учагынын сол шассиси сынып, экипаж учакты шашылыш токтоткон. Натыйжада учак сол канатына жыгылып, күйүүчү май агып чыккан.
👥 Учакта 181 жүргүнчү, 2 учкуч жана 4 борткоштоочу болгон.
📌 Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «TEZ JET» ЖЧКсы 2023-жылы кайра каттоодон өткөн. Компаниянын жетекчиси — Сингх Арун Кумар.
@kgosho Билип жаша! | 6 968 |
