uz
Feedback
Сагыныч❤️‍🔥Сүйүү❤️‍🩹Өкүнүү❤️‍🩹

Сагыныч❤️‍🔥Сүйүү❤️‍🩹Өкүнүү❤️‍🩹

Kanalga Telegram’da o‘tish

Имя пользователя Поэзиялар🔥

Ko'proq ko'rsatish
6 543
Obunachilar
-924 soatlar
-837 kunlar
-22730 kunlar
Postlar arxiv
Башка нааразы болбонуз озу кааласа ачып жаба берет эле.

УЛУТПУЗ БИЗ! Түндүк-түштүк, сай-сай деп чектегениң, Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң. Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн, Биримдигин элиңдин экчебегин. Бир бүтүнгө айлансак улукпуз биз, Бирикпесек улутту куруттук биз, Кыр-кырлардан жыйналган жыйын эмес, Кыргыз деген улутпуз, улутпуз биз. Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү, Өлтүрбөгүн өзүңдү, өз элиңди. Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан, Артыгырак сүй журтту, Мекениңди! Өксүбөсүн бир бооруң жатындашы , Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын. Кыргызстандын жеринде сакта Кудай, Кыргыз каны эми эч чачылбасын! Зобололуу уул-кызың чыгаан болсун, Зор биримдик биз үчүн курал болсун. Кокту -колот, сай-сайга бөлүнбөгүн, Кыргыз деген бир гана ураан болсун!

САДАГАМ Жыл, ай, апта, күндөр өттү арадан, Эстегенде көзгө мөлт-мөлт жаш алам. Сени менен бирге жүргөн күндөрүм, Эстен чыкпайт, эч унутпайм садагам. Өтүп кеткен таттуу мүнөт, күндөрдү, Жүрөк күтүп, келсе экен деп кайрадан. Күтүп жүрүп, сокпой токтоп калчудай, Жүрөк ооруйт, күтүп сени садагам. Сени ойлоп, канча күндү батырдым, Сени ойлоп, канча таңды атырдым. Бир жолугуп кайра эми кезиксек, Кучагыма бекем кысам алтыным. Аманатов Акылбек

🔥🌪️⚡️🌪️🌪️⚡️🔥👍

* * * * Жүрөк ооруйт, көңүлүмдүн баары сен, Көңүл толкуйт , ойлорумда деле сен. Чалдыгыпмын сүйүү деген ооруга , Буга даары ,дабаасыда жалгыз сен. Мындай сезим кыйнайт тура бүт жанды, Оолугамын санаа тартып жанымды . Бул оорудан сакаярмын бир күнү, Айыктырчы жеңилдетчи дартымды. Кудайберген Турсуналиев.

Аяп кетем ар кагышын талпынып, Эмне үчүн, ким деп жашап жүргөнүн. Ырдабагын! Чарчап далай жалкыдым, Эртең күнү кандай өтөт билбедим. Ойлорумду боштондукка жаямын, Ээн талаага, ээнсиреген тентитип. Болду өзүңдү эстебөөгө даярмын, Келбе ээрчип, келбе элес телмирип! Жаңырганын обон, ырдын өчүрөм, Укпайм! Унутам! Жазба катың өтүнүч! Булгап салган сезимдерди өчүргөн, Бил. Ирмемден дак калтырбайт өчүргүч. Тармал чач.

САГЫНДЫМ Сагындым сени. Сагынбайм дегем о бирде, Сабаалап оюм, асмандап бийик жүргөндө. Санаага батып, убайым тартып отуруп, Жүгүрүп чыгам, абалап итим үргөндө. Сагындым сени, сагынуу сырын ич билет, Сагынчым сага жеткиче салкын кеч кирет. Жаз-күзгө, анан кара чач акка алмашат, Бардыгы тегиз өзгөрөт дагы эскирет. Жыртылып калган кепемдин ичи тар болуп, Жер үстүн тепсеп, жол басып келем кар болуп. Сүйдүрүп коюп, денеме канды чуркатып, Каниет канча, жүргөнүң сенин бар болуп. Бурулкан Карагулова.

Карегиңден жылуу нурду издедим, Күтүп жүрүп чарчаганым билбедим. Жүрөгүмдө толкуп турган сезимди, Билдире албай үнсүз тилим тиштедим... Көз карашың башка жакты карады, Жалгыздыктын муздак жели сабады. Сезимдерим билдирүүгө тырышып, Жүрөк байкуш канча ирет канады. Үмүт үзбөй карегиңе карадым, Көңүлүңдүн тапсам дедим аралын. Жапа жалгыз сүйүү жүгүн көтөрүп, Жалыныңга күйүп-жанып барамын. Алиббековна

БАКЫТ Бакыт эмне? Бул таң. (жаркып агарган), Бакыт эмне? Ал нур. (күндөн таралган). Бакыт деген аял күтүп эркектен, А эркектер аны табуу аялдан. Бакыт эмне? Сүйгөн жарга жеткен да. Көрүү, угуу, басып жүрүү экен да. Бакыт деген байлык эмес топтогон, Бакыт бүлө, туулган жер, мекен да. Бакыт эмне? Ал – соолугу денемдин, Бакыт өзү... ..өзү – "бакыт" дегендин. Бакыт деген – амандыгы атамдын, Бир тууганым, тирүүлүгү энемдин. Бакыт эмне? Өмүр жазда бүрдөгөн, Бакыт бала. Жетпес байлык жүздөгөн. Бакыт келүү — (адам болуп дүйнөгө), Кайра кетүү "адам" болуп дүйнөдөн. Арген Болушов

БОЛДУ ЭМИ… Таарынбай тагдырыма көнөйүнчү, Таалайсыз талаасына жөнөйүнчү. Таң калбай анын жансыз, муздагына, Таш көрсөм тагдырлаш деп өбөйүнчү. Жалтанбай жалгыздыкка барайынчы, Жашоону жар кырынан карайынчы. Жасалма сырдашканча силер менен, Жамгырды жолдош кылып алайынчы. Бүгүн мен баарыңардан бөлүнөйүн, Бугумду булутка айтып төгүлөйүн. Бузуку жандар менен көрүшкөнчө, Булакты күзгү кылып көрүнөйүн. Болду эми бул ордумдан козголоюн, Балааңардан кутулуп бош болоюн. Бүк түшкөн арзыматка жолдош болбой, Бурганак бороон менен дос болоюн.

УНУТ ДЕДИҢ Белек бердиң унутулгус, Сыймык менен сыйландым. Унут дедиң белегимди Уу жуткандай кыйналдым. Аккан сууга белек берсең, Агып кетер, унутар… Дени салкын, жүрөгү муз, Ал мен эмес уу жутар. Көрдүң бекен толкундарды Чачың менен чапкылап?.. Жансыз сууга тамга түшпөйт Кордосоң да аткылап. Ак жүзүңдү жуугандырсың Түркүн тунук сууларга. Бири дагы эсиңде жок, Же калдыбы сууларда? Мен суу эмес, сызган тамга, Дайым калам кетилбей. Белегимди унут десең– Жүрөк ыйлайт жетимдей. Неге бердиң белегиңди Жүрөгүмө сүйдүрүп. Таңкы түштөй бир көрүнүп Кетмек белең күйдүрүп. Унут дедиң белегимди, Унутпаймын ар качан. Унутпа деп айткызармын, Чым жамынып калбасам! Аалы Токомбаев