Сагыныч❤️🔥Сүйүү❤️🩹Өкүнүү❤️🩹
رفتن به کانال در Telegram
6 408
مشترکین
-424 ساعت
-567 روز
-22230 روز
آرشیو پست ها
СУРООЛОРУМДУН ЧЕКСИЗДИГИ.
Сагындым, сен да мендей сагындыңбы?
Жеңилип, айла таппай жагындыңбы?
Алоолоп, үнсүз гана муңга батам..
Балким сен, менден сырды жашырдыңбы?
Жаш алдым, сен да төгүп ыйладынбы?
Жүрөгүм, сезип жатат кыйналдыңбы?
Үмүтүм, өчпөс болуп күйүп турат..
Сезимди, сен да мендей кыйбадыңбы?
Күтөмүн, сен да мендей күтөсүңбү?
Күтүүсүз, күндү күтүп жүрөсүңбү?
Жылмайсам, сүрөтүндү тиктеп коюп..
Алыстан, сезип коюп күлөсүңбү?
Кызгандым, сен да мендей кызгандынбы?
Күн санап, эстеп улам сыздадынбы?
Унутуп, бактылуу жан болдум десен
Унутпа, сага деген ырларымды.
Автор: Эльмарт кызы Эльзада.
Түн.
Жалгызмын.
Түнкү саат: төрт чамасы,
Кетпейт менден, кеткен сүйүү жарасы.
Мага даба - сен жашаган дүйнөнүн;
Айланасы.
Суусу.
Жери.
Абасы.
Мен - боздогон Элмирбектей булбулуң.
Барган сайын батпай барат бул муңум...
Сайрайм.
Безейм.
Ырдайм.
Сен - дейм.
Сенчилейм.
Сен жанымда угуп гана тургунуң.
Сен бар үчүн - токтото албайт көрүнөт;
Ай - жарыгын. Жер - жашоосун. Күн - нурун.
Сен да жеке... Мен да жеке жолумда,
Айырмасыз сага, барым - жогум да.
Жашай берем чөйрөсүндө сезимдин,
сени коюп эң бир бийик орунга.
Сен бар үчүн - Ай жаңырып, Күн батып,
Сен бар үчүн - Жер айланат огунда.
Бектурсун Адиев
Бакыттан башым маң, дүйнөм дүң!
Келеби? ошентип жүргөн күн...
Кысканда жүрөктү сенсиздик,
Кыялга батканды үйрөндүм.
Жашабайм арасат ойлордо,
Изденем сен менен болгонго!
Тытмалап жүдөткөн санааны,
Күч жетет, көтөрүп койгонго!
Кубанып, жүзүмдү муңайтпай,
Кудайдан башкага сыр айтпай.
Элесиң эм болуп келатат,
Эзгенде сагыныч чыдатпай...
Кезикчү күн жакын, биз анан,
Келгенче ал күндөр, жүр аман!
Мен сени, сен барда сүйгөндөй,
Мен сени, сен жокто сүйө алам!
19.02.2024
Нурсултан Абдикаримов
Асыл жаным,аяйсынбы аягын,
Азап,азап азыр менин абалым.
Экөөбүздөн жетим калган күндөргө,
Ээр токумсуз жайдак кетип барамын.
Эрк өзүңдө кечир мени,кечирбе,
Эмнеге өзгөрмөк эзил мейли,эзилбе.
Махабаттын ысык демин ким бермек?
Махабаттан эрте калган жетимге.
Бирок баары андай эмес тандагын,
Билесинби көкүрөктө муң баарын?
Ошол мунум силер эмес,мен эмес,
Сыздап чыккан,ыйлап чыккан ырларым……
Автору:
Элмирбек Иманалиев🕊️
Кыйналтып жанды оорутайынбы?
Көңүлдүн шагын соолутайынбы?
Көөнүмдү көзөп чок тиштеп алып,
Коштошуу үчүн жолугайынбы?
Кысылып кайнап эзилейинби?
Кырчылып сынып кетилейинби?
Көзүмдү оюп алгандай болуп,
Көрүшпөс үчүн кезигейинби?
Азаптын заарын төгүшөйүнбү?
Армандын баарын бөлүшөйүнбү?
Акылдын алсыз кулундай болуп,
Акыркы жолу көрүшөйүнбү?
Жүрөктүн дартын козготоюнбу?
Жашоонун баарын токтотоюнбу?
Жоолугуң үчүн, соолугуң үчүн,
Жолугуп алып коштошоюнбу?..
Болду мага керек эмессиң,
Ак сүйүүгө себеп эмессиң.
Сүйүүнүн үмүтүн жандырып кайра өчүргөн,
Ал сенсиң мен эмесмин.
Махабаттын тузагына калтырдың го,
Жалгыздыктын кучагына батырдың го.
Түбөлүк сени менен бир болом деп,
Өзүңө ишенип алыпмын го.
Сүйөм десең ишенипмин,
Болбос сүйүүңө берилипмин.
Баркымды билбеген бир өзүңө,
Байкабастан илинипмин.
Кээде көздөн тамчылаган жаш тамып
Жалындаган ак сүйүүгө баш багып
Жашап көрдүк эки жылдын ичинде
Аралыктан махабатты башкарып
Кыз жигиттик күндөр бүтүп акыры
Үй бүлөлүк жашоону да баштадык
Сенин күлкүң кулагыма жаңырып
Уктай албай калдым эле сагынып
Апакемди, атакемди кубантып
Алга карай жол уладык камынып
Кыялданган күндү абдан шаштырып
Кыш күнүндө кылдык сонун жаңылык
Өмүрлүк жар, түбөлүктүү шеригим
Сен болбосоң сүймөк эле мени ким
Рахмат сага эркетайым, берекем,
Никедеги жапжалгызым, ээлигим
Кечпе мени, кел агалы биригип,
Көктөн издеп, жерден тапкан Мээримим.
Автор:
Бакай Акматкулов.
Бала кезим апарык элеңдеген,
Үйдөн чыксам бат эле келем деген.
Көчө таптап, шапар тээп жүргөн экем,
Убакытым бар сымал ченелбеген.
Турмуш десе түшүнбөй бүчүрөгөм,
Азап берип кетчүдөй титирегем.
Жалгыз оюм чоңойгум келбейт эле,
Жалкып калган окшоймун кичинемен.
Күчөп барат турмушка жарыш улам,
Озо албадым мезгилдин арышынан.
Жылдар өтүп, эр жетип, аял алдым,
Коркоор элем чоңоюп калышыман.
Коркконумдун себеби чоңдор эле,
Меникинен миң эптүү колдор эле.
Келбейт сенин колуңан деген үндөр,
Менде жүргөн кулакка борбор эле.
Коркуп жашап турмуштун муштумунан,
Басып алып баягы мүшкүл улам.
Жомоктогу жолумду тосоор эле,
Жоголууну саматып учкунунан.
Бакай Акматкулов
Жашап жүрүп кубарыңкы өң менен,
Турмушумда чөктүм, бирок өлбөгөм.
Мен бакытты эбак эле жоготуп,
Кайра сенден бакыт тапкан өңдөнөм.
Себеп таппай жүргөн кезде күлгөнгө,
Сен жаралдың окшоп сонун гүлдөргө.
Келдиң дагы каткырганды үйрөттүң,
Мен өзүмдү күлбөс сезип жүргөндө.
Сыйлагандар бизди алга сүрөсүн,
Жек көргөндөр ичи күйүп жүдөсүн.
А сен болсо жарык чачып күн сымал,
Дайым мага жылмаясың, күлөсүң.
Турмуш өзү мыйзамдарын түптөгөн,
А биз аны жеңе албайбыз күч менен.
Бирок билбейм тагдыр кандай куралган,
Балким бизге сүйүү берет бүтпөгөн.
Сүйүү берсе бизге бакыт конгону,
Мейли, берсин, сүйүү деген оңдолуу.
Бирок бизди бийик жерге көтөрүп,
Кайра жерге чаппаса экен болгону.
Ав: Бакай Акматкулов
Уйку качып титиреди жүрөгүм,
Күчүм кетип калтырады билегим,
Аршты тиреп турган сөздү сурадың.
Бүгүн дагы баягыдай куладым,
Канды жуттум, канча мүнөт сулайдым,
Тагдырымда дагы канча кулаймын.
Тил күрмөлбөйт ошол сөздү айтууга,
Калгым келбейт каргышына Кудайдын.
Билем, ооба менде дагы ката көп,
Жүрөм дале бир күнөөкөр аталып.
Бир ууртам суу ичким келип отурсам,
Өтпөй калды тамагыма такалып.
Автору:
Дал Ошол Бакай .
