ch
Feedback
Сагыныч❤️‍🔥Сүйүү❤️‍🩹Өкүнүү❤️‍🩹

Сагыныч❤️‍🔥Сүйүү❤️‍🩹Өкүнүү❤️‍🩹

前往频道在 Telegram

Имя пользователя Поэзиялар🔥

显示更多
6 573
订阅者
-724 小时
-677
-23530
帖子存档
САГЫНДЫМ Сагындым сени. Сагынбайм дегем о бирде, Сабаалап оюм, асмандап бийик жүргөндө. Санаага батып, убайым тартып отуруп, Жүгүрүп чыгам, абалап итим үргөндө. Сагындым сени, сагынуу сырын ич билет, Сагынчым сага жеткиче салкын кеч кирет. Жаз-күзгө, анан кара чач акка алмашат, Бардыгы тегиз өзгөрөт дагы эскирет. Жыртылып калган кепемдин ичи тар болуп, Жер үстүн тепсеп, жол басып келем кар болуп. Сүйдүрүп коюп, денеме канды чуркатып, Каниет канча, жүргөнүң сенин бар болуп. Бурулкан Карагулова.

Карегиңден жылуу нурду издедим, Күтүп жүрүп чарчаганым билбедим. Жүрөгүмдө толкуп турган сезимди, Билдире албай үнсүз тилим тиштедим... Көз карашың башка жакты карады, Жалгыздыктын муздак жели сабады. Сезимдерим билдирүүгө тырышып, Жүрөк байкуш канча ирет канады. Үмүт үзбөй карегиңе карадым, Көңүлүңдүн тапсам дедим аралын. Жапа жалгыз сүйүү жүгүн көтөрүп, Жалыныңга күйүп-жанып барамын. Алиббековна

БАКЫТ Бакыт эмне? Бул таң. (жаркып агарган), Бакыт эмне? Ал нур. (күндөн таралган). Бакыт деген аял күтүп эркектен, А эркектер аны табуу аялдан. Бакыт эмне? Сүйгөн жарга жеткен да. Көрүү, угуу, басып жүрүү экен да. Бакыт деген байлык эмес топтогон, Бакыт бүлө, туулган жер, мекен да. Бакыт эмне? Ал – соолугу денемдин, Бакыт өзү... ..өзү – "бакыт" дегендин. Бакыт деген – амандыгы атамдын, Бир тууганым, тирүүлүгү энемдин. Бакыт эмне? Өмүр жазда бүрдөгөн, Бакыт бала. Жетпес байлык жүздөгөн. Бакыт келүү — (адам болуп дүйнөгө), Кайра кетүү "адам" болуп дүйнөдөн. Арген Болушов

БОЛДУ ЭМИ… Таарынбай тагдырыма көнөйүнчү, Таалайсыз талаасына жөнөйүнчү. Таң калбай анын жансыз, муздагына, Таш көрсөм тагдырлаш деп өбөйүнчү. Жалтанбай жалгыздыкка барайынчы, Жашоону жар кырынан карайынчы. Жасалма сырдашканча силер менен, Жамгырды жолдош кылып алайынчы. Бүгүн мен баарыңардан бөлүнөйүн, Бугумду булутка айтып төгүлөйүн. Бузуку жандар менен көрүшкөнчө, Булакты күзгү кылып көрүнөйүн. Болду эми бул ордумдан козголоюн, Балааңардан кутулуп бош болоюн. Бүк түшкөн арзыматка жолдош болбой, Бурганак бороон менен дос болоюн.

УНУТ ДЕДИҢ Белек бердиң унутулгус, Сыймык менен сыйландым. Унут дедиң белегимди Уу жуткандай кыйналдым. Аккан сууга белек берсең, Агып кетер, унутар… Дени салкын, жүрөгү муз, Ал мен эмес уу жутар. Көрдүң бекен толкундарды Чачың менен чапкылап?.. Жансыз сууга тамга түшпөйт Кордосоң да аткылап. Ак жүзүңдү жуугандырсың Түркүн тунук сууларга. Бири дагы эсиңде жок, Же калдыбы сууларда? Мен суу эмес, сызган тамга, Дайым калам кетилбей. Белегимди унут десең– Жүрөк ыйлайт жетимдей. Неге бердиң белегиңди Жүрөгүмө сүйдүрүп. Таңкы түштөй бир көрүнүп Кетмек белең күйдүрүп. Унут дедиң белегимди, Унутпаймын ар качан. Унутпа деп айткызармын, Чым жамынып калбасам! Аалы Токомбаев

АКЫМ БАРБЫ СҮЙҮЛҮҮГӨ, СҮЙҮҮГӨ Өзүмдү ойлоп, өрттөнбөдүм, күйбөдүм, Өзүм үчүн, оокат кылып жүрбөдүм. Өздүгүмдү унутсам да асылым, Өзүңдү эстеп жашап жүрөм сүйгөнүм. Капа кылат, кайдыгер бул мамилең, Кайдан, кимден, алам айтчы жаңы дем? Кайпаластап сени гана сүйүп мен, Кантсең дагы өзүң үчүн жан үрөйм. Эми мен да,  сый көрсөтсөң сыйлаймын, Эссиз болсоң, мен да сени кыйнаймын. Деген менен дале жүрөк даа бербей, Делбирим ай, жамандыкка кыйбаймын. Акым жокпу,  ашык болуп сүйүүгө, Акым жокпу, бакыт даамын билүүгө. Алоолонуп сен деп соккон жүрөгүм, Ашыктыктыктын  тозогунда күйүүдө. Автор: Дамир Кадыр уулу.

Ак сууйум бар катып койгон келечеке Ак жоолукту салынып сен келгенде Арнайм сага суйуулордун аруусун Ага чейин коргозбоймун эч кимге Автору Крассава😊.

БУЙРУБАГАН ЖАКШЫНАМ Буйрук экен, башка айтаарга сөзүм жок, Бактылуу бол, буйрубаган жакшынам. Байкабадың, сага болгон сүйүүмдү, Балбылдаган, карегимдин астынан. Билем, Ооба... Биздин тагдыр кайчылаш, Бирок анда, неге мага жолуктуң? Бурганактап кирип келип дүйнөмө, Буйрубастан, жүрөгүмдү ооруттуң. Балдарым бар, баш кошушкан жарым бар, Билбейм бирок, кантип дагы сүйө алдым. Бул тагдырдын мага кылган ишинен, Бир таңыркап, бирде кайра уялдым. Автор: Дамир Кадыр уулу

Жыпар Акунова МЕН СЕНСИЗ… Мен сенсиз жашап жүрөм жашай албай, Бир үмүттү көпөлөктөй айланып. Жетпей келем талпынып сен тарапка, Өткөн күнгө наристедей алданып… Бекинип канча жылдын далдасынан, Ошол күндөр келет мени азгырып. Тинтип турат дүйнөмдү тааныш кыял, Түгөй жүрөк эми минтип азгырык. Бул турмушта экөөбүз эки өйүз, Үмүттүн көпүрөсү агып кеткен. Чебеленип жээк бойлоп жүгүрсөк да, Аруу сезим капкачан сууга чөккөн. Мен сенсиз жашай албай жашап жүрөм…

Жыпар Акунова МЕН СЕНСИЗ… Мен сенсиз жашап жүрөм жашай албай, Бир үмүттү көпөлөктөй айланып. Жетпей келем талпынып сен тарапка, Өткөн күнгө наристедей алданып… Бекинип канча жылдын далдасынан, Ошол күндөр келет мени азгырып. Тинтип турат дүйнөмдү тааныш кыял, Түгөй жүрөк эми минтип азгырык. Бул турмушта экөөбүз эки өйүз, Үмүттүн көпүрөсү агып кеткен. Чебеленип жээк бойлоп жүгүрсөк да, Аруу сезим капкачан сууга чөккөн. Мен сенсиз жашай албай жашап жүрөм…

СҮЙӨ БЕРЕМ Мен Сени сүйө берем, сүйө берем, Сүйүүгө менде Сени жүйөө кенен. Жаркырап, жылдыз сымал жанып турсаң, Сүйбөй бир кантип деги жүрмөк элем? Мен Сени сүйө берем, сүйө берем, Жалбырттап, алоолонуп күйө берем. Сендеги сезимдериң ачылганча, Артыңдан калбай ээрчип жүрө берем. Мен Сени сүйө берем, сүйө берем, Сүйүүдөй чоң деңизде сүзө берем. Сен дагы сезимиңди арнаганча, Чарчабай кылым бою күтө берем. Өмүрдөн оо дүйнөгө кеткенимче, Өзүңдү сүйө берем, сүйө берем... ✍️ Максат Дүйшөн уулу

Кечир, менин Аллахым!!! Кечир, менин Аллахым, кечире көр, Пендеңдин миң күнөөсүн кече көрчү. Жашоонун майда-чуйда иштерине, Алданган сокур көзүн ача көрчү. Жараткан, жалгыз өзүң билесиң го, Жүрөктүн кагышын да, демин дагы. Кээ бирде унутупмун сага дуба Кылууну — жан кыйналып турган чагы. Бул дүйнө — убактылуу, билем, баары, Байлыгы, атак-даңкы, жалган шаңы. Жапжалгыз өзүңө гана сыйынамын, Сенде го үмүтүмдүн акыркы таңы. Кечирчи, тилим менен күнөө кылсам, Көз менен, жүрөк менен күнөө кылсам. Жароокер, мээримиңе бөлөй көрчү, Жалбарып, босогоңдо ыйлап турсам. Жанымды тазарта көр, суранамын, Ыйманым жүрөгүмдө бекем болсун. Эртеңки бара турган акыретте, Жүзүм жарык, ар бир ишим туура болсун. Оо, Аллахым, кечир мени… Автор: Чолпонбеков Абдулазиз.

ЖЫПАР АКУНОВА ТУРМУШ СЕН — ЖАНДЫРМАКСЫЗ ТАБЫШМАКСЫҢ Эртеңдериң дарексиз да, дайынсыз, Турмуш сен — жандырмаксыз табышмаксың. Колума тамчы болуп тамса бакыт, Бүркүттөй шукшурулуп илип качтың Жомоктой кереметтүү жан-дүйнөмдүн, Тынымын өчүң бардай бузасың да. Талпынып, таруу сымал бакыт тапсам, Таранчы болуп илип качасың да. Төгүлгөн бариктери дарак сымал,. Күбүлүп, күйүп турса өрттөйсүң да. Жаркырап жазгы күндөй тийип турсам, Жалындап, нуруң төгүп өчпөйсүң да… Дарбазаң ачык, жабык ким бирөөгө, Тагдырым, таалайымды таптырбассың. Көз жумуп кетип калсам ээрчий баскан, Турмуш сен — жандырмаксыз табышмаксың.

ДАЙЫНСЫЗ КЕТКЕН ДЕБЕ Дайынсыз кеткен дебе жанындамын, Узабай гулдор осчу багындамын. Корунбой алыстарга кеткен дебе, Конулум озун менен,асылжаным. Дайынсыз кеткен дебе колундомун, Суйуунун колу жетпес торундомун. Жолукпай ыраактарга кеткен дебе, Жон гана келди сага корунбогум. Дайынсыз кеткен дебе чокпогунун, Жашырып коз жашынды токпогунун. Кыялданып алыстарга кеткен дебе, Кыялым озун менен кечээ-бугун.

ДАЙЫНСЫЗ КЕТКЕН ДЕБЕ Дайынсыз кеткен дебе жанындамын, Узабай гулдор осчу багындамын. Корунбой алыстарга кеткен дебе, Конулум озун менен,асылжаным. Дайынсыз кеткен дебе колундомун, Суйуунун колу жетпес торундомун. Жолукпай ыраактарга кеткен дебе, Жон гана келди сага корунбогум. Дайынсыз кеткен дебе чокпогунун, Жашырып коз жашынды токпогунун. Кыялданып алыстарга кеткен дебе, Кыялым озун менен кечээ-бугун.