ar
Feedback

لا تقع ضحية للمخادعين! تيليمتريو يكتشف ويُميّز هذه القنوات 👉 إذا كنت تريد رؤية العلامة، اشترك 👈

Сагыныч❤️‍🔥Сүйүү💞Өкүнүү❤️‍🩹

Сагыныч❤️‍🔥Сүйүү💞Өкүнүү❤️‍🩹

الذهاب إلى القناة على Telegram

Имя пользователя Поэзиялар🫶🏻🔥🖤

إظهار المزيد
6 327
المشتركون
+124 ساعات
-107 أيام
-14230 أيام
أرشيف المشاركات
❤️‍🔥🌪️❤️‍🔥🌪️❤️‍🔥🔥🔥👍

🌪️🔥❤️‍🔥🔥👍🔥

🔥🔥🔥🔥👍

Назгүл_ОСМОНОВ Күндөр болот кээде өзүңө батпаган, Өзүңдү-өзүң алдабаган, сатпаган. Андай күнү булуттардай буулугуп, Тумчугасың көлчүктөрдөй акпаган. Андай түндөр көөдөнүңө от салат, Абак сымал сен жашаган чар-тарап. Багынды деп акыр мына өзүмө, Кытмыр күлүп, шайтан курат салтанат. Баскан жолуң бүт катадай сезилип, Көңүл ыйлайт соороно албай эзилип. Сага абадай, суудай зарыл ошол жан, Мезгил учса бир өмүргө кечигип. Түндөр болот кээде өзүңө батпаган,  Өзүңдү-өзүң алдабаган, сатпаган. Ошол ирмем туман сындуу тунжурап, Ошол ирмем жараламын башкадан...

Карегимди жашы кылып жамгырдын, Канча күттүм арасында ай-жылдын. Какшап жетпей калганымды билсең да, Карааныңды бир көрүүгө зар кылдың. Ажыратты бизди мезгил ташкыны, Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул? Мен бактылуу боло албадым, кантейин, Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу. Сагындырган гүлүн көздөй бара албай, Сай да бир күн соолуйт экен ага албай. Санаа менен таң атырып келатам, Сага окшош бир да жылдыз таба албай. Адам жоктур бул жашоодо сүйбөгөн, Ашыктыктын азабына күйбөгөн. Мейкиндеги кош сызыктай биз эми, Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн? — Шайлообек Дүйшеев

Толуп кетти айтылбай армандарым, Туш келди шилтенип кадамдарым. Түңүлүп турам азыр тирүүлүктөн, Тепселеди ишенген адамдарым. Бактылуу күндөр өттү нечен деген, Бакытка биргеликте жетем дегем. Болгону жанымда колдоп турсаң, Бир сен үчүн өрттү да кечем дегем. Тандадык экөөбүз башка жолду, Кармаба мени да ташта болду. Бир кезде бакытка толгон көздөр, Эми мынтип мөлтүрөп жашка толду.

Жээктеги жалгыздык Сен элең го , жан дүйнөмдүн азыгы, Түн киргенде , жолдорумдун жарыгы. Түбү терең чексиз сүйүү деңизден, Алып өтчүү, кош калактуу кайыгы Толкун урса, чөгүп кетпей сактаган, Тоодой болгон, тоскоолдукту аттаган. Сага болгон ишенимим андагы, Караңгыда, багыт берип жандаган. Азыр болсо , ошол деңиз жээгинде, Жалгыз турам, караңгы түн ичинде. Кайык чөгүп , калак сынып аттиң ай, Жүрөм жалгыз, толкун урган деңизде. Дегдеп сени, эки көзүм төрт болду, Сыртым жалын, ичим алоо от болду. Качан, кантип, кандай аны билбедим, Айтор ошол терең сүйүү жок болду. Максат Дүйшөн уулу.

Бакыттан башым маң, дүйнөм дүң! Келеби? ошентип жүргөн күн... Кысканда жүрөктү сенсиздик, Кыялга батканды үйрөндүм. Жашабайм арасат ойлордо, Изденем сен менен болгонго! Тытмалап жүдөткөн санааны, Күч жетет, көтөрүп койгонго! Кубанып, жүзүмдү муңайтпай, Кудайдан башкага сыр айтпай. Элесиң эм болуп келатат, Эзгенде сагыныч чыдатпай... Кезикчү күн жакын, биз анан, Келгенче ал күндөр, жүр аман! Мен сени, сен барда сүйгөндөй, Мен сени, сен жокто сүйө алам! Нурсултан Абдикаримов

🔥🔥🔥🔥🔥🕊️

Көз ирмем Олтурган жериң сенин китепкана, Ойлонтуп жатса керек китеп гана. Бейтааныш сага арнап ырым жаздым, Белекке берсемби деп тиктеп гана. Тизмектеп атын жазсам сулуулардын, Тизменин сап башында туруп алдың. Өзүңдөй өзгөлөр турган кезде, Өрт чачкан ырларым курулаар миң. Жарыгым нурун чачкан таңымдагы, Жароокер кыйнаарсың жанымды али. Жоолугуң турбайбы айгинелеп, Абийириң, ар-намысың жабылганы. Аз болоор тартуу кылсам ала-тоону, Апамдай сулуу жансың кара тору. Өзүмдү үшүтпөй алып калаар, Өзүңсүң өрт жүрөктүн жан очогу. Таанышсам кандай болот атың билип, Ырларым окуп берсем жакын жүрүп. Ыйманың толукталаар жуп болгондо, Жашооңдо жандап жүрсө акын жигит Билинбей көп ойлорго жетеленем, Бир көрүп жакшы ойлорго жетелеген. Билимин алып жаткан бул сулууну, Бир өмүр бакытка алып кетээр элем. Карасам көп ойлорго сала бердиң, Кара көз асманымда жана бергин. Атыңды сурабаймын карындашым, Анткени бийик бойдон кала бергин.

БИЛЕСИҢБИ ? Билесиңби ? Баягыдай жылмайып күлбөй калдым, Бирге баскан жолдордон жүрбөй калдым. Бүт унутуп, өчүрүп көңүлүмдөн, Баштагыдай мен сени күтпөй калдым. Билесиңби ? Кененден кең ааламга батпай жүрөм, Өз-өзүмдү алаңдап таппай жүрөм. Ара жолдо сен сыяк таштайбы деп, Көөдөн сырын эч кимге ачпай жүрөм. Билесиңби ? Канча ирет кетпе деп жалынганмын, Канча ирет от болуп жалындадым. Сен илбедиң кымынча капарыңа, Жүрөк ооруп, кабыргам кайышканын. Билбейсиң ! Түркүн азап, кайгы-муң тартканымды, Тикенектүү сан миң жол басканымды. Сен билбейсиң, аттиң ай, сен билбейсиң, Ак сүйүүгө кир колуң салганыңды. Сен билбейсиң, аттиң ай, сен билбейсиң, Ыйык сүйүү каарына калганыңды. ✍️ Максат Дүйшөн уулу

Кайгылар жат болот, Махабат ак болот. Өзүңдү көргөндө, Жүрөгүм бат согот. Айланат теребел, Сен мага келе бер. Ашыкмын өзүңө, Көзүмдөн биле көр. Билбедим кай багыт, Баратам жайланып. Ак сүйүүм кетсе экен, Никеге айланып. Жалынга көрк берет, Жапжарык өрт демек. Башкага жылмайсаң, Өзөгүм өрттөнөт. А сенде тек бир өң, Аруусуң деп билем. Таптаза сүйүүмдү, Ыр менен жеткирем. Чачылдым, жыйналдым, Жок десең ыйлаармын. Сүйүүмдү сөз менен, Айта албай кыйналдым. Кудайдан белексиң, Аябай керексиң. Көзүңө түз карап, Жанымсың демекмин. Ыйы жок жашыттың, Ыр айтып машыктым. Канчалык билбейсиң, Мен сага ашыкмын. БАКАЙ.А.

СУРООЛОРУМДУН ЧЕКСИЗДИГИ. Сагындым, сен да мендей сагындыңбы? Жеңилип, айла таппай жагындыңбы? Алоолоп, үнсүз гана муңга батам.. Балким сен, менден сырды жашырдыңбы? Жаш алдым, сен да төгүп ыйладынбы? Жүрөгүм, сезип жатат кыйналдыңбы? Үмүтүм, өчпөс болуп күйүп турат.. Сезимди, сен да мендей кыйбадыңбы? Күтөмүн, сен да мендей күтөсүңбү? Күтүүсүз, күндү күтүп жүрөсүңбү? Жылмайсам, сүрөтүндү тиктеп коюп.. Алыстан, сезип коюп күлөсүңбү? Кызгандым, сен да мендей кызгандынбы? Күн санап, эстеп улам сыздадынбы? Унутуп, бактылуу жан болдум десен Унутпа, сага деген ырларымды. Автор: Эльмарт кызы Эльзада.

Түн. Жалгызмын. Түнкү саат: төрт чамасы, Кетпейт менден, кеткен сүйүү жарасы. Мага даба - сен жашаган дүйнөнүн; Айланасы. Суусу. Жери. Абасы.  Мен - боздогон Элмирбектей булбулуң. Барган сайын батпай барат бул муңум... Сайрайм. Безейм. Ырдайм. Сен - дейм. Сенчилейм. Сен жанымда угуп гана тургунуң. Сен бар үчүн - токтото албайт көрүнөт;  Ай - жарыгын. Жер - жашоосун. Күн - нурун.   Сен да жеке... Мен да жеке жолумда, Айырмасыз сага, барым - жогум да. Жашай берем чөйрөсүндө сезимдин, сени коюп эң бир бийик орунга. Сен бар үчүн - Ай жаңырып, Күн батып, Сен бар үчүн - Жер айланат огунда.  Бектурсун Адиев

Бакыттан башым маң, дүйнөм дүң! Келеби? ошентип жүргөн күн... Кысканда жүрөктү сенсиздик, Кыялга батканды үйрөндүм. Жашабайм арасат ойлордо, Изденем сен менен болгонго! Тытмалап жүдөткөн санааны, Күч жетет, көтөрүп койгонго! Кубанып, жүзүмдү муңайтпай, Кудайдан башкага сыр айтпай. Элесиң эм болуп келатат, Эзгенде сагыныч чыдатпай... Кезикчү күн жакын, биз анан, Келгенче ал күндөр, жүр аман! Мен сени, сен барда сүйгөндөй, Мен сени, сен жокто сүйө алам! 19.02.2024 Нурсултан Абдикаримов