en
Feedback
🌐Nookat_TV

🌐Nookat_TV

Open in Telegram

📣Шаарыбыздагы акыркы окуялар 🌍 Дүйнө, искусство жана спорт жаңылыктары 📑Кызыктуу фактылар, долбоорлор 📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @nookattv_bot

Show more
1 585
Subscribers
No data24 hours
-37 days
-1030 days
Posts Archive
❤️ Күлкүлүү видео: Балдар катышкан күлкүлүү кырдаалдар

Бишкек — Ош жолунда жүк ташыган унаалар бетме-бет сүзүшкөн учурдун видеосу Жол милициясынын маалыматына караганда жүк ташыган Mercedes-Benz менен каршы тилкеде келе жаткан DAF үлгүсүндөгү чоң машина сүзүшкөн. Mercedes-Benz аркада келе жаткан Hyundai Sonata автокөлүгүнө барып урунган. Автокырсыктын кесепетинен эки чоң машинанын айдоочусу жаракат алып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Бишкекте гольф-карларга каршы рейд жүргүзүлдү. Эки машина айып короого токтотулду Муниципалдык инспекциянын маалыматына ылайык, акыркы убакта гольф-кар айдагандардын жол эрежелерин одоно бузуу учурлары көбөйгөн. Айрымдары кызыл жарыктан өтүп, адамдар көп топтолгон жерлерде жана эс алуу аймактарында жүрүп, жөө адамдарга коркунуч жаратууда. Ошондой эле гольф-карлардын кишилерди сүзүп кеткен учурлары катталып жатат.

18 жашында согушта курман болгон орусиялыктар 200гө чамалады Украинага каршы согуш башталгандан бери майданда каза болгон ору
18 жашында согушта курман болгон орусиялыктар 200гө чамалады Украинага каршы согуш башталгандан бери майданда каза болгон орус аскерлеринин такталган саны 226 миңден ашты, алардын арасынан кеминде 200ү 18 жаштагылар. Бул тууралуу Би-би-синин, "Медиазонанын" журналисттери жана ыктыярчылар тобу жүргүзгөн иликтөөдө айтылат. Быйыл 1-майда фронтто 18 жаштагы Алишер Свирин каза тапты, ал 2008-жылы туулгандардын арасынан согушта набыт болгондугу тастыкталгандардын алгачкысы. Орус бийлиги коңшусу Украинага кол салган учурда ал 14 жаштагы бала болчу.

Автоунаалардын айнектерин караңгылатууга бир айлык акция башталды Өкмөт берген жеңилдик үстүбүздөгү жылдын 15-июнунан 15-июлуна чейин күчүндө болот. Бул аралыкта унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты жеке жактар 35 миң сомго, ал эми юридикалык жактар 55 миң сомго сатып ала алышат. Уруксат кагазы бир жылдык мөөнөткө берилет.

❗️Шашылыш билдирүү 13-июндан 17-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

"75 кишинин каты" Жогорку Кеңешке кантип келип калганын жактоочу айтып берди Бактыбек Жумашев билдиргендей, катты кабыл алууда эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес. Ал адегенде парламенттин канцеляриясына түшкөн. "Баары ачык түрдө, кат түштү, катталды, жетчү жерине жетти. Муну күбөлөр тастыктап беришти. Аларды бирөөлөр шаштырып же жашырган сыяктуу нерселер болгон эмес", — деди жактоочу.

Шылуундар вице-спикерге чалып... ЖК депутаты Болот Ибрагимов шылуундардын ага чалып, тузагына түшүрө албай жаткан видеосун жарыялады. Андан белгисиз адам эл өкүлүнүн аты-жөнүн, жашаган жерин билген киши болуп, телефонуна код жиберген. Максаты ишке ашпай турганын түшүнгөн шылуун соңунда депутатты “мени шылдыңдап жатасыңбы” деп сөгүп салган. Милиция кыргызстандыктарга кибер шулуундардан сак болууну эскертип келет.

Бишкекте мас айдоочу кириптер болгон кырсыктан беш унаа жабыркап, бир киши ооруканага түштү Окуя 10-июнда саат 23:45 чамасында Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. ЖКККБнын маалыматына ылайык, Mercedes Benz түндүк багытта бара жатып, алдыдагы эки Audi үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Алар Renault Logan жана Kia K7 үлгүсүндөгү унааларга урулган. Кырсыктын кесепетинен Kia K7 машинасындагы жүргүнчү меджардам алуу үчүн ооруканага кайрылган.

"Ала-Тоо" аянтындагы желек жаңыланып илинди Катуу шамалдан улам татылып кеткен тууну "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери алмаштырышты.

Ысыкта жол кыртышын бузган жүк ташуучу унаанын айдоочуларына 830 миң сом айып салынды Кыргызстанда рейд жүрүп, 9 күндүн ичинде 41 айдоочу аталган чектөөнү бузган. Алардын 38и жеке айдоочу болсо, 3ү компанияларга таандык. Министрлик жүк ташуучуларды жолдун бузулушун алдын алуу үчүн киргизилген чектөөлөрдү так сактоого чакырды.

Бишкектеги автобус айдоочуларынын айлыгы 170 миң сомго чейин жетти “Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын директору Талантбек Капаровдун айтымында, 1-апрелден тарта айдоочулардын эмгек акысы жогорулатылган. Учурда автобус айдоочулары иштеген саатына жараша 60 миң сомдон 170 миң сомго чейин айлык алышууда. Капаров жарандарды айдоочу болуп иштөөгө чакырды. Ошондой эле ал жол эрежесин бузган айдоочулар кара тизмеге киргизилип, жүргүнчү ташуу жаатында тартип орнотулуп жатканын кошумчалады.

Камчыбек Ташиев кайрадан коомчулукка чыгып, бул жолу Сокулуктагы футбол аянтчасынын ачылышына катышты УКМКнын мурдагы башчысы балдар менен баарлашып, аларга топ белек кылды. Эске салсак, Ташиев бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө айыпталууда.

Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева соцтармакка атасы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады Мурдагы президент учурда Испанияда да
Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева соцтармакка атасы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады Мурдагы президент учурда Испанияда дарыланууда.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Палестина менен кайрадан тең чыкты Эки команданын биринчи беттеши ишемби күнү өтүп, анда да эсеп 0:0 болгон. Беттештерден түшкөн каражаттын бир бөлүгү Палестина элине колдоо көрсөтүүгө багытталат.

2026-жылы чыккан машинага 2022-жылы жазылган айып кагаз келген. Мындай учурларда эмне кылуу керектигин ЖКККБ түшүндүрдү Мекем
2026-жылы чыккан машинага 2022-жылы жазылган айып кагаз келген. Мындай учурларда эмне кылуу керектигин ЖКККБ түшүндүрдү Мекеме “Коопсуз өлкө” алкагында айрымдарга жаңылыш айыптар жөнөтүлүшү мүмкүн экенин билдирип, автоунаа ээсине тиешеси жок эле келсе, анын сүрөтүн 0777 102 102 WhatsApp номерине жөнөтүү керектигин белгиледи. Ар бир кайрылууну комиссия карап чыгып, мыйзамга ылайык чечим кабыл алынарын айтышты. Буга чейин соцтармактарда заводдон быйыл чыккан автоунаага 2022-жылдагы айып пулдун билдирүүсү келгени тууралуу маалымат тараган.

+1
Дүйнө биринчилигине барган Өзбекстандын футболчуларын АКШда ушинтип тосуп алышты Спортчулар автобустан түшөрү менен металл издегичтен өткөрүлдү. Ошондой эле полиция аларды баңгизат издөөгө үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен текшерди. Буга чейин Сенегалдын курама командасы да кылдат текшерүүдөн өткөн. Ал эми Сомалиден келген калыс АКШга себепсиз эле киргизилген эмес. Ошол учурда АКШ менен Мексикада курама командаларды кандай тосуп жатканын салыштырган видео тарады.

Президент мас болуп унаа айдагандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду Эми мындай жорук үчүн 20 суткага чейин камакка алуу жана 12 жылга чейин айдоочулук укуктан ажыратуу каралган. Буга чейин камак мөөнөтү 7 сутка болчу. Эгер мас айдоочу адам жабыркаган жол кырсыгына себепкер болсо, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Адам каза болсо, жаза мөөнөтү 10 жылдан 12 жылга чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле мопеддерди жана электр скутерлерди милдеттүү каттоого алуу талабы киргизилди. Ээси эми А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алышы шарт.

Буту менен машина айдап Кайгуулчулар айдоочуну таап, айып салышты. Ал эле эмес, унаа айдоо укугунан ажыратуу үчүн материалдар сотко жөнөтүлмөй болду.

#баракелде Кытайлар суу өткөрбөй турган бут кийим ойлоп табышты