🌐Nookat_TV
Открыть в Telegram
📣Шаарыбыздагы акыркы окуялар 🌍 Дүйнө, искусство жана спорт жаңылыктары 📑Кызыктуу фактылар, долбоорлор 📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @nookattv_bot
Больше1 582
Подписчики
-524 часа
-57 дней
-830 день
Архив постов
1 582
Бишкекте гольф-карларга каршы рейд жүргүзүлдү. Эки машина айып короого токтотулду
Муниципалдык инспекциянын маалыматына ылайык, акыркы убакта гольф-кар айдагандардын жол эрежелерин одоно бузуу учурлары көбөйгөн.
Айрымдары кызыл жарыктан өтүп, адамдар көп топтолгон жерлерде жана эс алуу аймактарында жүрүп, жөө адамдарга коркунуч жаратууда.
Ошондой эле гольф-карлардын кишилерди сүзүп кеткен учурлары катталып жатат.
1 582
18 жашында согушта курман болгон орусиялыктар 200гө чамалады
Украинага каршы согуш башталгандан бери майданда каза болгон орус аскерлеринин такталган саны 226 миңден ашты, алардын арасынан кеминде 200ү 18 жаштагылар. Бул тууралуу Би-би-синин, "Медиазонанын" журналисттери жана ыктыярчылар тобу жүргүзгөн иликтөөдө айтылат.
Быйыл 1-майда фронтто 18 жаштагы Алишер Свирин каза тапты, ал 2008-жылы туулгандардын арасынан согушта набыт болгондугу тастыкталгандардын алгачкысы. Орус бийлиги коңшусу Украинага кол салган учурда ал 14 жаштагы бала болчу.
1 582
Автоунаалардын айнектерин караңгылатууга бир айлык акция башталды
Өкмөт берген жеңилдик үстүбүздөгү жылдын 15-июнунан 15-июлуна чейин күчүндө болот. Бул аралыкта унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты жеке жактар 35 миң сомго, ал эми юридикалык жактар 55 миң сомго сатып ала алышат. Уруксат кагазы бир жылдык мөөнөткө берилет.
1 582
❗️Шашылыш билдирүү
13-июндан 17-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
1 582
"75 кишинин каты" Жогорку Кеңешке кантип келип калганын жактоочу айтып берди
Бактыбек Жумашев билдиргендей, катты кабыл алууда эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес. Ал адегенде парламенттин канцеляриясына түшкөн.
"Баары ачык түрдө, кат түштү, катталды, жетчү жерине жетти. Муну күбөлөр тастыктап беришти. Аларды бирөөлөр шаштырып же жашырган сыяктуу нерселер болгон эмес", — деди жактоочу.
1 582
Шылуундар вице-спикерге чалып...
ЖК депутаты Болот Ибрагимов шылуундардын ага чалып, тузагына түшүрө албай жаткан видеосун жарыялады. Андан белгисиз адам эл өкүлүнүн аты-жөнүн, жашаган жерин билген киши болуп, телефонуна код жиберген. Максаты ишке ашпай турганын түшүнгөн шылуун соңунда депутатты “мени шылдыңдап жатасыңбы” деп сөгүп салган.
Милиция кыргызстандыктарга кибер шулуундардан сак болууну эскертип келет.
1 582
Бишкекте мас айдоочу кириптер болгон кырсыктан беш унаа жабыркап, бир киши ооруканага түштү
Окуя 10-июнда саат 23:45 чамасында Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
ЖКККБнын маалыматына ылайык, Mercedes Benz түндүк багытта бара жатып, алдыдагы эки Audi үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Алар Renault Logan жана Kia K7 үлгүсүндөгү унааларга урулган.
Кырсыктын кесепетинен Kia K7 машинасындагы жүргүнчү меджардам алуу үчүн ооруканага кайрылган.
1 582
"Ала-Тоо" аянтындагы желек жаңыланып илинди
Катуу шамалдан улам татылып кеткен тууну "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери алмаштырышты.
1 582
Ысыкта жол кыртышын бузган жүк ташуучу унаанын айдоочуларына 830 миң сом айып салынды
Кыргызстанда рейд жүрүп, 9 күндүн ичинде 41 айдоочу аталган чектөөнү бузган. Алардын 38и жеке айдоочу болсо, 3ү компанияларга таандык.
Министрлик жүк ташуучуларды жолдун бузулушун алдын алуу үчүн киргизилген чектөөлөрдү так сактоого чакырды.
1 582
Бишкектеги автобус айдоочуларынын айлыгы 170 миң сомго чейин жетти
“Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын директору Талантбек Капаровдун айтымында, 1-апрелден тарта айдоочулардын эмгек акысы жогорулатылган.
Учурда автобус айдоочулары иштеген саатына жараша 60 миң сомдон 170 миң сомго чейин айлык алышууда. Капаров жарандарды айдоочу болуп иштөөгө чакырды.
Ошондой эле ал жол эрежесин бузган айдоочулар кара тизмеге киргизилип, жүргүнчү ташуу жаатында тартип орнотулуп жатканын кошумчалады.
1 582
Камчыбек Ташиев кайрадан коомчулукка чыгып, бул жолу Сокулуктагы футбол аянтчасынын ачылышына катышты
УКМКнын мурдагы башчысы балдар менен баарлашып, аларга топ белек кылды.
Эске салсак, Ташиев бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө айыпталууда.
1 582
Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева соцтармакка атасы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады
Мурдагы президент учурда Испанияда дарыланууда.
1 582
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Палестина менен кайрадан тең чыкты
Эки команданын биринчи беттеши ишемби күнү өтүп, анда да эсеп 0:0 болгон.
Беттештерден түшкөн каражаттын бир бөлүгү Палестина элине колдоо көрсөтүүгө багытталат.
1 582
2026-жылы чыккан машинага 2022-жылы жазылган айып кагаз келген. Мындай учурларда эмне кылуу керектигин ЖКККБ түшүндүрдү
Мекеме “Коопсуз өлкө” алкагында айрымдарга жаңылыш айыптар жөнөтүлүшү мүмкүн экенин билдирип, автоунаа ээсине тиешеси жок эле келсе, анын сүрөтүн 0777 102 102 WhatsApp номерине жөнөтүү керектигин белгиледи.
Ар бир кайрылууну комиссия карап чыгып, мыйзамга ылайык чечим кабыл алынарын айтышты.
Буга чейин соцтармактарда заводдон быйыл чыккан автоунаага 2022-жылдагы айып пулдун билдирүүсү келгени тууралуу маалымат тараган.
1 582
Дүйнө биринчилигине барган Өзбекстандын футболчуларын АКШда ушинтип тосуп алышты
Спортчулар автобустан түшөрү менен металл издегичтен өткөрүлдү. Ошондой эле полиция аларды баңгизат издөөгө үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен текшерди.
Буга чейин Сенегалдын курама командасы да кылдат текшерүүдөн өткөн. Ал эми Сомалиден келген калыс АКШга себепсиз эле киргизилген эмес.
Ошол учурда АКШ менен Мексикада курама командаларды кандай тосуп жатканын салыштырган видео тарады.
1 582
Президент мас болуп унаа айдагандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду
Эми мындай жорук үчүн 20 суткага чейин камакка алуу жана 12 жылга чейин айдоочулук укуктан ажыратуу каралган. Буга чейин камак мөөнөтү 7 сутка болчу.
Эгер мас айдоочу адам жабыркаган жол кырсыгына себепкер болсо, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Адам каза болсо, жаза мөөнөтү 10 жылдан 12 жылга чейин көбөйтүлдү.
Ошондой эле мопеддерди жана электр скутерлерди милдеттүү каттоого алуу талабы киргизилди. Ээси эми А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алышы шарт.
1 582
Буту менен машина айдап
Кайгуулчулар айдоочуну таап, айып салышты. Ал эле эмес, унаа айдоо укугунан ажыратуу үчүн материалдар сотко жөнөтүлмөй болду.
1 582
Бишкек — Кара-Балта жолундагы кырсыктан эки адам каза болду
Алдын ала маалымат боюнча, KIA K5 унаасынын айдоочусу батыштан чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн.
Бүгүн таңкы саат 05:38 чамасында болгон кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы айдоочу жана 21 жаштагы жүргүнчү көз жумду.
1 582
Быйыл төрт айда интернет шылуундар боюнча 1711 кылмыш иши козголду
Ушул жылдын алгачкы төрт айында уюлдук телефон, интернет алдамчылыгына байланыштуу 4391 материал катталып, 1711 кылмыш иши козголду. Анын ичинен 695 кылмыштын бети ачылып, 1116 иш тергелип жатат.
Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 8-июндагы жыйынында айтты.
“Кибер алдамчылык кылмыштардын эң көп тараган түрүнө айланды. Эгер мурда алдамчы көбүнчө адамды жолугуп алдаса, азыр алар башка шаарда же өлкөдө туруп эле телефон, интернет, социалдык тармактар жана банктын тиркемелери аркылуу эле кылмыш кылып жатат”, - деди ал.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы интернет алдамчылыгына байланыштуу 1547 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 837 кылмыш ишинин бети ачылып соттук кароого жөнөтүлгөн. Келтирилген чыгым 826 млн 495 миӊ сом деп эсептелип, анын ичинен 73 млн 896 миӊ сом кайтарылган.
Шылуундар мындай мыйзамсыз иштерди көп учурда дропперлердин жардамы менен жасайт. Дроппер – бул сим-карта же банк эсебин башка адамдарга сатып жиберип, атайылап же билбей шылуундардын ишине көмөк көрсөткөндөр. Интернет шылуундар ал аркылуу уурдалган акчаны өзүнүн банк картасына которуп же чет жакка чыгарып кетет. https://www.azattyk.org/a/33775021.html
Уже доступно! Исследование Telegram 2025 — ключевые инсайты года 
