🌐Nookat_TV
الذهاب إلى القناة على Telegram
📣Шаарыбыздагы акыркы окуялар 🌍 Дүйнө, искусство жана спорт жаңылыктары 📑Кызыктуу фактылар, долбоорлор 📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @nookattv_bot
إظهار المزيد1 547
المشتركون
-324 ساعات
-167 أيام
-4130 أيام
أرشيف المشاركات
1 547
Астана жана Ташкенттен Ысык-Көлгө сезондук авиакаттамдар ачылып жатат
Бүгүн Казакстандын борбору Астанадан Тамчы аэропортуна алгачкы эс алуучулар учуп келишти.
Астана – Тамчы учак каттамы 31-августка чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.
Ал эми 8-июлдан тарта Ташкенттен да Ысык-Көлгө ар шаршемби сайын учак келе баштайт.
1 547
Кечээ Бишкектин борборунда жол кырсыгы катталды
Алдын ала маалымат боюнча, 20 жаштагы кыз башкарган Changan үлгүсүндөгү унаа 36 жаштагы Ш.И. айдап бара жаткан Kia Sportage менен сүзүшкөн.
Кагылышуудан кийин Changan тротуарга чыгып кетип, эки адамды сүзгөн. Кырсыктан үч адам жабыркап, ооруканага жеткирилди.
Видео: naziiday
1 547
Ужас
⚡️⚠️ Таиландда 11 жаштагы бала зыяратчыларды атасынын унаасы менен сүзүп кетти - ❗️(видео 18+)
30 дан ашык зыяратчылардан турган топ жолдо бара жатып, аларды унаа сүзүп кеткен.
1 547
Курсан Асанов пробациялык көзөмөл менен бошотуларын күтпөгөнүн билдирди
Ал өзүнүн эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, Садыр Жапаров кезектеги шайлоодо сөзсүз жеңишке жетерине ишенгендиктен бийликти колдоо максатында "75чилердин катына" кол койгонун белгиледи.
Асанов толук акталып чыгуу үчүн соттун өкүмүнө даттанууну көздөп жатат.
1 547
❗️"75чилердин иши": Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев "Кызматтык абалдан пайдалануу" беренеси боюнча акталды
Бирок бийликти басып алууга аракет кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылдык пробация жазасы чегерилди.
Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.
1 547
❗️Курманкул Зулушевге 4 жылга пробация жазасы чегерилди
Анын мүлкү дагы конфискацияланмай болду. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.
1 547
❗️Нурланбек Тургунбек уулуна 4 жылга пробация жазасы чегерилди
Анын мүлкү дагы конфискацияланмай болду. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.
1 547
❗️Камчыбек Ташиевге 4 жылга пробация жазасы чегерилди
Анын мүлкү дагы конфискацияланмай болду. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.
1 547
📌Аргентина улуттук курамасы Майамиге келгенден кийин аэропортто кылдат текшерүүдөн өттү.
1 547
Көлдүн Григорьевка капчыгайында дарыядагы суу жээкти жеп, көпүрөнү алган
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, дарыянын аркы өйүзүндө болжол менен 300дөй адам калган. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Көпүрө оңдоло турганын айтышты.
1 547
Орусияда күйүүчү майдын тартыштыгынан улам айрым айдоочулар бензин куюу үчүн Казакстанга бара башташты. Алар коңшу өлкөдө күйүүчү май кыйла арзан экенин жана май куюучу жайларда кезек дээрлик жок экенин айтып жатышат. Орусияда күйүүчү май тартыштыгы күчөп, бийлик бензинди сатууга бир катар чектөөлөрдү киргизди. Муну Украинанын Орусиядагы мунай иштетүүчү ишканаларга жасаган чабуулдары менен байланыштыргандар бар.#azattykproject2026
1 547
Кыргызстанда 7 жолу боор, 136 жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин айтымында, бөйрөк трансплантациясы Бишкек менен Ошто жасалып жатат. Аткаминер операциянын бул түрү кадимки практика болуп калганын белгиледи. Ал эми боор алмаштыруу Бишкектеги хирургия борборунда жасалууда.
1 547
❗️Келерки окуу жыл 15-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт
Агартуу министрлиги билдиргендей, окуучулар калтырган сабактарды ишембидеги кошумча сааттар менен толуктайт. 1-5-класстардын окуучулары мурдагыдай эле беш күндүк окуу тартибинде билим алышат.
Өзгөртүүлөр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ШКУ саммити жана өлкөнүн Эгемендиктин 35 жылдыгын белгилөө сыяктуу ири иш-чараларга байланыштуу киргизилип жатат.
1 547
Европадагы мигранттар: “40 градус ысыкта малина тердик”
Июнь айынан бери Европанын бир катар өлкөлөрүндө аномалдуу ысык аба ырайы катталууда. Англия жана Германияда жүргөн кыргызстандык мигранттар күндүн ысыгынан улам талаада иштөө оор болуп жатканын айтып, видеолорун бөлүшүп жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европа Жер шарындагы эң тез ысып жаткан континент экенин белгилеп, ысыктын адамдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратып жатканын эскертти. #azattykproject2026
1 547
Кечээ, 29-июнда жай мезгилиндеги электр энергияны керектөө боюнча рекорд коюлду
Салыштыруу үчүн былтыр 29-июнда бул көрсөткүч 40 млн кВт. сааттын тегерегинде болгон.
"Улуттук электр тармагы" керектөөнүн өсүшүнө көп кабаттуу үйлөрдүн салынышы, социалдык жана өндүрүш объектилеринин ишке берилиши жана абоненттердин санынын жыл сайын орточо 30 миңге көбөйүшү себеп болгонун жазды.
Мекеме жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
1 547
Ысык-Көлдүн түбүнөн миң жылдап жаткан кыштар табылды
Көлдүн түбүн тазалаган суучул, табылга кечээ сууга сүңгүгөн учурда кездешкенин жазды.
Музейдин адистери алдын ала эсептеп, кыштар XI–XII кылымдарга таандык экенин айтышууда. Мындан ары изилдеп жана сактоо үчүн табылга музейге өткөрүлүп берилмекчи.
1 547
1-июлдан тарта Россияга кирүү эрежеси өзгөрөт
Ал үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
▪️App Store же Google Play аркылуу “RuID” мобилдик тиркемесин жүктөп алуу
▪️Паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен каттоодон өтүү
▪️Сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, ошондой эле бара турган аймакты көрсөтүү
▪️Жеке кабинетке өзүнүн сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө
▪️Кирүүгө арыз берип, чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу. QR-код берилген күндөн тартып 90 күн бою жарактуу болот.
Арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилүүгө тийиш. Жакындарынын катуу оорушуна, өлүмүнө байланыштуу же башка шашылыш жагдай жаралса, шартты документ менен ырастап, кирүү арызын 4 саат эрте берүүгө уруксат берилет.
1 547
Кара-Балтадагы медресинин окуучулары пони менен көк бөрү ойношкон
Оюндун видеосу окуу жайдын социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланган. Андан окуучулар понилерди жайдак минип алып, муляж менен улак ойноп жатканын көрүүгө болот.
1 547
Садыр Жапаров айткандан кийин, Ысык-Көлдө балык уулоонун баасын арзандатмай болушту
Соцтармактарда өлкө башчы көл жээкке велосипед тээп барып, балыкчылар менен баарлашкан видеосу тараган. Анда кайырмак салып отургандар президентке даттанып, өлкө башчысы жетекчилерге балык уулоону арзандатууну тапшырганы айтылган.
Ал арада Айыл чарба министрлиги токтом долбоорун иштеп чыгып, арзандатылган тарифтерди сунуштады.
Ысык-Көлдө балык уулоонун жаңы тарифтери төмөндөгүдөй:
متاح الآن! بحث تيليغرام 2025 — أهم رؤى العام 
