en
Feedback
Чөйрө

Чөйрө

Open in Telegram

Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер choyro.com

Show more
962
Subscribers
No data24 hours
No data7 days
No data30 days
Attracting Subscribers
August '24
August '24
+2
in 0 channels
July '24
+30
in 0 channels
Get PRO
June '24
+17
in 0 channels
Get PRO
May '24
+9
in 1 channels
Get PRO
April '24
+27
in 0 channels
Get PRO
March '24
+11
in 0 channels
Get PRO
February '24
+11
in 0 channels
Get PRO
January '24
+10
in 0 channels
Get PRO
December '23
+15
in 0 channels
Get PRO
November '23
+10
in 0 channels
Get PRO
October '23
+18
in 0 channels
Get PRO
September '23
+33
in 0 channels
Get PRO
August '23
+16
in 0 channels
Get PRO
July '23
+10
in 0 channels
Get PRO
June '23
+37
in 0 channels
Get PRO
May '23
+12
in 0 channels
Get PRO
April '23
+7
in 0 channels
Get PRO
March '23
+15
in 0 channels
Get PRO
February '23
+22
in 0 channels
Get PRO
January '23
+24
in 0 channels
Get PRO
December '22
+45
in 0 channels
Get PRO
November '22
+76
in 0 channels
Get PRO
October '22
+15
in 0 channels
Get PRO
September '22
+71
in 0 channels
Get PRO
August '22
+110
in 0 channels
Get PRO
July '22
+125
in 0 channels
Get PRO
June '22
+289
in 0 channels
Get PRO
May '22
+857
in 0 channels
Date
Subscriber Growth
Mentions
Channels
06 August+1
05 August0
04 August0
03 August0
02 August+1
01 August0
Channel Posts
Урматтуу мекендештер, эгерде сиздер ишкерлик (бизнес) менен алектенсеңиздер жана бул чөйрөдө башка ишкерлер менен байланыш түзгүңүздөр келсе, анда сиздерди бүткүл дүйнөлүк ийгиликтүү кыргыз ишкерлеринин жабык бизнес клубуна чакырабыз. Сайтыбызга баш багып, мүчө болуу шарттары менен таанышып, маалымат алган соң, биз менен байланышка чыгыңыздар – https://choyro.com/club #choyroclub

2
Бизнес чөйрө (https://choyro.com/club/) - бул бизнес клуб дүйнө жүзү боюнча тажрыйба алмашууга даяр, кызматташууга ачык, жеке жана кесиптик өсүүгө умтулган, коомчулуктун өнүгүшүнө салым кошо турган адамдарды бириктирет. Пайдалуу байланыштарды табуу аркылуу ийгиликке жетиңиз. Бизнес клуб Бизнестеги бири-бирине болгон жогорку деңгээлдеги ишеним менен айырмаланган ишкерлердин бекем коомчулугун түзүүдөбүз. Биздин клубдун мүчөлөрү киреше табууда бири-бирине жардам беришет, тажрыйбалары менен бөлүшөт жана узак мөөнөттүү, ишенимге негизделген мамилелерди курушат. Биздин клуб акча иштери гана эмес, инвестиция аркылуу жашоонун өнөрүн да үйрөнүүгө багытталган. Клубга кошулуу үчүн, бизнес-репутацияңызды жана капиталыңызды текшерүү менен катар, сиз биздин негизги баалуулуктарыбызга – адептүүлүк, жаратмандык, таасирдүүлүк жана сулуулукка умтулуу боюнча жакындыгыңыз да маанилүү болуп саналат. - Жеке ишкер - Инвестор - Менеджер - Эксперт - Консультант - Экономика адиси 1. Бири-бирибизге жол көрсөтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачабыз. 2. Байланыштар жана тажрыйба менен бөлүшөбүз. 3. Үзгүлтүксүз өзүн-өзү өнүктүрүүгө көмөктөшөбүз. 4. Долбоорлорду илгерилетүү боюнча өз ара жардамдашабыз. Бизнес клубка, клубтун гана катышуучулары сунуштаган бизнесмендер кире алат. Андыктан, бул постто белгиленген адамдарды таанысаңыз, алар менен байланышып, өзүңүздү клубка кошууну айтыңыз. Spotify: https://open.spotify.com/episode/5DAixOP37pAldlht9SVqss?si=47548942c5b643bb Google: https://podcasts.google.com/feed/aHR0cHM6Ly9hbmNob3IuZm0vcy9lNjBhOTFmMC9wb2RjYXN0L3Jzcw/episode/OWI2ZDhiYjktNGVhOC00NGRlLWEzYWMtZDMwMDdhNTJhYzYy?sa=X&ved=0CAUQkfYCahcKEwiIhfaXkdODAxUAAAAAHQAAAAAQLA&hl=ru Apple: https://podcasts.apple.com/de/podcast/%D1%87%D3%A9%D0%B9%D1%80%D3%A9/id1700986463
774
3
Баарыңыздар кечки салам! Кирип келе жаткан Жаңы Жылыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерди азыр Чөйрөдө болуп жаткан онлайн күтү
Баарыңыздар кечки салам! Кирип келе жаткан Жаңы Жылыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерди азыр Чөйрөдө болуп жаткан онлайн күтүүсүз уюштурулган Zoon-кечеке чакырабыз! Келип ырдап, жакшы каалоо тилектерди айтып көңүл ачып кетиңиздер! https://us06web.zoom.us/j/88687301433?pwd=dTRMaGtPK0JNNGlkbDlpYXNNYWdXUT09
169
4
🌐 Уважаемые соотечественники за рубежом! 🇰🇬 Мы приглашаем вас принять участие в нашем опросе, чтобы лучше понять потребнос
🌐 Уважаемые соотечественники за рубежом! 🇰🇬 Мы приглашаем вас принять участие в нашем опросе, чтобы лучше понять потребности и мнения кыргызской диаспоры. Ваш взгляд важен для нас! 📝 Пожалуйста, заполните опросник по ссылке ниже и поделитесь вашим опытом: https://choyro.com/poll/ Спасибо за ваш вклад в создание более тесного сообщества за границей! 🌏🤝
461
5
https://www.azattyk.org/a/32711232.html
420
6
https://www.azattyk.org/a/diktatorlor-jasalma-intellektti-kural-kylyshy-mumkun-/32711231.html
368
7
ITJoop: IT курс окуп, програмчы боло алышабы? Google Podcast https://podcasts.google.com/feed/aHR0cHM6Ly9hbmNob3IuZm0vcy9lNjBhOTFmMC9wb2RjYXN0L3Jzcw/episode/MzVkNjg0YTQtNWJiYy00M2NkLTkyNDUtYmUyMjMxMGQ0MTQ5?sa=X&ved=0CAUQkfYCahcKEwjw07TjofWCAxUAAAAAHQAAAAAQAQ&hl=ru Spotify https://open.spotify.com/episode/5nCRZ8yWCYPJVMA9TNTEKF Apple Podcast https://podcasts.apple.com/de/podcast/%D1%87%D3%A9%D0%B9%D1%80%D3%A9/id1700986463?i=1000637357121 00:00 ITJoop подкаст DevKurultay (https://t.me/devkurultay) кыргыз тилдүү IT–коомдоштук жана Чөйрө (https://choyro.com) платформасы менен бирге даярдалды. Эксперттер менен таанышуу. 03:52 Турат Алыбаев: Курста окуп програмчы болсо болот, бирок чоң мээнет керек. Курсту бүтүп күчтүү адис чыкпайт, бирок ITге киргенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бүтүрүүчүлөргө Университет окуганды сунуштайт. Бир жол жок, ар бир адам уникалдуу. 07:32 Калыс Осмон. Курстар жок эле, үйдөн китеп окуп жумуш таап кетсе болот. Жумуш табуу бул өзүнчө процесс жана аны үйрөнүү менен бирге кошо баштоо керек. Жумуш издөөдө психология абдан маанилүү. Тааныштардын арасында бир курстан кийин жумуш таппастан, экинчи курстан кийин жумуш тапкандар көп. Билимден тышкары - нетворкинг маанилүү. Тааныштар аркылуу жумуш тапкан оңой. 13:01 Азамат Токтакунов: Мурда, эгерде адам аябай програмчы болгусу келсе, ал өзү эле изденип жүрүп, програмчы боло алат. Эми болсо, адамда каало бар болсо, ага жол көрсөтүп, аны програмчы кылып үйрөтсө болот. 15:23 Султан Иман: Курстардын көбөйгөнүнүн кесепети - жакшы курс жасаган борборлордун абройун бузганы. Азыркы замандын чакырымынан, маалыматтын көбөйүшүнүн натыйжасында, маалыматты издеп аны менен иштөөдө адамдын чыдамкайлыгы аягына чыкканга каалосу жок болуп жатат. Шашкандар көп - шак эле програмчы болуп кетем деген. Тил маселеси. Билим берүү системасы жок. 20:11 Азамат Токтакунов: Чет тил маселесин азыр жасалма интеллект аркылуу чечсе болот. 21:23 Салават Исмаилов: Эгерде шарттуу түрдө курсту бүткөн соң биринчи жумушту тапкан адам програмчы деп эсептейлик. Жөндөмдөргө жараша, курска келип жатканда, чоң каалооңуз бар, бирок өзүңүздү түшүнүү керек, кандай окуган ыңгайлуу жана жакшы ментор керек. Жакшы чөйрө дагы жардам берет. Жумуш тажрыйбасы жоктор жумушка кире алышпайт. 26:44 Жумамидин: Кыргызстанда IT эми өнүгө баштады, эми мындан дагы көп програмчылар талап кылынат. Акча коротуп, энергия короткон соң, аракет кылууну уланта бериш керек. Жумуш таппай калгандардын себеби, жетишээрлик убакыт бөлбөй калганы. Портфолио үчүн жеке долбоорлорду жасоо. 30:29 Турат Алыбаев: Жумушка кире албай жаткандардын эң чоң көйгөйү жумшак көндүмдөрдүн (soft skills) жетишсиздиги. 32:28 Жумамидин Ташалиев: Жаңы баштап жаткандарга сунуштар. 39:16 Калыс Осмон: Кесип алмаштырган жакшы нерсе. Жумушка тажрыйбалуу адамдар керек. 41:46 Азамат Токтакунов: Долбоор жасоого умтулуу. 43:22 Турат Алыбаев: Кесип алмаштыргандарга кеңеш. 46:37 Азамат Токтакунов: Жогорку билими бар, үй кожейкелерине IT бул жакшы мүмкүнчүлүк. 47:32 Салават Исмаилов: IT тармагында башка кесиптен алган экспертизаны колдонсо, жөн гана кодду билгенден жогору болот. 49:18 Азамат Токтакунов: IT курс жасасаңар, кандай кылып жасамак элеңер? 50:38 Турат Алыбаев: ITге эмнеге келип атканын адамдар билип алганы жакшы. 53:29 Султан Иман: Биздин програмчылардын коому дагы деле болсо жаш. Жаңы технологияларды колдонгула. 58:48 Салават Исмаилов: Жаштарга сунуш. 1:01:44 Калыс Осмон: Суроо бергенден уялбаш керек. 1:02:50 Азамат Токтакунов: Жумшак көндүмдөрдү үйрөтөбүз. 1:04:46 Султан Иман: Кыргыз тилинде контент жаратуу. 1:07:22 Азамат Токтакунов: Жаратман болуу үчүн эң жөнөкөй кадамдар. 1:08:46 Жумамидин Ташалиев: Чөйрө платформасын колдонолу. Чогулалы. 1:10:14 Азамат Токтакунов: Кийинки темаларда "Адистердин базасы" жана "Жасалма интеллекст". 1:11:45 Жыйынтыктоочу сөздөр. DevKurultay Кыргыз тилдүү IT–коомдоштук https://t.me/devkurultay Чөйрө тиркемеси: Google Play https://play.google.com/store/apps/details?id=com.choyro.choyro App Store https://apps.apple.com/app/чойро/id6451497549 Чөйрө платформасы https://choyro.com
374
8
IT курс окуп, програмчы боло алышабы? Эртең, 2023-12-11 Бишкек убактысы боюнча саат 21:00 эксперттер менен бирге IT билим берүү тармагы жөнүндө маек курабыз, өзүбүздүн тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз, суроолорго жооп тапканга аракеттенебиз жана башка кызыктуу темаларды талкуулайбыз. Спикерлер: Калыс Осмон, Польша @kalys Турат Алыбаев, Кыргызстан @turat_alybaev Салават Исламов, Германия @salavat_islamow Султан Иман, Германия @SultanIman Жумадин Ташалиев, Кыргызстан @plibrBr Азамат Токтакунов, Германия @azamatkgde Мурат Жумашев, Кыргызстан @murat_jumashev ITJoop https://choyro.com/groups/itjoop/ Подкаст Zoom-аркылуу запись болот, шилтеме Чөйрө ITJoop группасында. Суроолорду DevKurultay телеграм группасында Суроо / жооп темасында узатсаңыздар болот. Маалымат технологияларынын ар кандай аспектилерин талкуулайбыз, суроолорго жооп беребиз жана талдайбыз. Долбоор DevKurultay (https://t.me/devkurultay) кыргыз тилдүү IT-коомдоштук жана Чөйрө платформасы менен бирге иштейт.
334
9
Кантип кенже IT-адиси жумуш тапса болот? 1. Кенже IT-адистер үчүн вакансияларды карап чыгыңыз. 2. Вакансияларда кезиккен жалпы талаптарды жазып алыңыз. Эң негизгиси, hard skills кездешкен жөндөмдөрдү анализдөө зарыл. Иш берип жаткан адамдын көңүлүн алыш үчүн, кандайдыр бир милдеттүү жөндөмдөр талап кылынат. Мисалы программачылар үчүн бир же бир нече программа тилдерин билүү, база данных ишинин түшүнүгү ж.б.у.с. 3. Сиздин резюмеңиз түшүнүктүү болушу керек, анын ичинде теоретикалык билимдер жана кайсыл долбоорлор менен иштегениңиз көрсөтүлгөн болсо жакшы. 4. Сиздин тажрыйбаңызга жараша же болбосо жөндөмүңүз бир аз жетпей жаткан, бирок жумушка кирген соң ал кемчиликти өз алдынча бат өзгөртө ала турган вакансияларга кайрылсаңыз болот. 5. Коштомо жана сунуш каттар жөнүндө унутпаңыз. 6. Иш берүүчү менен сүйлөшүүгө алдын ала даярдануу керек. Көп суроолор кайталанышы мүмкүн. Азыр интернетте адистерди жумушка кирүүдө сүйлөшүүлөр боюнча ар кандай ачык видеолор бар. Аларды алдын ала көрүп чыгып, өзүңүзгө көбүрөөк ишеним топтоп алсаңыз болот. Жумуш издөөдө эң негизгиси - бул жумуш издөө. Достордон, тааныштардан, интернеттен вакансиялар жөнүндө сурагандан уялбаңыз. IT-үйрөнүү убагында долбоор жасоого көнүл буруңуз. Мисалы, Чөйрө платформасында ар кандай кызыктуу социалдык долбоорлорго катышсаңыз болот. Окуу бүткөн соң ар кандай ачык-долбоорлорго кошулуп, тажрыйба топтоңуз. Ошондо сизди балким бирөө байкап калышы мүмкүн. Бирөө сизге жазат деп күтпөңүз. Жашооңузду өз колуңузга алып, биринчи кыймылдап баштаңыз. Баардык жерден изденүүнү улантып, активдүү болуңуз. Мисалы - Вакансиялар бар компаниялардын сайттары, - Компаниялардын соцалдык медиада баракчалары - Тажрыйба топтоо боюнча кулактандыруу - Ар кандай IT-конференциялар жана чогулуштар - Нетворкинг - сиздин чөйрөңүз, тааныш достор, коллегалар, уюмдар ⚡️ Жашка карабай жумуш алмаштырса болот ⚡️ Үйрөнүү эч качан кеч эмес ⚡️ Биринчи ирет өзүңүздү угуңуз. Чоочун адамдар сизди тааныбайт. ⚡️ Коркуу сезими бул нормалдуу нерсе. ⚡️ Ийгиликсиз натыйжадан дароо багынбаңыз - ошондо баары жакшы болот! Азамат Токтакунов Дортмунд, Германия 23-ноябрь, 2023-жыл Instagram: https://www.instagram.com/azamatkgde/ Чөйрө https://choyro.com
246
10
Күч ичиңде.
Күч ичиңде.
330
11
Октябрь айы - жаңы карьера баштоо үчүн эң сонун убакыт. Келгиле, чогуу мүмкүнчүлүктөрдү издейли, ITге кадам курсунун экинчи а
Октябрь айы - жаңы карьера баштоо үчүн эң сонун убакыт. Келгиле, чогуу мүмкүнчүлүктөрдү издейли, ITге кадам курсунун экинчи айына жазылыңыз жана IT рыногун бирге изилдейли. Бирге резюме даярдайбыз, кызыккан вакансияларга тапшырабыз жана IT тармактагы тажрыйбаңызды арттырабыз. Ийгиликке биринчи кадам жасаңыз! Октябрь айына курстун баасы 8000 сом. Бүгүн акыркы күн, суроолор боюнча WhatsApp: +49 152 52 49 87 24 номерине кайрылыңыз.
1 193
12
https://youtu.be/cvQnf0hLqME
255
13
Демокүн аяктады Достор өзүңүздөр билгендей, биз кечөө 1-октябрда демокүндү өткөрдүк. Конкурстун шарттарына ылайык добуш берүүлөр чөйрөдө өткөрүлдү жана түнкү саат 23:59 да токтотулду. Жыйынтыгында орундар төмөндөгүдөй ирээтте аныкталды: 1-орун Нур Йога Жылдыз Кыдыралы, Бретань, Франция 2-орун Күч ичиңде. Мотивация Ырысгүл Жыргалбекова, Абу-Даби, БАЭ 3-орун KG накта азыктары Динара Бейшебаева, Нарын, Кыргызстан Гулбубу Тилекматова, Нарын, Кыргызстан Назгул Абдыкеримова,Ысык-Көл, Кыргызстан Элиза Мырзабек кызы Суусамыр, Кыргызстан 3-орун Чет өлкөдө иштөөгө! Чет өлкөдө окуу! Жылдызкан Каримова Ош, Кыргызстан Ачык-айкын өткөрүлгөн конкурстун негизинде сыйлыктар ээлерин татыктуу тапты. Ар бириңиздерди татыктуу жеңишиңиздер менен куттуктайбыз! Сиздин аракетиңиз, окуу ишиңиз жана ийгиликке жетүү каалооңуз көз жаздымда калган жок. Биз сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Сиздин бул курска катышууңуз жана жеңишиңиз, талантыңыз менен өжөрлүгүңүздү татыктуу баалоо гана эмес, маалыматтык технологиялар дүйнөсүндөгү жаркын келечекке болгон алгачкы кадам, алгачкы жетишкендиктер болуп саналат. Сиз мындан да бийиктиктерди багындырып, IT тармагына көптөгөн инновацияларды алып келээриңизге ишенебиз. Сынакка катышкан баардык талантуу окуучуларды дагы бир жолу куттуктайбыз жана IT тармагында ийгиликтүү карьера, көптөгөн кызыктуу долбоорлорду жаратуу менен чексиз эргүү каалайбыз!
262
14
15-минутадан кийин ITге кадам - Демокүн! https://us06web.zoom.us/j/88687301433?pwd=dTRMaGtPK0JNNGlkbDlpYXNNYWdXUT09
15-минутадан кийин ITге кадам - Демокүн! https://us06web.zoom.us/j/88687301433?pwd=dTRMaGtPK0JNNGlkbDlpYXNNYWdXUT09
251
15
Жылдыз Кыдырали: «Нурлуу жүз жан дүйнөнүн гармониясы! Саламатсыздарбы чөйрө порталынын мүчөлөрү! Эч кимден жардам күтпөй, өз күчүнө, билимине таянып иш баштаган жаратмандардын арасына кош келиңиздер! Окуйм деп билимге суусап турган мекендештерибиздин башын бириктирип, кыргызча IT ни эле окутпастан, дем, күч берип алдыга сүрөп келе жаткан Азамат агайга терең ыраазычылык билдирем! Агай канчалаган адамдардын талантын ачып, жардам берип, болгон билимин аябай, өлкөбүздүн өнүгүшүнө тоодой салым кошуп келе жатат! Билимдүү адам менен коом өнүгөт, коом өнүксө, өлкөбүз да прогрессти көздөй жылат. Курс башталганына бүгүн туура бир ай болот. Отуз күн аралыгында IT ни билбей келген адамдар кандай ийгиликтерге жетишти, бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 21.00 дө күбө болосуздар. Конкурска 12 адам 7 презентациясы менен катышып жатышат. Алардын арасында 4-катарда мен да адамдардын жүздөрүнө нур тартуулоо максатында жасаган сайтым, презентациям менен катышып жатам. Бул шилтеме аркылуу кирип: Чөйрө - No. 4 менин долбоорумду колдоп лайк 👍🏼басып, астына ой-пикириңизди да жазып коюңуз! Үйдөгү апаларыбыз, аталарыбыз, бир туугандарыбыз жаш, жүздөрүнөн нур тамып турган, көңүлдөрү куунак, позитивдүү болсун десеңиздер, менин долбоорумду колдоңуздар! Биз абонемент алып спорт залдарга жазылбай, спорттук кийим сатып албай эле, үйдөн олтуруп алып йога менен машыгабыз! Болгондо да беттин йогасы менен! Ал эмне деп жатсаңыз жогорудагы шилтемеге кирип менин сайтым менен таанышып чыксаңыздар болот. Долбоорду бүгүн презентация кылып өз сөзүм менен айтып берем. Келиңиздер, биргеликте жан дүйнөбүзгө гармония тартуулайбыз! Колдооңуз үчүн ыраазычылык билдирем жана ар бир группалашыма ийгилик каалайм!»
250
16
Урматтуу достор, биздин IT демилге курсубузда 1-Октябрь Бишкек убактысы боюнча саат 21.00 дө Zoom аркылуу 12 катышуучу 7 презентациялары менен ат салышышат! Сизди официалдуу түрдө чакырабыз. Чөйрө платформасына кирип, лайк басып өз добушуңузду көңүлүңүзгө жаккан долбоорго бериңиз! Уткандар үчүн маанилүү сыйлыктар берилет. 1. Чет өлкөдө иштөөгө! Чет өлкөдө окуу! Жылдызкан Каримова Ош, Кыргызстан https://choyro.com/news/p/3544/ 2. Кыргыз тил курсу Мираида Ниазбек кызы Нарын, Кыргызстан Айдана Абдыкериова Мюнхен, Германия Асия Ерматова Мюнхен, Германия https://choyro.com/news/p/3545/ 3. Менин кыялымдагы жоолук Байма Оморбекова Бишкек, Кыргызстан https://choyro.com/news/p/3546/ 4. Нур Йога Жылдыз Кыдыралы Бретань, Франция https://choyro.com/news/p/3547/ 5. Дизайн ой жүгүртүү Нуриза Абдилазиз кызы Мюнхен, Германия https://choyro.com/news/p/3548/ 6. Күч ичиңде Мотивация Ырысгүл Жыргалбекова Абу Даби, ОАЭ https://choyro.com/news/p/3549/ 7. KG накта азыктары Динара Бейшебаева Нарын, Кыргызстан Гулбубу Тилекматова Нарын, Кыргызстан Назгул Абдыкеримова Ысык-Көл, Кыргызстан Элиза Мырзабек кызы Суусамыр, Кыргызстан https://choyro.com/news/p/3550/
252
17
Чөйрө - иштейт! IT Демилге курсунун катышуучусу Байма айым азыр эле Чөйрө аркылуу биринчи кардарларды таап алды, алкыш! Биз к
Чөйрө - иштейт! IT Демилге курсунун катышуучусу Байма айым азыр эле Чөйрө аркылуу биринчи кардарларды таап алды, алкыш! Биз кайра-кайра айтып атабыз, айти оңой, бир айдын ичинде эле каалаган нерсени жасап, иш баштаса болот. Кыялдар оорундалат деген ушу. Эң негизгиси ички ой-максаттарды изилдеп, кичинекей кадамдардан баштап, байланыштарды түзүү керек. Калганын айтинин жардамы менен жарыка чыгарса болот!
242
18
Турат Алыбаев.m4a
240
19
Турат Алыбаев: Жумуш сени издеген IT адиси бол! IT агартуучу, мотиватор, кумурскадай эмгекчил Турат Алыбаев агай менен кызыктуу маек курдук. Ал бизге өзүнүн курстары кантип түзүлгөнүн, кандай кыйынчылыктарды басып өткөнү жана эң негизгиси Баткенде IT компания ачуу максаты менен бөлүштү. Талкууланган темалар: 02:14 Турат агайдын 16-курсу тууралуу 02:40 Тил-Бил долбоорун кантип баштаган 04:45 Адам кыялын чектебеши керек 05:15 Баткенде 500 адамга ылайык чоң офисибиз болот 06:35 Айды алып берем деп адамдарды алдабайбыз 08:18 Курсту бүткөн адамдарды жумушка орноштура албайбыз 09:05 Мотивациясы түгөнүп IT ни таштап койгондор 10:04 IT демилге курсу тууралуу 15:02 Чөйрө жөнүндө, кантип жумуш табабыз 20:49 Чөйрө тиркемеси 27:33 Жумуш сени издеген, ишти майын чыгара жасаган адис бол 33:40 IT де акча жакшы төлөйт, үйдө отуруп иштесе болот 34:36 Өзүңдү изилдеп анан ишти башта 36:28 Чөйрө баарыбызга керек 37:58 Жакшы иштер жаздын күнкү кардай жабышып кете берет 40:19 Сеники болбойт деп басынткан адамдар да болду 45:20 Менин талантым бар командаңарга алгыла
261
20
Ильгиз Камбаров.m4a
264