cookie

Sizning foydalanuvchi tajribangizni yaxshilash uchun cookie-lardan foydalanamiz. Barchasini qabul qiling», bosing, cookie-lardan foydalanilishiga rozilik bildirishingiz talab qilinadi.

avatar

Чөйрө

Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер choyro.com

Ko'proq ko'rsatish
Reklama postlari
962
Obunachilar
-324 soatlar
-77 kunlar
+830 kunlar

Ma'lumot yuklanmoqda...

Obunachilar o'sish tezligi

Ma'lumot yuklanmoqda...

Урматтуу мекендештер, эгерде сиздер ишкерлик (бизнес) менен алектенсеңиздер жана бул чөйрөдө башка ишкерлер менен байланыш түзгүңүздөр келсе, анда сиздерди бүткүл дүйнөлүк ийгиликтүү кыргыз ишкерлеринин жабык бизнес клубуна чакырабыз. Сайтыбызга баш багып, мүчө болуу шарттары менен таанышып, маалымат алган соң, биз менен байланышка чыгыңыздар – https://choyro.com/club #choyroclub
Hammasini ko'rsatish...
👍 6
Бизнес чөйрө (https://choyro.com/club/) - бул бизнес клуб дүйнө жүзү боюнча тажрыйба алмашууга даяр, кызматташууга ачык, жеке жана кесиптик өсүүгө умтулган, коомчулуктун өнүгүшүнө салым кошо турган адамдарды бириктирет. Пайдалуу байланыштарды табуу аркылуу ийгиликке жетиңиз. Бизнес клуб Бизнестеги бири-бирине болгон жогорку деңгээлдеги ишеним менен айырмаланган ишкерлердин бекем коомчулугун түзүүдөбүз. Биздин клубдун мүчөлөрү киреше табууда бири-бирине жардам беришет, тажрыйбалары менен бөлүшөт жана узак мөөнөттүү, ишенимге негизделген мамилелерди курушат. Биздин клуб акча иштери гана эмес, инвестиция аркылуу жашоонун өнөрүн да үйрөнүүгө багытталган. Клубга кошулуу үчүн, бизнес-репутацияңызды жана капиталыңызды текшерүү менен катар, сиз биздин негизги баалуулуктарыбызга – адептүүлүк, жаратмандык, таасирдүүлүк жана сулуулукка умтулуу боюнча жакындыгыңыз да маанилүү болуп саналат. - Жеке ишкер - Инвестор - Менеджер - Эксперт - Консультант - Экономика адиси 1. Бири-бирибизге жол көрсөтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачабыз. 2. Байланыштар жана тажрыйба менен бөлүшөбүз. 3. Үзгүлтүксүз өзүн-өзү өнүктүрүүгө көмөктөшөбүз. 4. Долбоорлорду илгерилетүү боюнча өз ара жардамдашабыз. Бизнес клубка, клубтун гана катышуучулары сунуштаган бизнесмендер кире алат. Андыктан, бул постто белгиленген адамдарды таанысаңыз, алар менен байланышып, өзүңүздү клубка кошууну айтыңыз. Spotify: https://open.spotify.com/episode/5DAixOP37pAldlht9SVqss?si=47548942c5b643bb Google: https://podcasts.google.com/feed/aHR0cHM6Ly9hbmNob3IuZm0vcy9lNjBhOTFmMC9wb2RjYXN0L3Jzcw/episode/OWI2ZDhiYjktNGVhOC00NGRlLWEzYWMtZDMwMDdhNTJhYzYy?sa=X&ved=0CAUQkfYCahcKEwiIhfaXkdODAxUAAAAAHQAAAAAQLA&hl=ru Apple: https://podcasts.apple.com/de/podcast/%D1%87%D3%A9%D0%B9%D1%80%D3%A9/id1700986463
Hammasini ko'rsatish...
👍 1
Photo unavailableShow in Telegram
Баарыңыздар кечки салам! Кирип келе жаткан Жаңы Жылыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерди азыр Чөйрөдө болуп жаткан онлайн күтүүсүз уюштурулган Zoon-кечеке чакырабыз! Келип ырдап, жакшы каалоо тилектерди айтып көңүл ачып кетиңиздер! https://us06web.zoom.us/j/88687301433?pwd=dTRMaGtPK0JNNGlkbDlpYXNNYWdXUT09
Hammasini ko'rsatish...
👍 1
Photo unavailableShow in Telegram
🌐 Уважаемые соотечественники за рубежом! 🇰🇬 Мы приглашаем вас принять участие в нашем опросе, чтобы лучше понять потребности и мнения кыргызской диаспоры. Ваш взгляд важен для нас! 📝 Пожалуйста, заполните опросник по ссылке ниже и поделитесь вашим опытом: https://choyro.com/poll/ Спасибо за ваш вклад в создание более тесного сообщества за границей! 🌏🤝
Hammasini ko'rsatish...
Hammasini ko'rsatish...
Жасалма интеллект жашоону жеңилдетеби?

"Эркиндик үнү" подкастында жасалма интеллекттин келечегин, коркунучун жана пайдасын, демократияга тийгизген таасирин талкуулайбыз.

👍 2
Hammasini ko'rsatish...
"Диктаторлор жасалма интеллектти курал кылышы мүмкүн"

"Ар ким өз максаты, өз кызыкчылыгы үчүн иштейт. Жазуучунун пикиринде, Орусияда же Түндүк Кореяда бир күчтүү интеллектуал адам чыга турган болсо, ал адамзаттын түбүнө жетиши мүмкүн".

ITJoop: IT курс окуп, програмчы боло алышабы? Google Podcast https://podcasts.google.com/feed/aHR0cHM6Ly9hbmNob3IuZm0vcy9lNjBhOTFmMC9wb2RjYXN0L3Jzcw/episode/MzVkNjg0YTQtNWJiYy00M2NkLTkyNDUtYmUyMjMxMGQ0MTQ5?sa=X&ved=0CAUQkfYCahcKEwjw07TjofWCAxUAAAAAHQAAAAAQAQ&hl=ru Spotify https://open.spotify.com/episode/5nCRZ8yWCYPJVMA9TNTEKF Apple Podcast https://podcasts.apple.com/de/podcast/%D1%87%D3%A9%D0%B9%D1%80%D3%A9/id1700986463?i=1000637357121 00:00 ITJoop подкаст DevKurultay (https://t.me/devkurultay) кыргыз тилдүү IT–коомдоштук жана Чөйрө (https://choyro.com) платформасы менен бирге даярдалды. Эксперттер менен таанышуу. 03:52 Турат Алыбаев: Курста окуп програмчы болсо болот, бирок чоң мээнет керек. Курсту бүтүп күчтүү адис чыкпайт, бирок ITге киргенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бүтүрүүчүлөргө Университет окуганды сунуштайт. Бир жол жок, ар бир адам уникалдуу. 07:32 Калыс Осмон. Курстар жок эле, үйдөн китеп окуп жумуш таап кетсе болот. Жумуш табуу бул өзүнчө процесс жана аны үйрөнүү менен бирге кошо баштоо керек. Жумуш издөөдө психология абдан маанилүү. Тааныштардын арасында бир курстан кийин жумуш таппастан, экинчи курстан кийин жумуш тапкандар көп. Билимден тышкары - нетворкинг маанилүү. Тааныштар аркылуу жумуш тапкан оңой. 13:01 Азамат Токтакунов: Мурда, эгерде адам аябай програмчы болгусу келсе, ал өзү эле изденип жүрүп, програмчы боло алат. Эми болсо, адамда каало бар болсо, ага жол көрсөтүп, аны програмчы кылып үйрөтсө болот. 15:23 Султан Иман: Курстардын көбөйгөнүнүн кесепети - жакшы курс жасаган борборлордун абройун бузганы. Азыркы замандын чакырымынан, маалыматтын көбөйүшүнүн натыйжасында, маалыматты издеп аны менен иштөөдө адамдын чыдамкайлыгы аягына чыкканга каалосу жок болуп жатат. Шашкандар көп - шак эле програмчы болуп кетем деген. Тил маселеси. Билим берүү системасы жок. 20:11 Азамат Токтакунов: Чет тил маселесин азыр жасалма интеллект аркылуу чечсе болот. 21:23 Салават Исмаилов: Эгерде шарттуу түрдө курсту бүткөн соң биринчи жумушту тапкан адам програмчы деп эсептейлик. Жөндөмдөргө жараша, курска келип жатканда, чоң каалооңуз бар, бирок өзүңүздү түшүнүү керек, кандай окуган ыңгайлуу жана жакшы ментор керек. Жакшы чөйрө дагы жардам берет. Жумуш тажрыйбасы жоктор жумушка кире алышпайт. 26:44 Жумамидин: Кыргызстанда IT эми өнүгө баштады, эми мындан дагы көп програмчылар талап кылынат. Акча коротуп, энергия короткон соң, аракет кылууну уланта бериш керек. Жумуш таппай калгандардын себеби, жетишээрлик убакыт бөлбөй калганы. Портфолио үчүн жеке долбоорлорду жасоо. 30:29 Турат Алыбаев: Жумушка кире албай жаткандардын эң чоң көйгөйү жумшак көндүмдөрдүн (soft skills) жетишсиздиги. 32:28 Жумамидин Ташалиев: Жаңы баштап жаткандарга сунуштар. 39:16 Калыс Осмон: Кесип алмаштырган жакшы нерсе. Жумушка тажрыйбалуу адамдар керек. 41:46 Азамат Токтакунов: Долбоор жасоого умтулуу. 43:22 Турат Алыбаев: Кесип алмаштыргандарга кеңеш. 46:37 Азамат Токтакунов: Жогорку билими бар, үй кожейкелерине IT бул жакшы мүмкүнчүлүк. 47:32 Салават Исмаилов: IT тармагында башка кесиптен алган экспертизаны колдонсо, жөн гана кодду билгенден жогору болот. 49:18 Азамат Токтакунов: IT курс жасасаңар, кандай кылып жасамак элеңер? 50:38 Турат Алыбаев: ITге эмнеге келип атканын адамдар билип алганы жакшы. 53:29 Султан Иман: Биздин програмчылардын коому дагы деле болсо жаш. Жаңы технологияларды колдонгула. 58:48 Салават Исмаилов: Жаштарга сунуш. 1:01:44 Калыс Осмон: Суроо бергенден уялбаш керек. 1:02:50 Азамат Токтакунов: Жумшак көндүмдөрдү үйрөтөбүз. 1:04:46 Султан Иман: Кыргыз тилинде контент жаратуу. 1:07:22 Азамат Токтакунов: Жаратман болуу үчүн эң жөнөкөй кадамдар. 1:08:46 Жумамидин Ташалиев: Чөйрө платформасын колдонолу. Чогулалы. 1:10:14 Азамат Токтакунов: Кийинки темаларда "Адистердин базасы" жана "Жасалма интеллекст". 1:11:45 Жыйынтыктоочу сөздөр. DevKurultay Кыргыз тилдүү IT–коомдоштук https://t.me/devkurultay Чөйрө тиркемеси: Google Play https://play.google.com/store/apps/details?id=com.choyro.choyro App Store https://apps.apple.com/app/чойро/id6451497549 Чөйрө платформасы https://choyro.com
Hammasini ko'rsatish...
👍 1 1
IT курс окуп, програмчы боло алышабы? Эртең, 2023-12-11 Бишкек убактысы боюнча саат 21:00 эксперттер менен бирге IT билим берүү тармагы жөнүндө маек курабыз, өзүбүздүн тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз, суроолорго жооп тапканга аракеттенебиз жана башка кызыктуу темаларды талкуулайбыз. Спикерлер: Калыс Осмон, Польша @kalys Турат Алыбаев, Кыргызстан @turat_alybaev Салават Исламов, Германия @salavat_islamow Султан Иман, Германия @SultanIman Жумадин Ташалиев, Кыргызстан @plibrBr Азамат Токтакунов, Германия @azamatkgde Мурат Жумашев, Кыргызстан @murat_jumashev ITJoop https://choyro.com/groups/itjoop/ Подкаст Zoom-аркылуу запись болот, шилтеме Чөйрө ITJoop группасында. Суроолорду DevKurultay телеграм группасында Суроо / жооп темасында узатсаңыздар болот. Маалымат технологияларынын ар кандай аспектилерин талкуулайбыз, суроолорго жооп беребиз жана талдайбыз. Долбоор DevKurultay (https://t.me/devkurultay) кыргыз тилдүү IT-коомдоштук жана Чөйрө платформасы менен бирге иштейт.
Hammasini ko'rsatish...
3
Кантип кенже IT-адиси жумуш тапса болот? 1. Кенже IT-адистер үчүн вакансияларды карап чыгыңыз. 2. Вакансияларда кезиккен жалпы талаптарды жазып алыңыз. Эң негизгиси, hard skills кездешкен жөндөмдөрдү анализдөө зарыл. Иш берип жаткан адамдын көңүлүн алыш үчүн, кандайдыр бир милдеттүү жөндөмдөр талап кылынат. Мисалы программачылар үчүн бир же бир нече программа тилдерин билүү, база данных ишинин түшүнүгү ж.б.у.с. 3. Сиздин резюмеңиз түшүнүктүү болушу керек, анын ичинде теоретикалык билимдер жана кайсыл долбоорлор менен иштегениңиз көрсөтүлгөн болсо жакшы. 4. Сиздин тажрыйбаңызга жараша же болбосо жөндөмүңүз бир аз жетпей жаткан, бирок жумушка кирген соң ал кемчиликти өз алдынча бат өзгөртө ала турган вакансияларга кайрылсаңыз болот. 5. Коштомо жана сунуш каттар жөнүндө унутпаңыз. 6. Иш берүүчү менен сүйлөшүүгө алдын ала даярдануу керек. Көп суроолор кайталанышы мүмкүн. Азыр интернетте адистерди жумушка кирүүдө сүйлөшүүлөр боюнча ар кандай ачык видеолор бар. Аларды алдын ала көрүп чыгып, өзүңүзгө көбүрөөк ишеним топтоп алсаңыз болот. Жумуш издөөдө эң негизгиси - бул жумуш издөө. Достордон, тааныштардан, интернеттен вакансиялар жөнүндө сурагандан уялбаңыз. IT-үйрөнүү убагында долбоор жасоого көнүл буруңуз. Мисалы, Чөйрө платформасында ар кандай кызыктуу социалдык долбоорлорго катышсаңыз болот. Окуу бүткөн соң ар кандай ачык-долбоорлорго кошулуп, тажрыйба топтоңуз. Ошондо сизди балким бирөө байкап калышы мүмкүн. Бирөө сизге жазат деп күтпөңүз. Жашооңузду өз колуңузга алып, биринчи кыймылдап баштаңыз. Баардык жерден изденүүнү улантып, активдүү болуңуз. Мисалы - Вакансиялар бар компаниялардын сайттары, - Компаниялардын соцалдык медиада баракчалары - Тажрыйба топтоо боюнча кулактандыруу - Ар кандай IT-конференциялар жана чогулуштар - Нетворкинг - сиздин чөйрөңүз, тааныш достор, коллегалар, уюмдар ⚡️ Жашка карабай жумуш алмаштырса болот ⚡️ Үйрөнүү эч качан кеч эмес ⚡️ Биринчи ирет өзүңүздү угуңуз. Чоочун адамдар сизди тааныбайт. ⚡️ Коркуу сезими бул нормалдуу нерсе. ⚡️ Ийгиликсиз натыйжадан дароо багынбаңыз - ошондо баары жакшы болот! Азамат Токтакунов Дортмунд, Германия 23-ноябрь, 2023-жыл Instagram: https://www.instagram.com/azamatkgde/ Чөйрө https://choyro.com
Hammasini ko'rsatish...
👍 8🔥 2
04:00
Video unavailableShow in Telegram
Күч ичиңде.
Hammasini ko'rsatish...
Күч ичиңде.mp410.26 MB
🔥 8
Boshqa reja tanlang

Joriy rejangiz faqat 5 ta kanal uchun analitika imkoniyatini beradi. Ko'proq olish uchun, iltimos, boshqa reja tanlang.