🔴
БАЛАГА АКЫЙКА КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ
Акыйка – бул Аллах Таалага шүгүр кылуу максатында жаңы төрөлгөн баланын атынан жандык союу. Акыйка кылуунун төрөлгөн балага да, анын ата-энесине да чоң пайдасы бар.
Акыйка кылуу менен бала шайтандын азгырыгынан амандыкта болот. Ал эми баланын ата-энеси акыйка кылып элге садака бергендиги үчүн акыретте көптөгөн сооп-сыйлыктарга ээ болот. А бул дүйнөдө болсо элдерден жакшы бата-тилектерди алат. Садака бергендигинин себебинен ар түрдүү кырсык балээлерден алыс болот.
📌
АКЫЙКА КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ
Бала төрөлгөндө жандык союп акыйка кылуунун өкүмү шариятта
сүннөт иштерден болуп саналат. Ошондуктан сүннөттү аткарып, төрөлгөн ар бир балага калтырбай акыйка кылуу жакшы иштерден.
Уул балага эки кой, ал эми кыз балага бир кой союлат. Эки кой союуга мүмкүнчүлүгү жетпесе, анда уул бала үчүн бир кой союп койсо жетиштүү болот. Эң башкысы, максат кылынган акыйка кылуу амалы аткарылды. Самурат ибну Жундуб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Бала өз акыйкасына байланган. Аны бошотуу үчүн жетинчи күнү ага атап жандык союлуп акыйка кылынат жана ага ат коюлуп, чачы алынат». (Насаи)
Аиша, радыяллаху анха, риваят кылат:
«Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, уул бала үчүн эки кой, кыз бала үчүн бир кой союп акыйка кылууга бизди буйруган». (Ибну Маажах)
Эгерде мурда балага ата-энеси акыйка кылбаган болсо, анда ал
бала чоңойгондо өзүнүн атынан өзү акыйка кылса да болот. Анас ибну Малик, радыяллаху анху, риваят кылып айтат:
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, пайгамбар болгондон кийин өзүнүн атынан өзү акыйка кылган». ("Ас-Сильсилат ас-Сахиха", Абдурраззак)
Хасан аль-Басри, рахимахуллах, айтат:
«Эгерде сага акыйка кылынбаган болсо, анда сен өзүңдүн атыңдан өзүң акыйка кыл». ("ас-Сильсилат ас-Сахиха")
Акыйка кылуу үчүн жандыкты союп жатканда Аллахым бул жандыкты сен үчүн баланчанын уулу баланчанын атынан деп жүрөгүнөн ниет кылып:
“Бисмиллахи, Аллаху Акбар” – деп мууздайт.
Акыйка кылуу – кой, эчки, уй жана төө сыяктуу жандыктардын бирин союу менен аткарылат. Кой менен эчки бир жашка толгон болуусу керек. Эгерде кой семиз жана чоң болсо, жарым жашка толсо да жарай берет. Эчки бир жаштан өткөндө, уй экиден үчкө өткөндө, төө төрттөн бешке өткөндө сойгонго жарактуу болуп эсептелет. Ал жандыктар ургаачыбы же эркекпи айырмасы жок, баары тең акыйкага сойгонго жарай берет. Эң негизгиси, акыйкага аталган жандыктын дене-мүчөлөрү бүтүн жана оорукчан болбошу шарт. Көзү көр, чолок, мүйүзү түбүнөн сынган, кулагы түбүнөн кесилген, өзү баса албай тургандай арыктаган, араңжан жандыктар акыйкага жарабайт.
Кыскасын айтканда, курмандык кылууга кандай жандыктар жараса, акыйка кылууга да ошондой жандыкты сойсо жарайт.
Акыйкага союлган жандыктын этин
садака кылса болот, же ал этти бышырып тууган-урук, кошуна-колоңдор жана жоро-жолдошторду чакырып
меймандаса да болот. Бир бөлүгүн кийин өз
үй-бүлөсү менен жегенге сактап койсо да болот.
📌
АКЫЙКА КЫЛУУНУН УБАКТЫСЫ
Наристе төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү жандык союлуп, акыйка кылынат. Эгерде жетинчи күнү соё албай калса, анда он төртүнчү күнү союп койсо болот. А эгерде он төртүнчү күнү да сойгонго үлгүрбөй калса, анда жыйырма биринчи күнү, анда да соё албай калса, анда мүмкүнчүлүк болгон күнү союп койсо жарай берет. Бурайда, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Акыйка кылууга даярдалган жандык жетинчи күнү, же он төртүнчү күнү, же болбосо жыйырма биринчи күнү союлат». (Байхаки, "Сахих Ал-Жаамиь")
═════════
➤➤
https://t.me/tilmech
➤➤
https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз