🔴 БИР ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛГОН АШУРА КҮН
🔹
АШУРА КҮНҮ ДЕГЕН КАНДАЙ КҮН?
Ашура күнү – Мухаррам айынын 10-күнүнө туш келген күн. Быйылкы 2026-жылы 25-июнга туура келет.
🔹 БУЛ КҮНҮ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ АТКАРУУ КЕРЕК?
Ашура күнү орозо тутуу сүннөт болуп саналат. Анткени Аллах таала ушул күнү Муса пайгамбарды Фараон жана анын аскеринен куткарган. Ошол себептен улам Аллахка шүгүр кылуу максатында бул күнү орозо тутуу сүннөт.
🔹
АШУРА КҮНҮНҮН ОРОЗОСУ ТУУРАЛУУ ШАРИЯТТА КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР КЕЛГЕН?
Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат: «Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыздан ﷺ Ашура күнүндөгү орозо тууралуу сурашканда, ал:
«Ашура күнүндөгү орозо – өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүттөнөм»,– деп жооп берди». (Сахих Муслим, 1976)
Бул хадистен Ашура күнүнүн орозосу бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болорун билебиз.
🔹
БУЛ КҮНДӨГҮ ОРОЗО КАНТИП ТУТУЛАТ?
Ашура күнүндөгү орозо 3 түрдө тутулат:
1) Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы жана кийинки күндөрү да орозо тутуу. Ошондо үч күн (24-25-26-июнь күндөрү) катар орозо тутулат.
2) Ашура күнү менен анын алдыңкы күнү (24-25-июнь күндөрү) орозо тутуу же Ашура күнү менен андан кийинки күнү (25-26-июнь күндөрү) орозо тутуу.
3) Ашура күнү эле (25-июнь күнү) орозо тутуу.
Мына ушул үч түрдүн бирөөсүнө туура келгендей орозо тутсаңыз, Ашура күнүндөгү орозону туура туткан болосуз.
🔹 БУЛ КҮНДҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ КАНДАЙ?
– Пайгамбарыбыздын сүннөтүн аткарып, Ашуранын орозосун тутуу мустахаб болуп эсептелет.
– Бул күнү пайгамбарыбыз ﷺ да, сахабалар да жана Муса пайгамбар да Аллахка шүгүр келтирүү максатында орозо тутушкан.
– Бул күн байыркы замандан бери өзгөчөлөнүп келген улуу күн.
– Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы же кийинки күнү орозо тутуу сүннөт. Анткени жөөттөр Ашура күнү гана орозо тутушкан. Пайгамбарыбыз ﷺ аларга каршы болуу максатыңда анын алдыңкы күнүн же кийинки күнүн кошуп туткула деп айткан.
– Бул хадистен жыл эсеби эзелтен айдын жаңырышына карата эсептелгенин билебиз. Анткени Аллахтын элчиси ﷺ айткан хадисте Мухаррамдын 10-күнү Фараонду аскери менен кошо жок кылган деп келген.
Мусулман бир тууган! Бул күн дагы Аллах тааланын бизге берген улуу күндөрүнөн. Кимде-ким Ашура орозосун тутса, анда өткөн жылдагы күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Мына ошондуктан бул күндөгү орозону сөзсүз карма. Анткени Аллах таала айткандай:
«Чындыгында, жакшы иш-аракеттер күнөөлөрдү кетирет». Худ сүрөсү (11:14)
Аллах таала Ашура күнүндөгү орозону тутууну баарыбызга насип этсин жана туткан орозобузду өткөн жылдагы күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүнө себеп кылсын. Аамин!
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤
https://t.me/tilmech
➤➤
https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз