ch
Feedback
ТИЛМЕЧ

ТИЛМЕЧ

前往频道在 Telegram

📈 Telegram 频道 ТИЛМЕЧ 的分析概览

频道 ТИЛМЕЧ (@tilmech) 吉尔吉斯语 语言赛道中的 是活跃参与者。目前社区聚集了 11 379 名订阅者,在 宗教与灵性 类别中位列第 7 986,并在 吉尔吉斯斯坦 地区排名第 161

📊 受众指标与增长动态

невідомо 创建以来,项目保持高速增长,吸引了 11 379 名订阅者。

根据 01 八月, 2026 的最新数据,频道保持稳定运转。过去 30 天订阅人数变化为 -134,过去 24 小时变化为 -10,整体触达仍然可观。

  • 认证状态: 未认证
  • 互动率 (ER): 平均受众互动率为 23.32%。内容发布后 24 小时内通常能获得 8.00% 的反应,占订阅者总量。
  • 帖子覆盖: 每篇帖子平均可获得 2 654 次浏览,首日通常累积 911 次浏览。
  • 互动与反馈: 受众积极参与,单帖平均反应数为 0

📝 描述与内容策略

尚未提供频道描述。

凭借高频更新(最新数据采集于 02 八月, 2026),频道始终保持新鲜度与高覆盖。分析显示受众积极互动,使其成为 宗教与灵性 类别中的关键影响点。

11 379
订阅者
-1024 小时
-357
-13430
帖子存档

🔴 САДАКАНЫ ТУУГАНДАРЫҢДАН БАШТА ● Салман ибну Аамир, радыяллаху анху, риваят кылат: «Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп айтканын уктум: «Кедейге берилген садакага садаканын сообу берилет. Ал эми тууганга берилген садакага эки эсе сооп берилет: садаканын жана туугандык катнашты бекемдөөнүн». | Тирмизи, 658 ● Анас ибну Малик, радыяллаху анху, айтат: «Абу Талха Мадинадагы ансарлардын арасынан курма багы көп эң бай адамдардан болгон. Ага байлыктарынын арасынан эң жагымдуусу Байруха деген курма багы болгон. Ал курма багы пайгамбардын ﷺ мечитине бет маңдай жайгашкан. Пайгамбар ﷺ кээде ал курма бакка кирип, таза суусунан ичип турчу эле. Анас, радыяллаху анху, айтты: «Качан гана Аллахтын: «Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Аллах жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар» – деген аяттары түшкөндө Абу Талха пайгамбарга ﷺ келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Чындыгында Аллах таала: «Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Аллах жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар» – деп айтыптыр. Ал эми менин байлыгымдын арасынан мага эң жакканы – Байруха курма багым. Ал курма багым Аллах ыраазылыгы үчүн садака болсун! Ушул жакшы иш аркылуу (сооп) камдоону Аллахтан үмүт кылам. Абу Талха: «Оо, Аллахтын элчиси! Каалаганыңыздай иштете бериңиз. (Бул ишти) Аллах көрүп турат» – деп айтты. Ошондо пайгамбар ﷺ: «Кандай сонун! Бул байлык жакшы киреше алып келет, өтө кирешелүү байлык! Сен ушул (садаканы) тууган-туушкандарыңа бөлүп бергениңди туура көрүп турам» – деп айтты. Абу Талха: «Оо, Аллахтын элчиси! Сиз айткандай кылам» – деп айтты да, андан кийин Абу Талха туугандарына жана агаларынын балдарына бөлүп берди». |Сахих Бухари, 2769 ═══════════════ ➤ https://t.me/tilmechhttps://t.me/tilmech

photo content

photo content

🔴 СҮННӨТТӨ КЕЛГЕН ЭҢ СОНУН ТАТЫМДАР Умар ибн Хаттаб, радыяллаху анхунун, риваятында Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Зайтундун майы
🔴 СҮННӨТТӨ КЕЛГЕН ЭҢ СОНУН ТАТЫМДАР Умар ибн Хаттаб, радыяллаху анхунун, риваятында Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Зайтундун майын (тамакка кошуп) жегиле жана денеңерге сүйкөгүлө. Анткени ал берекелүү дарактан». (Тирмизи) Жабир, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси ﷺ үйүнө келип: «Жегенге бирдеме барбы?» – деп сурады. Үй-бүлөсү: «Бизде сиркеден (уксус) башка эчтеме жок» – деп айтышты. Анда аны дасторконго алып келип аны менен тамактанып жатып: «Сирке нанга кошулуп желүүчү сонун катык» – деп үч жолу айтты. Жабир, радыяллаху анху, айтат: «Пайгамбардын ﷺ бул сөзүн укканда сиркени нанга кошуп жегенди мен да жакшы көрүп калдым». Талха ибн Нафи айтат: «Пайгамбардын ﷺ бул сөзүн Жабир, радыяллаху анхудан, укканда сиркени нанга кошуп жегенди мен да жакшы көрүп калдым». (Муслим) Пайгамбарыбыздын ﷺ убагында уксус курмадан же жүзүмдөн жасалып нанга кошуп жегенге ылайыктуу болгон. ═══════════════ ➤➤ https://t.me/tilmech ➤➤ https://t.me/tilmech

​​🔴 КӨЗ ТИЙҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ТӨРТ НЕРСЕ   1) КӨЗ ТИЙҮҮ ЧЫНДЫК Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: «Көз тийүүнүн бар экени чындык». (Сахих Муслим 5665) Ал эми башка хадисте айткан: «Көз тийүү адамды кабырга киргизет, төөнү казанга түшүрөт». (Сахих аль-Жаами 4144) Хадистеги «адамды кабырга киргизет» дегендин мааниси – эгер кайсы бир адамга катуу көз тийген болсо, анда ал адам ошол замат жан бериши ыктымал же кырсыкка кабылышы ыктымал же ал себептүү ооруга чалдыгып, ошол оору акыры аны өлтүрүп, кабырга киргизиши ыктымал. Ошол сыяктуу эле малга да көз тие турган болсо, ал мал сыягынан чыгып, ээси аны союп, казанга түшүшү ыктымал. Көз тийүү – бул бар нерсе. Бул туурасында көптөгөн хадистерде келген. 2) КӨЗ ТИЙҮҮ АЛЛАХТЫН КААЛООСУ МЕНЕН ГАНА БОЛОТ Көз тийүү чындык экенин билдик. Бирок көз тийүү Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен гана болот. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: «Көз тийүү – бул акыйкат нерсе. Эгерде тагдырды озуп кете тургандай нерсе бар болгон болсо, анда аны көз тийүү озуп кетмек». (Сахих Муслим 5666) Мунун мааниси, адамга көз тийиши ыктымал, эгерде көз тийүү аны тагдырында жазылган болсо. Себеби адамдын жашоосундагы ар бир нерсе Аллахтын жазган тагдырына ылайык келген жолдо гана болот. 3) ДУБА КЫЛУУ КӨЗ ТИЙҮҮДӨН КОРГОЙТ Адам өзүн жана үй-бүлөсүн көз тийүүдөн дуба кылуу менен коргой алат. Аллахтан дайым жакшылыктарды тилеп, жамандыктардан коргоо сурап дуба кылуу керек. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Чындыгында дуба – адамдын башына түшкөн жана түшө элек бүткүл нерселерге пайдасын келтирет. Оо, Аллахтын пенделери! Ошондуктан дайым дуба кылгыла!» (Сахих ат-Таргыиб, 1634) 4) ЗИКИР КЫЛУУ КӨЗ ТИЙҮҮДӨН САКТАЙТ Адам шариятта келген жалпы зикирлерди айтуу менен өзүн көз тийүүдөн коргой алат. Айрыкча эртең мененки жана кечки зикирлерди калтырбай айтып жүрүүсү зарыл.   ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу ═════════ ➤➤ https://t.me/tilmech ➤➤ https://t.me/tilmech

🎞 КӨЗ ТИЙҮҮДӨН, СЫЙКЫРДАН ЖАНА ЖИН-ШАЙТАНДАРДАН КОРГОНУУ ҮЧҮН ОКУЛУУЧУ ДУБА 📍Дубаны сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен
🎞 КӨЗ ТИЙҮҮДӨН, СЫЙКЫРДАН ЖАНА ЖИН-ШАЙТАНДАРДАН КОРГОНУУ ҮЧҮН ОКУЛУУЧУ ДУБА 📍Дубаны сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз. ▷ t.me/dubazikirt.me/dubazikirt.me/dubazikir

photo content

Repost from ТИЛМЕЧ
🎥 НАМАЗ ОКУБАГАНДЫН КҮНӨӨСҮ ЗЫНАДАН ДА, АРАКТАН ДА ООР Чубак ажы Жалилов ➤➤ https://t.me/tilmech 💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

🔴 КАЧАН НАМАЗ БАШТАЙСЫҢ? Мухаммад ибну Юсуф айтты: «Суфиян ас-Саури ﴾رحمہ الله تعالــﮯ﴿ бизди түндөсү намазга тургузуп: «Эй, жигиттер! Тургула, жаштыгыңар өтө электе намаз окуп калгыла» – деп айтар эле». («Аль-Жарх уат-Таъдил» Ар-Рози, 1/96) Эгер жаштыгыңда намаз окубасаң анда качан окуп баштайсың, качан Аллахтын алдындагы милдеттериңди аткарасың? Шайтан көпчүлүк адамдарды карыганда деле намаз окуп жетишесиң деп азгырат. Бирок ким карылыкка чейин жашайм деп кепилдик бере алат? Эч ким бере албайт. Демек, жаштыкта күч-кубатыңды ибадатка жумша, карыганда ал сага күч-кубат болот. ═════════ ➤➤ https://t.me/tilmech ➤➤ https://t.me/tilmech   💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз

photo content

✔️ Саламдашуу — бул жөн гана амандашуу үчүн айтылган сөз эмес, саламдашуу башка адамдарга Аллахтын тынчтыгын, ырайымын жана б
✔️ Саламдашуу — бул жөн гана амандашуу үчүн айтылган сөз эмес, саламдашуу башка адамдарга Аллахтын тынчтыгын, ырайымын жана берекесин тилеп дуба кылуу. Адам башкаларга жакшылык тилеген сайын өзү да ошол жакшылыктарга жетет. Пайгамбарыбыз Мединага көчүп келген кезде эң биринчи айткан осуяты да саламдашуу тууралуу болгон. Саламдашуу жеке адамдын өзүнө эле эмес, анын үй-бүлөсүнө, чөйрөсүнө жана жалпы коомчулукка жакшылык алып келген жана алардын ортосунда сүйүүнү жараткан улуу ибадаттардан болуп саналат. https://t.me/tilmech

photo content

🔴 АЛЛАХКА ЖАКЫНДАТКАН ЭҢ УЛУУ ИБАДАТ Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Кимде-ким Аллахтын Китебинен бир тамга окуса, ага бир жакшылыкт
🔴 АЛЛАХКА ЖАКЫНДАТКАН ЭҢ УЛУУ ИБАДАТ Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Кимде-ким Аллахтын Китебинен бир тамга окуса, ага бир жакшылыктын сообу жазылат. Ал эми бир жакшылык он эсе көбөйтүлүп берилет. Мен «алиф, лям, мим» бир тамга деп айтпайм, «алиф» – бир тамга, «лам» – бир тамга, «мим» – бир тамга». (Тирмизи)   ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄  Ибн Ражаб, рахимахуллах, мындай деп айтат: «Аллахка жакындаткан нафил ибадаттардын арасынан эң абзели – Куранды көп окуу жана аны түшүнүү, ой жүгүртүү менен угуу. Хаббаб ибну Арат, радыяллаху анху, бир адамга мындай деп айтты: «Аллахка жакындоого болушунча аракет кылгын! Сен Аллахка эң сүйүктүү болгон Куран менен жакындагандай башка эч нерсе нерсе менен Ага жакындай албайсың». (“Жамиъ аль-Уълуум уаль-Хикам”) ═════════ ➤➤ https://t.me/tilmech ➤➤ https://t.me/tilmech

photo content

🔴 КЫЯМАТТА СООПТОРУНАН АЙРЫЛГАН АДАМ Кыямат күнү адам баласынын эсептешер байлыгы – анын сооптору болот. Ал кезде азыркы күндөгүдөй акча менен эсептешүү болбойт. Кимде-ким бул дүйнөдө адамдарга зыян берип, зулумдук кылган болсо, анда алар ошол зулумдугуна жараша анын соопторунан алат. Эгер ал адамдын сооптору болбосо же түгөнүп калган болсо, анда зыян тарткан адамдардын күнөөлөрүнөн алынып, тигил адамдын мойнуна жүктөлөт. Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты:   «Кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирине шек келтирип же башка нерсесине зулумдук кылса, анда динар менен дирхам жок болгонго (кыяматка) чейин бүгүн андан кутулсун! Эгерде анын зулумдугу болсо, анда ошол зулумдугуна жараша жакшылык иштеринен алынат. А эгер жакшылыктары болбосо, анда зулум чеккен адамдын күнөөлөрүнөн алынып, ага жүктөлөт». (Сахих Бухари, 6534) Кыяматта ар бир сооп көздөн учуп турган кезде бардык соопторунан айрылып, анысы аз келгенсип башкалардын да күнөөлөрүн көтөргөндөр эң чоң жоготууга учурагандар. Бул туурасында Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ сахабалардан:  – Силер куру жалак калган адамдын ким экенин билесиңерби? – деп сураганда, алар:  – Оо, Аллахтын элчиси! Арабызда куру жалак калган адам – акчасыз жана эч нерсеси жок калган адам болсо керек,– дешти.  Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ айтты:  – Чындыгында үммөтүмдөн куру-жалак калган адам – ал кыямат күнү намаздары, орозолору, зекеттери жана ажылыгы менен келет. Бирок ал адам баланчаны сөккөн, баланчага жалаа жапкан, баланчанын мал-мүлкүн жеген, баланчанын канын төккөн, баланчаны урган. Мына ошондо (ушул кылганы үчүн) аларга анын соопторунан алынып берилет. Эгерде алардын акыларынан толук кутулганга чейин сооптору түгөнгөн болсо, анда алардын күнөөлөрү анын үстүнө ташталат да, андан соң ал тозокко ыргытылат». (Сахих Муслим, 2581) ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу   ═════════ ➤➤ https://t.me/tilmech ➤➤ https://t.me/tilmech   💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

photo content