Kloop кыргызча
Kanalga Telegram’da o‘tish
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде. Сайт: https://ky.kloop.kg Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/ Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Ko'proq ko'rsatish688
Obunachilar
Ma'lumot yo'q24 soatlar
-37 kunlar
-1330 kunlar
Postlar arxiv
Блогер Илияс Чынгызбек уулу ушул ыры жарыялангандан кийин милицияга суракка чакырылганын өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу билдирди. Ал 5-июлда Instagram баракчасына бул ырын жарыялаган. Анда бийликтен кулатылган экс-президент Аскар Акаевдин сүрөтү көрсөтүлүп, блогер анын бийлигине байланыштуу окуялар жана каза болгон тууганы тууралуу сөз кылган. https://youtube.com/shorts/5m-Pue7ZEA8
Чынында система көп учурда 2022-жылы Украинага согуш ачкандан кийин Орусия үчүн жеткиликсиз болуп калган, классикалык эл аралык акча которуулардын жолун пайдаланган. Бул жабык эшикти Орусия үчүн Кыргызстан кайрадан ачып берген.
+9
Кыргызстан Орусияга санкциялык товар жеткирүү үчүн акча
адалдоо схемасынын чордонунда.
Бул кандайча иштейт?
+9
Британиялык The Open Source Centre (OSC) уюмунун изилдөөчүлөрү молдовалык олигарх Илан Шор Орусияга батыш санкцияларын айланып өтүүгө жардам берүү үчүн түптөгөн А7 тутумунун элге тарап кеткен миңдеген документтерин анализдеп чыкты.
Буга чейин кыргызстандык жана чет элдик журналисттер көбүнчө А7 тутумунун криптовалюта тармагындагы иштерин чагылдырып келишкен. Көрсө бул, айсбергдин учу гана болгон экен.
Эгерде Москва Кыргызстанга бензин жеткирүүнү токтотсо, тең келчү көлөмдөгү күйүүчү май бир гана Кытайда бар. Абалды анализдеп чыккандан кийин «Клооп» дал ушундай жыйынтыкка келди. Кыргыз өкмөтү дагы буга даярданууда. Бирок Кытай Кыргызстанга бензин менен дизель сатабы? Бул башка кеп. https://youtu.be/mtqBfh2jC6k
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров учкул сөздөрүн мисал кылып көп колдонгон сингапур калкынын премьер-министри Ли Куан Ю, саясат — бул кумар оюну эмес деп айканы бар.
Жапаров анын ушул сөзүнө кулак төшөбөй, Кыргызстанды геосаясий казинодо уттуруп жиберди. https://youtu.be/pBbwYZBHdeA
Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна жасалган украин чабуулдары Кыргызстанды күйүүчү майдан куру жалак калтырмай болду. Эгерде Москва мунай ташууга чектөө койсо, аларга теңдеш көлөмдөгү күйүүчү май бир гана Кытайдын колунда. Кыргызстандын өкмөтү ушундай абалга даярдана баштады. Бирок Пекин мунай заттарды экспортоого кескин чектөө койгон, ал эми өз ара макулдашуу тууралуу азырынча сөз дагы боло элек. Анан калса, кытай бензини кымбатка түшөт жана коңшуларыбыз дагы андан көзү өтүп турган чагы.
https://storage.googleapis.com/qurium/ky.kloop.asia/2026-07-07-orusiya-bolboso-kim-emnege-kyrgyzstan-benzindi-kytajdan-izd-g-argasyz.html
Кыргызстандык соттор Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевди өлкөдө бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө күнөөлү деп тапты. Бирок ал камакка алынбайт. Анткени сот аны пробациялык көзөмөл менен бошотту. «Клооптун» тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшин соттор президенттин досторуна гана эмес, башкаларга да ушундай гумандуу өкүмдөрдү чыгарат деп үмүт кылат.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «75 кишинин каты» боюнча чуулгандуу кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Иштин башкы фигуранттары — президенттин жакын чөйрөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек ташиев, парламенттин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана экс-башпрокурор Курманкул Зулушев.
Судья Азирет Медеров айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Алар мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратылды. Бирок сот камакка алуу жазасын үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырды.
+2
Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурларбек Тургунбек уулу мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратылды.
Бирок баарынын жазасы пробацияга өзгөртүлдү. Соттолгондор өкүмгө даттана турганын айтышты.
Ушундай эле өкүм 75 кишинин каты боюнча кылмыш ишинин калган бардык катышуучуларына чыкты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров учкул сөздөрүн мисал кылып көп колдонгон сингапур калкынын премьер-министри Ли Куан Ю, саясат — бул кумар оюну эмес деп айканы бар.
Жапаров анын ушул сөзүнө кулак төшөбөй, Кыргызстанды геосаясий казинодо уттуруп жиберди.
Видеону толугу менен биздин YouTube каналдан көрө аласыз. Шилтеме барактын башкы бетинде.
Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Жаныбек Асанбековдун чуулгандуу окуясы уланууда. Жазында бийликке жакындыгы бар ишкерлер көрүстөнгө такай көп кабаттуу үй куруп жатканын айтып чыккандан кийин, аны мандатын тапшырууга аргасыз кылышкан болчу. Азыр ал мандатын кайтарып алууну көздөп, бирок БШК менен прокуратурага кайрылууларынан майнап чыкпай келет. Акыры 23-июнда, президент Кочкор районун тургундары менен жолугуп жаткан учурда Асанбеков Садыр Жапаровго үнүн жеткире алды.
+9
Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков Садыр Жапаровго кайрылып, президенттин экс-кеңешчисинин басымы жана коркутууларынан улам депутаттык ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө мажбур болгонун айтты.
«Кызыңды же мандатыңды танда». Экс-депутат Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчисин коркутууга айыптады
Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков Садыр Жапаровго кайрылып, президенттин экс-кеңешчисинин басымы жана коркутууларынан улам депутаттык ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө мажбур болгонун айтты.
Бул окуя 23-июнда, Садыр Жапаров Нарынга болгон иш сапарынын алкагында, Кочкор районунун тургундары менен жолугушуу учурунда болду.
Бул жолугушууда Асанбеков мурда Бишкек шаардык кеңешинде «Эмгек» партиясынан депутат болуп, бирок кийин мандатын тапшырууга аргасыз болгонун айтып берди. Асанбеков соцтармактарда Бишкектин жана Чүй облусунун тургундарынын көйгөйлөрүн көтөрүп келген. Депутаттык ыйгарым укуктарын өткөрүп берердин алдында, ал Орто-Сай көрүстөнүнүн тушундагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын коомчулукка жарыялаган болчу.
Президент Асанбековдон мандатын тапшырууга ким мажбурлаганын ачык айтуусун талап кылып, «Эмгек» партиясына ээлик кылган «Дордой» базарынын кожоюндарыбы — Салымбековдорбу деп тактады. Буга Асанбеков төмөндөгүдөй жооп берди:
«Алар дагы болуп жатат. Анан сиздин кеңешчиңиз Кубандыков Жаныбек Абдывахитович чалып: “Же камаласың же барып мандатыңды тапшыр” дешти. Барбай, тапшырбай койдум. Таң атканча, саат бешке чейин кармашты. Саат беште, тогуз ай боюнда бар аялыма чалышыптыр. Ал телефон чалууну укканда суусу кетип, ооруканага алып кетишиптир. Мага: “Аялың ооруканада, кызыңды танда же мандатыңды танда дешти. Мен мандатымды тапшырып бердим».
https://www.youtube.com/watch?v=8nxvqX9bVm0
Асанбеков бул окуядан кийин президентке кат түрүндө дагы кайрылганын, бирок катты Боршайкомго кетиришкенин кошумчалады. Прокуратура болсо бул ишти карабайбыз дешкен. Ушул тапта Асанбеков сотко кайрылып, депутаттык мандатын кайтарып алууга аракет кылып жатат.
Садыр Жапаров бул ишти прокуратура кайра карай турган иш экен деп айтып, ал эми Жаныбек Кубандыков анын кеңешчиси эмес экенин баса белгиледи.
«Ал менин кеңешчим эмес. Тээ, 2021-жылдары мен жаңы келгенде коомдук башталыштагы кеңешчи деп күбөлүктөр берилет эле. Ошентип бир 20 чакты кишиге күбөлүк бердим эле дагы, кийин бир жылдан кийин кайра алып койгом. Ошондон бери эле кеңешчи, кеңешчи дешет…», — деди Жапаров.
Президент Кубандыков жакында эле кармалып чыкканын, «эки-үч иштери бар экен, ошону бүтүрбөсөң кайра камаласың» деген шарт менен үй камагында жүргөнүн кошумчалады.
Ош шаарында жолду кеңейтүү үчүн үйлөрдү сүрдүрүү учурунда 13 жаштагы кыз жаракат алды. Жакындарынын айтымында, мэрия кызматкерлери алдын ала эскертүүсүз эле бузуу иштерин баштаган. Кыз дааратканага чыккан учурда анын үстүнө дубалдын урандылары кулаган. Учурда балдар ооруканасында дарыланып жатат. Ал эми жергиликтүү бийлик бузуу иштери эскертүүсүз башталганы четке кагууда. Алар март айында эскертүү берилгенин айтышууда.
Жергиликтүү бийлик Ош көчөсүн 26 метрге чейин кеңейтүүнү пландоодо. Бирок айрым тургундар үйлөрүнүн бузулушуна каршы чыгып, бузуу иштерин жүргүзгөн кызматкерлерге таш ыргытышкан. Окуядан кийин таш ыргытууга шектелип эки адам кармалган.
Ош шаарында жолду кеңейтүү үчүн үйлөрдү сүрдүрүү учурунда 13 жаштагы кыз жаракат алды. Жакындарынын айтымында, мэрия кызматкерлери алдын ала эскертүүсүз эле бузуу иштерин баштаган. Кыз дааратканага чыккан учурда анын үстүнө дубалдын урандылары кулаган. Учурда балдар ооруканасында дарыланып жатат. Ал эми жергиликтүү бийлик бузуу иштери эскертүүсүз башталганы четке кагууда. Алар март айында эскертүү берилгенин айтышууда.
Жергиликтүү бийлик Ош көчөсүн 26 метрге чейин кеңейтүүнү пландоодо. Бирок айрым тургундар үйлөрүнүн бузулушуна каршы чыгып, бузуу иштерин жүргүзгөн кызматкерлерге таш ыргытышкан. Окуядан кийин таш ыргытууга шектелип эки адам кармалган.
Садыр Жапаров бийликке келгенде, башкаруусун адегенде эле депутаттарды кысмакка алуудан баштаган. Бул көрүнүш эми деле токтогон жок. Эл өкүлдөрүн ачыктан-ачык, орой формада коркуткан УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев отставкага кеткени менен, бул жатта абал өзгөргөн жок. Мыйзамга ылайык, аткаруу бийлигинен көз карандысыз делген депутаттарды, ошол эле учурда бийликтин өз билемдигинин алдында алсыз бойдон калышууда. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Абировдун окуясы мунун дагы бир далили.
Беш жыл мурда Садыр Жапаровдун башкаруусу адегенде эле депуттарды коркутуудан башталган — андан бери эл өкүлдөрүнүн акыбалы жакшырган жок.
Жакында эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатынан ажыратылды — ал коркутууларга кабылганын айтып чыкты.
«Клооп» аныктагандай, Асанбековдун курулуш жаатындагы менчик фирмаларды санитардык нормаларды сактоого чакырганы жана кардарлардын башын айлантпагыла деген талабы президент менен УКМКнын мурдагы төрагасынын жакындарына катуу тийген. https://storage.googleapis.com/qurium/ky.kloop.asia/2026-06-23-shaardyk-ke-eshtin-deputaty-mandatynan-azhyratyldy-buga-zhaparov-tashiev-ch-jr-s-n-n-kandaj-tieshesi-bar.html
Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев «75 кишинин каты» парламентке кандайча келгенине токтолду. Төраганын айтымында, баары алдын-ала сценарий боюнча мурдагы төрага Шакиевдин макулдугу менен келген.
Депутат Нурбек Сыдыгалиев болсо, мындай оор берене коюлгандан кийин айыпталуучулар камалышы керектигин билдирди.
