Сагыныч❤️🔥Сүйүү❤️🩹Өкүнүү❤️🩹
Open in Telegram
6 523
Subscribers
-124 hours
-517 days
-22230 days
Data loading in progress...
Similar Channels
Tags Cloud
No data
Any problems? Please refresh the page or contact our support manager.
Incoming and Outgoing Mentions
---
---
---
---
---
---
Attracting Subscribers
September '26
September '26
+19
in 0 channels
August '26
+76
in 0 channels
Get PRO
July '26
+134
in 0 channels
Get PRO
June '26
+134
in 0 channels
Get PRO
May '26
+185
in 0 channels
Get PRO
April '26
+131
in 0 channels
Get PRO
March '26
+260
in 0 channels
Get PRO
February '26
+243
in 0 channels
Get PRO
January '26
+331
in 0 channels
Get PRO
December '25
+279
in 1 channels
Get PRO
November '25
+389
in 0 channels
Get PRO
October '25
+318
in 0 channels
Get PRO
September '25
+174
in 0 channels
Get PRO
August '25
+204
in 0 channels
Get PRO
July '25
+219
in 0 channels
Get PRO
June '25
+195
in 0 channels
Get PRO
May '25
+243
in 0 channels
Get PRO
April '25
+272
in 0 channels
Get PRO
March '25
+294
in 0 channels
Get PRO
February '25
+337
in 0 channels
Get PRO
January '25
+418
in 0 channels
Get PRO
December '24
+462
in 0 channels
Get PRO
November '24
+448
in 0 channels
Get PRO
October '24
+441
in 0 channels
Get PRO
September '24
+453
in 0 channels
Get PRO
August '24
+440
in 0 channels
Get PRO
July '24
+335
in 0 channels
Get PRO
June '24
+279
in 0 channels
Get PRO
May '24
+450
in 0 channels
Get PRO
April '24
+455
in 0 channels
Get PRO
March '24
+421
in 0 channels
Get PRO
February '24
+465
in 0 channels
Get PRO
January '24
+397
in 0 channels
Get PRO
December '23
+296
in 0 channels
Get PRO
November '23
+350
in 0 channels
Get PRO
October '23
+242
in 0 channels
Get PRO
September '23
+201
in 0 channels
Get PRO
August '23
+218
in 0 channels
Get PRO
July '23
+206
in 0 channels
Get PRO
June '23
+265
in 0 channels
Get PRO
May '23
+242
in 0 channels
Get PRO
April '23
+239
in 0 channels
Get PRO
March '23
+242
in 0 channels
Get PRO
February '23
+279
in 0 channels
Get PRO
January '23
+314
in 0 channels
Get PRO
December '22
+292
in 0 channels
Get PRO
November '22
+280
in 0 channels
Get PRO
October '22
+314
in 0 channels
Get PRO
September '22
+219
in 0 channels
Get PRO
August '22
+195
in 0 channels
Get PRO
July '22
+431
in 0 channels
Get PRO
June '22
+328
in 0 channels
Get PRO
May '22
+536
in 0 channels
Get PRO
April '22
+234
in 0 channels
Get PRO
March '22
+494
in 0 channels
Get PRO
February '22
+157
in 0 channels
Get PRO
January '22
+204
in 0 channels
Get PRO
December '21
+158
in 0 channels
Get PRO
November '21
+533
in 0 channels
Get PRO
October '21
+695
in 0 channels
Get PRO
September '21
+409
in 0 channels
Get PRO
August '21
+322
in 0 channels
Get PRO
July '21
+593
in 0 channels
Get PRO
June '21
+654
in 0 channels
Get PRO
May '21
+637
in 0 channels
Get PRO
April '21
+1 350
in 0 channels
Get PRO
March '21
+1 010
in 0 channels
Get PRO
February '21
+991
in 0 channels
Get PRO
January '21
+1 915
in 0 channels
| Date | Subscriber Growth | Mentions | Channels | |
| 05 September | 0 | |||
| 04 September | +5 | |||
| 03 September | +3 | |||
| 02 September | +4 | |||
| 01 September | +7 |
Channel Posts
| 2 | https://t.me/suiuusaptary?livestream=d8b0bd961a1110c584 | 30 |
| 3 | БҮТПӨГӨН МАХАБАТЫМ
Өчпөстөй жүрөгүмдө жандың беле,
Армандуу кайрыктарды салдың беле.
Өзүңдү өмүр бою ырдап келем,
Бүтпөгөн ырым болуп калдың беле.
Обонго айландырып ыр саптарын,
Ыр болуп ар бир күнүм, ар бир таңым.
Сагыныч сага болгон бүтпөгөндөй,
Эч качан бүтпөйт менин махабатым.
Сен жашап эч кимге айтпас сырларымда,
Кайрылгыс жалын жаштык жылдарымда.
Жамгырлуу жазда калган махабатым,
Жашай бер мен жараткан ырларымда.
Автору…..? | 762 |
| 4 | БҮТПӨГӨН МАХАБАТЫМ
Өчпөстөй жүрөгүмдө жандың беле,
Армандуу кайрыктарды салдың беле.
Өзүңдү өмүр бою ырдап келем,
Бүтпөгөн ырым болуп калдың беле.
Обонго айландырып ыр саптарын,
Ыр болуп ар бир күнүм, ар бир таңым.
Сагыныч сага болгон бүтпөгөндөй,
Эч качан бүтпөйт менин махабатым.
Сен жашап эч кимге айтпас сырларымда,
Кайрылгыс жалын жаштык жылдарымда.
Жамгырлуу жазда калган махабатым,
Жашай бер мен жараткан ырларымда. | 1 |
| 5 | Башка нааразы болбонуз озу кааласа ачып жаба берет эле. | 1 |
| 6 | УЛУТПУЗ БИЗ!
Түндүк-түштүк, сай-сай деп чектегениң,
Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң.
Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн,
Биримдигин элиңдин экчебегин.
Бир бүтүнгө айлансак улукпуз биз,
Бирикпесек улутту куруттук биз,
Кыр-кырлардан жыйналган жыйын эмес,
Кыргыз деген улутпуз, улутпуз биз.
Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү,
Өлтүрбөгүн өзүңдү, өз элиңди.
Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан,
Артыгырак сүй журтту, Мекениңди!
Өксүбөсүн бир бооруң жатындашы ,
Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын.
Кыргызстандын жеринде сакта Кудай,
Кыргыз каны эми эч чачылбасын!
Зобололуу уул-кызың чыгаан болсун,
Зор биримдик биз үчүн курал болсун.
Кокту -колот, сай-сайга бөлүнбөгүн,
Кыргыз деген бир гана ураан болсун! | 873 |
| 7 | САДАГАМ
Жыл, ай, апта, күндөр өттү арадан,
Эстегенде көзгө мөлт-мөлт жаш алам.
Сени менен бирге жүргөн күндөрүм,
Эстен чыкпайт, эч унутпайм садагам.
Өтүп кеткен таттуу мүнөт, күндөрдү,
Жүрөк күтүп, келсе экен деп кайрадан.
Күтүп жүрүп, сокпой токтоп калчудай,
Жүрөк ооруйт, күтүп сени садагам.
Сени ойлоп, канча күндү батырдым,
Сени ойлоп, канча таңды атырдым.
Бир жолугуп кайра эми кезиксек,
Кучагыма бекем кысам алтыным.
Аманатов Акылбек | 750 |
| 8 | https://t.me/suiuusaptary | 196 |
| 9 | 🎸 🔥🌪️⚡️👍 | 49 |
| 10 | 🔥🌪️⚡️🌪️🌪️⚡️🔥👍 | 54 |
| 11 | * * * *
Жүрөк ооруйт, көңүлүмдүн баары сен,
Көңүл толкуйт , ойлорумда деле сен.
Чалдыгыпмын сүйүү деген ооруга ,
Буга даары ,дабаасыда жалгыз сен.
Мындай сезим кыйнайт тура бүт жанды,
Оолугамын санаа тартып жанымды .
Бул оорудан сакаярмын бир күнү,
Айыктырчы жеңилдетчи дартымды.
Кудайберген Турсуналиев. | 798 |
| 12 | ⚡️🌪️🔥👍👍👍 | 46 |
| 13 | 🔥🔥🔥🔥 | 57 |
| 14 | https://t.me/suiuusaptary | 65 |
| 15 | Аяп кетем ар кагышын талпынып,
Эмне үчүн, ким деп жашап жүргөнүн.
Ырдабагын!
Чарчап далай жалкыдым,
Эртең күнү кандай өтөт билбедим.
Ойлорумду боштондукка жаямын,
Ээн талаага, ээнсиреген тентитип.
Болду өзүңдү эстебөөгө даярмын,
Келбе ээрчип, келбе элес телмирип!
Жаңырганын обон, ырдын өчүрөм,
Укпайм!
Унутам!
Жазба катың өтүнүч!
Булгап салган сезимдерди өчүргөн,
Бил. Ирмемден дак калтырбайт өчүргүч.
Тармал чач. | 848 |
| 16 | САГЫНДЫМ
Сагындым сени. Сагынбайм дегем о бирде,
Сабаалап оюм, асмандап бийик жүргөндө.
Санаага батып, убайым тартып отуруп,
Жүгүрүп чыгам, абалап итим үргөндө.
Сагындым сени, сагынуу сырын ич билет,
Сагынчым сага жеткиче салкын кеч кирет.
Жаз-күзгө, анан кара чач акка алмашат,
Бардыгы тегиз өзгөрөт дагы эскирет.
Жыртылып калган кепемдин ичи тар болуп,
Жер үстүн тепсеп, жол басып келем кар болуп.
Сүйдүрүп коюп, денеме канды чуркатып,
Каниет канча, жүргөнүң сенин бар болуп.
Бурулкан Карагулова. | 962 |
| 17 | Карегиңден жылуу нурду издедим,
Күтүп жүрүп чарчаганым билбедим.
Жүрөгүмдө толкуп турган сезимди,
Билдире албай үнсүз тилим тиштедим...
Көз карашың башка жакты карады,
Жалгыздыктын муздак жели сабады.
Сезимдерим билдирүүгө тырышып,
Жүрөк байкуш канча ирет канады.
Үмүт үзбөй карегиңе карадым,
Көңүлүңдүн тапсам дедим аралын.
Жапа жалгыз сүйүү жүгүн көтөрүп,
Жалыныңга күйүп-жанып барамын.
Алиббековна | 945 |
| 18 | БАКЫТ
Бакыт эмне?
Бул таң. (жаркып агарган),
Бакыт эмне?
Ал нур. (күндөн таралган).
Бакыт деген аял күтүп эркектен,
А эркектер аны табуу аялдан.
Бакыт эмне?
Сүйгөн жарга жеткен да.
Көрүү, угуу, басып жүрүү экен да.
Бакыт деген байлык эмес топтогон,
Бакыт бүлө, туулган жер, мекен да.
Бакыт эмне?
Ал – соолугу денемдин,
Бакыт өзү...
..өзү – "бакыт" дегендин.
Бакыт деген –
амандыгы атамдын,
Бир тууганым, тирүүлүгү энемдин.
Бакыт эмне?
Өмүр жазда бүрдөгөн,
Бакыт бала.
Жетпес байлык жүздөгөн.
Бакыт келүү —
(адам болуп дүйнөгө),
Кайра кетүү "адам" болуп дүйнөдөн.
Арген Болушов | 998 |
| 19 | БОЛДУ ЭМИ…
Таарынбай тагдырыма көнөйүнчү,
Таалайсыз талаасына жөнөйүнчү.
Таң калбай анын жансыз, муздагына,
Таш көрсөм тагдырлаш деп өбөйүнчү.
Жалтанбай жалгыздыкка барайынчы,
Жашоону жар кырынан карайынчы.
Жасалма сырдашканча силер менен,
Жамгырды жолдош кылып алайынчы.
Бүгүн мен баарыңардан бөлүнөйүн,
Бугумду булутка айтып төгүлөйүн.
Бузуку жандар менен көрүшкөнчө,
Булакты күзгү кылып көрүнөйүн.
Болду эми бул ордумдан козголоюн,
Балааңардан кутулуп бош болоюн.
Бүк түшкөн арзыматка жолдош болбой,
Бурганак бороон менен дос болоюн. | 909 |
| 20 | https://t.me/suiuusaptary?livestream=f827e9e2a5990269fd | 1 |
