es
Feedback
Сагыныч❤️‍🔥Сүйүү❤️‍🩹Өкүнүү❤️‍🩹

Сагыныч❤️‍🔥Сүйүү❤️‍🩹Өкүнүү❤️‍🩹

Ir al canal en Telegram

Имя пользователя Поэзиялар🔥

Mostrar más
6 359
Suscriptores
-424 horas
-407 días
-18430 días

Carga de datos en curso...

Nube de Etiquetas
Sin datos
¿Algún problema? Por favor, actualice la página o contacte a nuestro gerente de soporte.
Menciones Entrantes y Salientes
---
---
---
---
---
---
Atraer Suscriptores
sep '26
septiembre '26
+102
en 0 canales
agosto '26
+76
en 0 canales
Get PRO
julio '26
+134
en 0 canales
Get PRO
junio '26
+134
en 0 canales
Get PRO
mayo '26
+185
en 0 canales
Get PRO
abril '26
+131
en 0 canales
Get PRO
marzo '26
+260
en 0 canales
Get PRO
febrero '26
+243
en 0 canales
Get PRO
enero '26
+331
en 0 canales
Get PRO
diciembre '25
+279
en 1 canales
Get PRO
noviembre '25
+389
en 0 canales
Get PRO
octubre '25
+318
en 0 canales
Get PRO
septiembre '25
+174
en 0 canales
Get PRO
agosto '25
+204
en 0 canales
Get PRO
julio '25
+219
en 0 canales
Get PRO
junio '25
+195
en 0 canales
Get PRO
mayo '25
+243
en 0 canales
Get PRO
abril '25
+272
en 0 canales
Get PRO
marzo '25
+294
en 0 canales
Get PRO
febrero '25
+337
en 0 canales
Get PRO
enero '25
+418
en 0 canales
Get PRO
diciembre '24
+462
en 0 canales
Get PRO
noviembre '24
+448
en 0 canales
Get PRO
octubre '24
+441
en 0 canales
Get PRO
septiembre '24
+453
en 0 canales
Get PRO
agosto '24
+440
en 0 canales
Get PRO
julio '24
+335
en 0 canales
Get PRO
junio '24
+279
en 0 canales
Get PRO
mayo '24
+450
en 0 canales
Get PRO
abril '24
+455
en 0 canales
Get PRO
marzo '24
+421
en 0 canales
Get PRO
febrero '24
+465
en 0 canales
Get PRO
enero '24
+397
en 0 canales
Get PRO
diciembre '23
+296
en 0 canales
Get PRO
noviembre '23
+350
en 0 canales
Get PRO
octubre '23
+242
en 0 canales
Get PRO
septiembre '23
+201
en 0 canales
Get PRO
agosto '23
+218
en 0 canales
Get PRO
julio '23
+206
en 0 canales
Get PRO
junio '23
+265
en 0 canales
Get PRO
mayo '23
+242
en 0 canales
Get PRO
abril '23
+239
en 0 canales
Get PRO
marzo '23
+242
en 0 canales
Get PRO
febrero '23
+279
en 0 canales
Get PRO
enero '23
+314
en 0 canales
Get PRO
diciembre '22
+292
en 0 canales
Get PRO
noviembre '22
+280
en 0 canales
Get PRO
octubre '22
+314
en 0 canales
Get PRO
septiembre '22
+219
en 0 canales
Get PRO
agosto '22
+195
en 0 canales
Get PRO
julio '22
+431
en 0 canales
Get PRO
junio '22
+328
en 0 canales
Get PRO
mayo '22
+536
en 0 canales
Get PRO
abril '22
+234
en 0 canales
Get PRO
marzo '22
+494
en 0 canales
Get PRO
febrero '22
+157
en 0 canales
Get PRO
enero '22
+204
en 0 canales
Get PRO
diciembre '21
+158
en 0 canales
Get PRO
noviembre '21
+533
en 0 canales
Get PRO
octubre '21
+695
en 0 canales
Get PRO
septiembre '21
+409
en 0 canales
Get PRO
agosto '21
+322
en 0 canales
Get PRO
julio '21
+593
en 0 canales
Get PRO
junio '21
+654
en 0 canales
Get PRO
mayo '21
+637
en 0 canales
Get PRO
abril '21
+1 350
en 0 canales
Get PRO
marzo '21
+1 010
en 0 canales
Get PRO
febrero '21
+991
en 0 canales
Get PRO
enero '21
+1 915
en 0 canales
Fecha
Crecimiento de Suscriptores
Menciones
Canales
30 septiembre+5
29 septiembre+2
28 septiembre+2
27 septiembre+3
26 septiembre+5
25 septiembre+1
24 septiembre+3
23 septiembre+7
22 septiembre+3
21 septiembre+5
20 septiembre+3
19 septiembre+1
18 septiembre+2
17 septiembre+2
16 septiembre+3
15 septiembre+3
14 septiembre+5
13 septiembre+4
12 septiembre+1
11 septiembre+3
10 septiembre+2
09 septiembre+3
08 septiembre+10
07 septiembre+1
06 septiembre+2
05 septiembre+2
04 septiembre+5
03 septiembre+3
02 septiembre+4
01 septiembre+7
Publicaciones del Canal
2
БИЛЕСИҢБИ ? Билесиңби ? Баягыдай жылмайып күлбөй калдым, Бирге баскан жолдордон жүрбөй калдым. Бүт унутуп, өчүрүп көңүлүмдөн, Баштагыдай мен сени күтпөй калдым. Билесиңби ? Кененден кең ааламга батпай жүрөм, Өз-өзүмдү алаңдап таппай жүрөм. Ара жолдо сен сыяк таштайбы деп, Көөдөн сырын эч кимге ачпай жүрөм. Билесиңби ? Канча ирет кетпе деп жалынганмын, Канча ирет от болуп жалындадым. Сен илбедиң кымынча капарыңа, Жүрөк ооруп, кабыргам кайышканын. Билбейсиң ! Түркүн азап, кайгы-муң тартканымды, Тикенектүү сан миң жол басканымды. Сен билбейсиң, аттиң ай, сен билбейсиң, Ак сүйүүгө кир колуң салганыңды. Сен билбейсиң, аттиң ай, сен билбейсиң, Ыйык сүйүү каарына калганыңды. ✍️ Максат Дүйшөн уулу
848
3
Кайгылар жат болот, Махабат ак болот. Өзүңдү көргөндө, Жүрөгүм бат согот. Айланат теребел, Сен мага келе бер. Ашыкмын өзүңө, Көзүмдөн биле көр. Билбедим кай багыт, Баратам жайланып. Ак сүйүүм кетсе экен, Никеге айланып. Жалынга көрк берет, Жапжарык өрт демек. Башкага жылмайсаң, Өзөгүм өрттөнөт. А сенде тек бир өң, Аруусуң деп билем. Таптаза сүйүүмдү, Ыр менен жеткирем. Чачылдым, жыйналдым, Жок десең ыйлаармын. Сүйүүмдү сөз менен, Айта албай кыйналдым. Кудайдан белексиң, Аябай керексиң. Көзүңө түз карап, Жанымсың демекмин. Ыйы жок жашыттың, Ыр айтып машыктым. Канчалык билбейсиң, Мен сага ашыкмын. БАКАЙ.А.
1 164
4
СУРООЛОРУМДУН ЧЕКСИЗДИГИ. Сагындым, сен да мендей сагындыңбы? Жеңилип, айла таппай жагындыңбы? Алоолоп, үнсүз гана муңга батам.. Балким сен, менден сырды жашырдыңбы? Жаш алдым, сен да төгүп ыйладынбы? Жүрөгүм, сезип жатат кыйналдыңбы? Үмүтүм, өчпөс болуп күйүп турат.. Сезимди, сен да мендей кыйбадыңбы? Күтөмүн, сен да мендей күтөсүңбү? Күтүүсүз, күндү күтүп жүрөсүңбү? Жылмайсам, сүрөтүндү тиктеп коюп.. Алыстан, сезип коюп күлөсүңбү? Кызгандым, сен да мендей кызгандынбы? Күн санап, эстеп улам сыздадынбы? Унутуп, бактылуу жан болдум десен Унутпа, сага деген ырларымды. Автор: Эльмарт кызы Эльзада.
1 143
5
Түн. Жалгызмын. Түнкү саат: төрт чамасы, Кетпейт менден, кеткен сүйүү жарасы. Мага даба - сен жашаган дүйнөнүн; Айланасы. Суусу. Жери. Абасы.  Мен - боздогон Элмирбектей булбулуң. Барган сайын батпай барат бул муңум... Сайрайм. Безейм. Ырдайм. Сен - дейм. Сенчилейм. Сен жанымда угуп гана тургунуң. Сен бар үчүн - токтото албайт көрүнөт;  Ай - жарыгын. Жер - жашоосун. Күн - нурун.   Сен да жеке... Мен да жеке жолумда, Айырмасыз сага, барым - жогум да. Жашай берем чөйрөсүндө сезимдин, сени коюп эң бир бийик орунга. Сен бар үчүн - Ай жаңырып, Күн батып, Сен бар үчүн - Жер айланат огунда.  Бектурсун Адиев
1 182
6
Бакыттан башым маң, дүйнөм дүң! Келеби? ошентип жүргөн күн... Кысканда жүрөктү сенсиздик, Кыялга батканды үйрөндүм. Жашабайм арасат ойлордо, Изденем сен менен болгонго! Тытмалап жүдөткөн санааны, Күч жетет, көтөрүп койгонго! Кубанып, жүзүмдү муңайтпай, Кудайдан башкага сыр айтпай. Элесиң эм болуп келатат, Эзгенде сагыныч чыдатпай... Кезикчү күн жакын, биз анан, Келгенче ал күндөр, жүр аман! Мен сени, сен барда сүйгөндөй, Мен сени, сен жокто сүйө алам! 19.02.2024 Нурсултан Абдикаримов
1 138
7
Асыл жаным,аяйсынбы аягын, Азап,азап азыр менин абалым. Экөөбүздөн жетим калган күндөргө, Ээр токумсуз жайдак кетип барамын. Эрк өзүңдө кечир мени,кечирбе, Эмнеге өзгөрмөк эзил мейли,эзилбе. Махабаттын ысык демин ким бермек? Махабаттан эрте калган жетимге. Бирок баары андай эмес тандагын, Билесинби көкүрөктө муң баарын? Ошол мунум силер эмес,мен эмес, Сыздап чыккан,ыйлап чыккан ырларым…… Автору: Элмирбек Иманалиев🕊️
1 107
8
https://t.me/suiuusaptary
311
9
❤️‍🔥🔥❤️‍🔥🔥❤️‍🔥💜👍
308
10
Кыйналтып жанды оорутайынбы? Көңүлдүн шагын соолутайынбы? Көөнүмдү көзөп чок тиштеп алып, Коштошуу үчүн жолугайынбы? Кысылып кайнап эзилейинби? Кырчылып сынып кетилейинби? Көзүмдү оюп алгандай болуп, Көрүшпөс үчүн кезигейинби? Азаптын заарын төгүшөйүнбү? Армандын баарын бөлүшөйүнбү? Акылдын алсыз кулундай болуп, Акыркы жолу көрүшөйүнбү? Жүрөктүн дартын козготоюнбу? Жашоонун баарын токтотоюнбу? Жоолугуң үчүн, соолугуң үчүн, Жолугуп алып коштошоюнбу?..
1 068
11
Болду мага керек эмессиң, Ак сүйүүгө себеп эмессиң. Сүйүүнүн үмүтүн жандырып кайра өчүргөн, Ал сенсиң мен эмесмин. Махабаттын тузагына калтырдың го, Жалгыздыктын кучагына батырдың го. Түбөлүк сени менен бир болом деп, Өзүңө ишенип алыпмын го. Сүйөм десең ишенипмин, Болбос сүйүүңө берилипмин. Баркымды билбеген бир өзүңө, Байкабастан илинипмин.
992
12
🔥❤️‍🔥🔥❤️‍🔥❤️‍🔥
30
13
https://t.me/suiuusaptary
32
14
https://t.me/suiuusaptary
1
15
❤️‍🔥🔥❤️‍🔥🔥❤️‍🔥👍👍👍
1
16
🔥❤️‍🔥🔥❤️‍🔥
21
17
https://t.me/suiuusaptary
56
18
❤️‍🔥🔥❤️‍🔥🔥
56
19
Кээде көздөн тамчылаган жаш тамып Жалындаган ак сүйүүгө баш багып Жашап көрдүк эки жылдын ичинде Аралыктан махабатты башкарып Кыз жигиттик күндөр бүтүп акыры Үй бүлөлүк жашоону да баштадык Сенин күлкүң кулагыма жаңырып Уктай албай калдым эле сагынып Апакемди, атакемди кубантып Алга карай жол уладык камынып Кыялданган күндү абдан шаштырып Кыш күнүндө кылдык сонун жаңылык Өмүрлүк жар, түбөлүктүү шеригим Сен болбосоң сүймөк эле мени ким Рахмат сага эркетайым, берекем, Никедеги жапжалгызым, ээлигим Кечпе мени, кел агалы биригип, Көктөн издеп, жерден тапкан Мээримим. Автор: Бакай Акматкулов.
1 058
20
Бала кезим апарык элеңдеген, Үйдөн чыксам бат эле келем деген. Көчө таптап, шапар тээп жүргөн экем, Убакытым бар сымал ченелбеген. Турмуш десе түшүнбөй бүчүрөгөм, Азап берип кетчүдөй титирегем. Жалгыз оюм чоңойгум келбейт эле, Жалкып калган окшоймун кичинемен. Күчөп барат турмушка жарыш улам, Озо албадым мезгилдин арышынан. Жылдар өтүп, эр жетип, аял алдым, Коркоор элем чоңоюп калышыман. Коркконумдун себеби чоңдор эле, Меникинен миң эптүү колдор эле. Келбейт сенин колуңан деген үндөр, Менде жүргөн кулакка борбор эле. Коркуп жашап турмуштун муштумунан, Басып алып баягы мүшкүл улам. Жомоктогу жолумду тосоор эле, Жоголууну саматып учкунунан. Бакай Акматкулов
920