Сагыныч❤️🔥Сүйүү❤️🩹Өкүнүү❤️🩹
Открыть в Telegram
6 963
Подписчики
-2624 часа
-967 дней
-74530 день
Загрузка данных...
Похожие каналы
Облако тегов
Нет данных
Возникли проблемы? Пожалуйста, обновите страницу или обратитесь к нашему support-менеджеру .
Входящие и исходящие упоминания
---
---
---
---
---
---
Привлечение подписчиков
июль '26
июль '26
+59
в 0 каналах
июнь '26
+134
в 0 каналах
Get PRO
май '26
+185
в 0 каналах
Get PRO
апрель '26
+131
в 0 каналах
Get PRO
март '26
+260
в 0 каналах
Get PRO
февраль '26
+243
в 0 каналах
Get PRO
январь '26
+331
в 0 каналах
Get PRO
декабрь '25
+279
в 1 каналах
Get PRO
ноябрь '25
+389
в 0 каналах
Get PRO
октябрь '25
+318
в 0 каналах
Get PRO
сентябрь '25
+174
в 0 каналах
Get PRO
август '25
+204
в 0 каналах
Get PRO
июль '25
+219
в 0 каналах
Get PRO
июнь '25
+195
в 0 каналах
Get PRO
май '25
+243
в 0 каналах
Get PRO
апрель '25
+272
в 0 каналах
Get PRO
март '25
+294
в 0 каналах
Get PRO
февраль '25
+337
в 0 каналах
Get PRO
январь '25
+418
в 0 каналах
Get PRO
декабрь '24
+462
в 0 каналах
Get PRO
ноябрь '24
+448
в 0 каналах
Get PRO
октябрь '24
+441
в 0 каналах
Get PRO
сентябрь '24
+453
в 0 каналах
Get PRO
август '24
+440
в 0 каналах
Get PRO
июль '24
+335
в 0 каналах
Get PRO
июнь '24
+279
в 0 каналах
Get PRO
май '24
+450
в 0 каналах
Get PRO
апрель '24
+455
в 0 каналах
Get PRO
март '24
+421
в 0 каналах
Get PRO
февраль '24
+465
в 0 каналах
Get PRO
январь '24
+397
в 0 каналах
Get PRO
декабрь '23
+296
в 0 каналах
Get PRO
ноябрь '23
+350
в 0 каналах
Get PRO
октябрь '23
+242
в 0 каналах
Get PRO
сентябрь '23
+201
в 0 каналах
Get PRO
август '23
+218
в 0 каналах
Get PRO
июль '23
+206
в 0 каналах
Get PRO
июнь '23
+265
в 0 каналах
Get PRO
май '23
+242
в 0 каналах
Get PRO
апрель '23
+239
в 0 каналах
Get PRO
март '23
+242
в 0 каналах
Get PRO
февраль '23
+279
в 0 каналах
Get PRO
январь '23
+314
в 0 каналах
Get PRO
декабрь '22
+292
в 0 каналах
Get PRO
ноябрь '22
+280
в 0 каналах
Get PRO
октябрь '22
+314
в 0 каналах
Get PRO
сентябрь '22
+219
в 0 каналах
Get PRO
август '22
+195
в 0 каналах
Get PRO
июль '22
+431
в 0 каналах
Get PRO
июнь '22
+328
в 0 каналах
Get PRO
май '22
+536
в 0 каналах
Get PRO
апрель '22
+234
в 0 каналах
Get PRO
март '22
+494
в 0 каналах
Get PRO
февраль '22
+157
в 0 каналах
Get PRO
январь '22
+204
в 0 каналах
Get PRO
декабрь '21
+158
в 0 каналах
Get PRO
ноябрь '21
+533
в 0 каналах
Get PRO
октябрь '21
+695
в 0 каналах
Get PRO
сентябрь '21
+409
в 0 каналах
Get PRO
август '21
+322
в 0 каналах
Get PRO
июль '21
+593
в 0 каналах
Get PRO
июнь '21
+654
в 0 каналах
Get PRO
май '21
+637
в 0 каналах
Get PRO
апрель '21
+1 350
в 0 каналах
Get PRO
март '21
+1 010
в 0 каналах
Get PRO
февраль '21
+991
в 0 каналах
Get PRO
январь '21
+1 915
в 0 каналах
| Дата | Привлечение подписчиков | Упоминания | Каналы | |
| 15 июля | 0 | |||
| 14 июля | +2 | |||
| 13 июля | +2 | |||
| 12 июля | +4 | |||
| 11 июля | +2 | |||
| 10 июля | +1 | |||
| 09 июля | +8 | |||
| 08 июля | +4 | |||
| 07 июля | +5 | |||
| 06 июля | +5 | |||
| 05 июля | +4 | |||
| 04 июля | +7 | |||
| 03 июля | +1 | |||
| 02 июля | +7 | |||
| 01 июля | +7 |
Посты канала
МАКШАР
Ал күн ушундай бир азап!
Атасы – баласынан,
Баласы - апасынан качат.
Мал-мүлк, дүнүйө,
Бала-бакыра пайда бербейт,
Пайда бербейт бийлик, мансап-атак.
Тоодой күнөөлөрүн,
Томуктай каталарын эстешет,
Ар инсан
Кылган амалы менен беттешет.
Ал күндү макшар күнү дебе,
Бирок ал күн чыныгы,
Макшар күнү эле.
Кулак угат,
Көрбөгөндү көз көрөт.
Ушул күндү баары жашап,
Баштарынан өткөрөт.
Ал күн менен ортобузда,
Бир гана өлүм бар.
Анда кулак сал,
Буларды айткан
Азирети пайгамбар:
«Алла Таала макшар күнү,
Мурдагыларды жана
кийинкилерди,
Бир майданга топтойт.
Караганда баары көрүнүп,
Укканыңда баары угулуп,
Ушунчалык кайгыны козгойт.
Чочулоолордун, коркуулардын
Даражасы бийиктеп,
Аркан бою Күн жакындап токтойт.
«Азыр биздин абалыбызды
Көрүшпөйбү бир жан?» -
дей башташат аргасыздан,
«Бизди куткарып шапаатын берер ким бар?»
«Адам атабыз бар» - деп,
Бири-бирине кеңеш беришет.
Аягы жок үмүт менен
ага келишет:
«Эй, Адам!
Сен инсандардын атасысың,
Аллах сени өз колу менен жаратып,
Өз рухунан сага үйлөдү,
Бардык ысымдарды үйрөттү.
Өтө урмат менен сый кылды,
Периштелерди алдыңа сажда
кылдырды.
Бул кыйынчылыктарды көрүп,
Абалыбызды жоёр белең?
Раббибизден биз үчүн кечирим сурап, Шапаатчы болор белең?»
Адам алейхис салам:
«Бүгүн Раббим аябай каарданды.
Андыктан макшар күндүн азабын
айт.
Мурун мынча каарданган эмес эле,
Мындан кийин мынчалык каарданбайт.
Бейиштеги кезимде,
Тийбе деген даракка колум сунуп,
Күнөөм үчүн бүтпөгөн
Көңүлүм дарт.
Жалпыңа айтарым жооп:
Жаратканымдын алдында
Шапаат кылууга абалым жок.
Напсим... Напсим ... Напсим...
Менден башкасынан кабар алгыла,
Нух алейхис саламга баргыла».
Адамдардын баары кейишет,
Аягы жок үмүт менен
ага келишет:
«Эй, Нух!
Эгең Аллах,
Сага пайгамбарлык сыйын берди,
«Эң көп шүгүр келтирген кулум», - деди.
Бул кыйынчылыктарды көрүп,
Абалыбызды жоёр белең?
Раббибизден биз үчүн кечирим
сурап «Шапаатчы болор белең?»
Нух пайгамбар:
«Бүгүн Раббим аябай каарданды.
Андыктан макшар күндүн азабын айт.
Мурун мынча каарданган эмес эле,
Мындан кийин мынчалык каарданбайт.
Жалпыңа айтарым жооп:
Жаратканымдын алдында,
Шапаат кылууга абалым жок.
Менин бир дуба акым бар эле,
Аны колдонуп алаканым сундум,
Укпаган коомума терс дуба кылдым.
Напсим... Напсим... Напсим...
Менден башкасынан,
Башкасынан кабар алгыла,
Ибрахим алейхис саламга баргыла».
Адамдардын баары кейишет,
Аягы жок үмүт менен
ага келишет:
«Эй, Ибрахим!
Сен пайгамбар акыйкаттын далилисиң,
Баардык адамзаттын ичинен,
Аллахтын Халилисиң.
Бул кыйынчылыктарды көрүп,
Абалыбызды жоёр белең?
Раббибизден биз үчүн кечирим
сурап Шапаатчы болор белең?»
Ибрахим Пайгамбар:
«Бүгүн Раббим аябай каарданды.
Андыктан макшар күндүн азабын айт.
Мурун мынча каарданган эмес эле,
Мындан кийин мынчалык
каарданбайт.
Жалпыңа айтарым жооп:
Жаратканымдын алдында
Шапаат кылууга абалым жок.
Напсим... Напсим... Напсим...
Менден башкасынан,
Башкасынан кабар алгыла,
Муса алейхис саламга баргыла».
Адамдардын баары кейишет,
Аягы жок үмүт менен
Ага келишет:
«Эй, Муса!
сени Аллах, чыныгы пайгамбар кылды,
Сага Өзү менен ортомчусуз
сүйлөшүү кереметин сунду.
Бул кыйынчылыктарды көрүп,
Абалыбызды жоёр белең?
Раббибизден биз үчүн кечирим
сурап Шапаатчы болор белең?»
Муса пайгамбар:
«Бүгүн Раббим аябай каарданды.
Андыктан макшар күндүн азабын
айт.
Мурун мынча каарданган эмес эле,
Мындан кийин мынчалык
каарданбайт.
Жалпыңа айтарым жооп:
Жаратканымдын алдында,
Шапаат кылууга абалым жок.
Пайгамбары болуп коомдун,
Мага буйрулбаган бир жандыктын
Өлүмүнө себепкер болдум.
Бул кокустук көкүрөгүмдү эзет,
Жаратканым бүгүн кечирсе,
Бул мага жетет.
Напсим... Напсим... Напсим...
Менден башкасынан,
Башкасынан кабар алгыла,
Иса алейхис саламга баргыла».
Адамдардын баары кейишет,
Аягы жок үмүт менен
ага келишет:
«Эй, Иса!
Сен Мариям аркылуу тартууланып,
Чындыкты үйрөткөн,
Бешиктеги кезиңде
Инсандар менен сүйлөшкөн.
Аллахтын пайгамбарысың.
Бул кыйынчылыктарды көрүп,
Абалыбызды жоёр белең?
Раббибизден биз үчүн кечирим
сурап.
Шапаатчы болор белең?»
Иса пайгамбар:
«Бүгүн Раббим аябай каарданды.
Андыктан макшар күндүн азабын айт.
Мурун мынча каарданган эмес эле,
Мындан кийин мынчалык
| 2 | Зайырбек Ажыматов
КАЗАК КЕЛИН
Жүргөн жерим дайыма азап менин,
Андай азап жарпымды жазат менин.
Жүрөк ооруйт, жатканым оруукана,
Жүрөгүмө чок салды казак келин.
Келбей жатты кечигип жарым дагы,
Келбей турду күйөөсү анын дагы.
Чогуу күтүп аларды терезеде,
Чоктой ысык бир сезим тамырлады.
Жанды сүйүү сөгүлүп таң сыңары,
Жаркыроодо махабат шам чырагы.
Кудайды да жолунан чыгарчудай,
Куудай назик айымдын ай чырайы.
Даба болгон жүрөктүн жаратына,
Далай сөзү дем кошот канатыма.
Макул дебей кантем –дейт- сүйөм десе,
Манасы бар кыргыздын баласына.
Таттуу сезим көңүлдө ырбап улам,
Таттуу тилин ансайын жыргап угам,
Окуп берем мен ага Шахановдун,
Оттой ысык махаббат ырларынан.
Тили ширин эрким бүт жеңилүүдө,
Тиктей калсам ал деле демигүүдө.
Башым туман эрким жок кайрылууга,
Балкый түштү эрини эринимде...
Ынак болуп палата жанымдагы,
Ысык күндөр күн сайын жалындады.
Дарыгерим кубанат жылыш бар деп,
Даана чыгат күлкүсү анын дагы.
Жүрөгүмө капилет жылдыз жанды,
Жүр мени эстеп , бир чекке сыйгыс жанды.
Сен аркылуу урматтайым бүт казакты,
Мен аркылуу сүй а сен Кыргызстанды!
Мендей көрүп сыйлап жүр кыргыздарды... | 344 |
| 3 | СҮЙҮЛБӨГӨН АДАМЫҢ...
Кандай жүрсүн,жаркылдаган маралым?
Чалып бүгүн , билгим келди абалың.
Мен баягы ошол эле бойдонмун,
Сүйүп Сени , сүйүлбөгөн адамың.
Жүрөгүңдү багынткан дейт бир адам,
Бар экенго, андан болгон бир балаң.
Бактылуу бол, эч тартпагын муңайым,
Мен ошого , сүйүнөм да кубанам.
Мен да бир күн өз теңимди табармын,
Сендей сулуу, кара-көздү алармын.
Чакыруу кат жөнөтөмүн ошондо,
Келип койчу , эң акыркы сураарым .
✍️Максат Дүйшөн уулу
(23.02.2026) | 450 |
| 4 | Кантип барам??? Мен жаралдым. Дүйнөдө жашап жүрөм.
Баскан жолум каткырык, мазак - түмөн...
Коомдун жутуп алгандай аӊ сезимин,
Койкоёмун, турса да артып күнөөм.
Келсе кокус, акыркы таӊ аткан күн...
Куу кекиртек - себеби азаптардын.
Алма шактай сооп байлап мөмө бербес,
Кантип барам, астына Жараткандын?
Жай намазга жаш төгүп ыйлай албай,
Ата-энемдин бутун өөп сыйлай албай.
Жакыр тарткан чөнтөгү, жан дүйнөсү,
Элим үчүн жан кейип туйлай албай.
Кантип барам, астына Жараткандын?
Чүкө болуп үмүтүм өкчөлгөн миӊ,
Чиеленген багытым төрт бөлгөнмүн.
Чындыкты жаап, тилимдин калп айтканын,
Акыретте сүйлөсө көз көргөнүн,
Кантип турам астында Жараткандын?
Баба жолун байытып улабасам,
Байкуш көрсөм жүзүмдү бура качам.
Кара курсак тогуна топук кылып,
Бир жетимдин башынан сылабасам.
Кантип турам астында Жараткандын?
Азгырыктан адашкан кайталбасам,
Ар ишиме мактанып айгайласам.
Көпүрөнү балалык куруп берген,
Ичкен досту ичпе деп айталбасам.
Кантип турам астында Жараткандын?
Туман басып көзүмдү дардаӊдасам,
Түккө турбас акча үчүн жалмаӊдасам.
Ар мүнөттө жүзүмдү алмаштырып,
Адам болбой калуудан арданбасам.
Кантип турам астында Жараткандын?
Алганымдан артыгын бералбасам,
Ар намыска азыртан келе албасам.
Кур напсиме мойнуман жетеленип,
Убакытты пайдама жеӊе албасам.
Кантип барам астына Жараткандын?
Жасалгандай таптаза тунук нурдан,
Гүл жыттанган кыз дүйнө кызыктырган.
Мээ айланып жүзүнөн өпкөн кезде,
Мээримдүүнүн өзүн да унуттурган.
Кеӊкейемин өмүрдөн түр күткөнгө,
Эмне таптым, түбөлүк түркүк жерде???
Айткылачы?..
Кайсы кылган ишиме мактанайын?
Силер менен коштошуп, күн бүткөндө...
автор: АКБАР КУБАНЫЧБЕКОВ | 443 |
| 5 | Капалыкты кайгыны жойсо дедим
Көңүлүмө жарыгы толсо дедим
Бой таштаган мен үчүн бийиктикте
Болочогум атамдай болсо дедим
Кубанычтан толкундап ыйлап алам
Кыйноо тарткан күндөрдү жыйнап алам
Баркын билип мен дагы түгөйүмдү
Башымды ийип атамдай сыйлап алам
Бийик кылган жашоомдо ордум дедим
Бирок тагдыр сынооңдү койгун дедим
Түн бир оокум жалбарып жаратканга
Түбөлүгүм атамдай болсо дедим
Жалыныма отума күйсө дедим
Жаштыгымды кор кылбай жүрсө дедим
Жамандыктан кайгыдан алыс кылып
Жан шеригим атамдай сүйсө дедим
✍Гулзат жаш акын | 528 |
| 6 | Сүйүү эмне азап, кайгы, кусалык,
Сүйгөн адам калат экен тушалып.
Сүйгөнүнө жетпегендер келгиле,
Сүйүү үчүн бирге шарап жуталык. | 613 |
| 7 | Сен күнөөлүү
Сен күнөөлүү, ырларымдын чыгышына
Сен күнөөлүү, көңүлүмдүн жылышына
Сен күнөөлүү, ар убак ойдон кетпей
Сени күнөөлүү, түн уйкудан калышыма
Сен күнөөлүү, санаалардын толушуна
Сен күнөөлүү, сүйүүгө мас болушума
Кетчүдөй өз огунан чыгып эле
Эт жүрөгүм ыргагын бузушуна
Сен күнөөлүү, махабатка балкышыма
Сен күнөөлүү, океандай чалкышыма
Албетте сен, дал өзүн күнөөлүүсүң
Жүрөктүн орноп алып жартысына
Анарбек Абдиев✍ | 685 |
| 8 | ⚡️🔥✍🏽 | 105 |
| 9 | https://t.me/suiuusaptary | 146 |
| 10 | ⚡️⚡️⚡️✍🏽🔥 | 64 |
| 11 | Ак сүйүүсүн арнап жатса башкалар,
Менин оюм жалаң гана акчалар.
Сүйүү күтөт, карыз болсо күтпөйт деп,
Күндөн-күнгө көбөйүүдө чыгымдар.
Ак сүйүүсүн арнап жатса башкалар,
Менин оюм жалаң гана акчалар.
Жүрөгүңдү уурдаткандан не пайда,
Кредитти жапчу жигит тапсанар. 😂
Аль-Мадина. | 435 |
| 12 | Апакеме кат ♡
Калем кармап олтурамын ар кечте .
Эмне айтам ,эмне жазам бул кечте,
Калемимди саган арнап жазайын .
Бейишим бол ,бакытым бол апаке,
Көп ыр жаздым бирок саган айтпадым .
Калемимди уктап алып чындадым ,
Эмнегедир саган арнап ыр жазсам .
Үнсүз чыгат ,муңсуз чыгат ырларым ,
Калемимди кармап дайын тумчугам .
Апакеме ыр жазам деп умтулам,
Төрт сап жазып аягында кайгырып .
Билбейм неге мынча эле мен буулугам ,
Ырахматым эч качан мен айталбадым .
Ыр түрүндө жазсам дагын кубантпадым ,
Билем апа ачууңа кен көп тийипмин .
Бой жеткенде, эс киргенде кадырыңды эми билдим ,
Саган арнап толкун толкун ыр жазам .
Элесиңди эстей берем ар качан ,
Кээбир кезде элесиңди сагынып .
Ыйлачуудай боло берем ар качан,
Сырттан билбейм бирок ичтен кайгырам.
Кадырыңды эмнеге мен жашырам ,
Сени дайым ойлой берем ар күнү .
Апакебай ушул ырды саган арнайм ,
Сездим эми чоңойгондо баркыңды .
Билбедимго ушуга чейин кайдырыңды ,
Кечир апа кечир мендей балаңды .
Чоңойгондо билдим окшойт кадырыңды
Автор:♤♡Kalykov Said ♡♤ | 752 |
| 13 | Өмүр экен ♡♡
Турмуш деген тайкы жолдон качпаган.
Тагдыр мени узун жолго баштаган,
Каалар элем түбөлүктүү жашоону.
Жакындардан алыстап мен баштасам ,
Мезгил өтөт убактысын билдирбей.
Өмүр өтөт каары жашка сездиртпей,
Бирок билгин жалган дүйнө жашоодо.
Баары кетет акыретке сездиртпей ,
Тирүүлүктүн баркын билбей адамдар .
Жакшы жаман жолго салган адам бар ,
Мүмкүн болсо жаштыгыбызды дайым .
Ыйман менен жашайлыкчы адамдар,
Алдап менин жаштыгымды уурдаган
Көп сыноого салып мени сынаган ,
Өмүрүмдүн таттуу жерин жашап мен .
Ата энемдин мээриминдей таппадым ,
Автор . Калыков Саид | 684 |
| 14 | https://t.me/suiuusaptary | 98 |
| 15 | 👍✍🏽🔥🌪️⚡️ | 1 |
| 16 | НАМАЗ БЕЙИШ АЧКЫЧЫ
Ашык кылган , адам затын кубанткан.
Жакшы ишти, кыл деп бакыт арнаган.
Адам затын жакшы амал кылуусун.
Намаз менен жан дүйнөнү суугарган.
Эгер билсен НАМАЗ бейиш ачкычы.
Ошондуктан намаз окуу жакшысы.
Ыйман менен бирге болуп жашоодо.
Башын тийсин жай намазга башкысы.
Аруу Тандын жыпар жыты жакшысы.
Багымдат бул жашоонун эн башкысы.
Ар Бир убак калтырбастан окуугун.
Эң чыныгы НАМАЗ бейиш ачкычы.
Ар бир күндүн керемети башкысы.
НАМАЗ менен жетебизго жакшысы.
Ар бир кылган жакшы амал соопторду.
Табабызго НАМАЗ менен башкысы.
Жашоо жолдо ыйманыбыз башкысы.
Эй замандаш , НАМАЗ бейиш ачкычы.
Ар бир кылган жакшы ишке Сүйүнткөн.
Ал чыныгы НАМАЗ бейиш ачкычы. | 1 018 |
| 17 | Жүрөкө куса батпаган.
Өтсө да күндөр кайрадан,
Өзүңө жаным байланам.
Өмүрдө сенсиң жан эркем,
Өзгөрбөй күлүп жайнаган.
Кетсе да күндөр агылып,
Келемин дайым сагынып.
Көрүшүү үчүн күндө эле,
Каламын сага камынып.
Жүзүңдү нурлар каптаган,
Жүрөктө куса батпаган.
Жеталбай ичтен жүрөмүн,
Жарыгым сенсиң барктаган.
Руслан Бактыбаев. | 951 |
| 18 | ❤️👍😍😍😍😍 | 120 |
| 19 | 🔥🌪️✍🏽⚡️❤️🔥👍 | 120 |
| 20 | ЫСЫК - КӨЛ САГА КЕЛДИМ
Ысык-Көл сага келдим,
Муңумду жыйнап алып.
Суранам ыйлабачы,
Муңумду тыңдап алып.
Ысык-Көл сага келдим,
Айтайын сырларымды.
Жете албай сүйгөнүмө,
Алыста турганымды.
Ысык-Көл сага келдим,
Арманым төгүү үчүн.
Алаксып бир ирмемге,
Өзүмдү көрүү үчүн .
Ысык-Көл сага келдим ,
Жаныма жолдош болчу.
Көрсөтүп тегиз жолду ,
Сен мага боордош болчу.
✍️ Максат Дүйшөн уулу
(08.07.2026. Ысык-Көл) | 1 044 |
