АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
Open in Telegram
Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!
Show more1 728
Subscribers
-224 hours
-57 days
-1330 days
Posts Archive
‼️"Бишкек Арена" Президенттин мүлкүн башкаруу департаментине өткөрүлдү
✔️Бишкекте курулган жаңы стадион ушул жылдын апрель айында Президенттин мүлкүн башкаруу департаментинин спорт комплексине өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу 24.kg агенттигине комплекстин директору Нурмухаммед Эшматов билдирди.
✔️Ал белгилегендей, уюм азыр үч объектини башкарат: "Бишкек Арена", 7-кичи райондогу "ДСК" спорт комплекси жана Чүй облусундагы "Нооруз" лыжа базасы. Эшматовдун айтымында, стадиондо акыркы оңдоо иштери жүрүп жатат, андан кийин подрядчылар объектини өткөрүп беришет.
‼️Бишкекте үч эм төрөлдү
✔️Эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча улуттук борбор 29 жаштагы аял үч эм төрөгөнүн билдирди. Маалым болгондой, бул анын кош бойлуулугу
"Аял төрт эмди табигый жол менен, ЭКО аркылуу эмес төрөгөн. Төртүнчү бала кош бойлуулуктун 19-жумасында өнүгүүсүн токтоткон. Эне эки ай бою медициналык көзөмөл астында болгон. Жана кесарево жолу менен төрөтүлгөн, салмагы 2350, 2600 жана 2340 грамм болгон эки уул жана бир кыз төрөлгөн. Эненин жана балдардын абалы туруктуу",- деди профессор Арсен Аскеров.
‼️Москвадан Бишкекке 250 грамм спайс аткезчилик жол менен алынып келинген
✔️Тинтүү учурунда шектүүлөрдүн биринен таңгакталган жана таразаланган баңгизаттар, экстази деп шектелген таблеткалар жана башка буюмдар табылган.
Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматкерлери Бишкектен эки аялды жана дагы бир шектүүнү Орусияда кармаган. Милиция бул жүктү сатуудан түшкөн мыйзамсыз киреше 1,5 миллион сомду түзүшү мүмкүн экенин белгиледи.
‼️Жогорку Кеңеш комитеттеринин жыйындар залдары оңдоп-түзөөдөн өттү
✔️Жогорку Кеңеште парламенттик комитеттердин жыйындар залдарын оңдоо иштери аяктады. Эс алуудан кийин депутаттар оңдолгон бөлмөлөрдө ишин улантышат.
Жыйындар залдарынын ички жасалгасы мурда оңдолгон негизги жыйындар залынын стилине дал келгидей кылып жасалгаланган.
✔️Мындан тышкары, бөлмөлөрдөгү техникалык жабдуулар жаңыртылды. Бул өзгөртүүлөр түз эфирлер учурундагы үн сапатын жакшыртат. Комитеттердин жыйындарынын трансляциялары кийинки жумада башталат деп күтүлүүдө.
‼️Бишкектин жанындагы айланма жолдо жол кырсыгынан бир адам каза болду
✔️Бүгүн Кантка бурулуштан болжол менен жети чакырым алыстыктагы айланма жолдо ири жол кырсыгы болду.
Toyota Camry жана Volkswagen Golf кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен экинчи унаа оодарылып кеткен.
Натыйжада Golfтун айдоочусу каза болгон. Toyotaнын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага жаткырылды.
‼️Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы жогорулады
✔️1-сентябрдан тартып айыл өкмөттөрдүн, облустук маанидеги шаар мэрияларынын жана райондук мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Кадр саясаты башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Айтымында, мындан тышкары, коэффициенти төмөн кызматкерлерге ай сайын 15 миң сом президенттик компенсация каралды.
“Буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде айыл өкмөттөрүнүн жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын кызматкерлери иштин татаалдыгына жараша 10 пайызга чейин гана үстөк акы алып келишкен. Учурда алардын айлык акысы борбордук аппараттар сыяктуу эле 50 пайызга көтөрүлдү. Алардын коэффициенти аз болгондуктан, президенттик компенсациялык төлөм катары 15 миң сомдон каралды. Эми 15 миң сомдон кошумча алышат”,– деди ал.
‼️IPHR :”Ташиев кеткенден кийин деле басым токтогон жок"
✔️International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму жаңы баяндамасында Кыргызстанда жарандык эркиндик чектелүү экенин белгиледи. Уюм УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин деле бийликти сындагандарга кысым уланып жатканына көңүл бурган.
✔️Буга БУУнун чечиминен кийин абактан чыккан Temirov Live (Сот экстремисттик деп тапкан) каналынын журналисти Махабат Тажибек кызынын иши кайрадан сотто карала баштаганы, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын июнь айында Майлуу-Сууда эч кандай себепсиз кармалып, суракка алынышы, чет өлкөдө жүргөн эко-активист Самат Кушбековдун каралоого кабылышы, жер маселесин айтканы үчүн активисттер Мавлян Аскарбековдун, Азамат Баямановдун камалышы мисал катары келтирилген. Оппозиция өкүлдөрү Темирлан Султанбеков менен Кадырбек Атамбаевдин соту журналисттердин катышуусуз, жабык эшик артында өткөнү сөз болгон.
Азаттык
‼️“Бишкек-Арена” 386 млн долларга курулганы маалым болду
✔️“Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулуп бүттү. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
“Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулуп бүтүптүр. “60 млн долларга бүттү” деген жалган сөз. Тээ башында стадион курулуп баштаганда 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондо Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айтканын эшиттик. Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган. Бирок кийин Президентибиз Садыр Жапаров баштапкы долбоорду түп-тамырынан бери өзгөртүп: “Кыргыздын боз үйү сымал болсун, ичинде соода борборлору, ресторан-кафелери, супермаркети, кинотеатрлары, спорт залдары жана балдар ойной турган аянтчалары менен курулсун, антпесек бул стадион дагы бюджеттин мойнуна олтурат. Бул стадион келечекте киреше бере турган мекемеге айланыш керек”- деп тапшырма берген”-деди Алагөзов.
‼️Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаевдин соту уланууда
✔️ Биринчи май райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын жаш саясатчысы Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков фигурант катары өтүп жаткан массалык башаламандыктарды уюштуруу иши боюнча процесс уланды.
Сот жабык режимде өтүүдө.
✔️Тергөө абагында жаткандарды колдоо үчүн алардын жакындары келишти: Раиса Атамбаева, Султанбековдун ата-энеси жана кичүү карындашы, Султанбековдун айдоочусу Эрмек Эрматовдун туугандары, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айрым тарапташтары.
✔️Раиса Атамбаеванын айтымында, ал Кыргызстанга болжол менен 10 күн мурун кайтып келген жана үч айга жакын уулу Кадырды көрө элек болчу. Буга чейин ал жолдошу менен Испанияда жүргөнү, ал эми кызы Алия Шагиева бутунун жаракатынан улам мурунку процесстерге катыша албаганы кабарланган.
‼️Аяз Баетов Юстиция министри кызматынан бошотулду
✔️Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Кабарлангандай, Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, Баетовду башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу юстиция министри кызматынан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.
+1
‼️УКМК Бажы кызматкерлерин кармады
✔️Мамлекеттик бажы кызматынын Ош бажысынын "БИМИ Ош сервис" бажылык тариздөө пунктун текшерүү тобунун инспекторлору К.У.Т. жана Т.А.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
✔️Маалым болгондой, «Ош» бажысынын айрым кызмат адамдары кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, айрым ишкерлер менен алдын ала сүйлөшүп, акча алуу максатында ташылып өтүүчү товарларга бажылык кароо жүргүзбөй, туура эмес декларациялап өткөрүп жиберүүгө көмөктөшкөн. Натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирген. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда УКМК кылмыштуу схемага катышкан башка бажычыларды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштерин улантууда.
‼️"75чилер иши": Прокурорлор айыптоочулардын баарын 9 жылдан абакка кесүүнү сурады
✔️Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда “75чилердин каты” боюнча соттук отурумда жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочулар соттон айыптоочулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сурады. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди.
✔️Түшкө чейин иштин материалдары изилденди. Жарыш сөз аяктаса айыпталуучулардын акыркы сөзү угулуп, сот өкүм чыгарышы мүмкүн.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, төрт жылдан абакка кесилген.
8 айыпталуучунун баарына үч жылдык пробациялык жаза берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган.
‼️Бишкектеги Аламедин базарынын жанында өрт чыкты
✔️Кырсыктын видеосу социалдык тармактарда пайда болду. Күбөлөр өрт батарея алмаштыруучу жайдан үйгө чейин жайылганын билдиришти.
Окуя болгон жерде бир өрт өчүрүүчү топ иштеп жатканы айтылды.
‼️Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын билеттерин сатуудан канча сом түштү?
✔️5-сентябрга карата VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына жалпы суммасы 31 млн 721 миң сомдук 37 миң 198 билет сатылды. Бул тууралуу ДКОнун медиаштабынан билдиришти.
Билеттерди сатуу «NEBS.GOV.KG» улуттук электрондук билет системасы аркылуу жүргүзүлдү.
Жалпы суммадан:
▪️QR-код аркылуу 17 млн 821 миң 48 сом келди;
▪️«Элкарт», «Visa» жана «Mastercard» банктык карталары аркылуу 10 млн 410 миң 533 сом түштү;
▪️Накталай акча түрүндө 3 млн 489 миң 419 сом түшкөн.
✔️Ошол эле учурда Кырчын капчыгайындагы маданий жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборуна кирүү акысыз болду.
«Рух Ордо», «Дордой Номад» этношаарчасындагы жана ипподромдогу айрым маданий иш-чараларга билеттердин баасы 500 сомду түздү.
Жабылуу аземине билеттер секторго жана орунга жараша 500 сомдон 4000 сомго чейин, ал эми көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге 1000 сомдон сатылды.
+1
‼️Канат Сагынбаев кызматтан бошотулуп, Алмаз Имангазиев Эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
✔️Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлык 7-сентябрда жарыяланды. Ал бул кызматка 2025-жылдын сентябрында дайындаган эле.
✔️Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Имангазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.Алмаз Имангазиев буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.
‼️Тамак-аш саткан аянтчалар боюнча ишкерлерге арзандатуулар каралууда
✔️VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тамак-аш сатуу максатында аянтча пайдалануу боюнча жалпы суммасы 25 млн сомдук келишим түзүлгүн. Бул тууралуу оюндардын маданий бөлүгүнүн башкы режиссеру Алтынбек Максутов билдирди.
Бирдиктүү оператор катары «Көчмөндөр ашканасы» компаниясы бекитилген. Алар тамактануучу жайлар жайгашкан аянтчаларды 5 негизги локацияда уюштурушкан:
▪️Курманжан датка атындагы борбор;
▪️«Рух Ордо»;
▪️Чолпон-Атадагы ат майдан;
▪️«Дордой Номад»;
▪️Кырчын.
✔️Жалпы суммадан 8 млн сому төлөнүп берилди, ал эми калган 17 млн сомун оператор оюндар аяктагандан кийин которот. Аба ырайынын сууктугунан, электр энергиясы жана суу берүүдөгү үзгүлтүктөрдөн улам ат майдандагы жана Кырчындагы ишкерлер чыгымга учурашты. Учурда оператор менен «Кыргыз маданият сервис» жабыркаган ар бир ишкерге ижара акысынан жеңилдетүү берүү маселесин өзүнчө карап чыгууда.
‼️Нурланбек Тургунбек уулу Улан Ниязбеков менен эмнени сүйлөшкөнүн айтып берди
✔️Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек “75чилер иши” боюнча соттун адилеттүү чечимин күтөрүн билдирди. Ал бул тууралуу 7-сентябрда Бишкек шаардык сотундагы отурум алдында журналисттерге билдирди.
Тургунбек уулу ошондой эле “Ырыс Ордонун” ачылышына катышуусу тууралуу комментарий берип, расмий чакыруу менен барганын айтты.
«Чакыруусуз бармак белек? Бизди расмий түрдө чакырышкан, биз чакырылган конок катары катыштык»,- деди мурдагы спикер. ✔️Тургунбек уулу муну көз караштардын айырмачылыктарына жана учурдагы жагдайларга карабастан, президент Садыр Жапаровдун биримдикке чакырыгы катары кабыл алганын белгиледи. Ал эми Ички иштер министри Улан Ниязбеков жолугушуусу тууралуу
«Биз дээрлик беш жыл бою бир президенттик командада иштедик. Ички коопсуздук жаатындагы көптөгөн мыйзам долбоорлору парламенттен өттү. Биз Ички иштер министрлиги менен тыгыз иштештик. Менин баары менен жакшы мамилем бар», - деген ал.
‼️Көк бөрү жана көкпар: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү командалар канча акча алышты?
✔️Көк бөрү боюнча биринчи орун үчүн кыргыз командасы 5 миллион сом алды. Казакстандын күмүш медалчылары 3 миллион сом, үчүнчү орун үчүн орус командасы 2,5 миллион сом жана төртүнчү орун үчүн Тажикстан 1 миллион сом алды.
✔️Көкпарда жеңүүчү кыргыз командасы 3 миллион сом алды. Казакстан экинчи орун үчүн 2 миллион сом, үчүнчү орун үчүн Орусия 1 миллион сом жана төртүнчү орун үчүн Өзбекстан 500 000 сом алды.
Эске салсак, кечээ 6-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк-бөрү жана көкпар боюнча Кыргызстандын курама командасы финалдык беттеште казакстандык улакчыларды 12:0 эсебинде жеңип, чемпион болду.
‼️"75чилер иши”: Бишкек шаардык соту ушул аптада өкүм чыгарышы мүмкүн
✔️ Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоевдин айтымында, айыпталуучулардын сурактары акыркы отурумда аяктап, сот бүгүн далилдерди изилдей баштайт.
"Эгерде тергөө бүгүн аяктаса, оозеки жарыштар жакында башталат. Айыпталуучуларга акыркы сөздөрү берилип, өкүм бейшемби күнкү отурумда жарыяланышы мүмкүн. Бирок, так мөөнөттү көрсөтүү кыйын. Сотко чакырылган бардык күбөлөр биздин кардарларыбыздын пайдасына көрсөтмө бериши маанилүү",- деп кошумчалады Ногоев. ✔️2-июлда Биринчи май райондук соту Ташиевди, Зулушевди жана Тургунбек уулун мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок үч жылга шарттуу көзөмөлдү киргизген. Сот аларды бийликти басып алууга аракет кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп тапкан, бирок кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча актаган. “75чилер иши” боюнча башка айыпталуучулар да шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.
