fa
Feedback
АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

رفتن به کانال در Telegram

Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!

نمایش بیشتر
1 753
مشترکین
-124 ساعت
-67 روز
-530 روز
آرشیو پست ها
‼️Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды ✔️ “Манас” эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын Бишкек – О
‼️Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды ✔️ “Манас” эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарган учагы кырсыктаганы боюнча окуянын жагдайларын иликтеди. Ошону менен катар авиакомпаниянын ишмердүүлүгүнө пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзүлдү. ✔️Жыйынтыгында авиация мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу фактылары аныкталып, алардын учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз терс таасир тийгизери белгиленди. Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

‼️”Айрым учурда эмоцияга алдырдым”- Тилекмат Куреновдун соту уланды ✔️Бишкектин Ленин райондук сотунда камактагы активист Тилекмат Куреновдун ишин карап жаткан судья Болотбек Абдуллаев каза болуп калгандан улам, ишти башка судья Уланбек Туманбаев карап баштады. Бул тууралуу Азаттык жазды. ✔️10-июлдагы кароо башталганга чейин Тилекмат Кудайберген уулу өзү да журналисттерге учкай комментарий берип, ага тагылган айыптардын баарын мойнуна албай турганын айтты. Отурумда сот иштин материалдары менен таанышып чыкканын айтып, айыптоо актысы кайрадан окулду. Мындан кийин сот ишти кароону башка күнгө – 7-августка жылдырды. Видео:Би-Би-Си

‼️Нурлан Мотуевдин агасы анын оорусу тууралуу эскерди ✔️Журналист Нурдин Мотуев өзүнүн Facebook баракчасында агасы Нурлан Мот
‼️Нурлан Мотуевдин агасы анын оорусу тууралуу эскерди ✔️Журналист Нурдин Мотуев өзүнүн Facebook баракчасында агасы Нурлан Мотуевдин акыркы жылдарын кантип өткөргөнү, оорусу менен кантип күрөшкөнүн жана анын себеби эмнеде экенин бөлүштү.
“Бир тууганым Нурлан... Акыркы бир жылда толугу менен жеке жашоомду жыйыштырып коюп Нукемдин жанында болдум. Айдоочу, телохранитель болдум, керек болсо оор буюм көтөртпөгөнгө аракеттендим. Диагнозу өтө коркунучтуу экенин дарылап жүргөн онколог дарыгерлерден уктум, өзү айтчу эмес. Ал турсун ашказанын операция кылдырып, толук алдырып салганын билбептирмин. Өтүн да операция жолу менен алдырган экен. Кийин гана бир жолу Чаекке баратканыбызда өзү чечилип айтып берди: "Операциялардан кийин өзүмдү жакшы сезип келгем, чёрныйлар кол салганча. Ошолор кол салганда гана ички органдарга зыян келиптир. А так, Аллах колдойт, мен ишенем колдооруна", — дечү. Бирок, кабагым-кашым дечү эмес”-
деп эскерди Нурдин Мотуев.

‼️Бүгүн Таласта күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды ✔️Бүгүн, 10-июлда саат 01:59да Талас облусунун аймагында жер титирө
‼️Бүгүн Таласта күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды ✔️Бүгүн, 10-июлда саат 01:59да Талас облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалым болгондой, жер титирөөнүн күчү 4 баллды түзүп, очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Талас Ала-Тоосунда жайгашкан. Ал эми Көк-Сай, Кайнар, Арчагүл жана Шекер айылдарында жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилген.

‼️Бишкек-Ош жолундагы таксисттин өлүмүнө шектүү 12 жылдан кийин Түркиядан кармалды ✔️Кыргыз Республикасы менен Түркиянын Ички иштер министрликтеринин биргелешкен операциясынын жүрүшүндө Стамбул шаарында 12 жылдан бери укук коргоо органдарынан жашынып жүргөн 1990-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Ал алдын ала сүйлөшүп алган адамдар тарабынан адам өлтүрүү кылмышын жасаган деп айыпталууда. ✔️Тергөөдөгү маалыматка ылайык, 2014-жылдын февраль айында Бишкек — Ош унаа жолунда чыккан жаңжалдын жүрүшүндө такси айдоочусу М.У. өлтүрүлгөн. Кылмыш жасалгандан кийин А.Ш. Кыргыз Республикасынан чыгып кетип, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган.

‼️Абактагы Куренов экс-депутат Жамгырчиевге жооп берди ✔️Абактагы активист Тилекмат Куренов экс-депутат Эмил Жамгырчиевге жоо
+2
‼️Абактагы Куренов экс-депутат Жамгырчиевге жооп берди ✔️Абактагы активист Тилекмат Куренов экс-депутат Эмил Жамгырчиевге жооп берди. Буга чейин мурдагы эл өкүлү Куреновдун паспорту боюнча окуяда күнөөсү жок экенин айткан.
“10.04.2025-ж. Дубайдан уурдалып, дайынсыз бир жума жертөлөдө жатканымда, жакындарым кандай гана кыйын күндөрдү башынан өткөрүшкөн жок. Тергөөдөгү беттешүүдө Куранга колуңду коюп: «Атам катуу ооруп жатат, балам рак оорусуна чалдыгып калды, мени артыңан сүйрөп кетпе», — деп көзүңдү жашылдантып, ыйламсырадың. «Паспорттун айынан апам дагы мени менен сүйлөшпөй калды, адвокатың коомчулукка, ММКга “Жамгырчиев паспортту алган эмес” деп айтып койсунчу», — деп сурандың. 2025-жылкы күздөгү шайлоого катышарыңды айттың. Эми элдин башын айландырып жатасың. Бардык инсан катага жол берет. Күнөөңдү мойнуңа алып, унчукпай калгандын ордуна бет тырмарлык кылганың мага эмес, өзүңө зыян. Калган чындыкты дагы айтчу учур келет”
- деген Куренов.

‼️Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев абактан чыкты ✔️Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы (Улуттук коопсуздук
‼️Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев абактан чыкты ✔️Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы (Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-кызматы) башчысы Дамир Мусакеев эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан чыкты. Бул тууралуу 10-июлда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Мусакеев бийликти басып алууга айыпталган Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаевдер менен бирге кармалган. Анын тергөө абагындагы баш коргоо чарасы 9-июлда өзгөртүлгөн.

‼️Бишкекте эки автобекеттин ортосунда түнкү автобус каттамы ачылды ✔️Шаарда Батыш жана Чыгыш автобекеттерин байланыштырган №13 түнкү автобус иштей баштады. Бул тууралуу "Бишкек транспорту" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маршрут Аламүдүн базары аркылуу өтүп, жүргүнчүлөргө түнкүсүн да автобекеттердин ортосунда жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

‼️Нурдан Орунтаев Ош мэриясынын карызы 3 млрд сомго жакын экенин айтты ✔️Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ачык кабинет долбоорунун алкагында иш күнү менен тааныштырып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ал Оштун мурдагы мэри Жеңиш Токторбаевдин тушундагы мэриянын карызы 3 млрд сомго жакын экенин билдирди.

‼️Asman Airlines компаниясы учагынын окуясы боюнча комментарий берди ✔️"Асман Эйрлайнс" компаниясы өз учагы кабылган окуя бою
‼️Asman Airlines компаниясы учагынын окуясы боюнча комментарий берди ✔️"Асман Эйрлайнс" компаниясы өз учагы кабылган окуя боюнча түшүндүрмө берди. Ишкана аны штаттык техникалык кырдаал экенин, ал эми мүчүлүштүктү “техникалык индикация” деп атады.
“Бүгүн, 9-июлда "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын Бишкек-Раззаков багыты боюнча MN61 каттамын аткарууда учактын экипажы техникалык индикацияны фиксация кылышкан. Транспортту өндүрүүчүнүн талаптарына ылайык бул жагдай учуунун коопсуздугун камсыздоо үчүн каралган стандарттык процедураларды аткарууну талап кылат. Авиакомпаниянын жана Бишкек шаарындагы “Манас” эл аралык аэропортунун бардык кызматтары тиешелүү ченемдердин жана иш-чаралардын негизинде аракет көрүп, өз ара байланышты жана координацияны камсыз кылышты. Авиакомпания үчүн жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугу артыкчылыкка ээ. "Асман Эйрлайнс" жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алганы үчүң жүргүнчүлөргө ыраазычылык билдирет жана кечирим сурайт”,
– деп айтылат маалыматта.

‼️Бишкекте тез жардам унаасы кырсыктап, оодарылып кеткен ✔️Бишкекте тез медициналык жардам унаасы жол кырсыгынын кесепетинен
+1
‼️Бишкекте тез жардам унаасы кырсыктап, оодарылып кеткен ✔️Бишкекте тез медициналык жардам унаасы жол кырсыгынын кесепетинен оодарылып калды. Маалыматты борбор калаанын Тез медициналык жардам борбору тастыктады. 9-июлда саат 10:40та тез жардам бригадасы чакыруу боюнча бара жаткан. Щербаков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде башка унаа менен кагылышуу болуп, мунун кесепетинен тез жардам унаасы оодарылып калган. ✔️Кырсыктын кесепетинен тез жардамдын айдоочусу жана дарыгери жабыркады. Алар Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылды. Алдын ала маалымат боюнча, дарыгерден жана айдоочудан баш мээнин жабык жарааты жана чайкалышы аныкталган. Айдоочунун сол саны көгөргөн.

‼️Бишкекте тез жардам унаасы кырсыктап, оодарылып кеткен ✔️Бишкекте тез медициналык жардам унаасы жол кырсыгынын кесепетинен
‼️Бишкекте тез жардам унаасы кырсыктап, оодарылып кеткен ✔️Бишкекте тез медициналык жардам унаасы жол кырсыгынын кесепетинен оодарылып калды. Маалыматты борбор калаанын Тез медициналык жардам борбору тастыктады. 9-июлда саат 10:40та тез жардам бригадасы чакыруу боюнча бара жаткан. Щербаков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде башка унаа менен кагылышуу болуп, мунун кесепетинен тез жардам унаасы оодарылып калган. ✔️Кырсыктын кесепетинен тез жардамдын айдоочусу жана дарыгери жабыркады. Алар Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылды. Алдын ала маалымат боюнча, дарыгерден жана айдоочудан баш мээнин жабык жарааты жана чайкалышы аныкталган. Айдоочунун сол саны көгөргөн.

‼️Орунтаев МИКтин үйлөрүндө унаа токтотуучу жайдын жоктугу боюнча: Алгач кредитти төлөйлү, машинаны анан алалы ✔️Курулуш министри Нурдан Орунтаев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) үйлөрүндө автоунаа кое турган аянттардын жоктугуна түшүндүрмө берди. Ал МИК калктын аялуу катмарына турак жай курчу социалдык долбоор деп, батир аталган программа боюнча 25 жылга бөлүп төлөө шарты менен берилерин эске салды.
"Бардыгыбыз эле машина менен жүргүбүз келет. Келгиле, алгач кредитти төлөйлү, машинаны андан соң сатып алалы. Кандай дейсиздер?"
— деп журналисттердин суроолоруна жооп берген. Эскерте кетсек, Орунтаев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттерге бир күндүк иш күнүн көрсөтүп жүрөт.

‼️Нурдан Орунтаев президенттин уулу менен доспу? ✔️Курулуш министри Нурдан Орунтаев Садыр Жапаровдун уулу менен достук мамиледе экендиги тууралуу имиштерге комментарий берди. Ал Ички иштер министрлигинин академиясын бүтүрүп, милицияда кызмат өтөгөнүн, андан кийин мэрдин аппаратында иштеп, кийин өз күчү көтөрүлгөнүн, эч кандай байланыш менен министр болбогонун айтты.
"Менин президенттин уулу менен эч кандай мамилем жок жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн тааныбайм. Мен мурда башкалар сыяктуу эле укук коргоо органдарында иштегем. Мэрияга келгенде кичинекей бөлүм жетектегем. Балким, жетекчилик мени азыркы кызматыма жакшы кадр саясатынан же айрым жетишкендиктеринен улам дайындагандыр. Бирок менин президент менен эч кандай үй-бүлөлүк же достук байланышым жок. Мен ага жолугушуулар үчүн гана барам",
- деди Орунтаев.

‼️"75чилер иши" боюнча өкүм: Ташиев президенттик шайлоого катыша алабы? ✔️УМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 2027-жылдын
‼️"75чилер иши" боюнча өкүм: Ташиев президенттик шайлоого катыша алабы? ✔️УМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 2027-жылдын январына белгиленген президенттик шайлоого катыша алабы? Ташиевге карата Биринчи май райондук сотунун өкүмү апелляциялык мөөнөт аяктагандан кийин же иш Бишкек шаардык сотунда каралгандан кийин гана күчүнө кирет. Бул азырынча бардык айыпталуучулар айыпталуу бойдон кала берерин жана шайлоого катышуу укугу апелляциялык арыз каралып бүткөнгө чейин сакталарын билдирет.
“Эгерде айыптоочу өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо, ал адам соттуулугу жок бойдон калат. Юридикалык көз караштан алганда, бул алардын президенттикке же парламенттин депутаттыгына талапкерлигин коё аларын билдирет, анткени мыйзамдык чектөөлөр аларга тиешелүү эмес"
, - деди юрист Замир Жоошев ✔️Эгерде жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырып, ал шайлоого чейин күчүнө кирсе, Ташиевдин шайлоого катышуусу мүмкүн болбой калат. Бирок, экинчи инстанция талапкерлерди каттоого чейин өкүм чыгарбаса ат салышууга толук укуктуу. 24кж

‼️УКМК 30 миллион сомдук баңгизат таратуу каналынын ишине бөгөт койду ✔️Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 30 миллион сомдук синтетикалык баңгизаттарды таратуучу каналдын ишине бөгөт койду. Атайын операциянын жүрүшүндө үч кыргыз жараны (экөө 1999-жылы туулган жана бирөө 2008-жылы туулган) кармалды. Тергөөчүлөрдүн айтымында, унааны текшерүү учурунда УКМКнын кызматкерлери болжол менен 1 кг синтетикалык баңгизат табышкан. ✔️Кармалгандардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда алар 1 кг 405 грамм тыюу салынган заттарды да алышкан. Мындан тышкары, 60тан ашык баңгизат жашыруун жайы табылып, жок кылынган. Бул жашыруун жайлардан 3 кг ашык синтетикалык баңгизат алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпысынан 5 кг 740 грамм баңгизат алынган.

‼️Автобустарда балдар коляскасы үчүн акы алынбайт ✔️Эми Бишкекте автобустарда бөбөк арабалар үчүн акы алынбайт. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров билдирди. 8-июлда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кенешме өткөрүп, коомдук транспортто балдар арабасын колдонгон ата-энелерди жол акыдан бошотуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырган.

‼️Орунтаев ШКУ саммитине карата үйлөрдү оңдоп-түзөө боюнча сындарга жооп берди ✔️Курулуш министри Нурдан Орунтаев ШКУ саммитине карата үйлөрдү оңдоп-түзөө иштерине коомчулуктун нааразычылыгы тууралуу комментарий берди. Министр көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары короолорун жана айланасындагы аймактарды өздөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүшү керек деп эсептейт. Эгер жарандар мамлекет баарын оңдошу керек деп эсептесе, үйүн мамлекетке өткөрүп берсин дейт министр.

‼️Соңку 5 жылда 85 кыргызстандык кыз Кытай жарандарына турмушка чыккан ✔️Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешев нике туурал
‼️Соңку 5 жылда 85 кыргызстандык кыз Кытай жарандарына турмушка чыккан ✔️Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешев нике тууралуу "Кызмат" мамлекеттик агенттигинен кенен маалымат алганын билдирди. Ал соцтармактагы баракчасына жазганы боюнча, статистика 2022-жылдан 2026-жылдын биринчи чейрегине чейинки. Өлкөдө 2022-жылы 45 миң 605 нике, 2023-жылы 43 миң 574 нике, 2024-жылы 44 миң 984, 2025-жылы 42 миң 714 нике катталса, 2026-жылдын үч айында 18 миң 869 нике катталган. ✔️Ал эми кыргызстандык кыздардын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыкканы боюнча статистикага көңүл бурсак, анда үч өлкөнүн жарандары сап башында турат. ▪️Орусия - 1493 нике; ▪️Түркия - 610 нике; ▪️Өзбекстан - 425 нике. Ал эми ушул аралыкта 85 кыргызстандык кыз Кытай жарандарына турмушка чыккан.

‼️Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы техникалык себептен шашылыш конду ✔️"Асман" авиакомпаниясынын Раззаковго учуп баратк
‼️Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы техникалык себептен шашылыш конду ✔️"Асман" авиакомпаниясынын Раззаковго учуп бараткан учагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкекке кайтып келгенин "Кыргызстан аэропорттору” ишканасы билдирди. Учак коопсуз конгон. Компания кийинчерээк кошумча маалымат берүүнү убада кылууда.