3 165
订阅者
-524 小时
-137 天
-4730 天
帖子存档
3 165
РУСТАМ АБИЛОВТОН СҮЙҮҮ ТУУРАЛУУ
Сүйүү — жүрөктүн бир адамды тандашы эмес. Аны тандагандан кийин да жүрөктү таза кармай билүү.
Кээде адамды анын сага болгон мамилеси эмес, сен анын жанында кандай адамга айланганың сүйдүрөт.
Чыныгы сүйүүдө “мен сени жоготуп алам” деген коркунучтан да “сени өзүмдөн тажатып албайын” деген этияттык болот.
Ашыктык адамды жакындатат. Сүйүү болсо, жакындагандан кийин да анын чек арасын сыйлаганды үйрөтөт.
Бирөөнү сүйүү — анын жакшы күндөрүнө кубануу. Аны чындап сүйүү — жаман күнүндө мүнөзүнөн эмес, абалынан кабар алуу.
Кээ бир адамдар жүрөккө киргенде дүйнөң өзгөрбөйт. Болгону дүйнөңдө бир адамдын орду пайда болот.
Тунук махабатта бири-бирин кармап калууга аракет аз. Бири-бирин жоготпой сактоого аракет көп.
Сүйүү — “сенсиз жашай албайм” деген сөз эмес. “Сен барда сага татыктуу адам болоюн” деген аракет.
Эң таза сүйүү — сенин жаныңда адам өзүнүн кемчиликтерин жашырууга муктаж болбогон сүйүү.
Балким, сүйүүнүн эң бийик чеги — жүрөгүңдө адамга орун берип, ошол орунду эч качан түрмөгө айлантпоо.💕3 165
Бирөө айтты:
– Аялыңдан коркосуң ээ?
А мен болсо:
– Такыр коркпоймун. Аманат болгону үчүн аярлайм, өзүнүн өмүрүн мага багыштаганы үчүн урматтайм, мага кылган кызматы үчүн кадырлайм. Мен сүйгөндөрдү сүйгөнү үчүн, мени сүйгөнү үчүн сүйөм.3 165
Тез тиер кездери бир нерсени түшүнө алчу эмесмин. “Эмне үчүн мектепте баардык мугалимдерге жагамын да, канча жакшы окуучу болууга тырышпайын 1-2 мугалимге такыр жакпаймын?”- деп. Кийин кээ бир дос-жарлардан да ушул маселе кыйнай берчү. “Эмне үчүн баары жакшы көрөт да, канча жакшы мамиле кылба кээ бири жактырбайт?”- деп. А көрсө баарына бирдей жагууга милдеттүү эмес экенсиң. Ошондой эле баары сени жакшы көрүүгө да милдеттү эмес. Ыраматылык Чубак ажы айткандай: “Сен ага кыжаалат болуп эмне кыласың, сени жакшы көргөндөр менен жүрө бер,”- дечү. Анан дагы “кызыл ашыгымдан да келбейт”- деген сөзү да кыйла жүктөн арылтат. Деңгээли төмөндөргө теңелүү – кайра өсүп чыккан жагыңа кайтуу. А бул бизге керек эмес. Ордубуз жок жерден орун сурабайбыз. Керегибиз жок жерден кетебиз. Сыйлагандарды сыйлайбыз, урматтаганды урматтайбыз. Бизди тааныгандарды биз таанып, бизди жакшы көргөндөрдү биз да жакшы көрөбүз.
Жаман көргөндөрдү болсо, ойлоп да койбойбуз. Андайларды жаман көрүүгө деле татыксыз.🙌🏼
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾3 165
“Эч болбосо - кеч болсун”- деп, биз жубайым экөөбүз да Ысык-Көлгө аттандык буюрса. Саякатка даярдануу, үйдөн эки рекет сапар намазын окуп алып, жолго чыгып кетүү да өзүнчө башкача сезим. Көлдүн табияты укмуш эмеспи. Көзүм тойгончо сүйүп, жүрөгүмдү эс алдырып келейин..3 165
Бүгүн куттуу күн болду. Бир жагынан жуманын берекети, экинчи жагынан пайгамбарга кесиптеш болгон, мугалимдер үчүн арналган иш-чарабызды эң жакшы деңгээлде өткөрүп алдык. Ыктыярчы керек деп ушул жакка жаздым эле, ушул жактан кайрылып атайын алыстан келип, тик аякта кызмат кылып кеткен ини-карындаштарыма, досторума өтө терең ыраазычылык билдирем.
Бар болгула алтындарым. Ылайым мартабаңар бийик болсун.🤲🏼3 165
Урматтуулар, 21-август күнү Көк-Жар айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө жалпы өкмөткө караштуу 12 мектептин мугалимдерин чакырып, чоң бир иш-чара өткөрүн алдында турамын.
Фонддун ишмердүүлүгүн эми баштаганыма байланыштуу, азыр каникул болуп жатканынан улам азырынча ыктыярчы кыздар, балдарым жок.
Ошондуктан мага 21-август күнү саат 9:00 дөн, болжолдуу 14:00 дөргө чейин мени менен кошо кызмат кылышканы ыктыярчы 2 жигит жана 2 кыз керек. Эч кандай оор жумуш жок. Келгендерди тосуп алып, киргизип, жигиттер болсо сахнадагы нерселерди ары-бери көзөмөлдөшүп турса болгону.
Анан дагы мобилограф керек. Төлөп берем деп айта албаймын, бирок аракет кыламын. Кызматка даярмын дегендер болсо, ушул аймакка жакын болсоңор @abiloow жекеден күтөм.
3 165
Келинчегим мени такыр тааныбай туруп турмушка чыкты. Атүгүл атымды да, китебимди да такыр уккан эмес. Тойдон кийин “Каректен аккан көз жаш” китептердин арасында турду. Кээде айтып коём:
– Кантип жолдошуңдун жазган китеби сага кызык эмес?
– Мен алгач сизди окуп алайын, кийин китебиңизди окуймун,- деп жүрдү. Арадан убакыт өтүп китепти окуп калды. Үйгө келсем табышмактуу карап, табышмактуу суроо узатты:
– “Табышмактуу кыз” повестиндеги кыз ким?
– Эч ким, ойдон чыгарып жазгам да. Китепти окуп бүттүңбү?
– Жок, “Ыйманга келген кыз” дегени калды. Хамза дейин десем анын ата-энеси жок, турмуш жолу сиздикине окшошпойт экен. Ал мейли. Бирок Усман деген каарман дал эле сиздей болуп жатат. Зилнурдай бир кыз өттү беле башыңыздан?- деп бакырая караса, токтоно албай күлүп кирдим.
– Ыйманга келген кызды окусаң, анан аягында тыянак чыгарасың.
– Жок эй, болду! Окубаймын. Андан дагы толтура суроолор жаралып кетпесин,- дейт. Ошентип 3-повестти окубай койду.
А сиз кандай ойлойсуз? Табышмактуу кыз реалдуубу?👇🏼3 165
– Мүрзөнү жек көрөм.
– Эмнеге?
– Ал жакта сөөктөр бар, коркунучтуу.
– Сүйгөн адамыңдан айрылып көрө элек экенсиң анда. Сүйгөн адамың мүрзөгө коюлганда, сен үчүн мүрзө да жүрөгүңдүн бир бөлүгүнө айланып калат.3 165
Үйлөнгөндөн бери телеграмм каналыма анча жазбай калдым. Мунун себеби эмнеде деп анализ жүргүздүм. 2022-23-24-жылдары аябай көп жазчу экен элем үстүн карап чыксам. Анан эле чолок акылым бир пикирге токтолду. А көрсө, мен көп ойлонбой калыптырмын. Бойдок кезде ой үстүнө ой болуп жүрөт экенсиң. Жүрөгүң тынчтыкта эмес, болочогуң белгисиз, кандай адамга үйлөнөрүң туңгуюк. Анан ошол адамды элесиңде ар түрдүүчө элестетип көрүп олтуруп, сөздөн сөз чыгып көп нерсе жазыла берчү экен эле.
Азыр жазайын десем эле жубайыма байланыштуу бир нерселер оюма келе берет. Ар эки сөзүңдүн үчөөсүн эле антип жаза берүү да туура келбей калат.
Андыктан алдыда буюрса күнүмдүк сабак алчу, өзүмө сабак болгон окуялардыэан сүрөттөп берип турганым болсун.
Жалпысынан Ас саламу алейкуму дилдештерим.✋🏼3 165
Аялга айтпа, аялга көрсөт. Амалды да, милдетини да, милдетиңди да.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾3 165
Күйөөсү үчүн эң жакшы аял; өзү сулуу, калыңы азы. Ошону менен эле бирге мүнөзү жеңил, ашыкча нерсе талап кылбаганы болсо, джекпот эмей эмне?
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾3 165
Аял деле жаш бала сыяктуу. Айтканыңды эмес, кылганыңды кылат.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾3 165
Себепсиз жактыргандарыбызга - бир себеп менен жакканыбыз өкүндүрөт.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾