3 149
订阅者
-124 小时
-137 天
-5130 天
数据加载中...
吸引订阅者
九月 '269月 '26
九月 '26
+47
在0个频道中
八月 '26
+62
在0个频道中
Get PRO
七月 '26
+49
在1个频道中
Get PRO
六月 '26
+52
在0个频道中
Get PRO
五月 '26
+134
在0个频道中
Get PRO
四月 '26
+62
在0个频道中
Get PRO
三月 '26
+54
在1个频道中
Get PRO
二月 '26
+59
在0个频道中
Get PRO
一月 '26
+208
在1个频道中
Get PRO
十二月 '25
+109
在1个频道中
Get PRO
十一月 '25
+164
在1个频道中
Get PRO
十月 '25
+48
在0个频道中
Get PRO
九月 '25
+67
在1个频道中
Get PRO
八月 '25
+114
在1个频道中
Get PRO
七月 '25
+90
在0个频道中
Get PRO
六月 '25
+88
在1个频道中
Get PRO
五月 '25
+89
在1个频道中
Get PRO
四月 '25
+111
在2个频道中
Get PRO
三月 '25
+172
在2个频道中
Get PRO
二月 '25
+115
在3个频道中
Get PRO
一月 '25
+235
在3个频道中
Get PRO
十二月 '24
+166
在0个频道中
Get PRO
十一月 '24
+150
在0个频道中
Get PRO
十月 '24
+174
在0个频道中
Get PRO
九月 '24
+166
在0个频道中
Get PRO
八月 '24
+132
在1个频道中
Get PRO
七月 '24
+124
在4个频道中
Get PRO
六月 '24
+152
在3个频道中
Get PRO
五月 '24
+322
在5个频道中
Get PRO
四月 '24
+367
在3个频道中
Get PRO
三月 '24
+480
在6个频道中
Get PRO
二月 '24
+198
在2个频道中
Get PRO
一月 '24
+210
在2个频道中
Get PRO
十二月 '23
+110
在2个频道中
Get PRO
十一月 '23
+67
在0个频道中
Get PRO
十月 '23
+51
在2个频道中
Get PRO
九月 '23
+14
在0个频道中
Get PRO
八月 '23
+74
在0个频道中
Get PRO
七月 '23
+133
在0个频道中
Get PRO
六月 '23
+153
在0个频道中
Get PRO
五月 '23
+202
在0个频道中
Get PRO
四月 '23
+124
在0个频道中
Get PRO
三月 '23
+155
在0个频道中
Get PRO
二月 '23
+142
在0个频道中
Get PRO
一月 '23
+494
在0个频道中
Get PRO
十二月 '22
+125
在0个频道中
Get PRO
十一月 '22
+133
在0个频道中
Get PRO
十月 '22
+182
在0个频道中
Get PRO
九月 '22
+126
在0个频道中
Get PRO
八月 '22
+156
在0个频道中
Get PRO
七月 '22
+163
在0个频道中
Get PRO
六月 '22
+190
在0个频道中
Get PRO
五月 '22
+179
在0个频道中
Get PRO
四月 '22
+1 374
在0个频道中
Get PRO
三月 '22
+214
在0个频道中
Get PRO
二月 '22
+102
在0个频道中
Get PRO
一月 '22
+354
在0个频道中
Get PRO
十二月 '21
+199
在0个频道中
Get PRO
十一月 '21
+240
在0个频道中
Get PRO
十月 '21
+68
在0个频道中
Get PRO
九月 '21
+48
在0个频道中
Get PRO
八月 '21
+79
在0个频道中
Get PRO
七月 '21
+240
在0个频道中
Get PRO
六月 '21
+39
在0个频道中
Get PRO
五月 '21
+60
在0个频道中
Get PRO
四月 '21
+74
在0个频道中
Get PRO
三月 '21
+629
在0个频道中
| 日期 | 订阅者增长 | 提及 | 频道 | |
| 29 九月 | +1 | |||
| 28 九月 | +2 | |||
| 27 九月 | +2 | |||
| 26 九月 | +3 | |||
| 25 九月 | +3 | |||
| 24 九月 | +2 | |||
| 23 九月 | +3 | |||
| 22 九月 | 0 | |||
| 21 九月 | 0 | |||
| 20 九月 | +2 | |||
| 19 九月 | +3 | |||
| 18 九月 | +3 | |||
| 17 九月 | 0 | |||
| 16 九月 | 0 | |||
| 15 九月 | +2 | |||
| 14 九月 | +1 | |||
| 13 九月 | 0 | |||
| 12 九月 | +1 | |||
| 11 九月 | +2 | |||
| 10 九月 | +3 | |||
| 09 九月 | +1 | |||
| 08 九月 | 0 | |||
| 07 九月 | +4 | |||
| 06 九月 | 0 | |||
| 05 九月 | +2 | |||
| 04 九月 | +5 | |||
| 03 九月 | +1 | |||
| 02 九月 | 0 | |||
| 01 九月 | +1 |
频道帖子
«Мен сүйүүнү сенин мага кандай караганыңдан эмес, сенин жаныңда жүрөгүмдүн кандай тынчып калганынан түшүндүм. Кээде адам издеген бакыт — бирөөнүн кучагында эмес, бирөөнүн жүрөгүндө жашайт экен.»
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾
| 2 | «Эгер бир адамдын жанында өзүңдү эркин сезсең, унчукпай отурганда да жүрөгүң тынч болсо — аны сакта. Анткени мындай адамдар жашоого көп кездеше бербейт.»
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾 | 411 |
| 3 | «Кээ бир сүйүүлөр көздөн башталат да, убакыт менен өчөт. Ал эми кээ бирлери жүрөктөн башталып, жылдар өткөн сайын тереңдей берет. Чыныгы махабат — убакытка баш ийбеген сезим.»
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾 | 378 |
| 4 | «Жүрөккө жаккан адам көп болушу мүмкүн. Бирок жүрөккө тынчтык берген адам — бирөө гана. Ошол адамды жолуктурганда сүйүүнүн ызы-чуу эмес, тынчтык экенин түшүнөсүң.»
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾 | 331 |
| 5 | «Кээде адамдын жанында болуу — бакыт эмес. Анын жүрөгүндө өзүңө орун бар экенин сезүү — чыныгы бакыт. Себеби аралык денелерди алыстатат, бирок чыныгы сезимдерди алыстата албайт.»
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾 | 336 |
| 6 | «Тунук махабатта ашыкча сөз болбойт. Бир караш жетиштүү, бир жылмаюу жетиштүү. Анткени чындап сүйгөн эки жүрөк бири-бирин сөздөн мурда сезет.»
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾 | 334 |
| 7 | «Сүйүү — бир адамды күн сайын кайра-кайра тандоо. Анын сулуулугуна эмес, жан дүйнөсүнө байланып, дүйнө жүзү өзгөрсө да, жүрөгүңдөгү ордун өзгөртпөө.»
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾 | 348 |
| 8 | «Кээ бир адамдарды жүрөк тандабайт — жүрөк аларды тааныйт. Анткени чыныгы махабат жолугушкан күндөн эмес, жүрөк “сен ушул адамды көптөн бери күтүптүрсүң” деп тынчып калган күндөн башталат.»
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾 | 379 |
| 9 | «Чыныгы сүйүү — жүрөктү дүрбөлөңгө салган сезим эмес, жүрөккө тынчтык берген адам. Сен анын жанында өзүңдү далилдөөгө муктаж болбойсуң. Анткени тунук махабатта көздөр сүйлөйт, жүрөк түшүнөт, ал эми жан “ушул адам — менин адамым” деп тынчтык табат.»
— Рустам Абилов | 369 |
| 10 | Духу күчтүү "Адам-Курттун" тарыхы
Принц Рандиандын тарыхы — майыптык тууралуу тарых эмес. Бул — рухтун денени жеңиши тууралуу тарых.
1871-жылдын октябры. Британдык Гвиана. Полу да жок алачыкта кулдун үй-бүлөсүндө бир наристе жарык дүйнөгө келет. Анын башы жана тулку бою бар, болгону ошол. Колу да, буту да жок. Тубаса тетра-амелия синдрому.
Дарыгерлер да, акушеркалар да андан жүзүн бурушат. Ал кездеги түшүнүк боюнча мындай балдар бир жумага да жетпей чарчап калчу.
Бирок ал аман калды.
Анын атын Рандиан коюшту. Кийин дүйнө аны Принц Рандиан — «Адам-курт» деген ат менен тааныды.
Ал кичинекей кезинен эле ага карата боору ооругандарга муктаж экенин кабыл алган жок. Башкалар өкүм деп көргөн нерседен ал өзүнө милдет көрдү. Калган мүмкүнчүлүктөрүн — моюнун, ийиндерин, эриндерин, тилин машыктыра баштады.
Анан ал мүмкүн эместей көрүнгөн нерселерди үйрөндү.
Элестетип көрүңүз: колу-буту жок адам оозуна курч устараны кыстарып, күзгүгө карап сакалын алат. Бир да жолу кесилип кетпейт. Андан кийин кагаз менен тамекини алып, оозу менен тамекини ороп, өзү жасап алат да, аны күйгүзүп чегет.
Андан соң калемди эриндери менен кармап, кооз, түз жазуу менен жазат. Анан сүрөт тартат.
Ал кичинекей жыгач кутунун кулпусун оозу менен кармаган ачкыч аркылуу ачып-жаба алган. Жерде денесин ийри-буйру кыймылдатып, курт сыяктуу жылчу. Ошондуктан ага «Адам-курт» деген ат берилген.
Бирок мунун эч биринде кемсинүү же шылдың жок эле. Тескерисинче, анын кыймылында өзүнө жараша бир ажайып көркөмдүк бар болчу.
1889-жылы аны америкалык белгилүү шоумен, цирк дүйнөсүнүн падышасы аталган П.Т. Барнум байкап калат. Рандиан дүйнөдөгү эң белгилүү цирктин жылдызына айланат.
Адамдар колу-буту жок адамдын өздөрү да араң жасаган иштерди жасап жатканын көрүү үчүн чоң акча төлөп келишчү.
Бирок анын атак-даңкынын туу чокусу 1932-жылы болду. Режиссёр Тод Браунинг аны кийин культтук тасмага айланган «Freaks» («Түрү сууктар»/«Адаттан тыш адамдар) аттуу коркунучтуу фильмге чакырат.
Бул тасмада чыныгы физикалык өзгөчөлүктөрү бар адамдар тартылган.
Ошол тасмада Принц Рандиан өзүнө колу-буту жок кантип жашай турганы тууралуу берилген суроого оозунда тамекиси менен жылмайып жооп берип, тарыхта кала турган сөзүн айтат.
Ал эми эң таң калыштуусу алдыда болчу.
Принц Рандиан жалгыз эмес эле. Ал өзүнүн өзгөчөлүгүн эмес, күчүн, тамашакөйлүгүн жана акылын баалаган аялга жолугуп, аны менен үй-бүлө курат.
Алардын төрт баласы төрөлөт. Баары дени сак болгон.
Ал ата болду. Үй-бүлөсүн өзүнүн эмгеги менен багып келди.
Принц Рандиан 63 жыл жашап, 1934-жылдын 19-декабрында Нью-Йоркто дүйнөдөн кайткан.
Принц Рандиан бул дүйнөдөн өттү. Бирок артында биз үчүн чоң сабак калтырды.
Биз баарыбыз арызданабыз: убактым жок, акчам жок, күчүм жок, мүмкүнчүлүгүм жок деп. Өзүбүзгө миңдеген шылтоолорду ойлоп табабыз.
Ал эми анын колу да, буту да жок болчу.
Бирок анын шылтоосу жок эле.
Анын өмүрү бизге бир нерсени далилдейт: адамды денеси эмес, руху чектейт.
Эгер рух күчтүү болсо, мүмкүн эместей көрүнгөн нерселердин өзү мүмкүн. | 708 |
| 11 | 没有文字... | 611 |
| 12 | РУСТАМ АБИЛОВТОН СҮЙҮҮ ТУУРАЛУУ
Сүйүү — жүрөктүн бир адамды тандашы эмес. Аны тандагандан кийин да жүрөктү таза кармай билүү.
Кээде адамды анын сага болгон мамилеси эмес, сен анын жанында кандай адамга айланганың сүйдүрөт.
Чыныгы сүйүүдө “мен сени жоготуп алам” деген коркунучтан да “сени өзүмдөн тажатып албайын” деген этияттык болот.
Ашыктык адамды жакындатат. Сүйүү болсо, жакындагандан кийин да анын чек арасын сыйлаганды үйрөтөт.
Бирөөнү сүйүү — анын жакшы күндөрүнө кубануу. Аны чындап сүйүү — жаман күнүндө мүнөзүнөн эмес, абалынан кабар алуу.
Кээ бир адамдар жүрөккө киргенде дүйнөң өзгөрбөйт. Болгону дүйнөңдө бир адамдын орду пайда болот.
Тунук махабатта бири-бирин кармап калууга аракет аз. Бири-бирин жоготпой сактоого аракет көп.
Сүйүү — “сенсиз жашай албайм” деген сөз эмес. “Сен барда сага татыктуу адам болоюн” деген аракет.
Эң таза сүйүү — сенин жаныңда адам өзүнүн кемчиликтерин жашырууга муктаж болбогон сүйүү.
Балким, сүйүүнүн эң бийик чеги — жүрөгүңдө адамга орун берип, ошол орунду эч качан түрмөгө айлантпоо.💕 | 1 158 |
| 13 | Кээде жооп издеген сурооңдун өзү сенин жообуң болуп калат.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾 | 964 |
| 14 | Кээ бир адамдар жашооңо калуу үчүн эмес, өзүңдү табышың үчүн келет. | 1 017 |
| 15 | Адам өзгөргөндө дүйнө өзгөрбөйт. Анын дүйнөгө болгон көз карашы өзгөрөт. | 1 020 |
| 16 | Кээде адамга жаңы жашоо эмес, эски жашоосун башкача көрүү жетиштүү. | 1 035 |
| 17 | Бирөө айтты:
– Аялыңдан коркосуң ээ?
А мен болсо:
– Такыр коркпоймун. Аманат болгону үчүн аярлайм, өзүнүн өмүрүн мага багыштаганы үчүн урматтайм, мага кылган кызматы үчүн кадырлайм. Мен сүйгөндөрдү сүйгөнү үчүн, мени сүйгөнү үчүн сүйөм. | 606 |
| 18 | Тез тиер кездери бир нерсени түшүнө алчу эмесмин. “Эмне үчүн мектепте баардык мугалимдерге жагамын да, канча жакшы окуучу болууга тырышпайын 1-2 мугалимге такыр жакпаймын?”- деп. Кийин кээ бир дос-жарлардан да ушул маселе кыйнай берчү. “Эмне үчүн баары жакшы көрөт да, канча жакшы мамиле кылба кээ бири жактырбайт?”- деп. А көрсө баарына бирдей жагууга милдеттүү эмес экенсиң. Ошондой эле баары сени жакшы көрүүгө да милдеттү эмес. Ыраматылык Чубак ажы айткандай: “Сен ага кыжаалат болуп эмне кыласың, сени жакшы көргөндөр менен жүрө бер,”- дечү. Анан дагы “кызыл ашыгымдан да келбейт”- деген сөзү да кыйла жүктөн арылтат. Деңгээли төмөндөргө теңелүү – кайра өсүп чыккан жагыңа кайтуу. А бул бизге керек эмес. Ордубуз жок жерден орун сурабайбыз. Керегибиз жок жерден кетебиз. Сыйлагандарды сыйлайбыз, урматтаганды урматтайбыз. Бизди тааныгандарды биз таанып, бизди жакшы көргөндөрдү биз да жакшы көрөбүз.
Жаман көргөндөрдү болсо, ойлоп да койбойбуз. Андайларды жаман көрүүгө деле татыксыз.🙌🏼
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾 | 804 |
| 19 | Сенден эч нерсесин аябаган жалгыз адамдар- бул, ата-энең.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾 | 1 684 |
| 20 | “Эч болбосо - кеч болсун”- деп, биз жубайым экөөбүз да Ысык-Көлгө аттандык буюрса. Саякатка даярдануу, үйдөн эки рекет сапар намазын окуп алып, жолго чыгып кетүү да өзүнчө башкача сезим. Көлдүн табияты укмуш эмеспи. Көзүм тойгончо сүйүп, жүрөгүмдү эс алдырып келейин.. | 1 896 |
