fa
Feedback

فریب کلاهبرداران را نخورید! تل‌متریو این کانال‌ها را شناسایی و برچسب‌گذاری می‌کند 👉 برای مشاهده برچسب، اشتراک تهیه کنید 👈

Дил азык🌾

Дил азык🌾

رفتن به کانال در Telegram

Рустам Абилов 🇰🇬

نمایش بیشتر
3 150
مشترکین
اطلاعاتی وجود ندارد24 ساعت
اطلاعاتی وجود ندارد7 روز
-3330 روز
آرشیو پست ها
Эң оор суроолорго жоопту түн эмес, абийириң берет. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Өмүр кыска. Бирок кээ бир каталардын көлөкөсү өтө узун. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Баарына жетишүүгө аракет кылып, өзүңө жетпей калба. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Эң оор жаза — өзүңдүн ким болгонуңду билип туруп, өзүңдөн кача албоо. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Түн адамды алсыз кылбайт. Күндүз качып жүргөн чындыктарың менен жалгыз калтырат. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Бүгүн… экөөбүздүн бир үй-бүлө болгонуубузга туура бир жыл болуптур. Бир жыл… Убакыттын өткөнүнө ишенбейсиң. Кечээ эле тойдун толкундануусу, ак жоолугуң, уялып жылмайганың көз алдымда тургандай. Ал эми бүгүн, бир жылдын ичинде канчалаган күндөрдү бирге өткөрүп, кубанычты да, түйшүктү да, тынчтыкты да, санааны да чогуу бөлүшүп калдык. Сени аялым кылып мага жолуктырган Аллахка миң мертебе шүгүр. Сен мен үчүн жөн гана жар эмессиң. Сен — ыйманы менен жүрөгүмө тынчтык берген, ибасы менен көркүнө көрк кошкон, итааты менен үй-бүлөнүн баркын билген, таалим-тарбиясы менен өзүн бийик туткан, илим-билими менен суктандырган, колунан жасаган ар бир тамагына мээримин кошкон, сулуулугу көзгө, мүнөзү жүрөккө жаккан, периштедей бир жансың. Сенин сулуулугуңду сөз менен айтып бүтүү кыйын. Бирок мен үчүн сенин эң чоң сулуулугуң — жүзүңдө эмес, жүрөгүңдө. Адамдын жанында сулуу адамдын болгону жакшы. Бирок жүрөгү сулуу адамдын жанында өмүр сүрүү — чоң бакыт. Ушул бир жылдын ичинде мен бир нерсени дагы даана түшүндүм: үй-бүлө — бир үйдө жашоо эмес экен. Үй-бүлө — бири-бирин түшүнүү, кечирүү, колдоо, сыйлоо жана кандай күн болбосун «мен сенин жаныңдамын» деп тура билүү экен. Кээде мен айтпай турганымды түшүндүң. Кээде чарчаганымды сөзүмдөн эмес, көзүмдөн байкадың. Кээде бир жылуу сөзүң менен бүтүндөй күнүмдү өзгөрттүң. Сенин жаныңда мен «үй» деген сөздүн чыныгы маанисин түшүнө баштадым. Бүгүн биздин баш кошконубузга бир жыл. Бирок мен бул бир жылды бүтүндөй өмүрүмдүн эң кооз башталышы деп билем. Аллах никебизге береке берсин. Ыйманыбызды бекем кылсын. Сүйүүбүздү жыл өткөн сайын күчөтсүн. Бири-бирибизге болгон урмат-сыйыбызды арттырсын. Үйүбүздөн күлкү, жүрөгүбүздөн мээрим, дасторконубуздан береке кетирбесин. Жана эң башкысы — бул дүйнөдө да, акыретте да бирге болууну насип кылсын. Бир жыл өттү… Ал эми мен сени менен дагы миңдеген күндөрдү, миңдеген таңдарды, миңдеген кечтерди өткөргүм келет. Үйлөнгөн күнүм — жашоомдогу эң туура чечимдердин бири болгон. Жаным, үйлөнгөнүбүздүн бир жылдыгы кут болсун! 🤍 Сен бар үчүн — үйүм үй. Сен бар үчүн — жүрөгүм тынч. Сен бар үчүн — жашоомдун мааниси дагы да кооз.

photo content

Өзүм каалагандай жашаймын деп жатып, напси каалагандай жашап кеткен адамдар бар. Бир күнү таза табиятынан алыстап кеткенин түшүнөт. Кайткысы келет. Бирок кайта албайт. Кирдеген дүйнөсү менен жолун таппай калат. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

«Мен сүйүүнү сенин мага кандай караганыңдан эмес, сенин жаныңда жүрөгүмдүн кандай тынчып калганынан түшүндүм. Кээде адам издеген бакыт — бирөөнүн кучагында эмес, бирөөнүн жүрөгүндө жашайт экен.» с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

«Эгер бир адамдын жанында өзүңдү эркин сезсең, унчукпай отурганда да жүрөгүң тынч болсо — аны сакта. Анткени мындай адамдар жашоого көп кездеше бербейт.» с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

«Кээ бир сүйүүлөр көздөн башталат да, убакыт менен өчөт. Ал эми кээ бирлери жүрөктөн башталып, жылдар өткөн сайын тереңдей берет. Чыныгы махабат — убакытка баш ийбеген сезим.» с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

«Жүрөккө жаккан адам көп болушу мүмкүн. Бирок жүрөккө тынчтык берген адам — бирөө гана. Ошол адамды жолуктурганда сүйүүнүн ызы-чуу эмес, тынчтык экенин түшүнөсүң.» с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

«Кээде адамдын жанында болуу — бакыт эмес. Анын жүрөгүндө өзүңө орун бар экенин сезүү — чыныгы бакыт. Себеби аралык денелерди алыстатат, бирок чыныгы сезимдерди алыстата албайт.» с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

«Тунук махабатта ашыкча сөз болбойт. Бир караш жетиштүү, бир жылмаюу жетиштүү. Анткени чындап сүйгөн эки жүрөк бири-бирин сөздөн мурда сезет.» с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

«Сүйүү — бир адамды күн сайын кайра-кайра тандоо. Анын сулуулугуна эмес, жан дүйнөсүнө байланып, дүйнө жүзү өзгөрсө да, жүрөгүңдөгү ордун өзгөртпөө.» с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

«Кээ бир адамдарды жүрөк тандабайт — жүрөк аларды тааныйт. Анткени чыныгы махабат жолугушкан күндөн эмес, жүрөк “сен ушул адамды көптөн бери күтүптүрсүң” деп тынчып калган күндөн башталат.» с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

«Чыныгы сүйүү — жүрөктү дүрбөлөңгө салган сезим эмес, жүрөккө тынчтык берген адам. Сен анын жанында өзүңдү далилдөөгө муктаж болбойсуң. Анткени тунук махабатта көздөр сүйлөйт, жүрөк түшүнөт, ал эми жан “ушул адам — менин адамым” деп тынчтык табат.» — Рустам Абилов

Духу күчтүү "Адам-Курттун" тарыхы Принц Рандиандын тарыхы — майыптык тууралуу тарых эмес. Бул — рухтун денени жеңиши тууралуу тарых. 1871-жылдын октябры. Британдык Гвиана. Полу да жок алачыкта кулдун үй-бүлөсүндө бир наристе жарык дүйнөгө келет. Анын башы жана тулку бою бар, болгону ошол. Колу да, буту да жок. Тубаса тетра-амелия синдрому. Дарыгерлер да, акушеркалар да андан жүзүн бурушат. Ал кездеги түшүнүк боюнча мындай балдар бир жумага да жетпей чарчап калчу. Бирок ал аман калды. Анын атын Рандиан коюшту. Кийин дүйнө аны Принц Рандиан — «Адам-курт» деген ат менен тааныды. Ал кичинекей кезинен эле ага карата боору ооругандарга муктаж экенин кабыл алган жок. Башкалар өкүм деп көргөн нерседен ал өзүнө милдет көрдү. Калган мүмкүнчүлүктөрүн — моюнун, ийиндерин, эриндерин, тилин машыктыра баштады. Анан ал мүмкүн эместей көрүнгөн нерселерди үйрөндү. Элестетип көрүңүз: колу-буту жок адам оозуна курч устараны кыстарып, күзгүгө карап сакалын алат. Бир да жолу кесилип кетпейт. Андан кийин кагаз менен тамекини алып, оозу менен тамекини ороп, өзү жасап алат да, аны күйгүзүп чегет. Андан соң калемди эриндери менен кармап, кооз, түз жазуу менен жазат. Анан сүрөт тартат. Ал кичинекей жыгач кутунун кулпусун оозу менен кармаган ачкыч аркылуу ачып-жаба алган. Жерде денесин ийри-буйру кыймылдатып, курт сыяктуу жылчу. Ошондуктан ага «Адам-курт» деген ат берилген. Бирок мунун эч биринде кемсинүү же шылдың жок эле. Тескерисинче, анын кыймылында өзүнө жараша бир ажайып көркөмдүк бар болчу. 1889-жылы аны америкалык белгилүү шоумен, цирк дүйнөсүнүн падышасы аталган П.Т. Барнум байкап калат. Рандиан дүйнөдөгү эң белгилүү цирктин жылдызына айланат. Адамдар колу-буту жок адамдын өздөрү да араң жасаган иштерди жасап жатканын көрүү үчүн чоң акча төлөп келишчү. Бирок анын атак-даңкынын туу чокусу 1932-жылы болду. Режиссёр Тод Браунинг аны кийин культтук тасмага айланган «Freaks» («Түрү сууктар»/«Адаттан тыш адамдар) аттуу коркунучтуу фильмге чакырат. Бул тасмада чыныгы физикалык өзгөчөлүктөрү бар адамдар тартылган. Ошол тасмада Принц Рандиан өзүнө колу-буту жок кантип жашай турганы тууралуу берилген суроого оозунда тамекиси менен жылмайып жооп берип, тарыхта кала турган сөзүн айтат. Ал эми эң таң калыштуусу алдыда болчу. Принц Рандиан жалгыз эмес эле. Ал өзүнүн өзгөчөлүгүн эмес, күчүн, тамашакөйлүгүн жана акылын баалаган аялга жолугуп, аны менен үй-бүлө курат. Алардын төрт баласы төрөлөт. Баары дени сак болгон. Ал ата болду. Үй-бүлөсүн өзүнүн эмгеги менен багып келди. Принц Рандиан 63 жыл жашап, 1934-жылдын 19-декабрында Нью-Йоркто дүйнөдөн кайткан. Принц Рандиан бул дүйнөдөн өттү. Бирок артында биз үчүн чоң сабак калтырды. Биз баарыбыз арызданабыз: убактым жок, акчам жок, күчүм жок, мүмкүнчүлүгүм жок деп. Өзүбүзгө миңдеген шылтоолорду ойлоп табабыз. Ал эми анын колу да, буту да жок болчу. Бирок анын шылтоосу жок эле. Анын өмүрү бизге бир нерсени далилдейт: адамды денеси эмес, руху чектейт. Эгер рух күчтүү болсо, мүмкүн эместей көрүнгөн нерселердин өзү мүмкүн.

photo content