es
Feedback
Дил азык🌾

Дил азык🌾

Ir al canal en Telegram

Рустам Абилов 🇰🇬

Mostrar más
3 316
Suscriptores
-324 horas
-137 días
-5230 días
Archivo de publicaciones
– Кудайдын тоолорду жаратканы кандай гана жакшы. – Сени жаратканы да. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Кыянат кылып болбой турган инсандар бар. Сен ошолордун бирисиң. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Кабатыр болом, карааның бираз көрсөтүп, “Жакшымын” деген кабарың мага айтып тур. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Урматтуу, айымдар жана эже-сиңдилер! 🌸 «Ихсан кербени» кайрымдуулук фонду сиздерди 7-июнь күнү саат 12:00дө өтүүчү «Аялдын к
Урматтуу, айымдар жана эже-сиңдилер! 🌸 «Ихсан кербени» кайрымдуулук фонду сиздерди 7-июнь күнү саат 12:00дө өтүүчү «Аялдын коомдогу орду» аттуу мазмундуу жана таасирдүү иш-чарага чакырат! 📍 Ош улуттук драм театр Иш-чаранын алкагында: ✨ Жарманке ✨ Спикерлерден баяндар ✨ Диний суроо-жооптор ✨ Белектер ✨ Жоолук салуу аземи ✨ Жагымдуу жана жылуу атмосфера Аялзатынын коомдогу орду, баалуулугу жана тарбиядагы мааниси тууралуу пайдалуу маек, жакшы маанай жана эсте каларлык көз ирмемдер сиздерди күтөт! Билет сатып алуу менен бирге кайрымдуулукка салып кошуп, жан дүйнөңүзгө да руханий азык алып, көңүл ачып кетиңиз. 🥰 Келиңиздер , бирге пайдалуу убакыт өткөрөлү! 🌷 Билеттер боюнча менеджер 0555842695 Үпөл.

Көөдөн ооруп, көңүл тартпай турганда, Көңүл эзип, киши эсинде булганба. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Чтобы присоединиться к видеовстрече в Google Meet, нажмите на эту ссылку: https://meet.google.com/anp-yvnt-znf Или откройте M
Чтобы присоединиться к видеовстрече в Google Meet, нажмите на эту ссылку: https://meet.google.com/anp-yvnt-znf Или откройте Meet и введите этот код: anp-yvnt-znf

Уйку жоктугунан эмес, ой көптүгүнөн уктай албаган адамдар бар. Баары бүдөмүк ойлор. Ойлорун ирээттей алган адам - эң күчтүү адам болсо керек. Кээде 2-3 мүнөткө көзүм сүзүлүп, куш уйкуга кетем. Ошол 2-3 мүнөт аралыгында эле бир канча узак түштөрдү көрүүгө жетишемин. Ушул нерсеге таң каламын. Бул ойдун көптүгүнөнбү же? Айтор билбейм…

Ишеним баардык жерде бар. Атеист деле ишенбегенине ишенет.

Жараткан Зат инсандар арасында мени да сүйөт деп үмүт кыламын. Жана ал зат менден да катуураак сүйгөн адамдары болгону үчүн Роббимди кызганамын. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Үй-бүлө маселеси чоң маселе. Азыр баш кошкон жаш үй-бүлөлөрдүн жыл айланбай ажырашуунун жибин аттагандары болуп жатат. Маселе көп. Бир алакандан добуш чыкпайт дегендей, эки тараптан тең көп каталар кетип калат. Жөнөкөй бир мисалдар. - Кыз кайын журтта болуп жаткан баардык нерселерди үйүнө жеткирүү. – Кыздын апасынын: "Кызым, бир жериңди кысып жаша. Ошол үйдөн өлүгүң гана чыксын"- дегендин ордуна, "Өлүгүңдү көргүр ошондой дедиби, анан, анан эмне деди? Баш ийбе, айтканын кылба! Мындай десе мындай де, тогуз ай курсагыма баткан, үйүмө батпай каласыңбы "- дегени. - Жигиттин аманатына алган келинчегин өз жакындары менен жакындаштырып, бир-туугандай мамиледе кыла албоо саясаты. – Жигиттин өз аялынын кемчилигин жашыргандын ордуна аны апасына, эже, жеңелерине айтуусу. – Ортодо түшүнүшүп, турмушту улоонун ордуна эки жолго түшүп, бири-бирине чыдагысы келбей ажырашууну эп көргөн акылсыз эки жаш. Деги эле көйгөй көп дегилечи. Бирөөнүн турмушуна бирөө бир нерсе дей албайт. Себеби жашаган адам гана билет. Ар кимдики өзүнө туура дегендей. Бирок, бир маселе. Канткен күндө да ажырашууну алгачкы эмес, акыркы орунга койгон жакшы. Ажырашпай жашоого аракет кылыңыздар урматтууларым. Ошону эле айткым келгени.

Аялдан коркуу, ага отчёт берүү, анын айтканын кылуу..❌ Аялды сыйлоо, анын аманат экенин, назик жан экенин, аны коргой турган, колдой турган ар дайым бирөө бар экенин, анын ою да мааниге ээ экенин, анын да өз ою бар бир жан экенин билдирүү. Аял менен кеңеше калсаң эле ал байкуш өзүн Дама козр сезип кетпейт. Ал болгону ага көңүл бурулуп жатканын, анын сезими, ою да бир мааниге ээ экенин сезет. Акыр аягында барибир эле күйөөсүнүн айтканын туура көрүп, ошол чечимге ынанып, колдоп кирет. Коомдо кээ бир эркектер аялдын "мени да адам ордунда көрүп койчу, сезимим менен эсептешип койчу" деп айткысы келген сөздөрүн башкача таризде жеткирсе, түпкүрүн түшүнбөй эле көп ызы чуу чыгарат берет. А чынында аялдын сага эс үйрөтөйүн, акыл айтайын деген оюн жок. Анын колунан келген бар иши; эркелөө, жылуу сөз, жылуулук, көңүл буруу күтүү. Болгону ошол сөздөрдү ар кандай темпте, ар кандай эмоция менен, ар түрдүү сөз менен жеткирип алат.

Чаткал районунан бирөө жарым барбы?

Жашооңузда эмне көйгөй бар? Же эмне жаңылык бар? Комментарийде бираз пикир алышсак кандай дейсиздер?

Сүйүү – бул, камкордук. Сүйгөн адам аяйт, аярлайт, бооруна кысат, мээримине бөлөйт. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Түндөсү кыбырап, тырык-тырык деген үн чыгарып, ашкананын чырагын жагып алып түн уйкуңду качырган, көзүңдү ушалап чыксаң курсагы ачып, бир нерселерди термелеп жеп жүргөн, кош кабат аялдан да таттуурак жан барбы бул ааламда. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Инсандардын Жараткандын алдындагы даражасы канчалык экенин көрө албаганыбыз өкүндүрөт. Эгер көрө алганыбызда - биз такыр башка адамдар менен мамиле кылууга тырышмакпыз. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Кээде инсандын бир дубасы кабыл болот. Анан ал купуя кылып жүргөн дубам кабыл болду деп ойлойт. А бирок ошол эле дубаны бир канча адам жасап жүргөнүн билбейт. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

– Ухх, күн аябай ысып кетти. – Эмне Жаратканга нааразычылык барбы?

5 жылдан бери Рустам Абиловдун инисимин деп коомго жайып, же ошого татыктуу жүрө албадың. Мен эч качан артымдан иш калтырган эмесмин. Айтылган убаданы убагында аткарганмын. Канчасына жаман атты кылып жатасың азыр мени кошуп. Өз артыңдя өзүң тазалай албасаң, такыр булгабай жөн жаша иним! Бул ирет көп жолу кайталанды. Дагы бир ирет менин атымды, аялымдын, үй-бүлөмдүн атын колдонуп иш кылсаң, такыр башкача сүйлөшөм сени менен, такыр башкача!!!

Бул маселе боюнча ооз ачпасам болбой калды. Анткени мага ушуну менен крупныйлардан төртүнчү адам кайрылып жатат. Мухаммад Аби
+3
Бул маселе боюнча ооз ачпасам болбой калды. Анткени мага ушуну менен крупныйлардан төртүнчү адам кайрылып жатат. Мухаммад Абилов деген жигит менен эч кандай туугандыгым жок, болгон да эмес. Болгону 2021-жылы эки жумадай бир медреседе жүрүп калганмын. Кийин чыгып кеткенмин. Кийин бул жигит да медреседен чыгып, көбүнчө мени тааныган, мен жүргөн китеп чөйрөлөргө аралашып баштады. Көп жерде Рустам Абиловдун бир тууган инисимин же тууганымын деп айтып жүрөт экен. Бүгүн ачуумду келтиргени бул жолу келинчегимди, үй-бүлөмдү да аралаштырып айтып, ишендирип акча алыптыр бирөөдөн. Чалсам албайт. Байланышка чыкпайт. Жана телеграмм каналына кирсем да көп менин сөздөрүмдү өзүнүкү кылып жазып алыптыр. Мен билемин, сен бул жакты окуйсуң Мухаммад. Сенин кылып жаткан иштериң эркекчиликке жатпайт. Жанымда болсоң үй-бүлөм, келинчегим тууралуу билип-билбей маалымат айтканың үчүн бир шапалак жемексиң. Эркек болсоң карыз ээлерине байланышка чыгып, чоо-жайын түшүндүрүп кой менин да абийримди булгабай.