cookie

Sizning foydalanuvchi tajribangizni yaxshilash uchun cookie-lardan foydalanamiz. Barchasini qabul qiling», bosing, cookie-lardan foydalanilishiga rozilik bildirishingiz talab qilinadi.

avatar

Бейишке карай жол

Ассалому аллейкум Журокту Аллах учун таза сактаныз! Журок Аллахты суйуу учун жаралган💚 Аллах журоктордун ээси!💛 Куран угуп журогунузду эс алдырыныз!!! Куран угуп соопко ээ болунуз!Журок куранга ашык Журок куранга муктаж! 🕋 Суроолор болсо:@askbkva

Ko'proq ko'rsatish
Reklama postlari
8 367
Obunachilar
+4424 soatlar
+227 kunlar
+30430 kunlar

Ma'lumot yuklanmoqda...

Obunachilar o'sish tezligi

Ma'lumot yuklanmoqda...

🕊🌸👇Өзүңүздүн туулган айыңызды басыңыз, жана анда эмне бар экенин билиңиз😍💭
Hammasini ko'rsatish...
👍 3 1
❤️ Апрель ❤
🧡 Июнь 🧡
💛 Июль 💛
💚 Январь 💚
🩵 Февраль 🩵
💙 Май 💙
💜 Ноябрь 💜
🖤 Март 🖤
🩶 Сентябрь 🩶
🤍 Октябрь 🤍
🤎 Августъ 🤎
🩷 Декабрь 🩷
👍 8👏 2
Photo unavailableShow in Telegram
Энелер күнү куттуу болсун.❤️
Hammasini ko'rsatish...
15👍 2👏 1
#Улукбек Омокеев #СЕН ӨЗҮҢ КАЛА БЕРЧИ ДҮЙНӨМ БОЛУП. Апеке, чыдамыңа теңдеш бирин. Таппадым мерчем менен өлчөп бүгүн. Эч кимдин тилин укпас кежир курак, Эсиме түшүп турат тентектигим. Көрбөдүм жай олтурган бош күнүңдү, Күймөнүп, карап ачка-токтугумду. Башкалар сабыр кылып чыдай алгыс, Көтөрүп жүрүптүрсүң шоктугумду. Кыйналсам сен да гүлдөй соолуп калып, А күлсөм жүрдүң кайра толукталып. Айланттым көпөлөктөй маңдайымда, Августтун шамалына ооруп калып. Бал таттым, көптүр дагы тата элегим, Жол бастым, арбыныраак баса элегим. Өмүрүм өткүчөктү өзгөрүлбөс, Төрөлдүм, эң биринчи “апа” дедим. “Апа” дейм, жүз түндөрү, миң таңдары, Кайгырсам, жапа чегип турсам дагы. Ал тургай сүйүнсөм да “апа” дегем, “Апа” деп ыйлагамын урсаң дагы. Таппадым мээримиңди жеңе алчуну, Тең келбес бүткүл жердин кен-алтыны. Таш көчө, ылай тамда чоңойсом да, Тааныдым бул дүйнөнү сен аркылуу. Ааламга, көккө башым тийген болуп, Көз салсам, көп нерсени билген болуп, Тар экен сенден бир топ ошол дүйнө Сен өзүң кала берчи дүйнөм болуп. Дүйнөдөн апа бир топ кең экенсиң Сен өзүң кала берчи дүйнөм болуп
Hammasini ko'rsatish...
👍 9 4👏 2😍 1
00:59
Video unavailableShow in Telegram
Энелерибизди куттуктап,жөнөткөндү унутпайлы!😊
Hammasini ko'rsatish...
10👍 5🥰 2
Repost from ТИЛМЕЧ
Photo unavailableShow in Telegram
Ислам дини аялзатынын сулуулануусуна каршы эмес, күйөөсүнөн башкаларга сулуулануусуна каршы. Күйөөсүнө гана сулуулануу жана ага гана жагынууга аракет кылуу – ыймандуу аялдын сыпаттарынан. Мына ошол себептен Аллах Таала мусулман аялзатына хижаб кийүүнү парз кылган. Хижаб – аялзатынын сулуулугун жапкан жөн гана кийим эмес, хижаб – бул аялзатынын Аллахка болгон сүйүүсүнүн далили, пайгамбарды ээрчигенинин белгиси, адамдардын жана күйөөсүнүн алдындагы абийири жана аруулугу. ➤➤ https://t.me/tilmech
Hammasini ko'rsatish...
👍 10 3🥰 1👏 1💯 1
🕌 БАКТЫЛУУЛУК ИСЛАМДА. ⠀ Адамзат кызык макулук. Кээде таң калам. Жаралгандан жакшы жашасам, бактылуу болсом   - деп жакшы жашоого умтулуп, артынан чуркап, изденип өтөт. Айланага карасаң жашоосуна ыраазы болбой, кейип- кепчип эле шүгүрсүз, жан дүйнө тынчтыгына суусаган, ооруган эле адамдар. Жалаң жакшылыкка жетелеген динибиздин эшиктерин ачып Жаратканым: " Пендем Мен сени жараттым го, сен мага толук моюн сунуп, туура жолума түшүп, Мен каалагандай жашасаң, сен каалаган бактылуу жашоону тартуулаймын, Менин сыйлуу коногум бол ", - деп чакырып жатса да,  кайдыгер жүргөн   мусулман туугандарыбызга карап жүрөгүм ооруйт. Эмне дейбиз хидаят берүүчү Аллах," исламдан түшүнүк бер ", - деп дуба кылабыз. ⠀ Ислам бул адамды эмне кылат десе? Башынан адаштырбай туура жолду көрсөтүп, мына сенин бардык  көйгөйлөрүңө чечим бар, башка  көйгөйлөрдүн келгенин жеңилдетип, жеңип, келе элегин алдын ала чечип,  сактап, бере ала турган,  сенин табиятыңа дал келген чечимдердин так - тастыкталган жолун көрсөткөн, жашообуздун түбөлүк өчпөс чырагы болгон, адамзаттын асылы, устазы болгон Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи васаллам) дын жашоо обаразынан үлгү алуубуз үчүн, Өзүнүн куттуу сөздөрү менен көөдөнүн нурлантып, ал аркылуу бизге Ыйык, Куран китебин карматып берди. Ислам мааниси тынчтык деп  аты айтылып тургандай бактылуулуктун туу чокусуна жеткире турган тынчтык ааламы. Сиз бул ааламга кадам коюсоңуз, барга шүгүр, азга каниет, жокко сабыр кылганды үйрөнүп, жашооңузду динбиз көрсөткөндөй нукта жашасаңыз, эч жактан таппаган жан дүйнө тынчтыгын табасыз. Анткени,  жүрөктөрдүн Ээси болгон Жаратканым, Өз нуру, Өз илими менен көөдөнүбүздү дарылап, жашоого болгон максатка терең түшүнүк, тунук акыл берип,  жакшы жашоого  жол ачып берет. Качаан гана биз Жаратканга толук моюн сунуп, Анын мыйзамы менен кемтиксиз амалдарыбызды,  өз убагында аткарган болсок гана исламдын ырахатын, сезип жашайбыз... ⠀ Жаратканым каалаган, сүйгөн кулдарынын катарында болууну, исламга кызматчы, динибизге дааватчы, жакшылык үрөнүн сээп, жеткирген, бир күн болсо да эч кимге зыяны тийбеген, адам болуп жашап, жарык жүз менен Өзүнө жолугууну насип кылсын! ⠀ 👤Автор:Насиба Абдуллаева. ⠀
Hammasini ko'rsatish...
👍 11 2👏 2🤝 2
00:21
Video unavailableShow in Telegram
👍 2 1
Repost from Kyrgyzurpagy
01:24
Video unavailableShow in Telegram
😢 6👍 4 1
🔴 ГОРОСКОПКО ИШЕНҮҮНҮН КҮНӨӨСҮН БИЛЕСИЗБИ?   Астрология, гороскоп, ырыс-жырымдар жана төлгө ачуу – Исламга чейинки караңгы доорго таандык иштерден. Ислам дини келиши менен бул иштердин баарын тыйып, чоң күнөөлөрдүн катарына кошкон жана булардын баарысы ширк болуп эсептелет. Ал эми бизге белгилүү болгондой, ширк кылуу – Исламдагы эң чоң күнөө. Эми ушул күнөөлөрдүн арасынан адамдардын көпчүлүгү элес албаган бирөөсү бар, ал – жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуу жана андагы айтылгандарга ишенүү. Себеби азыркы күндө кайсы газета-журналды ачпайлы, ал жерде аптага, айга жана жылга карата жылдыз төлгө жазылган болот же радиодон таң эрте бүгүнкү күнгө карата жылдыз төлгөңүздү угуп алыңыз деп айткан учурлар да көп кездешет. Ошондой эле кээ бир адамдар баш кошордон алдын, өзүнүн зодиак жылдызына ылайык келген зодиак жылдызындагы адамдарды издешет. Бирок мунун канчалык күнөө экенин көпчүлүк билбейт.  Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринде айтат: «Кимде-ким көзү ачыкка барып анын айтканына ишенсе, анда кырк күнгө чейин намазы кабыл кылынбайт». | Муснад Ахмад «Кимде-ким көзү ачыкка же төлгөчүгө барып, анын айткандарына ишенсе, анда ал Мухаммадга түшкөн нерсеге каапырлык кылды». | Сахих ат-Таргыиб  ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ Мына ушул хадистердин негизинде аалымдар айтышкан: «Зодиак белгилеринин арасынан өзүнүн зодиак белгисине карата жазылган жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуган адам көзү ачыкка барып бир нерсе сураган сыяктуу. Мына ушул себептүү анын кырк күндүк намазы жана дубасы кабыл кылынбайт. А эгер ал гороскопто жазылган нерселерге ишене турган болсо, анда ал Мухаммад пайгамбарга ﷺ түшкөн нерсеге каапырлык кылды». | Шарх Китаб ат-Таухид, 349 Гороскопто айтылганга ишенбестен, жөн гана окуп койгон адамдын күнөөсү эле ушунчалык болсо, анда андагы айтылгандарга ишенген адамдардын күнөөсүн элестетип көрүңүз. Ошон үчүн гороскоп окубаңыз, көрүп калсаңыз жок кылыңыз, окуп жаткандар болсо тыйыңыз, окугуңуз келип жатса да окубаңыз, себеби андай кылуу күнөө. Андай кылган адамдын анын кырк күндүк намазы, дубасы кабыл кылынбайт. Ошондой эле пайгамбарыбызга ﷺ түшкөн Куранга каапырлык кылганга барабар.  ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
Hammasini ko'rsatish...
👍 6 2👏 2