cookie

Sizning foydalanuvchi tajribangizni yaxshilash uchun cookie-lardan foydalanamiz. Barchasini qabul qiling», bosing, cookie-lardan foydalanilishiga rozilik bildirishingiz talab qilinadi.

avatar

Китеп дүйнөсүнө саякат

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Ko'proq ko'rsatish
Reklama postlari
4 226
Obunachilar
+124 soatlar
+197 kunlar
+11930 kunlar

Ma'lumot yuklanmoqda...

Obunachilar o'sish tezligi

Ma'lumot yuklanmoqda...

Photo unavailableShow in Telegram
Кайрадан Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын” окуп баштадым. Мурда аягына чыкпай калдым эле. Мусулманкулга боорум ооруп да, ырас болот деп да отурам. Ичимдеги эки Нурзат урушуп, бир сөзгө келе албай жатышат😅 Күндө 4-5 беттен окуп жатам. 1 айда бүтүп калсам керек:)
Hammasini ko'rsatish...
👍 8 3
Repost from N/a
Азыр адамдарды сулуулук, кооз сүйлөө, жарашыктуу кийим, келишимдүү фигура менен таң калтыра албайсың. Себеби мындай нерселер баарында бар. Азыр трендде адамдын ою, көз-карашы, ой-жүгүртүүсү. Себеби ой-жүгүртүү, көз-караш тажрыйбанын, изденүүнүн, кыйынчылыктын, сабырдын негизинде пайда болот. Аны сатып да ала албайсың, дароо жасап коюуга да мүмкүн эмес. Бул үчүн убакыт, сабыр, шүгүр керектелет. Сенин баркың, сый көрүшүң дагы ой-жүгүртүүгүңө жараша бааланат…
Hammasini ko'rsatish...
👍 23👏 2
Photo unavailableShow in Telegram
Кечээ кечинде мага ушундай сонун билдирүү келиптир. Эмнегедир окуп алып ыраазы болуп кеттим. “Эмнеге?” десеңер, анткени убагында бул телеграмдын өнүгүшү үчүн, пайдалуу болуусу үчүн аябай аракет кылгам. 4 жыл өтпөй өз түшүмүн берип, бир канча катталуучу топтоп, күндө жазбасам да мени менен болуп келген өзгөчө, сүйүктүү катталуучуларым бар. Сүйүктүү катталуучуларым, силер дагы акыңарды адал кылгыла! Каналды окууга убакыт кетирип, бирок издегениңерди таба албасаңар, кеткен убактыңар үчүн кечирим сурайм. Бул каналды ачканымда 2-курс болчумун. Карантин убагы болду. Андан кийин мектепте иштедим. Жашоомдун ар бир баскычындагы чыгып ойлорум бар. Байкадыңарбы? Улам жашым чоңойгон сайын мурдагыга окшош тексттер жазылбай жатканын?
Hammasini ko'rsatish...
🔥 22 11👍 5❤‍🔥 5👏 2
00:15
Video unavailableShow in Telegram
Heidelberg🫶🏻
Hammasini ko'rsatish...
IMG_9765.MOV4.58 MB
11🔥 2😍 1
Бул сүрөттөрдү китепти окуп жатып жасагам. (Ушул китептен алынган) Анткени автордун сөздөрү башыма таш тийгендей эле “кыңк” эттирген. Жакшы эс алгыла. Мен дагы уктадым. Китеп окуп бүтүп жазбай калсам түшүмдө “Китеп дүйнөсүнө саякат” уктатпайт. Оор жүктөй сезилет😂 Ошого 10 барактуу китеп бүтүрсөм да жазып турушум керек. Уйкум тынч болот.
Hammasini ko'rsatish...
👍 11 3😁 3
3_Иниме кат.pdf3.04 MB
7
Советбек Байгазиевдин “Иниме катын” кечээ окуп бүтүргөм. Аз эле барак болгону менен 1 жумадан ашык убакыт кетти. Мектеп убагында бул китепти окуган менен эч нерсе түшүнбөптүрмүн деле. А азыр агам кеңешин берип жаткандай өзгөчө берилүү, тартылуу менен окудум. Албетте, 10дон 10 деп баалай албайм, бирок өзгөчө таасир берди деп айта алам. Айрыкча акыркы главаларында биздин классикага айланган чыгармаларыбызды автордун талдоосу менен окуганда көп жеринде кошулдум. Билесиңер, кесибим мугалим. Көп чыгармаларды (кыргызча) университет кезинде окуп бүтүргөм. Окууну бүтүргөн соң окуганда башкача түшүнүк алат экенсиң. Классикага айланган чыгармалар кайсы убакытта болбосун өз актуалдуулугун жоготпойт, канча кылым өтсө да кайра окусаң, ошол кылымды сүрөттөп тургандай сезилет. А бул китеп өзгөчө жанрда (публицистика) жазылганы менен ичинде автор көтөрүп чыккан маселелердин айрымдары эскирген. Эмнегедир ар бир сүйлөмүндө орустарды мактап, аларга жагынуу максаты бардай сезилди. Окуп жатканда эле дароо талдап силерге айтып берүүнү каалагам, бирок чыгарманы сындай турган даражада эмес экенимди түшүндүм. Китепте автор айтып кеткендей ар ким өзүнүн деңгээлине, ой чабытына, коомду түшүнүүсүнө карата кабылдайт. Бирөө үчүн эң сонун чыгарма, бирөө үчүн эч нерсеге татыбайт. Ошондуктан өзүңөр окуп чыксаңар болот🫰🏻
Hammasini ko'rsatish...
🔥 8👍 2👏 2 1
❤‍🔥 5👍 4🔥 1
Бир үй көрдүм Жумгалдан, Бир топ үйдүн алды экен. Карап эле тургудай, Кандай уста салды экен. Килемге бай, а бирок Китеп жактан жарды экен. Жалпалактап үй ээси, Жай сурашып олтурду. Кагып-силкип балдарын, Каалашпайт деп окууну. Китептери жок болсо, Килемдерин окуйбу… ~ Б.Сарногоев 📘 “Иниме кат” чыгармасынан.
Hammasini ko'rsatish...
👍 33 9😍 2🕊 1💯 1
sticker.webp0.20 KB
3