Сүйкүм элестер
Відкрити в Telegram
Жүрөгүмдө жашай берет, Жашай берет сүйкүм элес...💚🕊️ Жан дүйнөм🤍 https://t.me/juroksuiloit
Показати більше957
Підписники
+124 години
-37 днів
-2030 днів
Архів дописів
- Кыжалат болбоңуз, апа. Кызыңыз чоңоюп калган, ага эч нерсе болбойт...🥹❤️🔥
{Чоңоюу - бул күчтүү болуу беле? Кээде, турмуш өзүңдү өзгөлөр үчүн күчтүү тутууга мажбурлайт}
Чет жерде жүргөндө Кыргызстан деген сөздүн өзү эле жүрөктү опкоолжутуп жиберет.🇰🇬❤️
"Batkenim" болсо бапбашка...🥹
Сөз, жазуу, үн болсун; "Баткен" дегенде эле жүрөк элжиреп, көкүрөккө батпай сого турган жашта улгайып жатам. İyi ki varsın, Canım Memleketim...😍❤️🔥
"Кыргызстандык" анын ичинен "Баткендик" болгонум үчүн өмүр бою сыймыктанып, Жаратканга шүгүрүмдү төгүп өтөм. Алхамдулиллах. 🫀
@elestett💌
Бул кыздын талантына таң калып бүтпөй жатам...
МаШаАллах
Мекенимдин өнүгүп жатканына күбө болуп сыймыктанып, жүрөгүм ичиме батпай оргуштап жаткан бул сезимди азыр ар бир кыргыз сезип олтурса керек. Кандай бактылуулук э🥹❤️🔥
Өлкөлөр ушундай ынтымакта өнүгүп, тынчтыкта эле жашай беришсе экен. Урушсуз, чырсыз. Сыймыктануу менен баары Бактылуу. 🤍
Көчмөндөр
Эгемен Кыргызстаным🇰🇬❤️
Эгемендүүлүгүң түбөлүктүү болсун жаным Мекеним...🫀🤲
Сен менин жүрөгүмдүн эң кооз, эң бийик жериндесин. Дубаларымдын тереңинде, сыймыгымдын башатындасын. Жаратканым сыйлаган белегимсин. Кыргызстаным.💚
@elesterr💌
+2
Мекенимден дагы бир узатылуу...
Кайырлуу кадамдарыбыз менен ИнШаАллах 🤲🫀
Ниет кылдым...
+1
Үйдөгүлөргө да укпай калган айтыштарымды, подкасттарымды угузуп каникулду да бүтүрдүм.🥹🫶
"Аа, үй деген ушундай жакшы нерсе да...."- дейт, жашы токсонго таяп калган чоң энем. "Өз үйүм, өлөөр төшөгүм"- деп, бир жака чыкса да бат эле келе калчу адаты бар. Макалдары сүйлөгөн тили менен, жаш бала кыял-жорук, мүнөзү менен эч жерге батпаган, өз баласы болсо да жаман төшөгүндөгү комфортту издеп, убагында күн көрсөтпөгөн кичине келиндин көзүн карап, жанынан чыккысы келбей калган учурга келген. Ушул 90 жылдык өмүрдү карап айтам да: эмне кереги бар беш күндүк жалган дүйнөдө адамдар менен алектенип жашап. Атаандашкандын ордуна сыйлашып жашасак, жаман көргөндүн ордуна жакшы күмөн кылсак, бирөөнүн жаман көрсөтө калып өзүбүздү аппак көрсөткөнчө сыйлашып, урматташып, жакшы көрүшүп жашасак не болот дейм да. Өзүбүз баарын кыйындаштырабыз. Биз кайсы жолду тандаса да бул жашоо барибир өтүп кетет. Колубузга таяк карматып, көзүбүзгө топурак чачып, үмүтүбүздү жер менен жаап коёт..."
Жан дүйнөмө жага турган жалгыз дүйнөлүгүм - АдабиЯт✨
Өзгө дүйнөдөлөрдөн өзүмдү издеп таппай тургандай өзөгүм сенден узактарда. Бирок, учуру келип кайрадан барактарыңда адашып, саптарыңдан өзүмдү таап, көркөм дүйнөңдө кооз эс алуунун болоорун эңсейм. Өзүң калтырчу сүйкүм элестерди сагынам...🧚💫
@elesterr💌
+3
لَيْسَ كُلُّ امْتِحَانٍ يُرَى، فَأَحْيَانًا يُخْتَبَرُ قَلْبُكَ فَقَطْ
"Бардык сыноолор көз көрүнө болбойт.
Кээде, бир гана жүрөгүң менен сыналасың.."
Жүрөк менен 🖤
@elesterr💌
Китепканамдын жаңы коногу...😍💚
Китептер ай, мынча бактылуу кылат инсанды. 🥰
Кыргызча китеп окуганды аябай сагынган элем, рухум жыргап жатат эми...Шүгүр🥹🫀
+1
"Имамдын модель кызы"- дегенде эле, жолдон чыккан бир кыз тууралуу китеп экен да деп, кошкөңүл карап, окуюн деген ышкым анчалык ачылган эмес. Ошентсе да чөйрөнүн басымынан улам окуп коюну ниет кылып сатып алдым эле.
Алгач аудиосун угуп баштадым, окуганы убакыт жок деп. Ага каныкпай китепти бир аз барактап атып кирип кеткенимди байкабай калыптырмын. Негизи башка китеп окуп жаткам да..🌝
Китептин башында бир жүрөк сыгылып, кыжырдануулар болду өтө эле берилип кеткен окшойм. Анан эле китептин өнүгүшүндө аябай башка бир дүйнөгө күбө болуп, чыгарманын кубатына баа бердим. Аягы жакшылык менен бүткөн китептерди аябай жакшы көрөм. Анан, тынч уктайм.🥰
Сунуштайм. Бул китеп катардагы биз окуган алгач жолдон чыгып, жашоодон сабак алып, кайра динине келген чыгармалардан таптакыр башкача таасир калтырды, окуп жатканда өзгөчө сезимдерди жашатты.
+1
... Бирок, ага карабастан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз аз. Айша энебизди көбүрөөк жакшы көргөн. Анткени, бул сүйүүнүн түпкүрүндө динибиздин кийинки урпактарга жетишинде асыл энебиздин орду чоң болчу.
#китептен💚
Бизге үлгү боло турган энелерибиздин бири Айша р.а. Пайгамбарыбыздан кийин 48 жыл жашап, 8-9 жыл ичинде Пайгамбарыбыздан үйрөнгөн илимин башкаларга жеткирүүгө жан үрөгөн, Даанышман эне. Илим талапкери болгон мусулман аялдардын компасы, десек болот. Эки мукаба арасындагы жүрөк суктандырган дүйнө.😍❤️🔥
@elesterr💌
