Сүйкүм элестер
Открыть в Telegram
Жүрөгүмдө жашай берет, Жашай берет сүйкүм элес...💚🕊️ Жан дүйнөм🤍 https://t.me/juroksuiloit
Больше985
Подписчики
+224 часа
+17 дней
-1630 день
Архив постов
•Кофе ачуулугу менен жашоону кандай гана таттуу кылат...❤️🔥
"Инсан сүйгөн нерсеси менен сыналат"- дейт го.
-аябай катуу сыналып жүрөм. Бирок баары жакшылыкка, дейт жүрөгүм.🥹🫀
Эгер дубалар жүрөктөрдө жолукса, аралыктар жолугушууга айланат...
Nolur Rabbim "Ol" de..🥹🤲
Gücüm yetmiyor. Sana bırakıyorum herşeyi❤️🔥
•Раббим баарын сага тапшырдым. Алсыз кулуң дүйнөнүн ар бир чагылуусунан чарчады. Өзүңдөн таянуу аркылуу гана бутунда турат.🫀
"Дагы бир жума..."
"Кийинки ушул күнү..."
"Буюрса, ИнШаАллах..."
"Инсандын эң чоң мотивациясы келээрки күндөрдө жашырылган"- десе, аша чапкандык болобу..‽
Кызык¿
Бирок айта турган нерсем башка эле..;
Инсан жан дүйнө тынчтыгын сезүүсү үчүн да жоопкерчилик жүгүнүн жеңил болуусу керек экен. Ушундай учурлар болот; эч нерсе сени тынчтандыра албайт. Баары жүк сезилет каапыр нафсиңе. Мына, ошондо келечек сага кооз көрүнөт баштайт. Экен. Ошол. Ошону айтайын деп. 🌝🫰
Буюрса, ушул жерде чындап эс алып, хузур менен терең ойлонуп, жашоону чындап сезүүгө, көркөмдүү сөздөрдүн төгүлүүсүнө бир жума калды:) (деген мотивациям🙈) Экзамендеримди жаккшы тапшырып алайым. Мен үчүн дуба кылып коюңуз, окурманым, мусулман бир тууганым. Бири-бирибиз үчүн дубадан бололу.🥰🫀
+1
Ишибиз убактыбыздан көп...
Биз жетишпей жатабызбы же убакыт мурункудан бат өтүп жатабы айтор,
Катуу белем турмуштун сабактары,
Каникулга эч кимди таратпады.
Алп турмуштун окуу жайын бүткөнчөктү,
Азаюуда өмүрдүн барактары.
Үмүт коштойт, өмүргө алымсынбай,
Үстүбүздү жылытпас жамынчыдай.
Кетчү күндөр кылчайбай кетип жатат,
Кеселиңди түшүнгөн тамырчыдай.
⏳🪽
+1
Катуу белем турмуштун сабактары,
Каникулга эч кимди таратпады.
Алп турмуштун окуу жайын бүткөнчөктү,
Азаюуда өмүрдүн барактары.
Үмүт коштойт, өмүргө алымсынбай,
Үстүбүздү жылытпас жамынчыдай.
Кетчү күндөр кылчайбай кетип жатат,
Кеселиңди түшүнгөн тамырчыдай.Канчалык кыйын болсо болсун, эң негизгиси Аллахым ыраазы болгон жолдо жүрүү максатыбыз. 🥹❤️🔥
•Адаттагыдай убактыбыздын тардыгын, сабактардын оордугун, үлгүрөлү десек деле убакыттын жетпей жаткандыгын айтып арызданып калганда;
"Силер колуңардан келгенин жасай бергиле. Кийин эң көп ушул азыркы өткөрүп жаткан убактыңар үчүн өкүнбөйсүңөр..."- деп насаатын айтты эле атабыздай болуп калган бир агайыбыз.
Жаштыгым сенин жолуңда курман болсун. Дубаларымды кабыл кылып, мүмкүнчүлүктөрдү жыйнап келтирип койсоң да напсиме оор келген кээ бир кыйынчылыктарды эң жакшы байкаган алсыз кулуңду Өзүң туура жолго сал. Илим жолун бизге жеңил, бизди Илим жолуна татыктуу кыл.🤲🫀
@elesterr💌
+8
Убакыт ушунчалык бат өтүп жатат..
Бир карайсың;
Төрт көздөп күткөн эртеңиң кечээ болгон болот.
@juroksuiloit
+1
2023-2024-жылдыра Истанбулга айланганы эки ирээт келген элем. Анда Истанбулда жашоону ойлонгон да эмесмин. Бир түрк агайымдан таасирленип "Истанбул айлана турган шаар, башка тыынч шаарда окуп бул жака айланганы келип турам" деген принцибим бар эле. Эми түрк өзү айтып жаткандан кийин, ошентем да эч¿🙈
Ошондо чогуу айланган магистрант түрк эжелерибизден бири "Истанбулда жашоону эптеп кеткен бирөө, дүйнөнүн каалаган жеринде жашап кете алат"- деген, жашоо кыйын деген мааниде.
Ооба, алгач келгенде бир аз кыйынчылыктар болду; документ, карта иштери, туристсиң дегендей. А азыр болсо Истанбулдан башка шаарда жашоону элестете албайм. Аар тараптуу кымбат жана бай шаарым. Аталарыбыздын эң баалуу мурасы. Истанбул❤️ түгөнбөгөн шүгүрүмдүн, кооз насибимдин себепчиси. İyi ki sen🥰
@elesterr💌
2023-2024-жылдыра Истанбулга айланганы эки ирээт келген элем. Анда Истанбулда жашоону ойлонгон да эмесмин. Бир түрк агайымдан таасирленип "Истанбул айлана турган шаар" деген принцибим бар эле. Эми түрк өзү айтып жаткандан кийин, ошентем да🙈
Ошондо чогуу айланган магистрант түрк эжелерибизден бири "Истанбулда жашоону эптеп кеткен бирөө, дүйнөнүн каалаган жеринде жашап кете алат"- деген эле. Жашоо кыйын деген мааниде.
Ооба, алгач келгенде бир аз кыйынчылыктар болду; документ, карта иштери, туристсиң дегендей. А азыр болсо Истанбулдан башка шаарда жашоону элестете албайм. Аар тараптуу кымбат жана бай шаарым. Аталарыбыздын эң баалуу мурасы. Истанбул❤️ түгөнбөгөн шүгүрүмдүн, кооз насибимдин себепчиси🥰
@elesterr💌
Дүйнөдөгү эң бактылуу учурду сурашса;
Ооз ачаар убактысын күтүп, дуба кылып олтурган орозонун абалын сүрөттөмөкмүн...🤍
@elesterr💌
•Сен башыма келгенге чейин мен жашоону кыйын деп ойлоп жүргөм...
Көрсө, жашоонун кыйынчылыгын татып да көрбөптүрмүн.
•Сен жашоомдо жок кезеңдерде жашап жатам деп жөн эле өзүмдү жоонтуп жүрүптүрмүн.
Көрсө, жашоо ар алган демиңдин салмагын сезе баштаганда башталат экен...
Сен үйрөттүң жашоону мага,
Мен өзүмдү өзүңдөн тапсам экен...🪽
@elesterr💌
Эки көзүмдүн кубанычы🤍
- Окубаган китебиң, жаттабаган сүрөөң, барбаган өлкөң, кабыл болбогон дубаң калбасын...
- Жана Аллах сага өзүң каалаган эң кайырдуу жакшылыктарын берсин.
@elesterr💌
