Сүйкүм элестер
Ir al canal en Telegram
Жүрөгүмдө жашай берет, Жашай берет сүйкүм элес...💚🕊️ Жан дүйнөм🤍 https://t.me/juroksuiloit
Mostrar más975
Suscriptores
-224 horas
-17 días
-1130 días
Archivo de publicaciones
Жан дүйнөмө жага турган жалгыз дүйнөлүгүм - АдабиЯт✨
Өзгө дүйнөдөлөрдөн өзүмдү издеп таппай тургандай өзөгүм сенден узактарда. Бирок, учуру келип кайрадан барактарыңда адашып, саптарыңдан өзүмдү таап, көркөм дүйнөңдө кооз эс алуунун болоорун эңсейм. Өзүң калтырчу сүйкүм элестерди сагынам...🧚💫
@elesterr💌
+3
لَيْسَ كُلُّ امْتِحَانٍ يُرَى، فَأَحْيَانًا يُخْتَبَرُ قَلْبُكَ فَقَطْ
"Бардык сыноолор көз көрүнө болбойт.
Кээде, бир гана жүрөгүң менен сыналасың.."
Жүрөк менен 🖤
@elesterr💌
Китепканамдын жаңы коногу...😍💚
Китептер ай, мынча бактылуу кылат инсанды. 🥰
Кыргызча китеп окуганды аябай сагынган элем, рухум жыргап жатат эми...Шүгүр🥹🫀
+1
"Имамдын модель кызы"- дегенде эле, жолдон чыккан бир кыз тууралуу китеп экен да деп, кошкөңүл карап, окуюн деген ышкым анчалык ачылган эмес. Ошентсе да чөйрөнүн басымынан улам окуп коюну ниет кылып сатып алдым эле.
Алгач аудиосун угуп баштадым, окуганы убакыт жок деп. Ага каныкпай китепти бир аз барактап атып кирип кеткенимди байкабай калыптырмын. Негизи башка китеп окуп жаткам да..🌝
Китептин башында бир жүрөк сыгылып, кыжырдануулар болду өтө эле берилип кеткен окшойм. Анан эле китептин өнүгүшүндө аябай башка бир дүйнөгө күбө болуп, чыгарманын кубатына баа бердим. Аягы жакшылык менен бүткөн китептерди аябай жакшы көрөм. Анан, тынч уктайм.🥰
Сунуштайм. Бул китеп катардагы биз окуган алгач жолдон чыгып, жашоодон сабак алып, кайра динине келген чыгармалардан таптакыр башкача таасир калтырды, окуп жатканда өзгөчө сезимдерди жашатты.
+1
... Бирок, ага карабастан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз аз. Айша энебизди көбүрөөк жакшы көргөн. Анткени, бул сүйүүнүн түпкүрүндө динибиздин кийинки урпактарга жетишинде асыл энебиздин орду чоң болчу.
#китептен💚
Бизге үлгү боло турган энелерибиздин бири Айша р.а. Пайгамбарыбыздан кийин 48 жыл жашап, 8-9 жыл ичинде Пайгамбарыбыздан үйрөнгөн илимин башкаларга жеткирүүгө жан үрөгөн, Даанышман эне. Илим талапкери болгон мусулман аялдардын компасы, десек болот. Эки мукаба арасындагы жүрөк суктандырган дүйнө.😍❤️🔥
@elesterr💌
Насип кыл Раббим;
•бирок, насип болгондон кийин өкүнбөй тургандай кылып...
Жеңилдик менен, көркөмдүк менен, адалдык менен.
•"Аттиң" дедирте турган эмес,
"Шүгүр" дей турган түрдө насип кыл.
•Караганда ичтен бир терең дем алып;
"Алхамдyлиллах" дей турган түрдө насип кыл, Раббим🤍
@elesterr💌
Насип кыл Раббим;
бирок, насип болгондон кийин өкүнбөй тургандай кылып...
Жеңилдик менен, көркөмдүк менен, адалдык менен.
"Аттиң" дедирте турган эмес,
"Шүгүр" дей турган түрдө насип кыл.
Караганда ичтен бир терең дем алып;
"Алхамдклиллах" дей турган түрдө насип кыл, Раббим🤍
@elesterr💌
"إقرأ"
Алак.5🤍
Анын алгачкы сөзү "Оку!" болгондугу үчүн;
Биздин китептерге болгон сүйүүбүз...🫀🥰
@elesterr💌
Ассаламу ъалайкум, урматтуу окурманым!🍀
•Көп убакыттан бери каналга түшүнүксүз аккаунттар, жасалма боттор көп кошулуп комментарий калтырып жатышат. Дароо өчүрүп турганы аракет кылып жатам. Көрбөй же кечирээк өчүрүп калсам туура эмес түшүнбөңүздөр деп ачыктап коюну туура көрдүм.
•Балким билесиз, бирок ар дайым көңүл бурушуңуз керек;
•Телеграмдан келген ссылкаларды тактабай туруп такыр баспаңыз. Телеграмдын өзгөчөлүктөрү өтө сонун, өтө көп. Колдонууда кылдаттык талап кылат. Себеби өтө кооптуу да. Бир ссылканы басуу аркылуу аккаунтун взлом болуусу жөпжөнөкөй эле көрүнүш болуп калды. Уурулук, доомат, коркутуу, ссылканы баскан учуруңузда сүрөткө тартып алуусу да мүмкүн. Жана башка толтура. Акылдуулардын акылсыз түзгөн тузагына түшүп калбаңыз, дейм. Тилеке каршы бычактай болгон соц.тармакты даамдуу тамак бышыруу үчүн эмес кылмыш үчүн колдонгондор көбөйдү...
"Толкуса толкунуң тең ортокмун" деген деңизм...😍
Толкусам толкунума тең орток да болот... :) 🥹❤️🔥
@elesterr💌
+2
Бала жыты - Бейиш жыты.🥰
"Наристе" деген сөздүн өзү эле кандай таза, кандай аруу угулат. Наристе менен өткөргөн убакыт болсо дүйнөңдү аруулагандай, таптаза сезилет. Кипкичинекей болгон кылыктары менен чопчоң адамдардын өмүрүн алек кылат. Дүйнөдөн алыстатып өзүнө көңүлүн бура алат. Эс алдырат. Чарчатат. "Жаратканымдын керемети" дейм аларга. Аябай эле нерв кылат. Бирок ошол эле учурда бүтүндөй оор ойлорду унуттура алат. Кичинекей жүрөктөрү менен дүйнөңдү ээлеп алат да, түгөнбөгөн бакытка бөлөйт...😍❤️
@elesterr💌
+1
Чарчоо жазылат,
Сагынычтар тарайт.
Чаңкоо канат,
Курсак тоёт.
Бирок, жан дүйнөдөгү тынчтык ар жерде эле сезиле бербейт экен. Ал эми жан дүйнөң тынч болбосо денеңдин эс алганы эч бир маани көргөзбөйт тура. Чарчаган дененин руху ачка, көөдөнү чаңкаган абалда болот. Дүйнөң кургурлуку десе, дүйнөнүн адилетсиз айлампасын түшүнүп туруп инсандын кабыл алуусу мынчалык кыйын дейм да...❤️🔥
@elesterr💌
+2
Чарчоо жазылат,
Сагынычтар тарайт.
Чаңкоо канат,
Курсак тоёт.
Бирок, жан дүйнөдөгү тынчтык ар жерде эле сезиле бербейт экен. Ал эми жан дүйнөң тынч болбосо денеңдин эс алганы эч бир маани көргөзбөйт тура. Чарчаган дененин руху ачка, көөдөнү чаңкаган абалда болот. Дүйнөң кургурлуку десе, дүйнөнүн адилетсиз айлампасын түшүнүп туруп инсандын кабыл алуусу мынчалык кыйын дейм да...❤️🔥
@elesterr💌
•Кофе ачуулугу менен жашоону кандай гана таттуу кылат...❤️🔥
"Инсан сүйгөн нерсеси менен сыналат"- дейт го.
-аябай катуу сыналып жүрөм. Бирок баары жакшылыкка, дейт жүрөгүм.🥹🫀
Эгер дубалар жүрөктөрдө жолукса, аралыктар жолугушууга айланат...
Nolur Rabbim "Ol" de..🥹🤲
Gücüm yetmiyor. Sana bırakıyorum herşeyi❤️🔥
•Раббим баарын сага тапшырдым. Алсыз кулуң дүйнөнүн ар бир чагылуусунан чарчады. Өзүңдөн таянуу аркылуу гана бутунда турат.🫀
"Дагы бир жума..."
"Кийинки ушул күнү..."
"Буюрса, ИнШаАллах..."
"Инсандын эң чоң мотивациясы келээрки күндөрдө жашырылган"- десе, аша чапкандык болобу..‽
Кызык¿
Бирок айта турган нерсем башка эле..;
Инсан жан дүйнө тынчтыгын сезүүсү үчүн да жоопкерчилик жүгүнүн жеңил болуусу керек экен. Ушундай учурлар болот; эч нерсе сени тынчтандыра албайт. Баары жүк сезилет каапыр нафсиңе. Мына, ошондо келечек сага кооз көрүнөт баштайт. Экен. Ошол. Ошону айтайын деп. 🌝🫰
Буюрса, ушул жерде чындап эс алып, хузур менен терең ойлонуп, жашоону чындап сезүүгө, көркөмдүү сөздөрдүн төгүлүүсүнө бир жума калды:) (деген мотивациям🙈) Экзамендеримди жаккшы тапшырып алайым. Мен үчүн дуба кылып коюңуз, окурманым, мусулман бир тууганым. Бири-бирибиз үчүн дубадан бололу.🥰🫀
