ОшМУ
رفتن به کانال در Telegram
Ош мамлекеттик университетинин расмий телеграм баракчасы. Бардык жаңылыктар менен биринчилерден болуп кабардар болуңуз!
نمایش بیشتر2 928
مشترکین
-724 ساعت
-297 روز
-7630 روز
آرشیو پست ها
2 928
ОшМУда финансылык сабаттуулук боюнча лекция өттү
«Депозиттерди коргоо системасы жана финансылык сабаттуулук» аттуу конок лекцияны Кыргызстандын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев өттү. Иш-чараны ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева ачып берди.
Толук маалымат 👈
2 928
Медиа сабаттуулук жана критикалык ой жүгүртүү боюнча тренинг болот
IDEA Central Asia тарабынан Ош мамлекеттик университетинин студенттери үчүн «Медиа сабаттуулук жана критикалык ой жүгүртүү» боюнча тренинг жана дебат уюштурулат.
Толук маалымат 👈
2 928
ОшМУда санарип доордогу англис тилинин келечеги талкууланууда
Ош мамлекеттик университетинде «Санарип доорундагы англис тили: тилдик маалыматтар, жасалма интеллект жана котормонун келечеги» аттуу эл аралык илимий конференция өтүп жатат.
Толук маалымат 👈
2 928
Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча эссе сынагы!
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фонду жаштар арасында республикалык эссе сынагын жарыялайт.
Толук маалымат 👈
2 928
Эл аралык «Türk Forum 2026» программасы
Кыргыз Республикасынын студенттерин, жаш ишкерлерин, стартаперлерин, IT адистерин, окумуштууларын жана инноваторлорун технология, ишкердик, өнөр жай, илим жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган «Türk Forum 2026» эл аралык программасына катышууга чакырабыз.
Толук маалымат 👈
2 928
Казакстандан келген жети студент бир семестр ОшМУда билим алат
Казакстандын К. Жубанов атындагы Актөбө регионалдык университетинен жана Маргулан атындагы Павлодар педагогикалык университетинен жети студент академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМУга келишти.
Толук маалымат 👈
2 928
ОшМУда жаңы окуу жылы башталды
Бүгүн, 15-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин лицей, гимназия, коллеж, факультет жана институттарында жаңы окуу жылынын башталышына карата Билим күнүнө арналган иш-чаралар өттү.
Толук маалымат 👈
2 928
ОшМУнун ректорунун 2026-2027-окуу жылына карата кайрылуусу
Урматтуу агай-эжелер, ардактуу устаттар, кесиптештер, жаштар жана куттуу окуу жайыбыздын босогосун жаңыдан аттаган кымбаттуу 1-курстун студенттери! Гимназия-лицейлердин, мектепке чейинки билим берүү борборлорунун сүйүктүү окуучулары жана тарбиялануучулары!
Толук маалымат 👈
2 928
Кытай коомдук илимдер академиясынын делегациясы ОшМУда болду
Пекин шаарындагы Кытай коомдук илимдер академиясынын Син Гуанчен баштаган делегациясы 11-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде иш сапары менен келди.
Толук маалымат 👈
2 928
ОшМУнун медициналык программалары аккредитациядан өттү
Окуу жайдын медициналык билим берүү боюнча беш программасы мамлекеттик программалык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, алты жылдык мөөнөткө аккредитацияланды.
Толук маалымат 👈
2 928
ОшМУнун жамааты республикалык спартакиада байгелүү орундарды ээледи
Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышкан мелдеште Ош мамлекеттик университетинин командалары волейбол, футбол, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси жана аркан тартыш боюнча күч сынашты.
Толук маалымат 👈
2 928
Курулуш коллежине жаңы жетекчи дайындалды
Майрамбек Тентимишов Ош мамлекеттик университетинин Курулуш коллежинин директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Толук маалымат 👈
2 928
ОшМУнун окутуучусу Кореяда билим алып жаткан студенттерден кабар алды
Чыгыш таануу институтунун «Корей тили жана маданияты» борборунун жетекчиси, чыгыш таануу кафедрасынын окутуучусу Кымбат Камаева Кореяда академиялык мобилдүүлүк программасы менен билим алып жаткан студенттер, магистранттар менен жолугушуп, алардын окуусу, жашоо шарттары менен таанышты.
Толук маалымат 👈
2 928
Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси ОшМУда болду
Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло 26-августта ОшМУга үчүнчү ирет иш сапары менен келди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Кудайберди Кожобековго Европа Биримдиги менен кызматташууга жана аны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык сертификаты тапшырылды.
Толук маалымат 👈
2 928
«Жетишкендиктеримдин артында ата-энем турат». ЖРТдан эң жогорку упай алган Гүлпери Жуматаева менен маек
Ар бир ийгиликтин артында талыкпаган эмгек, туура багыт жана өзүнө болгон ишеним турат. Быйыл ЖРТдан 234 упай топтоп, өлкө боюнча эң жогорку жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөрдүн бири Гүлпери Жуматаева үчүн да бул ийгилик бир күндө жаралган жок.
Толук маалымат 👈
2 928
Кудайберди Кожобеков Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖ ректорлорунун форумунда баяндама жасады
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда «Салттуу кызматташуудан инновациялык кызматташууга карай» аталышында баяндама жасады.
Толук маалымат👈
2 928
КАБЫЛ АЛУУ: Экономика, бизнес жана менеджмент институту кандай адистиктерди даярдайт?
Заман талабына жооп берген, дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү адис болууну каалайсызбы? Анда сизди Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтуна окууга чакырабыз!
Толук маалымат 👈
2 928
ОшМУнун кош дипломдуу программасынын алгачкы бүтүрүүчүсү окуусун аяктады
Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен Урал мамлекеттик медицина университетинин (УММУ) ортосундагы кош дипломдуу билим берүү программасынын алгачкы бүтүрүүчүсү Айгерим Маматалиева окуусун ийгиликтүү аяктады.
Толук маалымат 👈
2 928
ОшМУда 24/7 маалымат берүүчү жасалма интеллект бот иштеп жатат
Эми Ош мамлекеттик университети тууралуу маалыматты Instagram жана WhatsApp аркылуу күнү-түнү алууга болот. Окуу жайдын расмий баракчаларына жарандардын суроолоруна жооп берүүчү жасалма интеллектке негизделген бот орнотулду
Толук маалымат 👈
2 928
Студенттер Орусиядагы жайкы тил мектебине катышууда
ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун орус филологиясы багытынын студенттери Орусияда өтүп жаткан жайкы тил мектебине катышууда.
Толук маалымат 👈
