ch
Feedback

不要被骗子欺骗!Telemetrio 会找到并标记这些频道 👉 如果想查看标记,请订阅 👈

ОшМУ

ОшМУ

前往频道在 Telegram

Ош мамлекеттик университетинин расмий телеграм баракчасы. Бардык жаңылыктар менен биринчилерден болуп кабардар болуңуз!

显示更多
2 809
订阅者
无数据24 小时
-197 天
-14130 天
帖子存档
Build Global 2026: ОшМУнун BilimAi долбоору жеңишке жетти 9–11-октябрда өткөн Build Global 2026 технологиялык хакатонунда ОшМ
Build Global 2026: ОшМУнун BilimAi долбоору жеңишке жетти 9–11-октябрда өткөн Build Global 2026 технологиялык хакатонунда ОшМУнун BilimAi долбоору жеңүүчү деп табылды. Толук маалымат 👈

ОшМУнун бүтүрүүчүсү «Эл үмүтү» стипендиясын жеңип, Эдинбург университетинде окуйт Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридик
ОшМУнун бүтүрүүчүсү «Эл үмүтү» стипендиясын жеңип, Эдинбург университетинде окуйт Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунун бүтүрүүчүсү Акмырза Тургунбаев президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын ээси болду. Эми ал Улуу Британиянын Шотландия аймагындагы дүйнөгө белгилүү Эдинбург университетинде (University of Edinburgh) «Эл аралык мамилелер» (International Relations) багыты боюнча магистратурада билим алат. Толук маалымат 👈

ОшМУнун студенти Build Global AI Hackathon 2026да жеңүүчү болду Тарых-юридика институтунун 4-курсунун студенти Амантур Эркино
ОшМУнун студенти Build Global AI Hackathon 2026да жеңүүчү болду Тарых-юридика институтунун 4-курсунун студенти Амантур Эркинов Build Global AI Hackathon 2026 хакатонунда биринчи орунду багындырды. Ал Webordo.kg долбоору менен 2000 доллар өлчөмүндөгү байгеге ээ болду. Толук маалымат 👈

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып стипендиялар жогорулатылат Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып мамлек
Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып стипендиялар жогорулатылат Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алган студенттердин стипендиялары жогорулатылат. Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду. Толук маалымат 👈

Студенттер Жалал-Абаддын туристтик потенциалы менен таанышты ОшМУнун туризм адистигинин 2-курсунун студенттери Жалал-Абад обл
Студенттер Жалал-Абаддын туристтик потенциалы менен таанышты  ОшМУнун туризм адистигинин 2-курсунун студенттери Жалал-Абад облусундагы туристтик-рекреациялык аймактарга, тарыхый-маданий жайларга таанып-билүү сапарын жасашты. Толук маалымат 👈

Курстанбек Уланбек уулуна эмгек сиңирген машыктыруучу наамы ыйгарылды ОшМУнун №1 дене тарбия кафедрасынын улук окутуучусу, во
Курстанбек Уланбек уулуна эмгек сиңирген машыктыруучу наамы ыйгарылды ОшМУнун №1 дене тарбия кафедрасынын улук окутуучусу, волейбол боюнча машыктыруучу Курстанбек Уланбек уулуна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу ардактуу наамы ыйгарылды. Толук маалымат 👈

УНИВЕРСИТЕТ 4.0гө КАРАЙ ЖОЛ: ОшМУнун ТАЖРЫЙБАСЫ Университет 4.0 — билим берүү менен илимди гана айкалыштырган модель эмес, ун
УНИВЕРСИТЕТ 4.0гө КАРАЙ ЖОЛ: ОшМУнун ТАЖРЫЙБАСЫ Университет 4.0 — билим берүү менен илимди гана айкалыштырган модель эмес, университеттин аймактын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен инновациялык борборго айланышын көздөгөн жаңы модель. Бул багытта Ош мамлекеттик университетинин тажрыйбасы көңүл бурууга арзыйт. Акыркы жылдары университетте илимий изилдөөлөрдү региондун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө багыттоо, эл аралык инвестицияларды тартуу, илимий иштердин сапатын жогорулатуу жана жаңы муундагы илимий кадрларды даярдоо боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп келет. Толук маалымат 👈

Биринчи курстун студенттерине коопсуздук, университеттин ички тартиби түшүндүрүлүүдө ОшМУнун Аялдар кеңеши сентябрь-октябрь а
Биринчи курстун студенттерине коопсуздук, университеттин ички тартиби түшүндүрүлүүдө ОшМУнун Аялдар кеңеши сентябрь-октябрь айларында биринчи курстун студент кыздары үчүн адаптациялык жыйындарды өткөрүүдө. Жолугушуулардын максаты алардын окуу жайдын чөйрөсүнө ыңгайлашуусуна көмөктөшүү, коопсуздугун камсыз кылуу жана өз ара сый-урмат маданиятын калыптандыруу болууда. Толук маалымат 👈

ОшМУ италиялык университет менен илимий кызматташтыкты өнүктүрөт Ош мамлекеттик университети Италиянын Кассино жана Түштүк Ла
ОшМУ италиялык университет менен илимий кызматташтыкты өнүктүрөт Ош мамлекеттик университети Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети менен илимий кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Толук маалымат 👈

ОшМУнун профессору Москвада медицина багытындагы долбоор тууралуу баяндады Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманит
ОшМУнун профессору Москвада медицина багытындагы долбоор тууралуу баяндады Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, профессор Семетей Амиралиев Москвага кызматтык сапар менен барды. Толук маалымат 👈

Актөбө аймактык университетинин профессору ОшМУда тажрыйба бөлүштү Казакстандын К. Жубанов атындагы Актөбө аймактык университ
Актөбө аймактык университетинин профессору ОшМУда тажрыйба бөлүштү Казакстандын К. Жубанов атындагы Актөбө аймактык университетинин физика-математика факультетинин математика кафедрасынын профессору Аскарбек Иманчиев ОшМУга иш сапар менен келди. Толук маалымат 👈

«Кыргыз таануу» борбору ачылды Ош мамлекеттик университетинде кыргыз элинин тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөөгө багыттал
«Кыргыз таануу» борбору ачылды Ош мамлекеттик университетинде кыргыз элинин тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөөгө багытталган «Кыргыз таануу» борбору ачылды. Толук маалымат 👈

Студенттерди Жапонияда ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды 5-октябрда ОшМУнун Медициналык коллежинде Жапониядан келге
Студенттерди Жапонияда ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды  5-октябрда ОшМУнун Медициналык коллежинде Жапониядан келген компаниялардын өкүлдөрү менен студенттердин аталган өлкөдө иштөө мүмкүнчүлүктөрү боюнча жолугушуу өттү.  Толук маалымат 👈

ОшМУнун доценти Өзбекстанда илимий-педагогикалык тажрыйба алмашты Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технология
ОшМУнун доценти Өзбекстанда илимий-педагогикалык тажрыйба алмашты Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти Олияхон Юлдашова 20-сентябрдан 2-октябрга чейин Өзбекстанда илимий-педагогикалык тажрыйба алмашты. Толук маалымат 👈

ОшМУда бир катар жаңы жетекчилер дайындалды Ректор Кудайберди Кожобековдун тиешелүү буйруктарына ылайык, 2026-жылдын 1-октябр
ОшМУда бир катар жаңы жетекчилер дайындалды Ректор Кудайберди Кожобековдун тиешелүү буйруктарына ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып бир катар окуу түзүмдөрүнө жаңы жетекчилер дайындалды. Алар 2026–2027-окуу жылында конкурстук негизде бир жылдык мөөнөткө иш алып барышат. Толук маалымат 👈

Канвон улуттук университетинин делегациясы ОшМУда болду 7-октябрда Канвон улуттук университетинин (KNU) делегациясы ОшМУга иш
Канвон улуттук университетинин делегациясы ОшМУда болду 7-октябрда Канвон улуттук университетинин (KNU) делегациясы ОшМУга иш сапары менен келип, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Толук маалымат 👈

ОшМУда улуу муун өкүлдөрүнө сый көрсөтүлдү Карылар күнүнө карата иш-чара уюштурулуп, ага университетте эмгектенген жана эмгек
ОшМУда улуу муун өкүлдөрүнө сый көрсөтүлдү Карылар күнүнө карата иш-чара уюштурулуп, ага университетте эмгектенген жана эмгектенип жаткан 500дөн ашуун ардагер катышты. Толук маалымат 👈

ТооЭкоКонсалтинг борборунда өстүрүрүлгөн пекин өрдөктөрү сатылууда ОшМУнун ТооЭкоКонсалтинг борбору Курбу-Таш аймагында пекин
ТооЭкоКонсалтинг борборунда өстүрүрүлгөн пекин өрдөктөрү сатылууда ОшМУнун ТооЭкоКонсалтинг борбору Курбу-Таш аймагында пекин өрдөктөрүн өстүрүү боюнча тажрыйба жүргүзүп жатат. Учурда жергиликтүү тургундар менен биргеликте төрт айлык миңге жакын өрдөк багылып, аларды сатуу башталды. Толук маалымат 👈

Студенттер карылардан кабар алышты 5-октябрь Карылар күнүнө карата ОшМУнун Финансы-юридикалык коллежинин студенттери окутуучу
Студенттер карылардан кабар алышты 5-октябрь Карылар күнүнө карата ОшМУнун Финансы-юридикалык коллежинин студенттери окутуучулары менен бирге шаардагы «Боорукердик» үйүнө барып, кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү.  Толук маалымат 👈

Акын Кожогелди Култегин менен чыгармачылык жолугушуу өттү 5-октябрда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана ж
Акын Кожогелди Култегин менен чыгармачылык жолугушуу өттү 5-октябрда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде Кыргыз Республикасынын эл акыны, ТҮРКСОЙдун алтын медалынын ээси, драматург жана котормочу Кожогелди Култегин менен чыгармачылык жолугушуу өттү. Толук маалымат 👈