ОшМУ
Ir al canal en Telegram
Ош мамлекеттик университетинин расмий телеграм баракчасы. Бардык жаңылыктар менен биринчилерден болуп кабардар болуңуз!
Mostrar más3 002
Suscriptores
Sin datos24 horas
-27 días
-1930 días
Archivo de publicaciones
3 001
Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси ОшМУда болду
Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло 26-августта ОшМУга үчүнчү ирет иш сапары менен келди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Кудайберди Кожобековго Европа Биримдиги менен кызматташууга жана аны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык сертификаты тапшырылды.
Толук маалымат 👈
3 001
«Жетишкендиктеримдин артында ата-энем турат». ЖРТдан эң жогорку упай алган Гүлпери Жуматаева менен маек
Ар бир ийгиликтин артында талыкпаган эмгек, туура багыт жана өзүнө болгон ишеним турат. Быйыл ЖРТдан 234 упай топтоп, өлкө боюнча эң жогорку жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөрдүн бири Гүлпери Жуматаева үчүн да бул ийгилик бир күндө жаралган жок.
Толук маалымат 👈
3 001
Кудайберди Кожобеков Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖ ректорлорунун форумунда баяндама жасады
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда «Салттуу кызматташуудан инновациялык кызматташууга карай» аталышында баяндама жасады.
Толук маалымат👈
3 001
КАБЫЛ АЛУУ: Экономика, бизнес жана менеджмент институту кандай адистиктерди даярдайт?
Заман талабына жооп берген, дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү адис болууну каалайсызбы? Анда сизди Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтуна окууга чакырабыз!
Толук маалымат 👈
3 001
ОшМУнун кош дипломдуу программасынын алгачкы бүтүрүүчүсү окуусун аяктады
Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен Урал мамлекеттик медицина университетинин (УММУ) ортосундагы кош дипломдуу билим берүү программасынын алгачкы бүтүрүүчүсү Айгерим Маматалиева окуусун ийгиликтүү аяктады.
Толук маалымат 👈
3 001
ОшМУда 24/7 маалымат берүүчү жасалма интеллект бот иштеп жатат
Эми Ош мамлекеттик университети тууралуу маалыматты Instagram жана WhatsApp аркылуу күнү-түнү алууга болот. Окуу жайдын расмий баракчаларына жарандардын суроолоруна жооп берүүчү жасалма интеллектке негизделген бот орнотулду
Толук маалымат 👈
3 001
Студенттер Орусиядагы жайкы тил мектебине катышууда
ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун орус филологиясы багытынын студенттери Орусияда өтүп жаткан жайкы тил мектебине катышууда.
Толук маалымат 👈
3 001
КАБЫЛ АЛУУ: Филология жана маданият аралык коммуникация институту кандай адистиктерди даярдайт?
Чет тилдерин өздөштүрүп, котормочу, филолог, мугалим же эл аралык деңгээлдеги адис болууну кыялданасызбы? Анда Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институту сиз үчүн эң туура тандоо!
Толук маалымат 👈
3 001
КАБЫЛ АЛУУ: Эл аралык билим берүү программалары коллежи кандай адистиктерди даярдайт?
Чет тилдерди үйрөнүү адамдын дүйнө таанымын кеңейтип, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатат жана заманбап эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп калыптанууга өбөлгө түзөт.
Толук маалымат 👈
3 001
КАБЫЛ АЛУУ: Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту кандай адистиктерди даярдайт?
Урматтуу абитуриент! Эгерде сен келечегиңди илим, техника жана санарип технологиялар менен байланыштырып, заманбап жана эл аралык деңгээлдеги адис болууну кыялдансаң анда ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту эң туура тандоо болот.
Толук маалымат 👈
3 001
КАБЫЛ АЛУУ: Эл аралык медицина факультети кандай адистиктерди даярдайт?
Дарыгер болууну кыялданасызбы? Эл аралык деңгээлде таанылган медициналык билим алып, келечекте дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө эмгектенүүнү каалайсызбы? Анда Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультети сиз үчүн эң туура тандоо!
Толук мааалымат 👈
3 001
Медколлеждерге кабыл алууда кошумча тест каралат
Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылына карата медицина багытындагы кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуу эрежеси өзгөрдү. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 7-июлда буйрук чыгарды.
Толук маалымат 👈
3 001
КАБЫЛ АЛУУ: Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби кандай адистиктерди даярдайт?
Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби эл аралык стандарттарга ылайык сапаттуу билим берип, дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдайт. Бул жерде студенттер заманбап билим алуу менен бирге чет тилдерин өздөштүрүп, эл аралык программалар аркылуу дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде билим алып, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Толук маалымат 👈
3 001
КАБЫЛ АЛУУ: Курулуш коллежи кандай адистиктерди даярдайт?
Курулуш коллежи 1965-жылдан бери өлкөбүздүн курулуш тармагына миңдеген квалификациялуу адистерди даярдап келген алдыңкы орто кесиптик окуу жайлардын бири. Алтымыш жылдык тарыхында колледж заман талабына жооп берген билим берүү системасын калыптандырып, курулуш индустриясынын өнүгүшүнө татыктуу салым кошуп келет.
Толук маалымат 👈
3 001
Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды окутууга 75 квота бөлүндү
Президентт Садыр Жапаровдун «Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2026–2027-окуу жылы үчүн жогорку окуу жайларда чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды окутууга 75 квота бөлүндү.
Толук маалымат 👈
3 001
ОшМУнун окумуштуулары эл аралык форумда изилдөөлөрүн тааныштырат
Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун делегациясы Мажарстандын борбору Будапешт шаарында өтүп жаткан эл аралык бухгалтерлер жана аудиторлор форумуна катышууда.
Толук маалымат👈
3 001
КАБЫЛ АЛУУ: Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту кандай адистиктерди даярдайт?
Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту – билим, илим жана инновация айкалышкан заманбап билим берүү борбору.
Толук маалымат👈
3 001
КАБЫЛ АЛУУ: Теология факультети кандай адистиктерди даярдайт?
Теология факультети – Кыргызстандагы алгачкы жана алдыңкы теологиялык билим берүү борборлорунун бири. Факультет 1993-жылы Ош мамлекеттик университети менен Түркиянын «Диянет» фондунун кызматташтыгынын негизинде ачылып, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн руханий, илимий жана маданий өнүгүүсүнө салым кошкон жүздөгөн жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келет.
Толук маалымат 👈
3 001
КАБЫЛ АЛУУ: STEM инновациялык коллежи кандай адистиктерди даярдайт?
STEM инновациялык коллежи сапаттуу билим, жаңы технологияны колдонуу менен мыкты адис болууга, келечектеги максатыңызга жетүүгө көпүрө болуп берет деген ишеничтебиз. Куттуу окуу жайыбызга тапшырып, илим-билим чөйрөсүнө аралашып, жаңыча көз карашты калыптандырып, өзүңүздү ар тараптан өнүктүрүүнү максат кылсаңыз STEM инновациялык коллежинин эшиги сиз үчүн ачык.
Толук маалымат 👈
3 001
ОшМУ менен Синьцзян медициналык университети кызматташтыкты кеңейтет
Ош мамлекеттик университети менен Кытайдын Синьцзян медициналык университети медицина тармагында кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүнү сүйлөштү. Тараптар жакынкы убакта окуу жайдын жети кабаттуу жаңы клиникасында кыргыз-кытай медициналык борборун ачууну талкуулашты.
Толук маалымат 👈
