Чөйрө
Open in Telegram
Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер choyro.com
Show more962
Subscribers
No data24 hours
No data7 days
No data30 days
Posts Archive
962
ChyrakSMM Agency – «Чырак» долбоорун бүтүргөн айымдар тарабынан негизделген SMM-агенттиги.
⠀
Агенттиктин курамында «Чөйрөнүн» ичинде 2022-жылы «Демилге IT-марафонуна» катышкан дизайнерлер, менеджерлер, копирайтер, сторизмейкер, таргетолог, мобилограф, таргетологдор бар.
⠀
Агенттиктин негизги кызматтары:
⠀
▫️Бизнестин алдыга жылдыруу стратегиясын иштеп чыгуу
▫️Профилге анализ жасап, максаттуу аудиоторияны аныктоо
▫️Контент жана визуалдын базасын түзүп чыгуу
▫️Базар аянтчасындагы конкуренттерге анализ жасоо
▫️Жеке имиджди аныктап, бренддин түптөлүшүнө түрткү берүү
▫️УТП варианттарын түзүп чыгуу
⠀
Команда өздөрүн идеяга бай, уюшумдуу, ыкчам, креативдүү деп мүнөздөшөт.
⠀
ChyrakSMM Agency тарабынан жасалып жаткан акыркы жумуштарын мисал кылсак болот:
⠀
https://www.instagram.com/azizwoodworks/
⠀
https://instagram.com/oceanclub_spa
⠀
Кардарлардан түшкөн каражаттын бир бөлүгү рак илдетине чалдыккан «Чырак» долбоорунун катышуучусу Нургүл Калиеванын даарылануусуна жумшалат.
⠀
962
Кутман кеч, Чөйрөчүлөр!
📣«Чөйрөдө» жакшы жаңылыгыбыз бар.
🔥Кыргызстанда, Барскоондо «Чөйрө Жаратман Борбору» ачылып жатат.
⠀
Борбордо:
👉🏻Компьютердик сабаттуулук, веб-сайттарды түзүү жана IT тармагы боюнча онлайн, оффлайн окутуу болот.
👉🏻Веб-студия ачылат
👉🏻Атайын менторлор окутушат
👉🏻HTML, CSS, JS курстары 3 айдан 9 айга чейин окутулат, төлөмдөр келишимдин негизинде.
👉🏻 Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 10 акысыз орун берилет.
👉🏻Эң жакшы окуп бүткөн студенттерге сертификат берилип, стажировкага конкурстун негизинде кабыл алынат.
⠀
Сиздер үчүн:
▫️Ноутбукттар
▫️Кубаттуу интернет
▫️Ыңгайлуу кеңсе
Каалоочулар жазылсаңыздар болот.12 жаштан баштап кабыл алынат.
📌21-ноябрда алгачкы санарип сабагы өткөрүлөт.
⠀
Барскоондогу «Чөйрө Жаратман Борборунун» координатору Нуржамал Эралиева айым борбордун ачылганына Азамат Токтакунов агайга ыраазычылык билдирип, «Борбор биздин айылда ачылганы - асмандан издегенибиз жерден табылды десек болот. Келечекте биздин борбордо жаратмандар-стартапттар жаралат деген чон ишеничим бар. Биздин борборго кош келиңиздер!»-деп белгилей кетти.
⠀
📍Дареги: Барскоон айылы, Ленин көчөсү, 131
⠀
Суроолор боюнча:
📞0552871785 (Ватсап, Телеграм)
📞0706871785
📩rost.barskoon@gmail.com
⠀
- - -
Сүрөттөр: Нуржамал Эралиева
Видео: Гулира Калыкова
Дизайн: Азамат Токтакунов
Текст: Гүлназ Шаршеналиева
SMM: Шайыргүл Манапова
962
Кутман кеч, достор!
Саат 21:00 дө жолугушуубуз башталат🔥күтөбүз
👉🏻Инстаграмда https://instagram.com/choyrocom түз эфирде болот
962
6-ноябрда Бишкекте Жылдыз Академиясы жана Салымбеков Университети тарабынан уюштурулган жаратман кесипкөйлөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты - жаштарга жаңы билимге умтулууга түрткү берүү, шыктандыруу болду. Баяндамачылардын арасында «Чөйрөнүн» негиздөөчүлөрү - Азамат Токтакунов, Тимур Моун, «Ackmatoff IT» компаниясынын негиздөөчүсү Турат Алыбаев катышышты.
Жолугушууда Visual Effects, Motion design, графикалык дизайн, UX/UI design, Flutter, Front-End, Back-End сыяктуу заманбап келечектин кесиптер тууралуу маалымат берилип, воркшоп, мастер-класстар өткөрүлдү.
Иш-чарага студенттер, ITге кызыккандар, ошондой эле «Чөйрөнүн» өкүлдөрү жана Жылдыз Академиянын студенттери катышышты.
- - -
Дизайн: Жаркынай Нуралиева
SMM: Шайыргүл Манапова
Текст: Гүлназ Шаршеналиева
962
Салам, достор!
Назарыңыздарда «Чөйрөчүлөр баяндайт» рубрикабыз. Бүгүнкү каарманыбыз «Чөйрөнүн» активдүү өкүлү - Азамат Жаманкулов. Келгиле, Азамат мырза менен жакындан таанышалы.
«Атым Азамат Жаманкулов, Kelechek.Digital веб-студиясында долбоор жетекчиси (ПМ) жана «Чөйрөдө» Кыргызстан аймагында аткаруучу мүдүр болуп эмгектенем.
«Чөйрөгө» 2021-жылы кошулгам. Кесибим боюнча тоо-кен инженеримин. Бирок ардайым жаңы нерсени үйрөнүүгө ынтызар болуп жана заманбап технологияларга кызыгуум артып, келечегимди IT тармагы менен байланыштыргым келчү.
2021-жылы апрель айында Жылдыз Академияда «Келечек» долбооруна катышып, Front-End Developer кесибин окуп баштадым.
Алты ай созулган Front-End программасы аяктап, жаңы гана Front-End жаатын окуп, практика керек, тажрыйба топтоо керек деп урунарга тоо таппай турган кезде Азамат Токтакунов «Күз Демилге» IT марафонун уюштуруп, «3 айда 30 долбоор» аттуу ураан менен марафон башталды. Каалаган долбоорду тандап, реалдуу долбоор менен иштөө мүмкүнчүлүгү берилди.
Арасында социалдык жана коммерциялык долбоорлор сунушталды, анын бири мен үчүн Kelechek.Digital тандоого ылайык болду.
Азыркы учурда Kelechek.Digital веб-студиясы менен 10дон ашык реалдуу долбоорлорду ишке ашырып, коммерциялык буйрутмаларды бүтүрдүк.
«Чөйрөнүн» алкагында болгондуктан дайым тажрыйба алмашуу болуп турат жана ар дайым өнүгүү-өсүү приоритетте.
Адамдын ой-жүгүртүүсү жана дүйнө таанымы калыптынуусуна коомчулуктун таасири абдан чоң, андыктан туура чөйрө тандоо олуттуу маселе.
Көмүскөдө калган идеяларыңыз болсо жана жаңылануудан коркпогон, өнүгүп-өсүүнү токтотпогон, тажрыйба алмашууну каалаган адам болсоңуз, анда биз менен бирге «Чөйрөгө» кошулуп, колдонуучу гана эмес жаратман болуңуз.»
962
Салам, достор!
Назарыңыздарда «Чөйрөчүлөр баяндайт» рубрикабыз. Бүгүнкү каарманыбыз «Чөйрөнүн» активдүү өкүлү - Азамат Жаманкулов. Келгиле, Азамат мырза менен жакындан таанышалы.
«Атым Азамат Жаманкулов, Kelechek.Digital веб-студиясында долбоор жетекчиси (ПМ) жана «Чөйрөдө» Кыргызстан аймагында аткаруучу мүдүр болуп эмгектенем.
«Чөйрөгө» 2021-жылы кошулгам. Кесибим боюнча тоо-кен инженеримин. Бирок ардайым жаңы нерсени үйрөнүүгө ынтызар болуп жана заманбап технологияларга кызыгуум артып, келечегимди IT тармагы менен байланыштыргым келчү.
2021-жылы апрель айында Жылдыз Академияда «Келечек» долбооруна катышып, Front-End Developer кесибин окуп баштадым.
Алты ай созулган Front-End программасы аяктап, жаңы гана Front-End жаатын окуп, практика керек, тажрыйба топтоо керек деп урунарга тоо таппай турган кезде Азамат Токтакунов «Күз Демилге» IT марафонун уюштуруп, «3 айда 30 долбоор» аттуу ураан менен марафон башталды. Каалаган долбоорду тандап, реалдуу долбоор менен иштөө мүмкүнчүлүгү берилди.
Арасында социалдык жана коммерциялык долбоорлор сунушталды, анын бири мен үчүн Kelechek.Digital тандоого ылайык болду.
Азыркы учурда Kelechek.Digital веб-студиясы менен 10дон ашык реалдуу долбоорлорду ишке ашырып, коммерциялык буйрутмаларды бүтүрдүк.
«Чөйрөнүн» алкагында болгондуктан дайым тажрыйба алмашуу болуп турат жана ар дайым өнүгүү-өсүү приоритетте.
Адамдын ой-жүгүртүүсү жана дүйнө таанымы калыптынуусуна коомчулуктун таасири абдан чоң, андыктан туура чөйрө тандоо олуттуу маселе.
Көмүскөдө калган идеяларыңыз болсо жана жаңылануудан коркпогон, өнүгүп-өсүүнү токтотпогон, тажрыйба алмашууну каалаган адам болсоңуз, анда биз менен бирге «Чөйрөгө» кошулуп, колдонуучу гана эмес жаратман болуңуз.»
962
Арыбаңыздар, достор!
🤩Жолугушуу рубрикабыздагы кызыктуу маектер уланып, ар кыл кесиптин ээлерин конокко чакырып, сиздер менен тааныштырып турмакчыбыз.
🔥Кезектеги мейманыбыз Азиз Төрөкулов болмокчу. Азиз мырза - жаратман, жыгач устасы, «Тез там» курулуш фирмасынын негиздөөчүсү. Учурда заманбап бешик үй, жыгачтан этно стилдеги эмеректерди жасап, сип панелден боз үй, жер үйлөрдү куруу менен эмгектенет.
💬Өзүн төмөндөгүдөй сүрөттөйт:
«Мен көп ойлонуп, көп кыялданган адамдардын катарын толуктайм. Жаңыча ойлонуп, жаңылык киргизгенди жактырам.
“Жан кыйнабай мээни иштетип, акыл менен акча тап, ийгилик жарат!” деген принципти карманам.
Максатым - Кыргызстанда экотуризмди өнүктүрүүгө салым кошуу.»
Чөйрөчүлөрдө азыртадан эле көптөгөн суроолор пайда болду окшойт😉
📣Анда эмесе, 15-ноябрда, кечки саат 21:00 дө бул кызыктуу жолугушууда сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз.
Айтмакчы, жолугушуу Инстаграмда Live түз эфирде өтөт.
Алып баруучу: Каухар Тайиева
962
Салам, достор!
Саат 21:00 дө жолугушуу башталат💥 кириңиздер🤩
Zoom шилтеме:
https://us06web.zoom.us/j/83605911828?pwd=aFhLNFpBWkk2TnIyVEJwekVCVUdHUT09
962
Салам, достор!
🤩11-ноябрда сиздерди кызыктуу жолугушууга чакырабыз.
👏🏻Жолугушуу рубрикабыздын бул жолку коногу сизге сабактары менен таанымал болуп калган графикалык дизайнер, логотип адиси, «Золотая блоха» дипломдорунун ээси — Шумкар Мойдинов болмокчу.
👉🏻Бул жолугушууда логотип дизайны деген эмне, эмнеге керек, учурда канчалык актуалдуу, бул багыттын келечеги тууралуу кеп салабыз.
😎Логотип дизайны боюнча башка жактан жооп таба албаган суроолоруңузга ушул жолугушуудан жооп аласыз😉
👉🏻Анда эмесе, 11-ноябрда, саат 21:00 дө (Бишкек убактысы мн) Zoom’да көрүшкөнчө👋
🔗Zoom шилтеме:
https://us06web.zoom.us/j/83605911828?pwd=aFhLNFpBWkk2TnIyVEJwekVCVUdHUT09
962
"Чөйрө": кыргызстандыктардын Швейцариядагы форуму
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын телеграм каналдан окуңуз жана көрүңүз.
👉 @Azattyk_radiosu
962
Салам, достор!
Акыркы окуялардан улам рубрикаларыбызда тыныгуу болуп,эми кайрадан жандандырып баштадык!
🇰🇬Жергебизде тынчтык болсун жана өлкөбүз өнүгө берсин!
Тыныгуудан кийин Чөйрөнүн "Жолугушуу" рубрикасында кайрадан эле кызыктуу коноктор менен уланмакчы.
💻Бул жолку коногубуз жөнөкөй мигрант болуп жүрүп, нөлдөн программалоо тилин окууну үйрөнгөн @Jyldyzacademy нин "Келечек" долбоорунун студенти Асель Алымбаева өз алдынча жана онлайн окууда кемчиликтер, артыкчылыктар жөнүндө айтып бермекчи.
Коногубуз @epam дын алдындагы RS School акысыз онлайн окутуу курсунун сертификатын алууга жетишти.
👉🏻Жолугушууда нөлдөн баштап кантип туура метод менен программалоону үйрөнүүдөгү өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.
⏰9-октябрь, 21:00
🔗Zoom
962
Журналист Али Токтакунов Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, кол салуунун кесепетин жана чек арадагы орчундуу көйгөйлөрдү чагылдырып, атайын репортаждарды тартып, билдирүүдө.
Телеграм @alitoktakunov
962
https://ashar.team/batken
Мекенимдин тагдыры – менин тагдырым!
Урматтуу жердештер,
биз тилекке каршы экинчи ирээт эч нерседен кабары жок, бейкапар тиричилигин кылып жаткан элибиздин чоң кыргынга учураганына күбө болдук. Жай кызматын өтөп жүргөн чек арачылар жана канча бир карапайым адамдар бөөдө жерден набыт болушту, айылдардын күлү көккө сапырылып, мектептер менен бала-бакчалар өрттөлдү, жергиликтүү тургундар ар кайсыл жерде баш калкалоого аргасыз болушту, жаш балдар менен өспүрүмдөрдүн өлүмү орду толгус кайгы алып келди. Бул – БАСКЫНЧЫЛЫК!
Бул апаат бизге коңшу мамлекеттен коргонуу керек экендигин аныктады. Абал туруктуу болуп, тынчтык орногон күндө дагы эл кооптонуу менен жашай турган болду; эки жолу болгон куралдуу баскынчылык дагы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Биз – кыргызстандык жигердүү жарандык активисттер – үчүн мындай агрессияны алдын алуу, мекенибиздин бүтүндүгүн сактоо, элибиздин өмүрүн коргоо жана баскынчылыкка каршылык көрсөтүү зарылчылыгы жаралды. Ошондуктан буга карата биз биргеликте жардам чогултабыз жана чогуу чара көрөбүз!
Судьба моей Родины – моя судьба!
Уважаемые соотечественники,
мы, к сожалению, во второй раз стали свидетелями масштабной резни в нашем народе, который мирно вел свою жизнь. Пограничники и ряд мирных жителей были убиты, селы были уничтожены, школы и детские сады сожжены, местные жители вынуждены были укрыться; гибель молодых людей и подростков повлекла за собой невосполнимое горе. Это – ВТОРЖЕНИЕ!
Эти последствия вынудили нас опасаться и защищаться от соседних агрессоров. Даже если ситуация будет стабильной и будет мир, народ будет жить в страхе, и никто не может гарантировать, что дважды вооруженное вторжение больше не повторится. Для нас – гражданских активистов Кыргызстана – возникла необходимость в предотвращении такой агрессии, сохранении целостности Родины, защите жизни народа и противодействии насильственному вторжению. Поэтому мы вместе собираем помощь, а также вместе принимаем меры!
The fate of my country is my fate!
Dear compatriots!
Unfortunately, we have witnessed a great massacre against our peaceful people. Border guards and many ordinary people were killed, the villages, schools and kindergartens were burned, local residents were forced to take refuge in different places, the death of young children and adolescents brought irreparable grief. This is an INVASION!
This disaster made it clear that we need to protect ourselves from the neighbor. Even if the situation stabilizes and peace is established, people will live in fear, and no one can guarantee that the armed invasion will not happen again. For us – active Kyrgyz civil activists – it became necessary to prevent such aggression, preserve the integrity of our Motherland, protect the lives of our people and resist the invasion. Therefore, in this regard, we all will help each other and act together!
Das Schicksal meiner Heimat ist mein Schicksal!
Liebe Landsleute!
bedauerlicherweise haben wir wieder eine bewaffnete Invasion im Süden des Landes erlebt. Mehrere Grenzsoldaten und viele einfache Menschen wurden getötet, die Dörfer, Schulen und Kindergärten wurden niedergebrannt, die Anwohner mussten an verschiedenen Orten Zuflucht suchen, der unschuldige Tod von kleinen Kindern und Jugendlichen brachte tiefe Trauer. Das war eine Invasion!
Diese Ereignisse zwingen uns dazu, dass wir vor dem Nachbarstaat fürchten und uns vor seinem erneuten Angriff verteidigen müssen. Selbst wenn die Situation stabil ist und Frieden herrscht, werden die Menschen in Angst leben; und niemand kann garantieren, dass so was zum dritten Mal nicht passieren wird. Für uns Zivilaktivisten Kirgisistans ist es nun notwendig, solche Aggressionen zu verhindern, die Integrität unserer Heimat und das Leben der Menschen zu schützen, sowie einer erneuten, gewaltsamen Invasion entgegenzuwirken. Deshalb sammeln wir gemeinsam Hilfe und werden der Gefahr zusammen vorbeugen!
Ülkemin kaderi benim kaderimdir!
962
Repost from N/a
Урматтуу жердештер,
Германиядагы BIZ e.V. уюму учурда мекенибизде болуп жаткан өзгөчө кырдаалга байланыштуу болуп жаткан, кагылышуудан жабыр тарткан Баткендин тургундарына финансылык жактан көмөк көрсөтүүнү чечти. Чогулган каражат «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду аркылуу жашаган жерлеринен эвакуация болгон адамдардын муктаждыктарына (баш-паанекке, күйүүчү майга, дары-дармекке жана кийим-кечеге) жумшалат. Кайдыгер карабаган баардык мекендештерге алдын ала ыраазычылык билдиребиз! Жерибиз бөлүнбөс, элибиз аман-эсен, эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун жана коңшулаш мамлекеттер менен тынчтык орносун!
Биздин банктын координаттары:
Bank: Volksbank
Kontoinhaber: BIZ e.V.
Verwendungszweck: Batken 2022
IBAN: DE45 5139 0000 0072 5507 06
BIC: VBMHDE5F
PayPal: https://www.paypal.com/donate/?hosted_button_id=EZ483H9GWKZGQ
https://biz-germany.org/batken/
962
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам жарандарыбыздын өмүрүнө тобокел жаралып, ашыкча тынчсыздануу, стресстик абалда болуп, “эми эмне болот” деген бүдөмүк абалга туш болуудабыз.
Мына ушуга карата, биз ыктыярчы – психологдор консультативдик жардам берүүгө даярбыз, ушул шилтеме аркылуу өтүп, аты-жөнүңүздү жазып кайрылсаңыздар болот.
https://forms.gle/22rRzHozJXEDypSj8
962
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам жарандарыбыздын өмүрүнө тобокел жаралып, ашыкча тынчсыздануу, стресстик абалда болуп, “эми эмне болот” деген бүдөмүк абалга туш болуудабыз.
Мына ушуга карата, биз ыктыярчы – психологдор консультативдик жардам берүүгө даярбыз, ушул шилтеме аркылуу өтүп, аты-жөнүңүздү жазып кайрылсаңыздар болот.
https://forms.gle/22rRzHozJXEDypSj8
962
‼️Биринчи психологиялык жардам
Бүгүнкү күндө Баткен жергебизде согуштук кырдаал жаралды, оор соогуш техникасын колдонуу менен коңшу мамлекеттин аскер кызматкерлери жай тургундарды аткылоону баштады. Мындай учурда жарандардын өмүрүнө тобокел жаралып ашыкча тынчсыздануу, стресстик абалда болуп эми эмне болот деген бүдөмүк абалга туш болууда. Мына ушуга карата, биз ыктыярчы – психологдор консультативдик жардам берүүгө даярбыз, аты-жөнүңүздү көрсөтүү менен кайрылсаңыздар болот!
https://forms.gle/22rRzHozJXEDypSj8
962
Лейлек районундагы Достук айылынан Маргун айылына качып келген тургундун кайрылуусу.
❗️Өзгөчө чек арадагы Маргун, Дархум, Даргаз айылдарында эвакуация болгон жарандарга гуманитардык жардам керек.
