Чөйрө
Open in Telegram
Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер choyro.com
Show more962
Subscribers
No data24 hours
No data7 days
No data30 days
Posts Archive
962
Кутман күн, окурман!
Бүгүн «Чөйрөчүлөр баяндайт» рубрикабызда Kelechek.Digital веб-студиясында Front-End Developer кесибин аркалаган Бакай Акылбеков болмокчу. Бизге өзү тууралуу айтып берсин деп “микрофонубузду”узаттык:
«Саламатсыздарбы, Чөйрөчүлөр! Мен, Бакай Акылбеков. Таанышуу кезеги мага жетти. Мен өзүм кичинемден бери так илимдерге кызыгып, мектепте математика, физика, информатика сабактарын өзгөчө жакшы көрчүмүн.
Информатика сабагындан олимпиадаларга катышып, өспүрүм күндөрүмдө компьютер, телефондорду оңдоп алек болчумун. Мектепти алтын медаль менен аяктап, жогорку окуу жайына тапшыруу мезгили келди.
Бирок эмнегедир ошол учурда мен программчы болом деп кыялданып, ойлогон эмесмин. Анткени айланамдагы программалоону окуп бүткөндөр кесиби менен иштебей Россияга кетип жатышкан.
Мен өз алдынча ойлонуп, изденип, акыры менеджмент жаатында чет өлкөдө билим алам деген чечимге келдим.
Ошол мезгилде изденип жүрүп, интернетте Kyrgyz Global уюмуна туш келип, алардын ментордук программасына катталып, Салижан Кылычбеков байке менин устатым болду.
Чет өлкөгө университетке тапшырууда жол көрсөтүп, жардам берип, мени даярдап жүрдү. Салижан байке 1 жыл текке кетпесин деп Кыргызстанда дагы университетке тапшырып коюуну сунуштап, IT жаатына көңүл бур деп кеңеш берди.
Ошентип мен Бишкекте дагы университетке тапшырып, өз алдынча интернет айдыңында АйТини изилдеп, IT-адиси болуп эмгектенген Айдана Өмүрбаева, Бакыт Абдишов сыяктуу көптөгөн жердештерибизди көрүп, АйТиге аябай кызыгуум күчөп, өзүмө болгон ишеним дагы артып, программчы болоорума ынандым.
Кээ бир себептерге байланыштуу чет өлкөгө кеткен жокмун. Ошол учурда Жылдыз Академиянын «Келечек» IT долбоору башталып, ал курста Front-End Development ти окуп бүтүрүп, «Күз Демилге» IT-марафонунда Kelechek.Digital долбооруна кошулдум.
Азыр «Чөйрөдө» Kelechek.Digital да Front-End Developer болуп эмгектенем жана университетте программалоо бөлүмүндө 3-курста окуйм. Kelechek.Digital командасы менен чогуу долбоорлорду ишке ашырып, күнүгө жаңы нерсе үйрөнүп, өсүп-өнүгүп жаткан учурум.
Ушул күнгө чейин менин байкагам нерсем - сени курчаган чөйрөң абдан маанилүү экен. Ошол чөйрөң сени артка тартышы да мүмкүн, же канат байлап, алдыга сүрөшү мүмкүн. Менин өспүрүм кезимде азыркыдай чөйрөм болгондо билимге умтулуум, АйТиге болгон жолум дагы эрте башталат беле деп ойлонуп кетем. Өзүбүзгө татыктуу чөйрө тандайлы.»
962
Биринчи балдар хосписинин сайты
⠀
Жылдыз Академиянын «Келечек» долбоору жүрүп жатканда Биринчи балдар хосписинин мүдүрү Ольга Турханова онлайн жолугушууга келип, хоспис тууралуу маалымат берип, сайт керек болгондугун айтып берген.
⠀
Арадан убакыт өтүп, учурда Kelechek.Digital да эмгектенип жаткан «Келечек» долбоорунун бүтүрүүчүлөрү http://hospice.kg/ сайтты 0дөн баштап жасап, толук функцияналдуу даяр сайтты Биринчи балдар хосписине тапшырып, кардар
өзү каалаган маалыматты киргизип-чыгарып тургудай кылып контент менеджментти кошо үйрөтүп өткөрүп беришти.
⠀
Биринчи балдар хосписи – бул айыкпас ооруга чалдыккан балдарга акысыз медициналык, психологиялык, паллиативдик жардам көрсөтүү борбору. Ооруган балдардын кыялдарын ишке ашырууга, ата-энелерине бул оор учурда жөлөк болуп, көмөктөшүп, баласынан ажыраган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө аракет кылышат.
⠀
Сайтты жасагандагы негизги максат — хоспис тууралуу маалыматты көпчүлүккө жеткирүү. Бул үчүн интернет булагы эң жакшы курал жана ыкма.
⠀
Балдар хосписи жалгыз гана кайрымдуулуктун, кайдыгер карабаган адам жана уюмдардын жардамы менен иштеп келгендиктен канча көп адам билсе ошончо жакшы.
⠀
Андыктан веб-сайт болгону — бул хоспис тууралуу маалымат интернет мейкиндигине чыгып, айыкпас ооруга чалдыккан балдарга жардам катары каражат чогултууга жакшы өбөлгө түзүп берет.
⠀
Бул сайт Kelechek.Digital тарабынан аткарылган коммерциялык буйрутмаларга жанаша кайрымдуулук жардам катары жасалды. Сиз дагы Биринчи балдар хосписине http://hospice.kg/ кайрылып, колуңуздан келген жардамыңызды бере аласыз.
⠀
- - - -
Дизайн: Жаркынай Нуралиева
Текст: Гүлназ Шаршеналиева, Азамат Жаманкулов
SMM: Шайыргүл Манапова
962
Салам, достор!
⠀
📣«Чөйрөчүлөр баяндайт» рубрикабыздын бүгүнкү каарманы, активдүү чөйрөчү - Мээрим Абдырахман кызы.
⠀
«Мен, Мээрим Абдырахман кызы, «Чөйрөдө» Чөйрө Event бөлүмүндө уюштуруучу жана жолугушууларды алып баруучу болуп эмгектенем.
⠀
«Чөйрөгө» 2021 жылдын 3-сентябрында «Келечек» акысыз IT долбоорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн Азамат Токтакунов тарабынан уюштурулган «Күз Демилге» IT марафону аркылуу кошулгам.
⠀
Кесибим соода-агенти.
IT дүйнөсүнө кантип аралашып калдым?
Мектепти бүтүп, борборго окууга тапшыргам, бирок турмуш шартына байланыштуу окуумду бүтпөй калгам.
⠀
Көп жылдан бери соода агенти болуп эмгектенип жүрүп, жашоодо өзгөрүү кылуу убактысы келди...
⠀
Өзүмдү ар кандай тармакта сынап көрүүнү чечтим. Бирок ар тармакты жан дүйнөм менен элестетип көргөндө мага жакын сезилбеди.
⠀
Соц. тармактардан бир макала көрүп, анда программалоо жана программисттер жөнүндө жазылган болчу. Ошол убактан баштап өзүмө ушул кесип жакыныраак сезилди. Себеби кичинемден бери математикалык ой-жүгүртүү абдан жакчу.
⠀
Ар кандай курстарды изилдеп баштадым, бирок акысы кымбат болгону үчүн каражатым жетпеди.
⠀
Мен Тимур Моундун Инстаграм-катталуучусу болчумун. 2021-жылдын март айында баракчасынан жарыя көрүп калдым. Акысыз 6 айлык Front-End боюнча курс экен. Аны көргөндө көктөн издегеним жерден табылып, ошол 6 айлык курсту аяктадым.
⠀
Учурдан пайдаланып «Келечек» долбоорунун уюштуруучусу Жылдыз Академиясына, Айдана Өмүрбаева, Бакыт Абдишов, Тимур Моун, Азамат Токтакунов жана башка бардык демөөрчүлөр, менторлорго терең ыраазычылык билдиремин!
⠀
АйТи дүйнөсү мен ойлогондой оңой болгон жок. Азырынча иштей элекмин дагы эле окуп жатам. Бирок «Келечек» долбоору аркылуу менде өзүмө болгон ишенүү, жаңы нерселерди изилдеп окуп туруу адатка айланды жана мен үчүн жаңы дүйнө ачылды!
⠀
Ал эми «Чөйрө» боюнча айта кетсем, бул жакта АйТиге тиешеси жок жумуш аткарам, бирок өзүмдүн байкабаган дагы бир жөндөмүмдү ача алдым!
⠀
«Чөйрө» - ар тармакта өзүнүн идеялаштарын табууга арналган чоң аянтча жана өзүн ар тармакта сынап көргүсү келгендер үчүн чоң мүмкүнчүлүк!
⠀
Мен «Чөйрөнүн» мындан ары да өсүп-өнүгүүсүн каалайм. Чөйрөчү болуп, өзүңүздүн идеялашты табууга чакырам!»
962
Кутман күн, Чөйрөчүлөр!
Өткөндө Kelechek.Digital долбоору жөнүндө айтып бергенбиз, эми сүрөттөрдү барактап Kelechek.Digital командасынын өкүлдөрү менен таанышсаңыздар болот 🤩
Дизайн: Жаркынай Нуралиева
Фотограф: Жаныбек Мукашов
962
Урматтуу, Чөйрөчүлөр!
🤩Назарыңыздарга «Чөйрөдө жаралган долбоор» рубрикабызды тартуулайбыз. Бул рубрикада сиздерди «Чөйрөдөгү» долбоорлор менен тааныштырып турабыз.
👉🏻Бүгүн Kelechek.Digital веб-студиясы жөнүндө айтып беребиз.
🌐 Kelechek.Digital — веб-сайт жаратууда кызмат сунуш кылган биринчи кыргыз тилдүү веб-студия.
Кардардын талабына, муктаждыгына, максатына ылайык толук кандуу веб-сайттарды иштеп чыгарат.
🌐Kelechek.Digital дын адистери тарабынан UI&UX Design, Web-Design, Graphic-Design кызматтары аткарылып, brand-book, логотип жана веб-сайтка прототип, ошондой эле веб-сайттын адаптивдүү дизайны жасалат. Сайт жасоодо керектүү программалоо тилдери жана куралдары колдонулуп, толук функцияналдуу веб-сайт кардарга өткөрүлүп берилет.
Команданын жасаган жумуштары менен сайтына баш багып, таанышып кетсеңиздер болот:
kd.choyro.com
👩🏻💻🧑🏻💻Айтмакчы, Kelechek.Digital веб-студиясынын програмчы жана дизайнерлери — учурунда Айдана Өмүрбаева, Бакыт Абдишов, Тимур Моун жана башка IT-адистеринин демилгеси менен башталган Жылдыз Академиянын «Келечек» долбоорунда билим алган бүтүрүүчүлөрү.
Kelechek.Digital командасына таза код жана жаңы ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!
962
«Чырак» санариптик окутуу долбоору SAP IT-Концерни тарабынан LinkedIn жана Twitter аркылуу дүйнөлүк коомчулукка чыгарылды.
Бүгүн 2-декабрь «Компьютердик сабаттуулук күнү». Бул күнгө карата Германиянын белгилүү компаниясында ондогон долбоорлордун арасынан эки долбоор тандалып, анын бири «Чырак» болду.
Аталган долбоорду «Чөйрөнүн» негиздөөчүлөрү Азамат Токтакунов жана Махабат Садырбектин демилгелери менен SAP IT-Концернинде эмгектенген чөйрөчү Калыгул Жунушбеков сунуштаган.
Муну менен биз санариптик аймакта дүйнөлүк деңгээлдеги уюмдар жана компаниялар менен кызматташууга алгачкы кадамдарды таштагандай болдук.
Бул жакшы жаңылыкты көпчүлүккө жеткирүү үчүн постту жактырып, колдоо сөздөрүн жазып, бөлүшөбүз.
https://www.linkedin.com/posts/jan-gilg_s4hana-digitaldivide-worldcomputerliteracyday-activity-7004369464540479488-NESn/
https://twitter.com/JanGilg/status/1598608971190792192
962
Салам, достор!
⠀
📣Назарыңыздарда «Чөйрөчүлөр баяндайт» рубрикабыз. Бүгүн сиздерди Чөйрөчүлөрдүн катарындагы күжүрмөн, эмгекчил өкүлү — Айпери Абдыгазы кызы менен тааныштырмакчыбыз.
⠀
«Өзгөлөрдөн өзгөчө болсом дагы кыялдарым алардан айрымаланбаган "Окууну бүтүп, борборго барып, чоң окуу жайга тапшырып психолог болом..." деп дегдегендерден элем.
⠀
А бирок, "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" демекчи, убакыт өтүп, мына ошол окууну бүткөн соң, борборго келсем эле мени чоң окуу жайлар тосуп албаарын, ал жердин шарттары мен үчүн эмес экенин түшүндүм.
⠀
Кантсе да жөн эле кол куушуруп, кыялдарымдан баш тартып отуруп калбоонун чарасын көрүп, өзүмө ылайыктуу кесиптердин ичинен АйТи тармагын тандап, билим алуунун жолдорун издеп баштадым.
⠀
Балким бул сөздөрүм кээ бир адамдарга таң калычтуу чыгаар, ошентсе да БАКТЫМА ЖАРАША ал учурда COVID-19 эпидемиясы бизге "Онлайн окуу" деген нерсени, жана окууга менин да мүмкүнчүлүгүм бар экенин көрсөтүп, мен үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өзүмө болгон ишенимди жогорулатты.
⠀
Талыкпаган изилдөөлөрдүн, күжүрмөн аракеттин жана бекем ишенимдин аркасында Жылдыз Академиясынын "Келечек" долбоорунда акысыз Front-End багытында билим алууга мүмкүнчүлүк алдым.
⠀
АйТи дүйнөсүнө келгениме 1 жарым жыл болсо дагы, жашоого болгон көз карашымды 100% өзгөрттү десем жаңылышпайм, себеби бул убакытта өзүмдөгү көптөгөн жөндөмдөрдү ачтым, өз кесибимди таптым, жаңы нерселерди үйрөндүм. Эң башкысы — мыкты максаттуу ЧӨЙРӨ гө туш болдум.
⠀
Азыркы учурда Чөйрөдө "Кыргызча психология" долбоорунда кыялдарымдын бири болгон ПСИХОЛОГИЯ багытында SMM жана ошондой эле менеджерлик кызматында иш алып барып жаткан учурум.
⠀
"Кыргызча психология" долбоору - жарандарыбызга кыргыз тилинде психологиялык сабаттуулукту жайылтуу, психологдор менен карапайым мекендештерибиздин ортосундагы аралыкты жакындатып, диалогду кыргыз тилинде түзүү, кыргыз тилинде кесипкөйлүктү арттыруу максатында иштеп келебиз.»
962
Салам, достор!
⠀
📣Назарыңыздарда «Чөйрөчүлөр баяндайт» рубрикабыз. Бүгүн сиздерди Чөйрөчүлөрдүн катарындагы күжүрмөн, эмгекчил өкүлү — Айпери Абдыгазы кызы менен тааныштырмакчыбыз.
⠀
«Өзгөлөрдөн өзгөчө болсом дагы кыялдарым алардан айрымаланбаган "Окууну бүтүп, борборго барып, чоң окуу жайга тапшырып психолог болом..." деп дегдегендерден элем.
⠀
А бирок, "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" демекчи, убакыт өтүп, мына ошол окууну бүткөн соң, борборго келсем эле мени чоң окуу жайлар тосуп албаарын, ал жердин шарттары мен үчүн эмес экенин түшүндүм.
⠀
Кантсе да жөн эле кол куушуруп, кыялдарымдан баш тартып отуруп калбоонун чарасын көрүп, өзүмө ылайыктуу кесиптердин ичинен АйТи тармагын тандап, билим алуунун жолдорун издеп баштадым.
⠀
Балким бул сөздөрүм кээ бир адамдарга таң калычтуу чыгаар, ошентсе да БАКТЫМА ЖАРАША ал учурда COVID-19 эпидемиясы бизге "Онлайн окуу" деген нерсени, жана окууга менин да мүмкүнчүлүгүм бар экенин көрсөтүп, мен үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өзүмө болгон ишенимди жогорулатты.
⠀
Талыкпаган изилдөөлөрдүн, күжүрмөн аракеттин жана бекем ишенимдин аркасында Жылдыз Академиясынын "Келечек" долбоорунда акысыз Front-End багытында билим алууга мүмкүнчүлүк алдым.
⠀
АйТи дүйнөсүнө келгениме 1 жарым жыл болсо дагы, жашоого болгон көз карашымды 100% өзгөрттү десем жаңылышпайм, себеби бул убакытта өзүмдөгү көптөгөн жөндөмдөрдү ачтым, өз кесибимди таптым, жаңы нерселерди үйрөндүм. Эң башкысы — мыкты максаттуу ЧӨЙРӨ гө туш болдум.
⠀
Азыркы учурда Чөйрөдө "Кыргызча психология" долбоорунда кыялдарымдын бири болгон ПСИХОЛОГИЯ багытында SMM жана ошондой эле менеджерлик кызматында иш алып барып жаткан учурум.
⠀
"Кыргызча психология" долбоору - жарандарыбызга кыргыз тилинде психологиялык сабаттуулукту жайылтуу, психологдор менен карапайым мекендештерибиздин ортосундагы аралыкты жакындатып, диалогду кыргыз тилинде түзүү, кыргыз тилинде кесипкөйлүктү арттыруу максатында иштеп келебиз.»
962
Арыбаңыздар, Чөйрөчүлөр!
🤩Жолугушуу рубрикабыз уланууда. Бул ирет Түркиядагы мекендешибиз менен байланышка чыгабыз.
📣Коногубуз дарыгер-терапевт Элиза Сатарова болмокчу. Түркияда медициналык билим берүүдө алдынкы окуу жайлардын катарына кирген Стамбул Университетинин медициналык бөлүмүн аяктаган. Азыркы тапта Стамбулдагы бейтапканалардын биринде эмгектенет.
❗️Бул жолу калкыбыз тарабынан көп маани берилбей, бирок дарыланбаса адамдын өмүрүнө оор залакасын тийгизген илдет - кант диабети жөнүндө сүйлөшөбүз.
Жолугушууда:
⁃ Кант диабети деген эмне
⁃ Эмне үчүн өз убагында дарыгердин көзөмөлүндө дарылануу абдан маанилүү
⁃ Оору күчөп кетсе кандай кесепеттерге алып келет
ушул жана башка суроолорго жооп алабыз.
❕Андыктан бул маанилүү жолугушууну өткөрүп жибербей, тууган, кошуна, досторуңуздарга кабар берип, чакырып, адисибиздин кеп-кеңештерин угуп кетиңиздер.
⏰Убактысы: 26-ноябрь, 21:00
🔗Zoom-шилтеме:
https://us06web.zoom.us/j/82966673453?pwd=R1NtVkErZ01QUE41UGpGd2NDVjNBdz09
Алып баруучу: Гулира Калыкова
962
Саламатсыздарбы, урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана Кыргызстандын жаратмандары!
Сиздерди 27-ноябрда Германиядан иш сапары менен келген «Чөйрө» коомчулугунун негиздөөчүсү, тажрыйбалуу IT-адис жана социалдык ишкер - Азамат Токтакунов менен Салымбеков Университетинде өтө турчу оффлайн жолугушууга чакырабыз.
Иш чара эки бөлүктөн турмакчы:
1-бөлүк:
«Чөйрөнүн» ичиндеги долбоорлор менен жабык жолугушуулар өтөт.
2-бөлүк:
«Келечек», «Чырак» долбоорлорунун студенттери менен, андан соң «DevKurultay» IT-коомдоштук менен жолугушуу болот.
17:00 «Чөйрөнүн» негизги жалпы жолугушуусу башталат.
Долбоорлор менен жабык жолугушуулар:
09:00
Kelchek.Digital, Kutucha,
Чөйрө Event & Чөйрө Media
Кыргызча психология
11:00
ChyrakSMM
ТилБил
IT айылдан башталат
ITге Бирге
Демилге
13:00 Түшкү тыныгуу
Ачык жолугушуулар:
14:00 «Келечек» студенттери менен жолугушуу. «ITге кирүү» (Hard Skills) тууралуу маек
15:00 «Чырак» студенттери менен жолугушуу. «Тайм менеджмент» (Soft Skills) тууралуу маек.
16:00 «DevKurultay» - кыргыз тилдүү IT-коомдоштук менен жолугушуу. Релокация, кантип Германияга кетсе болот, Германиядагы жашоо тууралуу маек.
17:00 «Чөйрө» - жалпы жолугушуу. Долбоор жасоо, «Чөйрөдөгү» долбоорлор тууралуу маек.
Кириш сөз: Салымбеков Университетинин Президенти
Жумадилов Амангелди Жумадилович
Дареги: Бишкек, Ахунбаева көч., 125/2, Салымбеков Университети (Малдыбаева көч. менен кесилишет)
Жолугушууга катталуу: https://forms.gle/EZ2Y7kucDSn5fGE97
962
18-ноябрда Чөйрөчүлөр Азамат Жаманкулов, Шайыргүл Манапова жана Мээрим Абдрахман кызы Салымбеков Университетинде студенттер менен жолугушуу өткөрүшүп, «Чөйрөнүн» негиздөөчүсү Азамат Токтакунов Германиядан жолугушууга онлайн катышып, жаш муунга «Чөйрө» жана анын долбоорлору жөнүндө айтып беришти.
962
📣 Урматтуу достор!
Кайрадан бизде кызыктуу адамдар менен жолугушуу уланмакчы.
📌 Тема: Биздин өлкөдө акыркы жылдардагы IT тармагынын өнүгүшү
👨💻 Конок: Турат Алыбаев
Өтүүчү жай: Инста Live
Убактысы: 20.11.22 / 21:00
👤 Биздин бул жолку коногубуз @weproject.media баракчасынын версиясы боюнча эң популярдуу кыргыз тилдүү IT блоггер, Flutter Developer, агартуучу жана @ackmatoff_itc компаниясынын негиздөөчүсү Турат Алыбаев болмокчу.
🔺 Жолугушууда:
🔹 Flutter тилинин азыркы таптагы популярдуулугу.
🔹 Кыргыз тилинде IT'нин өнүгүшү.
🔹 Кыргызстанда туруп, чет өлкөгө иштөөгө мүмкүнчүлүгү жана дагы сиздер даярдаган кызыктуу суроолорго жооп бермекчи.
💬 Андыктан сизди кызыктырган суроолор болсо даярдап келиңиздер.
☝️ Баса... биздин коноктордун маеги кызык болуп жатабы?
💯 Чөйрө сиз каалаган конокту чакырып, жолугушуу уюштурганга ар дайым даяр.
❓ Кайсы тармак боюнча кызыктуу конокторду көрүңүз келет, же кимди чакырууну каалайт элеңиз?
↪️ Комментарийге, сизге кызык болгон конокту сунуштап кетиңиз.
