en
Feedback
Чөйрө

Чөйрө

Open in Telegram

Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер choyro.com

Show more
962
Subscribers
No data24 hours
No data7 days
No data30 days
Posts Archive
Арыбаңыздар, урматтуу Чөйрөчүлөр! ⠀ Central Asian Tech Awards 2023 алкагында биздин дос-долбоор Жылдыз Академиясы «Лучший вклад в IT» номинациясында талапкер. ⠀ Жылдыз Академиясы — аралыктан санариптик билим берүү борбору. ⠀ Жылдыз Академиянын негизги максаты — өмүр бою билим алууга даярдоо, азыркы учурда маанилүү болгон үйрөнүү, өз алдынча изденүү, командада иштөө, баарлашуу, чыгармачыл, критикалык ой жүгүртүү сыяктуу ийкемдүү көндүмдөрдү өркүндөтүп, АйТиге кирүүгө жардам берип, санарип көчмөндөрдүн санын көбөйтүү. ⠀ Чет өлкөдө жашап, эмгектенген мекендештерибиз, кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын демилгеси, жардамы жана колдоосу менен Жылдыз Академиянын алкагында «Келечек», «Чырак» акысыз онлайн IT окутуу долбоорлору болуп өттү. ⠀ Бул долбоорлорго жаш-курагына, кесибине, алган билимине карабай Кыргызстан менен кошо дүйнө жүзүнүн ар кайсы булуң бурчунда жашаган миңдеген кыргыз атуулдары катышышып, алар үчүн IT деген чоң дүйнөнүн эшиги ачылып, заманбап билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. ⠀ Өзгөчө «Чырак» долбоорун белгилей кетсек, атайы кыргыз айымдарына, кыз-келин, апа, эже-сиңдилерибизге арналган долбоор. Бул долбоор аркылуу 8 миңден ашуун аялзатыбыз PM, UI/UX Design, SMM сыяктуу АйТидеги кесиптер менен таанышып, санариптик билим алып, ийкемдүү жөндөмдүүлүктү өздөштүрүштү. Жана эң негизгиси — муну менен бирге алардын адистик, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, чыгармачылык потенциалын жана коомдогу социалдык орундарын жогорулатууга өбөлгө түзүлдү. ⠀ Бул долбоорлор Жылдыз Академиясынын жетекчилиги менен көптөгөн ментор, IT-адистери, демөөрчүлөр, ыктыярчылар жана активисттердин жардамы менен иш жүзүнө ашып, IT тармагына кошулган мыкты салым деп ишенебиз. ⠀ Андыктан Central Asian Tech Awards 2023 «Лучший вклад в IT» номинациясында Жылдыз Академиясын колдоп, добуш берүүгө чакырабыз: https://kssda.kg/awards2023/vote-contribution

photo content

Салам, достор! KSSDA тарабынан уюштурулган Central Asian Tech Awards 2023 «IT тармагындагы жылдын мугалими»/«IT педагог года» номинациясында Мирлан Уржанов агайыбыз талапкер болуп көрсөтүлдү. Мирлан агай Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынын тургуну. Негизги жумушунан тышкары Жылдыз Академиясында менторлук кылып, «Келечек» акысыз IT окутуу долбоорунда 3 миң студентке Front-End Development багыты боюнча он-лайн сабак өткөрдү. «Келечек» долбооруна АйТи окуйм деп дүйнөнүн булуң бурчунан катталган жердештерибизге мыкты деңгээлде сабак түшүндүрүп, көпчүлүк үчүн АйТидеги биринчи мугалими болду. Окуучулары «Мирлан агайдай оорду жеңил кылып жеткиликтүү түшүндүрүп берген мугалимдер аз»,-деп ыраазычылыгын билдирет. Натыйжада окуучуларына АйТи дүйнөсүнө кирүүгө бекем пайдубал куруп, андан ары кесипти өздөштүрүп, өнүктүрүп, бул тармакта өз ордун тапканга эбегейсиз салымын кошту. Келгиле, достор, сиздер дагы Мирлан Уржанов агайыбызды колдоп, бул шилтеме аркылуу добуш берип кетиңиздер: https://kssda.kg/awards2023/vote-educator Ар бир добуш маанилүү❣️

photo content

Саламатсыздарбы, урматтуу Чөйрөчүлөр! ⠀ KSSDA (Кыргызская ассоциация разработчиков программного обеспечения и услуг) тарабынан Central-Asian Tech Awards 2023 уюштурулуп, «IT тармагындагы жылдын айымы»/ «Женщина года в IT» наамы үчүн «Чөйрөнүн» активдүү катышуучусу - Сайкал Дилдемурат талапкер катары көрсөтүлдү. ⠀ Сайкал Дилдемурат өзү чет жакта жашаганы менен жүрөгү Кыргызстан үчүн соккон чыныгы патриот лидер айым. Учурунда Жылдыз Академияда уюштурулган «Келечек», «Чырак» акысыз он-лайн IT окутуу долбоорлорунда дүйнөнүн төрт бурчунан катталган миңдеген мекендештерибиздин окутуу процессин уюштуруу, үзгүлтүксүз жардам берүү үчүн ыктыярчы-менеджер катары болгон күчүн жумшады. Өзгөчө «Чырак» долбоорунда 8 миңден ашык айымдарыбызга заманбап IT кесиптерин өздөштүрүү, санариптик сабатсыздыкты жоюу боюнча модераторлордун тобун жетектеп, эбегейсиз салым кошту. ⠀ Андыктан сиздерди «IT тармагындагы жылдын айымы»/«Женщина года в IT» номинациясында Сайкал Дилдемуратка добуш берип колдоп коюуңуздарды суранабыз! ⠀ Добуш берүү https://kssda.kg/awards2023/vote-woman-year сайтында жүрүп жатат.

photo content

Компьютер 💻түшпөй колумдан, Жонум шумдук талыган. Көчөдө «смог» деп көп чыкпай, Толгонсуп дагы баратам. Жибитип анда денени, Волейбол ойноп келели! Жабык залда🏠 ойнойбуз, Эшиктеги ызгаарды тоготуп да койбойбуз🌬️ Чөйрөчү кошул биз жакка, 300 сом💰 ыргыт капчыкка. Активдүүлүк көрсөтсөк, Берилет мактоо баракча🥇

Салам, Чөйрөчү🤗 📢 Бишкектеги Чөйрөчүлөр «Чөйрө-Волейбол» спорттук иш-чарага чакырат. 2023 жылдын IT адисине эмне керек? Алб
Салам, Чөйрөчү🤗 📢 Бишкектеги Чөйрөчүлөр «Чөйрө-Волейбол» спорттук иш-чарага чакырат. 2023 жылдын IT адисине эмне керек? Албетте: HARD SKILLS SOFT SKILLS жана дагы SPORT SKILLS 🥇 Компьютердин алдында отуруп, моюнуңуз талыдыбы, дем алыш күнүн Чөйрөчүлөрдүн чөйрөсүндө кызыктуу өткөргүңүз келеби? 🏐 Анда 5 - февралда боло турган "Чөйрө -Волейбол" спорттук иш чарасына сизди чакырабыз Чөйрөчүлөрдүн ынтымагын чыңдап, IT багытындагы жаңылыктар менен бөлүшүп, активдүү убакыт өткөрөбүз. Иш чарага катышуунун шарттары жөнөкөй: 💲1. Иш чаранын уюштуруу иштерин каржылоого Optima Bank 💳4169 5853 4605 4843 M. Sh же #️⃣+996700280813 номерине бирдик катары 300 сомдон которуу. 🌟 Сөзсүз +996700280813 номерине чек жөнөтүүнү унутпаңыз 💲 2. Жаркылдаган маанай менен досторуңузду эрчитип келиңиздер 👭⛹️‍♂️⛹️‍♂️⛹️‍♂️ 📍Дареги: Бишкек, Арча Бешик конушу,Кара-Кужур көчөсү, 88

Салам, достор! «Чөйрөнүн» негиздөөчүсү Азамат Токтакунов агай өзүнүн жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, үйрөтүп, окутуу үчүн онла
Салам, достор! «Чөйрөнүн» негиздөөчүсү Азамат Токтакунов агай өзүнүн жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, үйрөтүп, окутуу үчүн онлайн IT Демилге курстарын уюштуруп жатат. Үч айлык IT (Soft Skills + Hard Skills) онлайн-курс, 01.02.2023 - 30.04.2023 Курста үйрөнгөндү үйрөнөбүз, пландоо жана тартип, кыялдануу жана алдыга максаттарды коюу, идеяны ишке ашыруу, сайт жасоо, SMM жана соц. тармактарда иштөө, бренд түзүү жана иштерди бүтүрүү. Айына 10 000 сом/рубль же 100 $/€. Толук маалымат 👇🏻 https://choyro.com/itdemilge/

Уважаемые соотечественники, приглашаем вас на встречу «Мы через ИТ построим мост между Германией и Кыргызстаном», которая состоится в здании Посольства Кыргызстана в Берлине 13-января, в 17:00: «Всем доброго дня! Меня зовут Авигаиль Менаше, я директор Ассоциации ИТ компаний КАРПОУ. Приехала с рабочим визитом продвигать кыргызский tech в Германии, так как мы видим большой потенциал в построении мостов между Кыргызстаном и Германией. Мы представляем более 250 ИТ компаний из КР и в 2022 году организовали форум Центральная Азия и США (https://kssda.kg/itforum), где нам удалось привлечь американских партнеров, запустить совместные учебные программы и привлечь внимание международных медиа. Чтобы наладить контакты я побывала в нескольких городах, теперь собираюсь в Берлин (12-15.01), потом в Гамбург. 13-января хочу встретиться с нашими коллегами- соотечественниками, чтобы обсудить как в будущем привлечь партнеров для 1) аутсорс проектов и аутстаф, 2) обмениваться опытом в рамках образовательных программ 3) также найти единомышленников, чтобы продвигать kyrgyz tech в Германии, 4) планировать организацию следующего ИТ-форума в Берлине». Если вам интересно как развивается ИТ отрасль в Кыргызстане, и есть интерес поддержать страну и развивающийся сектор, и в будущем хотели бы продвигать Кыргызские компании, будем рады с вами увидеться в эту пятницу вечером по адресу: Otto-Suhr-Allee 146 10585 Berlin.

photo content

«Кыргызча психология» — бул кыргыз тилинде психологиялык сабаттуулукту өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жаткан долбоор. ⠀ Долбоордун тарыхы: 2021-жылы Кыргыз-Тажик чек арасында чыр-чатак чыгып, көптөгөн адамдар материалдык жана моралдык жактан жабыркап турган убакта, ыктыярчы психологдор менен IT-адистери биргеликте платформа түзүп чыгышкан. ⠀ Платформанын жардамы менен биздин ыктыярчы психологдор ошол чыр- чатак чыккан аймактагы психологиялык, эмоционалдык жактан (катуу стресс, коркуу, паникалык атака ж.б.у.с) жабыр тарткан адамдар менен байланышып, 1 ай ичинде 44 адамга моралдык жактан жардам беришкен. ⠀ Долбоордун максаты: 🔸Жарандарыбыздын психологиялык сабаттуулугун жогорулатуу; 🔸 Психологдор менен кардарлардын ортосундагы аралыкты жакындатып, диалогду кыргыз тилинде түзүү; 🔸Кыргыз тилинде кесипкөйлүктүү арттыруу; 🔸Интернет тармагы аркылуу кыргыз тилинде сапаттуу психологиялык маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүү. ⠀ «Кыргызча психология» долбоорун колдоо үчүн 👇🏻 ⠀ https://ashar.team/product/kgpsy/

Түз эфир башталды 🤩 https://instagram.com/choyrocom
Түз эфир башталды 🤩 https://instagram.com/choyrocom

Кутман күн, Чөйрөчүлөр! Назарыңыздарга «Кыргызча психология» долбоорунун негиздөөчүсү, учурда Францияда когнитивдик-бихевиора
Кутман күн, Чөйрөчүлөр! Назарыңыздарга «Кыргызча психология» долбоорунун негиздөөчүсү, учурда Францияда когнитивдик-бихевиоралдык терапия жаатында эмгектенген жердешибиз Зейне Кудайбергенованын «Азаттык» телеканалына берген интервьюсун тартуулайбыз. Зейне Кудайбергенова Кыргызстанда психология бөлүмүн аяктап, балалык кыялын орундатып Францияга келген. Ал жакта француз тилин өздөштүрүп, кайра баштан французча психологияны окуган. Учурда Лион шаарында психолог болуп иштейт. Кыргызстандан алыста болсо дагы психология илимин кыргыз тилинде аныктоо жана өнүктүрүү үчүн өз салымын кошконго умтулат. Интервьюну толугу менен ушул шилтеме аркылуу көрө аласыздар: https://youtu.be/_9eC_zL2ovM?t=838

Салам, достор! ⠀ Бул Жекшемби күнү 25-декабрда, кечки саат 21:00дө кезектеги Insta-Live жолугушууга чакырабыз. ⠀ 👉🏻 https:/
Салам, достор! ⠀ Бул Жекшемби күнү 25-декабрда, кечки саат 21:00дө кезектеги Insta-Live жолугушууга чакырабыз. ⠀ 👉🏻 https://instagram.com/choyrocom ⠀ Мейманыбыз «Кыргызча психология» долбоорунун менеджери — Айнек Муратбекова болмокчу. ⠀ Айнек Муратбекова 2022-жылдын башында долбоорго ыктыярчы болуп келген. Кесиби боюнча психолог. 2019-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетин Психологилык кеңеш берүү жана көмөк көрсөтүү бөлүмүн, 2022-жылы Кыргыз Улуттук Университетинде психология багыты боюнча магистратураны аяктаган. ⠀ Жолугушууда эмне үчүн психология илимин кыргыз тилинде аныктап, өнүктүрүү маанилүү экендиги тууралуу маек курабыз. ⠀ Психология жөнүндө билгенден билбегенибиз көп, андыктан суроолоруңузду камдап, түз эфирге катышыңыздар.

«Чөйрөчүлөр баяндайт» рубрикабызда бүгүн «Кыргызча психология» долбоорунун мүчөсү Гулира Маткурбанова болмокчу: ⠀ «Менин атым Гулира Маткурбанова. «Чөйрөгө» 2020-жылы июнь айында корона вирусу боюнча дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан чогулган дарыгерлер менен кошо Кыргызстан жарандарына онлайн медициналык кеңеш берип кошулуп калгам. Көптөгөн адамдарга жардам берип, өмүрүн сактап калууга аракет жасаганбыз. ⠀ Долбоор мен үчүн аябай чоң тажрыйбаларды, тааныштарды, досторду белек кылды десем болот. Дүйнөгө болгон көз карашым, адамдарга болгон мамилем өзгөрүп калган. Күлгөн да, ыйлаган да күндөрүбүз болгон иш учурунда. ⠀ 2021-жылы май айында Баткен чек арасындагы окуяларга байланыштуу «Кыргызча психология» долбоорунда координатор ролун аткарып жардам берип келгем. Жашаган үйлөрүнөн башка айылдарга, шаарларга качып келген жарандарыбызга психологиялык жардам көргөзүү максатында уюштурулган. ⠀ Ал кездерде КММАнын 4-5-6 курстарында окучумун. Окуум менен кошо Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия ооруканасында мед. айым болуп, андан соң 103 тез жардам кызматында фельдшер болуп иштечүмүн. ⠀ 2022-жылы сентябрь айында чек ара маселелери кайра козголгондуктан долбоорго кайра кошулуп, медициналык кеңеш жана координациялоо жагынан жардам бергем. ⠀ «Кыргызча психология» долбоорунда зордук-зомбулук, менталитет, ата-эне жана баланын ортосундагы түшүнбөстүктөр ж.б. көйгөйлөр менен иш алып баруу — негизги социалдык маселеси болуп саналат деп ойлойм. ⠀ Бул долбоор Зейне Кудайбергенова, Азамат Токтакунов байкенин чоң салымы жана жардамы менен ишке ашып, бүгүнкү күндө дагы көптөгөн адамдарга пайдасын тийгизип келип жатат деп ойлойм. ⠀ Долбоордо чогуу иштеген кесиптештерим менен аябай сыймыктанам. Биздин мамлекетте эмне болбосо дагы элибиз чогулуп бири бирибизге жардам берүүгө даяр экенибиз сүйүндүрөт. ⠀ Азыркы учурда Кыргызстандагы улуттук кызыл ай коомунда жана тез жардам кызматында дарыгер кызматкери болуп эмгектенем. Андан сырткары «Балдар нефрологиясы» багытында ординатуранын 1-жылында окуп жатамын. ⠀ Чөйрө менен көптөгөн долбоорлор менен иштешемин деген үмүттөмүн.»

photo content

«Кыргызча психология» долбоорун колдоо ⠀ 🇰🇬 «Кыргызча психология» долбоору мамлекеттик же жеке уюмдар тарабынан эмес, ыктыярдуу адамдар тарабынан элибиз үчүн түзүлгөн долбоор (peer-to-peer долбоору). ⠀ 🇰🇬 Кыргызстандын өнүгүшү биринчи кезекте адам факторуна түздөн-түз көз каранды деп эсептейбиз. ⠀ ❕Анткени, психикалык ден соолугунун деңгээли төмөн коом – бул зордук-зомбулук, коррупциянын, ажырашуулардын жана ташталган балдардын көрсөткүчүнүн деңгээли жогору болгон коом. Тилекке каршы, азыр Кыргызстанда психикалык жактан дени сак коом сыймыктана алчу көрсөткүчтө эмес. ⠀ 🤍Долбоорубуздун максаты – аң-сезимдүү, жоопкерчиликтүү жана бактылуу кыргыз коомун түзүүгө салым кошуу. ⠀ Аны ишке ашыруу үчүн биз конкреттүү эмне кылып жатабыз? ⠀ 👉🏻 Бир жылдан ашык убакыттан бери кыргыз тилинде психология боюнча билимди кеңири жайылткан контентти түзүп, психология тууралуу жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде айтып келебиз. ⠀ 👉🏻 Социалдык тармактарда депрессия жана тынчсызданууну жеңүү, суицидди алдын алуу, өзүн-өзү сыйлоону жогорулатуу, эмоцияларды башкаруунун жолдору ж.б. тууралуу жазуудабыз. ⠀ Аталган иштердин бардыгын азыр ыктыярчылар — негизги жумушу, үй-бүлөсү, окуусу жана башка милдеттери бар адамдар аткарып жатат. ⠀ 📌Бул жылы биздин команда жаңы, алда канча амбициялуу максаттарды коюуда: ⠀ 🔹Психологдордун каталогун жана психологдор менен онлайн-консультация ала турган сайт түзүүнү пландап жатабыз. ⠀ 🔹Социалдык тармактардагы кыргызча макалалардын жана маалыматтардын санын көбөйткүбүз келет. Бул биз менен иштеген психологдор, дизайнерлер, котормочуларга, ыктыярчыларга акы төлөө керек дегенди билдирет. ⠀ 🔹Долбоорду өнүктүрүү үчүн дизайнер, сүрөтчү, менеджер, SMM адиси, психологду ишке алуу керек. ⠀ 🔹Биз кыргыз тилинде эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү жана мамиле түзө билүү боюнча онлайн курс чыгарууну пландоодобуз. ⠀ 🔹Биз мындан ары ар кандай психологиялык маселелер боюнча жана ар кандай категориядагы кардарлар үчүн кыргыз тилинде тренингдерди жана курстарды иштеп чыгууну пландап жатабыз. ⠀ ❤️‍🩹Бул үчүн биз сиздин жардамыңызга муктажбыз! ⠀ 🤝Ар бириңиздер биздин долбоорго мүмкүн болгон суммадагы каражатты салуу менен колдоо көрсөтө аласыздар. Сиз биз менен биргесизби? https://ashar.team/product/kgpsy/

photo content
+4

🔥 «Чырак» долбоорунун бүтүрүүчүлөрү Багира Мураталиева, Дилбар Байтакова, Үмүт Айтбаева MediaHubка интервью берип келишти. «Чырактан» кийин жашоолорунда кандай өзгөрүүлөр болду, үй кожойкесинден АйТиге келген жолдору, жеке тажрыйбалары жөнүндө төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, көрсөңүздөр болот. https://youtu.be/KDqb-eqg0tw