Чөйрө
Open in Telegram
Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер choyro.com
Show more962
Subscribers
No data24 hours
No data7 days
No data30 days
Posts Archive
962
IT демилге
Soft Skills өнүктүрүү курсу
IT тармагында карьераңызды күчтөнтүү үчүн керектүү көндүмдөрдү үйрөтөбүз! Биз менен азыркы дүйнөдө ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон баарлашуу, өзүн-өзү башкаруу жана алдыга жылдыруу көндүмдөрүн өнүктүрүңүз.
https://choyro.com/itdemilge/
962
📢 «Келечек» армиясы,
бул жарыя сиздер үчүн!
💬Көптөн бери өзүбүзчө онлайн жолугуша элек экенбиз, андыктан бүгүн (30.05) кечки саат 20:00дө Zoom жолугушуу, баарлашуу кечесине чакырабыз.
❓«Ким кайсыл жакта? Эмне иш менен алексиңер? Кимге кандай жардам керек? Кандай жаңылыктар бар?»-деп кечинде чогулуп сүйлөшөбүз.
Zoom-шилтеме Келечек Discord серверине чыгат.
«Чырак» менен жолугушуу кийин болот, алдын ала кабар беребиз🙌🏼
962
Чөйрө, Келечек, Чырак үчүн бонустук программа
Салам достор! Силер билгендей, биз айтини жакшы көрөбүз, аны менен бирге айтини үйрөткөндү андан дагы көп жакшы көрөбүз. Акыркы жылдары айтиге көп кишини алып келдик, окуттук, тажрыйбабыз менен бөлүштүк, жашоолорун өзгөттүк. Эми бул мүмкүнчүлүктү дагы көп адам менен бөлүшкүбүз келет, аны менен бирге силерге дагы жаңы мүмкүнчүлүк түзүп бергибиз келет. Андыктан, биздин жаңы бонустук программага кошул!
Бекер оку
Эгерде сага биздин курстардын бирөөсү жакса, бирок окуганга акча каражат жетпесе, анда ошол курска үч адамды ээрчитип келип, бекер окусаң болот.
10%
Окубай эле, жөн гана акча тапкың келсе, анда биз сунуштаган курска жаңы адамдарды ээрчитип кел. Катталып, ай сайын которгон төлөмдөн 10% сеники.
https://choyro.com/itustat-chakyr
962
Урматтуу студенттер, чөйрөчүлөр жана айти-ышкыбоздору!
📣 Сиздерди 28-апрель күнү саат 15:00 Салымбеков атындагы университетте Германиядан келген программист, Чөйрөнүн кош негиздөөчүсү Азамат Токтакунов менен «IT деги тартип» темасында боло турган жолугушууга чакырабыз.
🎟️ Кирүү АКЫСЫЗ.
📍Дареги: Малдыбаев көч, 24 Б (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет)
962
Үй-бүлөлүк фотосессия - бул жакындарыңыз менен убакыт өткөрүүгө жана эсте калчу жаркын элестерди калтырууга сонун мүмкүнчүлүк. Фотограф @mukashovphoto үй-бүлөңүздүн ар бир мүчөсүнүн чын жүрөктөн болгон эмоцияларын жана сезимдерин сүрөткө кантип тартууну билет.
Сессия ыңгайлуу жана достук чөйрөдө өтөт, бул сизди эркин жана табигый сезүүгө жардам берет. Фотограф сизге кийим тандоого жардам берет, тартчу жайда жана камера алдында өзүңүзду туура жайгаштырууну айтып берет.
Жашооңуздун кооз көз ирмемдерин жакындарыңыз менен сактап калуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Фотограф @mukashovphoto менен үй-бүлөлүк фотосессияны азыртан заказ кылыңыз! Билдирүүнү дароо жазыңыз, фотограф сиз менен мүмкүн болушунча тезирээк байланышат.
Байланыш: @mukashovphoto
962
👋🏻 Баарыңыздарга салам! Сиздерди көптөн күтүлгөн менторлор менен болчу жолугушууга чакырабыз!
🔹Жолугушууда Жылдыз Академинин негиздөөчүсү Тимур Мон«Чырак» долбоорунун ментору
🔹Project Manager Сайкал Дилдемурат
🔹Жылдыз Академинин фронтенд боюнча ментор Мирлан Уржанов
🔹”Келечек" долбоорунун кыргыз тилиндеги фронтенд ментору жана Flatter developer Турат Алыбаев
🧑🏻💻 Жолугушууга келип, менторлорубузга суроолоруңузду берип, ой-пикирлериңиздер менен бөлүшүп кетиңиздер!
📍Дареги: Бишкеке шаары, Ахунбаев көчөсү 125/2
Салымбеков университети
962
📣Достор, кубанычтуу кабарыбыз бар🔥
Бүгүн Бишкекте IT Business Forum & Central Asian Tech Awards 2023 өткөрүлүп, номинациялардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. «IT тармагындагы жылдын айымы» номинациясында чөйрөчү Сайкал Дилдемурат жеңишке ээ болду🥇🏆
Жалпы «Чөйрөнүн» атынан Сайкал эжени жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана албан-албан ийгиликтерди каалайбыз🚀
962
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) чет өлкөдө коомдук өкүлдөрдү коомдук башталышта издөөдө.
Чет өлкөлөрдө эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Министрликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле аларга консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүү үчүн мекендештерибизден Министрлик менен кызматташууга көмөк көрсөтүүнү суранабыз.
Толугураак маалымат алуу үчүн кызматкерге +996 555 02 86 86 телефон номери менен А.Алтымышевага кайрылсаңыздар болот.
962
Урматтуу Чөйрө!
Атайын сиздер үчүн ,
ушул ишемби, таанылуу маркетолог Темирлан Аскеров сиздерди SMM боюнча баалуу маалыматтык мастер-класска чакырат. Жолугушууда, ал бул сонун кесиптин акыркы тенденциялары жөнүндө айтып берет. SMS адиси үчүн абдан зарыл болгон инсайттар жана илхом үчүн келиңиздер.
📍Креативдүү Кесиптер Мектеби Jarat co. Ахунбаев / Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилиши 125/2
📆 11-март, 15:00.
🔓 Кирүү акысыз.
🤩 Көрүшкөнчө!
Профессионал менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
962
«Чырак» долбоорунда окуп, билим алып, андан соң «IT Демилге» долбоорунда тажрыйба топтоп, «Hack IT»’ге катышып, акыры «КоозТарт» студиясын ачып, АйТи жаатында эмгектенип жаткан айымдарыбыз менен сыймыктанабыз, иштеринде албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!👏🏻
«Чөйрө» - идеялар ишке ашкан жер деп бекеринен айтпайт болушубуз керек, бул жерде тилектеш-санаалаш, жаратман инсандар чогулуп, ойлогон ой-максаттар орундалат🔥
962
5-март күнү Салымбеков Университетинде “Чөйрө Жаратман Борборунда” “Чырактын” бүтүрүүчүлөрү чогулуп, долбоордун 1 жылдыгын өткөрүштү. Майрамдык иш-чарага долбоордун бүтүрүүчүлөрү, модератор жана менторлор катышышты. 1 жылдын ичиндеги жетишкендиктер, алдыга коюлган максаттар айтылып, модератор жана мугалимдерге ыраазычылык билдирип, белектер ойнотулуп, жолугушуу концерт менен коштолду.
962
Арыбаңыздар, урматтуу Чөйрөчүлөр!
📣Жакшы жаңылыктарыбыз бар
🔥 IT Business Forum & Central Asian Tech Awards 2023’тө добуш берүүлөрдүн натыйжасында төрт талапкерибиздин бардыгы 1-турдан өтүштү.
🏆 “IT тармагындагы жылдын мугалими” - Мирлан Уржанов
🏆 “IT тармагындагы жылдын айымы” - Сайкал Дилдемурат
🏆 “IT тармагындагы жылдын эң мыкты салымы” - Jyldyz Academy
🏆 “IT тармагындагы жылдын экспансиясы” - Чөйрө
🥇Кийинки турда дагы ийгилик каалайбыз🥇
🤩Добуш берип, колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз.
962
Эмгек мигранттары жөнүндө көпчүлүгүбүз көрүп, угуп жүрөбүз, бирок экологиялык мигранттар жөнүндө билесизби?
⠀
Экологиялык мигранттар - отуракташып калган жерлеринен курчап турган чөйрөнүн бузулушу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери, табигый кырсыктарга (жер көчкү, сел, суу ташкындары ж.б.у.с) байланыштуу жер которуп көчүп кетүүгө мажбур калган адамдар.
⠀
Экологиялык миграция процесстерин козгогон факторлордун арасында таза суунун жана жердин жетишсиздиги, түшүмдүн түшпөй калышы жана табигый кырсыктар болуп саналат. Бул малчылардын жана дыйкандардын санынын азайышына, алыскы райондордогу жана чек арага жакын аймактардын жок болуусуна алып келет.
⠀
Бул кырдаал Кыргызстандын аймактарында курчуп жаткан учуру жана тышкы, ички миграцияны күчөтүүдө.
⠀
Видео-тасмадагы Шабданбек Исмаилов Ош облусунун Алай районунан. Кыргызстандын түштүгүндөгү бул тоолуу аймак тез-тез табигый кырсыктар менен белгилүү. Жер көчкү, сел, суу ташкындары аймактын бардык тургундары үчүн кадимки, үзгүлтүксүз көрүнүштөр.
⠀
Миграция боюнча Эл аралык уюм (МОМ) экологиялык миграцияны эл аралык, аймактык жана улуттук маселелердин өзөгүнө киргизүүгө умтулуп, оперативдүү изилдөө, саясат жана пропагандалык аракеттердин башында турат. 2021-жылы МОМ 2021-2030-жылдарга миграция, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүүсү боюнча 10 жылдык институционалдык стратегиясын ишке киргизди.
⠀
Бул орчундуу маселе тууралуу чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар дагы тынчсызданып, чечүү жолдорун изденишүүдө. Климаттык жана башка тобокелдиктерди эсепке алуу жана интеграциялоо боюнча бир катар чараларды көрүү зарыл жана калк арасында муну менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү абзел.
https://youtu.be/T5lbjgiUCmo
962
Чырашкалар тартуулайт:
🌷Салам Чырактын сулуу айымдары!
👩💻IT дүйнөсүнө бизди багыттаган”Чырак” долбооруна саналуу күндөрдөн кийин “1 жыл”🥳🥳🥳
🌷Тактап айтканда, Дискордтун эшигин каккылап, терезесин черткилеп, агай-эжей, модераторлордун бир далай нерв клеткаларын чымыратып асмандан түшкөн “Айдандай” болуп, былтыр ушул күндөрү Чыракка катталдык эле🥰
🌷Уйкусуз таңдарды 🌅атырып, ноушнды катырып, чырылдаган балдарга карабай өмүрүбүздөгү эң кызыктуу, айтып бүткүс жомоктой үч айлык курсту окудук🤯
🌍Дүйнө таанымыбыз кеңейди, көзүбүз 👁️ачылды, багытыбызды алдык, чыгармачыл изденүүдөбүз🧐🧐🧐
🌷Ушул сонун күндөрү эстеп, максаттарыбызды аныктап, чер жазышып, Чырактын алгачкы туулган күнүн чогуу белгилөө үчүн баарыбыз чогулалы🙋♀️🏃♀️.
🌷Чырактын ажарлуу айымдары, сиздерди 5-мартта, саат 14:00 дө Салымбеков университетинде күтөбүз 🤩🤩🤩
🌷Билинбей өткөн бир жылдын таржымалы, сиздер менен кызыктуу 🌟🌟🌟
🌷Күтөбүз 🥰
962
Өткөн жылы ушул маалда «Чырак» долбооруна кызуу даярдык жүрүп, 8-март күнү расмий түрдө долбоор башталган. Арадан көз-ачып жумгуча бир жыл өтүп калыптыр.
Долбоордун катышуучулары «Чөйрөдөгү» Телеграм чатта @chyrakchat топтолуп, бир жыл ичинде «Чырактан» кийин жашоосунда, кесибинде кандай өзгөрүүлөр, жетишкендиктер болду, алдыга коюлган максаттарды талкуулап, Бишкекте жолугушуу өткөрүү пландалып жатат.
Эгер али кошула элек болсоңуз, «Чырак» долбоорунда окуп, билим алган бардык бүтүрүүчүлөрүн ушул чатта күтөбүз:
https://t.me/chyrakchat
962
Өткөн жылы ушул маалда «Чырак» долбооруна кызуу даярдык жүрүп, 8-март күнү расмий түрдө долбоор башталган. Арадан көз-ачып жумгуча бир жыл өтүп калыптыр.
Долбоордун катышуучулары «Чөйрөдөгү» Телеграм чатта @chyrakchat топтолуп, бир жыл ичинде «Чырактан» кийин жашоосунда, кесибинде кандай өзгөрүүлөр, жетишкендиктер болду, алдыга коюлган максаттарды талкуулап, Бишкекте жолугушуу өткөрүү пландалып жатат.
Эгер али кошула элек болсоңуз, «Чырак» долбоорунда окуп, билим алган бардык бүтүрүүчүлөрүн ушул чатта күтөбүз:
https://t.me/chyrakchat
962
25-февралда Салымбеков Университетинде Jarat.co Креативдүү кесиптер мектеби ачылды.
Ачылыш аземинде баяндамачылардын арасынан чөйрөчү Нурбаян Нурбекова «Чөйрө Жаратман Борборунда» жасалып жаткан «better together» экологиялык долбоору жөнүндө айтып берди.
Нурбаян Нурбекова: «Баарыңыздарга ысык салам, менде бир идея бар.
Атадым мен муктаж жана жардам деп ,
Азыр коомдо жакшы адамдар абдан көп.
Бул идея келди менин башыма,
Балким коомго тийгизеби пайда деп.
Чөйрөбүздө жашайт ар түр адамдар,
Бири өйдө, бири ылдый ар кандай.
Ушул нерсе тең салмактуу болсо деп,
Түзгүм келди чөйрөгө, же барбы андай?
Кызыктырбай идеямды айтайын
Түзгүм келет төмөнкүдөй бир сайтты,
Колубуздан келет ! - деп мен баштайын,
Жетебиз! - деп койдум бийик максатты.»
962
Кутман күн, достор!
⠀
Биздин «Чөйрө» IT Business Forum & Central Asian Tech Awards 2023’тө «Экспансия года» номинациясында талапкер.
⠀
Бул номинацияда талапкер болгон себебибиз — «Чөйрөнүн» алкагында долбоорлор аркылуу IT тармагынын маанилүүлүгүн Мекенибиздин булуң-бурчуна жеткирип, кыргыз тилинде маалымат көбөйтүүгө чоң салым коштук деп ойлойбуз. Кыргыз Республикасынын 7 обласында жергиликтүү айылдардын тургундары менен бирге иштер жүргүзүлүп, муну менен гана чектелбестен Европа мамлекеттеринде (Германия, Бельгия, Италия, Чехия, Польша), Азия өлкөлөрүндө (Түштүк Корея, Япония, Кытай, Түркия), алыскы Америкада (АКШ, Канада) жашаган кыргыздар
менен биргеликте долбоорлордун үстүндө иш алып бардык.
⠀
«Чөйрөдө» жалпы кыргыз коомчулугуна арналган коммерциялык жана социалдык IT долбоорлор: психология, көз карандысыз медиа, кыргызча подкаст, алгачкы кыргыз тилдүү веб-студия, дизайн, билим берүү, демилге көтөрүү жана кызматташуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иш-чаралар замандын талаптарына жооп берген керектүү, пайдалуу, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салымын кошкон потенциалы чоң демилгелер деп ишенебиз.
⠀
Бул иш-чараларды бекемдөө, жайылтуу жана өнүктүрүү максатында 2022-жылы Швейцарияда «Чөйрө 2022» форумун уюштурдук. Форумга Кыргызстандын саясий, экономикалык, экологиялык, маданий, илимий жана көркөм өнөр айдыңында көрүнүктүү орунду ээлеген активисттер, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын лидерлери жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катышты. «Чөйрө 2022» өз натыйжаларын берип, форумда жаралган идеялар иш жүзүнө ашып жаткан учуру.
⠀
«Чөйрөдө» ар тармактагы адистер, эксперттер, жаратман, тилектеш-санаалаш инсандар менен мындан ары дагы биргеликте көздөгөн максаттарыбызды ишке ашырабыз деген үмүттөбүз. Жасаган ар бир ишибиздин аркасында Мекенге болгон сүйүү, жоопкерчилик, биримдик, заманбап билим, жаңы бийиктиктерге умтулуу, талыкпас эмгек, креативдүүлүк жатат.
⠀
Урматтуу биздин окурман жана Чөйрөчүлөр, сиздерди «Чөйрөнү» бул номинацияда колдоп, активдүү добуш берүүгө чакырабыз❣️:
https://kssda.kg/awards2023/vote-expansion
⠀
Берилген ар бир добуш үчүн терең ыраазычылык билдиребиз🙌🏼
