en
Feedback
Чөйрө

Чөйрө

Open in Telegram

Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер choyro.com

Show more
962
Subscribers
No data24 hours
No data7 days
No data30 days
Posts Archive
Ильгиз Камбаров: Жашыл Альянс Кыргызстан Орто Азиянын беш мамлекети кирген «Орто Азиядагы жарандык коомдун климаттык сети» бирикмесинин кыргызстандын атынан мамлекеттик координатору Ильгиз Камбаровду маекке тартып, бирикменин максаты, милдети, багыттары тууралуу сүйлөштүк. 0:55 Бирикменин жаралышы, максатары, долбоорлор тууралуу кыскача маалымат 4:29 Кыргызстандагы “Жашыл Альянс” уюмунун тарыхы, мүчөлөрү 10:20 Доскредобанк аркылуу сарамжалдуу технологияны насыялоо, жашыл аблигация, жашыл долбоорлор 12:01 Мамлекеттик “Керемет банк”менен жашыл принциптерди киргизүү алкагында иштерди алып баруу 12:44 Жаштар коому “Жердин балдары” долбоору, жаштар менен ири долбоорлорду, конференциялары өткөрүү 13:11 Мамлекеттик позицияны даярдоо КОП-26,КОП-27,КОП-28 13:47 Мамлекеттик уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу 14:20 Эл аралык коом менен ой пикир алмашуу, тажрыйба алмашуу 16:49 Чөйрөдөгү эки долбоор тууралуу 18:30 МОМ, “Жашыл Альянс” аркылуу эки долбоордун тандалышы жана аны ишке ашыруу жолдору 19:50 “Ашар”, “Чөйрө” платформасы аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу 21:06 Чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарын жашыл экономиканы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүго чакыруу 24:53 Долбоорду ишке ашыруудагы жоопкерчилик, колдоого чакыруу, социальдык сеттер аркылуу байланышуу

Сиздин кызыктуу жаңылыгыңыз менен социалдык тармактарыбыздагы активдүү, чоң аудиториябыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Болгону биз
+2
Сиздин кызыктуу жаңылыгыңыз менен социалдык тармактарыбыздагы активдүү, чоң аудиториябыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Болгону биздин Чөйрө порталыбыздагы Чөйрө Медиа группасына маалыматыңызды жазып калтырыңыз. Биз аны скриншот кылып, карап чыгып, эгер биздин баалуулуктарга дал келсе, сонун пост кылып чыгарабыз. Биз аркылуу дүйнөгө маанилүү окуяларыңыз тууралуу айтыңыз жана биздин порталдан жылдызыңызды жандырыңыз! https://choyro.com/groups/choyromedia/

Сиздин кызыктуу жаңылыгыңыз менен социалдык тармактарыбыздагы активдүү, чоң аудиториябыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Болгону биз
+2
Сиздин кызыктуу жаңылыгыңыз менен социалдык тармактарыбыздагы активдүү, чоң аудиториябыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Болгону биздин Чөйрө порталыбыздагы Чөйрө Медиа группасына маалыматыңызды жазып калтырыңыз. Биз аны скриншот кылып, карап чыгып, эгер биздин баалуулуктарга дал келсе, сонун пост кылып чыгарабыз. Биз аркылуу дүйнөгө маанилүү окуяларыңыз тууралуу айтыңыз жана биздин порталдан жылдызыңызды жандырыңыз! https://choyro.com/groups/choyromedia/

Саламатсызбы, сиз билгендей, биз азыр IT Демилге курсунун үстүндө иштеп жатабыз. Ал жакта Кыргызстанга жана кыргызстандыктар үчүн ITге кадам таштоого жардам берип, ар кандай керектүү көндүмдөрдү жана аспаптарды үйрөтүү менен бирге, пайдалуу, эң негизгиси, эне тилибизде долбоорлорду жасап жатабыз. Курстун катышуучуларынын 80 пайызын, окууга ынтызар апалар, окуу менен жумушту бирдей алып кетем деп тырышып окуган эже-карындаштар, үй-бүлөө түйшүгүн бирдей көтөрүп, IT ге болгон кызыгуусу менен алдыга умтулган жаш энелер түзөт. Ушул жекшемби-дем алыш күнү ачык Демо-күн жолугушуусу болот, ага 4 команда жана 4 өз алдынча биздин жарандар акыркы айда үйрөнгөндөрүнүн натыйжасында презентация жасашат. Ал презентациялар Чөйрөнүн Instagram-аккаунтуна өз-өзүнчө пост катары чыгат жана лайк чогултулат. Лайк көп чогулткан посттор курсту улантуу үчүн октябрьда: 1-орун: 100% бекер окуйт 2-орун: 50% гана төлөйт 3-орун: 30% пайыз арзандатуу жарыяланат. Мындан да күчтүү мотивация болуу үчүн жана Чөйрө долбооруна жаңы досторду табуу максатында, демөөрчүлөрдү издейбиз. Сиз, өзүңүздүн продукцияңызды белекке берип же акчалай сыйлык чегерип, сизге жаккан презентацияларды сыйласаңыздар болот. Чөйрө болсо, сиздин атыңызды (же продукцияңызды) спонсор катары постторго кошот, аны менен бирге лайк басып жаткандар сиздин продукцияңызды көрө алышат.

photo content

post2.jpg2.64 KB

post1.jpg5.97 KB

Чынгыз Абдырахманов.m4a36.15 MB

Чынгыз Абдырахманов: Жаратылышты коргоо менен бирге тоо ат туризмин биргеликте өнүктүрөлү! Алыскы Кара Кужур өрөөнүнөн чыккан мекенчил замандашыбыз Чынгыз Абдырахманов айыл жергесиндеги айрым экология маселелерин жана жаратылыштагы болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүү менен бирге тоо ат туризмин өнүктүрүү долбоору жөнүндө, алдыдагы койгон максаттары, пландары тууралуу кеңири маек куруп берди.

Биз эмгек рыногун анализдеп көрүп, суроо- талаптарды бириктирүүчү акысыз Эркин-Иш долбоорун иштеп чыктык. Платформанын эң нег
+2
Биз эмгек рыногун анализдеп көрүп, суроо- талаптарды бириктирүүчү акысыз Эркин-Иш долбоорун иштеп чыктык. Платформанын эң негизги максаты – жумуш издөөчүлөр жана жумуш менен камсыз кылуучулар үчүн процесстерди ыңгайлуу жана натыйжалуу кылуу. ✅ Бул жерде сиз, биздин мүчөлөр тарабынан бөлүшкөн ар түрдүү резюмелерди жана кызыктуу вакансияларды таба аласыз. Ар бир адам өз жарыясын акысыз түрдө долбоорго жүктөй алат. ✅ Эгерде сизге жаккан жумуш же сиз издеп жаткан адис табылса, долбоор ичинен чыкпастан, ортомчусуз түз байланыша аласыз. ✅ Эркин-Иш долбоорунда сиз, жумуш берүүчү болсоңуз, дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун мекендештерибизди IT тармагында ишке тарта аласыз. ✅ Биз бири- бирибизге кол сунуп, чөйрөбүздү билимдүү, кесипкөй, аракетчил адамдар менен байытабыз жана өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүнө, жакындарыбыздын жаркын келечекте жашоосуна жардам бере алабыз! https://choyro.com/groups/erkinish/

Тоо-ат туризми аркылуу айыл экономикасын өнүктүрүү! Капчыгайдагы айылын алдыга сүйрөп, тоо- ат туризмин баштаган аракетчилдер! https://ashar.team/product/community-based-eco-tourism/

Ашар жолу менен идеяны ишке ашыр! “Силер өмүр бою караңгылыкка наалат айтышыңар мүмкүн, бирок эсиңерде болсун ар бир адам кич
+2
Ашар жолу менен идеяны ишке ашыр! “Силер өмүр бою караңгылыкка наалат айтышыңар мүмкүн, бирок эсиңерде болсун ар бир адам кичинекей шамды өзү күйгүзө алат” деп кытайлык улуу даанышман Конфуций айткандай, ар бирибиз жашообузда шамдай жаркырап, чөйрөбүзгө жардам берип, кең келечек түзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгемендүүлүктүн отуз жылында мамлекетибиз кечирген көптөгөн окуялар талкууга арзыйт. Тарыхый көз караштан алганда, бул жөн гана көз ирмем. Бирок, адам өмүрү үчүн бул бүтүндөй бир доор. Унутпайлы, убакытты кантип өткөргөнүбүз кийинки муундарга сабак бойдон калат. Биз өз доорубузду тилектештик идеялар жана жаратмандык иштер менен толтурдукпу же кайдыгерликке жол берип, колубуздагы шамдын жарыгын жайылтпастан, өнүккөн коомду кура алган жокпузбу, албетте буга тарых тараза болот. Долбоорлорду өнүктүрүү үчүн бүткүл дүйнө жүзү боюнча шамдар күйүп турса деп кыялданабыз. Ашар - https://ashar.team/ Ашар долбооруна кошулуу үчүн - https://choyro.com/courses/start/lessons/ashar/

Жардам борборунун кызматтары тейлөө акысына кирет. Кандай гана суроолоруңуз болбосун, биз сизге жана сиздин колдоочуларыңызга суткасына 24 саат, жумасына 7 күн жардам берүүгө даярбыз. https://ashar.team/

➡️ финансылык каржылоодон сырткары кандай жардам күтөөрүн айтат ➡️ демөөрчүлөр үчүн белектерди даярдайт ➡️ башка долбоорлого активдүү катышат Долбоорлордун негизги кыймылдаткыч күчү – адамдардын жашоосун жакшы жакка өзгөртө турган жалпы максат. Автор долбоордун негизги “мотору” болгондуктан, ар дайым байланышта болуусу талап кылынат. Эң негизгиси – долбоордун жүрүшү тууралуу коомчулукка чынчыл жана ачык маалымат берип туруу. ➡️ Долбоорду баштоодон мурун коммуникация стратегиясын пландаштыруу пайдалуу – сиздин потенциалдуу колдоочуларыңыз алгач краудфандинг кампанияңыздан кабардар болушу керек! ➡️ Ким менен, качан жана кантип байланышкыңыз келгени жана долбооруңуз тууралуу маалымат таратууга ким жардам бере алаарын ойлонуңуз. Үй-бүлөңүз жана досторуңуз сизге башынан эле колдоо көрсөтүшү үчүн өзүңүздүн жакындарыңызга кабарлаңыз. Сиз краудфандинг долбоорлору кайрымдуулук долбоорлорунан каражат чогултуу мөөнөтү боюнча айырмаланарын байкасаңыз болот. Бир жагынан алганда, кыска убакытты белгилөө долбоордун илгериленишин кыйындатат, бирок ошол эле учурда атаандаштыктын жана толкундануунун духун кошуп, колдоочуларды ишке жигердүү тартууга жана алардын кызыгуусун арттырууга жардам берет. 🔍 Сыйлыктар Колдоочулар сыйлыктарды каржылык салымынын ордуна алышат. Сыйлык канчалык жагымдуу болсо, колдоочуларды табуу ошончолук жеңил болот! Мисалы кооз кагаз бетине жагымдуу сөз жазып, электрондук же жөнөкөй кат аркылуу жөнөтсөңүз болот. Өзүңүздүн чыгармачылыгыңызга жараша түрдүү идеяларды ойлоп тапсаңыз да сонун! 🔍 Долбоор ийгиликке жетпей калса эмне болот ➡️ Белгиленген каражатка же максатка жеткенде гана сумма долбоордун ээсине 10 күн аралыгында которулат. ➡️ Максат ишке ашпаса, акча колдоочуларга кайтарылып берилет. 🔍 Каражат чогултуу жүрүп жаткан учурда: ➡️ долбоордун автору жаңыртууларды жарыялайт ➡️ каражат чогултуунун жүрүшүн сүрөттөп берет ➡️ пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүү жолдорун издейт жана бөлүшөт ➡️ колдонуучулар менен жигердүү иштеп, аларды тынчсыздандырган маселелерди талкуулайт 🔍 Сыйлык чегерилбеген долбоорлор Платформада катышуучулар сыйлык ала тургандан сырткары, сыйлыктарды бербеген: социалдык мекемелердин – балдар үйүнүн, карылар үйүнүн жана ооруканалардын пайдасына каражат чогултуу (акысыз) долбоорлор да бар. 🔍 Эң акыркы баскычта сиз жөн гана долбоордон ийгиликтүү каражат чогулушун күтүшүңүз керек. Эгер кааласаңыз, маалыматты соц тармактарда досторуңузга жана катталуучулураңызга жөнөтүү менен ишти илгерилетсеңиз болот. Пикирлеш адамдарды, жаңы досторду, башка долбоорлорго катышуу менен таба аласыз, андыктан кайдыгер болбой аларга да катышыңыз. 🔍 Донорлор үчүн: ➡️ Которо турган сумманы тандап, андан кийин төлөм системасынын терезесине өтөсүз. ➡️ Сиз колдоо көрсөтүүгө даяр болгон акчаны (10 доллардан баштап) тандайсыз. Автор кандайдыр бир салымдын суммасына сыйлык чегерип койсо болот. 🔍 Колдоочуларыңыз менен байланышыңыз Сиздин кампанияңыз онлайн режиминде башталгандан кийин, мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат таратыңыз: жеке кат, социалдык медиа же түз WhatsApp, Telegram аркылуу болушунча көп адамдарга жайылтыңыз. Долбооруңуз жөнүндө канчалык көп адамдар билишсе, ошончолук жакшы жыйынтыкка жетесиз. Эсиңизде болсун: сиз ойлобогон адамдар кол сунушу мүмкүн. Баса, күчтүү жарнама – алтынга тете. Эгерде сиз биринчи жумада чуркап иштеп, каржылоо максатыңыздын 20-30 пайызына жетсеңиз, анда сиздин кампанияңыздын ийгиликтүү өтүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин билдирет. 🔍 Ачык-айкындуулук Акциянын аягында, эгерде сиздин долбоор ийгиликтүү каржыланса, сизге топтолгон суммадан 6,0% тейлөө акысын жана 4,0% транзакциялык комиссияны алып салабыз. Бул учурда сиз эч кандай чыгашага учурабайсыз. 🔍 Консалтинг Биз сиздин кампанияңызды башынан аягына чейин көзөмөлдөп, онлайн пикир жана кеңештерди берип турабыз. Долбооруңузду алдыга жылдыруу үчүн биздин кызмат пакеттерибизди текшериңиз. 🔍 Шериктештиктер Долбооруңузду колдоп, алдыга жылдыра турган компаниялар, фонддор жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өнөктөштүгүбүздөн пайдаланыңыз. 🔍 Биз менен байланышуу

Ашар жолу менен идеяны ишке ашыр! “Силер өмүр бою караңгылыкка наалат айтышыңар мүмкүн, бирок эсиңерде болсун ар бир адам кичинекей шамды өзү күйгүзө алат” деп кытайлык улуу даанышман Конфуций айткандай, ар бирибиз жашообузда шамдай жаркырап, чөйрөбүзгө жардам берип, кең келечек түзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгемендүүлүктүн отуз жылында мамлекетибиз кечирген көптөгөн окуялар талкууга арзыйт. Тарыхый көз караштан алганда, бул жөн гана көз ирмем. Бирок, адам өмүрү үчүн бул бүтүндөй бир доор. Унутпайлы, убакытты кантип өткөргөнүбүз кийинки муундарга сабак бойдон калат. Биз өз доорубузду тилектештик идеялар жана жаратмандык иштер менен толтурдукпу же кайдыгерликке жол берип, колубуздагы шамдын жарыгын жайылтпастан, өнүккөн коомду кура алган жокпузбу, албетте буга тарых тараза болот. Биз билим берүү жана маданият тармагында ошондой эле социалдык чөйрөдө ашар долбоорун ишке ашыруу үчүн атайын портал ачтык. Ашар деп аты айтып тургандай, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн жапырт аракеттенебиз. Ашарга жер планетасынын бардык континенттеринде жашаган мекендештерибиз катыша алышат. Долбоорлорду өнүктүрүү үчүн бүткүл дүйнө жүзү боюнча шамдар күйүп турса деп кыялданабыз. Биздин порталдын миссиясы жарандык жана өкмөттүк эмес демилгелерди илгерилетүү жана колдоо үчүн филантропияны же башкача айтканда кайрымдуулукту системалуу өнүктүрүү болуп саналат. Биздин веб-сайтта кайрымдуулук кылуу менен, акчаңыз тийиштүү адамдарга жетет жана шылуундардын капчыгына кетпейт деп толук ишендиребиз. Түшкөн каражаттар эксперттик баалоодон өтөт. Биз бул уюмдардын юридикалык документтерин жана арыздарын текшерип тим болбостон, алардын ар биринин аброюна да баа беребиз. Кыргызстанда долбоорлорду колдоо үчүн ашар- краудфандинг платформасы 4 тилде – кыргыз, англис, немис жана орус тилдеринде ишке киргизилди. Ошентип, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн жарандары да биздин долбоорлордун потенциалдуу колдоочулары жана ишенимдүү адамдары боло алышат. 🔍 Краудфандинг – кандайдыр бир идеяны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү Сизде долбоорлор үчүн сонун идея бар дейли, бирок ишке ашырганга акчаңыз жок. Канчалаган оригиналдуу стартаптар, фильмдер, клиптер үчүн сценарийлер жана сонун ойлоп табуулар кендирди кескен каражатка байланып, жүрөгүбүздө калып кетти. Дүйнөдө сиздин идеяңызды колдоп, ишке ашырууга жардам берүүгө даяр адамдар бар экенин билесизби? Краудфандинг англис тилинен crowd – топ, funding – каржылоо сөздөрүнөн келип чыккан. Тагыраагы, кызыктуу идеяларды жамааттык каржылоо. Краудфандинг аркылуу адамдар жаңы идеяларды жана долбоорлорду жарата алышат. 🔍 Платформа кантип иштейт? Платформага ийгиликтүү катталгандан кийин сиз эмне кылышыңыз керек: ⏺️ Учурда ашарда жүрүп жаткан долбоорлорду финансалык жактан колдошуңуз керек. Сиз каалаган суммаңызды системага которуп, өзүңүз тажрыйба катары көрүп, платформанын кандай иштээрине күбө болосуз ⏺️ Андан сырткары актуалдуу долбоорлорго тапшырмаларды аткарып, идеяларыңызды айтып, кызыктуу текст жазып, сүрөт тартып, логотип жасап, үн коштолгон видео монтаждап жана башка өзүңүздүн чыгармачылыгыңызга жараша жардам берсеңиз болот. ⏺️ Акыркы баскычта долбооруңуздун идеясын чөйрөгө сунуштайсыз, мүчөлөр тарабынан жактырылган соң сиз: идеяны кооз, түшүнүктүү текст түрүндө жазып бересиз бизге маек куруп, проектиңизди кененирээк өз сөзүңүз менен баяндайсыз сүрөттөрдү, видеолорду даярдайсыз канча каражат керектелет жана каякка жумшалат айтасыз Аталган процесстер бүткөн соң, байланышыбызды улантып кийинки баскычка өтөбүз. ➡️ Долбоор даяр болгондон кийин, эрежелерге туура келээрин карап чыгабыз жана суроолорубуз же кошумча ойлорубуз болсо, сиз менен байланышабыз. Кийинки баскычта, биз сиздин кампанияңызды онлайн режимине өтүү үчүн активдештиребиз жана сизге баалуу кеңештерди берүүнү улантабыз. ➡️ Долбоорду ишке ашыруу: автордун, волонтерлордун жана демөөрчүлөрдүн биргелешкен аракетинин натыйжасы. 📌Жыйынтыктап айтканда долбоордун автору: ➡️ кандайдыр бир демилгенин чечилишин сунуштайт ➡️ ага кандай финансылык жардам керек экендигин көрсөтөт ➡️ кампаниянын узактыгын жазат

Чөйрөдөгү Ашар долбооруна Азамат Токтакунов кызыктуу маалымат кошту. Чөйрөгө кирип окуңуз жана катталып, ой-пикириңизди билди
+2
Чөйрөдөгү Ашар долбооруна Азамат Токтакунов кызыктуу маалымат кошту. Чөйрөгө кирип окуңуз жана катталып, ой-пикириңизди билдириңиз. https://choyro.com/groups/ashar/

Азыркы жашоодо IT акча табуу үчүн эң сонун тармак экени баарына түшүнүктүү. Ар бир адам билим алуу керек экенин билет бирок ага акча салгысы келбейт. Башкача айтканда, сиз каалайсыз: - Айына көп акча тапканды - Акчаңызды каалагандай коротконду - Татынакай кийингенди - Темир тулпар минип жүргөнүңүздү - Саякатка чыкканды - Кредити жок жашаганды - Үйүңүзгө жаңы эмеректерди алганды - Жакындарыңызга белек берип кубантканды -Тойго түрлөнүп кийинип барганды ж.б Бирок сиз каалабайсыз: - Күн сайын таң атпай турганды - Эртең мененки көнүгүүлөрдү жасаганды - Суу ичкенди - Күнүңүздү пландаганды - Жаңы кесипти үйрөнгөндү - Менторлор менен баарлашканды - Күн сайын тапшырма аткарганды - Үзгүлтүксүз окуганды - Акчаңызды билимге инвестиция кылганды Бир нерсе алуу үчүн бир нерсе бериш керек. Алмашуу. Эгер сиз "жашоо кыйындап кетти" деп наалысаңыз, жүрөгүңүздөгү суроо-талабыңыз сиз каалаган нерсеге дал келбесе, капа болуунун кереги жок. Демек, жашоодогу приоритеттерди жакшылап карап чыгууга убакыт жетти! “IT ге киришүү” курсунда окуу билимиңизди өнүктүрүү жана акча табуу үчүн керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүгө гана жардам бербестен, керектүү адаттарды үйрөтөбүз жана жалпы эле жашоого болгон мамилеңизди өзгөртөбүз. Эң негизгиси, сабак учурунда үй тапшырмасын аткаруу керек. Биз инструкцияларды, ишке ашырууга оңой болгон механиканы, өнүгүүгө жардам бере турган сунуштарды беребиз. Сиз менен тажрыйбалуу куратор жана модераторлор иштейт. Курс старт алды, жазылып калганга үлгүрүңүз, саналуу орундар калды. Топтук тариф, төрт адам жазылсаңар, үчөөнүн гана акчасын төлөйсүңөр. Эгер IT ден карьера жасап, акча табууну чечсеңиз, биз сизди курста күтөбүз. Суроолорду бериңиз жана шилтеме аркылуу катталыңыз! https://choyro.com/courses/itdemilge/

Саламатсыздарбы! Нарын облусунан Кара-Кужур жамааты экология жана туризм багытында жаңы идея “Тоо-ат туризми аркылуу айыл эко
Саламатсыздарбы! Нарын облусунан Кара-Кужур жамааты экология жана туризм багытында жаңы идея “Тоо-ат туризми аркылуу айыл экономикасын өнүктүрүү” аттуу долбоор сунуштап, краудфандинг жарыялады. Мүмкүн болсо, ким канча кошо алса, колдоп бериңиздер. Ашар жолу менен бирге жардам берип, өлкөбүздүн экономикасына салым кошолу! https://ashar.team/product/community-based-eco-tourism/

Ашар! Тоо-ат туризми аркылуу айыл экономикасын өнүктүрүү. https://ashar.team/product/community-based-eco-tourism/
Ашар! Тоо-ат туризми аркылуу айыл экономикасын өнүктүрүү. https://ashar.team/product/community-based-eco-tourism/

Салам Чөйрөчү! Сиз байкагандай Креативдүү индустриялар паркынын тегерегинде азыр өтө курч кырдаал түзүлүп жаткан чак. Өтүнүч петицияга колуңузду коюп, таасирлүү инсан катары катталуучуларыңызга кайрылуу жасап, петицияга кол топтоого көмөктөшүп бериңиз! https://chng.it/MwNYvKsyGV