Союз МСУ КР
Open in Telegram
889
Subscribers
No data24 hours
-27 days
-330 days
Posts Archive
889
🔺 КР ЖӨБ Союзунун эксперттери 14–20-май күндөрү Жалал-Абад облусунун бир катар шаарлары менен айыл өкмөттөрүндө практикалык семинарларды өткөрүштү.
📌 Практикалык семинарлар Кербен жана Кочкор-Ата шаарларынын мэрияларында, ошондой эле Д. Садырбаев, Ала-Бука, Терек-Сай жана Каныш-Кыя айыл өкмөттөрүндө өттү.
▫️ Иш-чаралардын негизги максаты - актуалдуу темалар боюнча билим деңгээлин жогорулатуу жана практикалык колдоо көрсөтүү болду. Семинарлар интерактивдүү форматта өтүп, реалдуу маселелерди талкуулоого жана практикалык чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түздү.
Окутуулар төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү:
🔸 Муниципалдык ишканаларды башкаруу:
Катышуучулар ишканалардын натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл болгон түзүмдөр, башкаруу ыкмалары, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, ички регламенттер жана стратегиялык пландаштыруу боюнча пайдалуу маалымат алышты.
🔹 Жер маселелери жана тиешелүү мыйзамдар:
Жер участокторун трансформациялоо, пайдалануу, каттоо жана мыйзамдуу берүү жол-жоболору боюнча практикалык кеңештер берилип, ченемдик укуктук актылар менен иштөө механизмдери көрсөтүлдү.
🔹Муниципалдык кызматты өтөө:
Муниципалдык кызматкерлердин милдеттери, айлык маянаны белгилөө, кадрларды тандоо жана ишти баалоо боюнча сунуштар берилди. Ошондой эле, келишимдик негизде иштөөнүн өзгөчөлүктөрү боюнча кеңештер айтылды.
Бул окутуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнүмдүк ишин жакшыртууга, мыйзамдарды так аткарууга жана калк менен иштөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
Ушундай эле иш-чаралар алдыда республиканын башка региондорунда да өткөрүлмөкчү.
889
📚 КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалган тесттик суроолор менен билимиңизди текшерип көрүңүз!
Билимиңизди бекемдөөгө жардам бере турган кезектеги тестти сунуштайбыз.
🔹 Тема: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 2025-жылдын 23-январы, № 23, 2-бөлүк
📌 Тест кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Жалпы 20 суроо камтылган. Ар бир туура жооп - 5 упай. Тесттин жыйынтыгы боюнча максималдуу 100 упай топтой аласыз.
❗ Эгерде бир гана туура жооп бар болсо - тегерек белги менен, ал эми бир нече туура жооп болсо - төрт бурчтуу белги менен көрсөтүлөт.
✅ Тесттин шилтемеси:
Кыргызча: https://forms.gle/Y6FJDFk5wiyQjNgo6
Орусча: https://forms.gle/xDYvNCjyQGsN3Sz38
🔗 Бардык тесттердин тизмеси:
https://soyuzmsu.kg/tests
889
Бүгүн, 13-майда, Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жана Кемин шаарында муниципалдык кызматкерлер үчүн Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри менен иштөө боюнча практикалык окутуу өттү.
📊 Окутууга 17 кызматкер - орун басар-жооптуу катчылар, материалдык бухгалтерлер, финансы-экономикалык бөлүм башчылары жана жер адистери катышты.
💻 Катышуучуларга реестрге кирүү жана аны туура толтуруу боюнча КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан колдоо көрсөтүлдү.
Бул сыяктуу окутуулар - муниципалдык башкарууну натыйжалуу жүргүзүүгө чоң салым! 💼✅
889
Жайкы эс алуу сезону жакындап калды!
Ошондуктан көпчүлүктү кызыктырган суроо:
💸 Муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине ден соолугун чыңдоого материалдык жөлөкпул төлөнөбү?
Бул суроого эксперт менен бирге жооп беребиз!
📜 2022-жылдын 1-августунда чыккан КР Президенттин жарлыгына ылайык, эки айлык эмгек акы өлчөмүндөгү жөлөкпул мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге гана каралган.
❗Муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн мындай төлөм каралган эмес.
Бирок!
📌 Эмгек кодексине ылайык, аларга жыл сайын акча төлөнүүчү өргүү берилет - 28 календардык күн, жана ошол күндөр үчүн ортодо эсептелген айлык маяна төлөнөт.
🎥 Толук түшүнүү үчүн видеону акырына чейин көрүңүз.
https://www.instagram.com/p/DJlJJqqC4rX/
889
Урматтуу кесиптештер!
Бул шилтеме аркылуу
https://drive.google.com/drive/folders/1xJ9wgh3yMO4-CcW3cdESLd6cBvlqF9Fw?usp=sharing төмөндөгү жаңыланган документтерди жүктөп алсаңыздар болот: ⤵️
1) ЖӨБ органдарынын компетенциясын жана функционалдык милдеттерин (ыйгарым укуктарын) аныктаган КР 173 мыйзамдарынын тизмеси;
2) ЖӨБ органдарынын компетенциясын жана функционалдык милдеттерин (ыйгарым укуктарын) аныктаган 253 мыйзам алдындагы актылардын тизмеси;
3) Ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө таблица;
889
Урматтуу Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын жалпы жамааты!
🇰🇬 Сиздерди Бишкек шаарынын күнү жана анын 147 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!
✨ Бишкек шаары — бул көөнө тарыхты камтыган, элибиздин биримдигин жана мээнеткеч эмгегин чагылдырган борборубуз болуу менен өлкөбүздүн саясий, экономикалык жана маданий жүрөгү болуп саналат.
Бүгүн шаарыбыз тездик менен өзгөрүп, жашоочулары үчүн ыңгайлуу, жашыл, коопсуз жана технологиялык борборго айланып барат. Бул өзгөрүүлөр Бишкек шаардык мэриясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаардын тургундарынын биргелешкен аракетинин жемиши деп билебиз.
🤝 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу борбор калаа менен кызматташып, жергиликтүү өз алдынча башкарууну бекемдөөгө, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду өнүктүрүүгө дайыма салым кошуп келет.
🌱 Бишкек шаарыбыз мындан ары да гүлдөп, өнүгүп, өлкөбүздүн ар бир жараны үчүн мекендин сыймыгы боло берсин!
Шаарыбызда жашаган ар үй-бүлөгө ынтымак, тынчтык жана бакубат жашоо каалайм!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун директору
Бектурган Орозбаев
889
КР ЖӨБ Союзунун Башкармалыгынын жыйыны
🗓️ 2025-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун Башкармалыгынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйын Башкармалыктын төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Усеналиев Бекжан Бактыбековичтин жетекчилиги алдында өттү.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
▫️ ЖӨБ Союзунун 2025-жылга карата Иш-планы тууралуу маалымат;
▫️ ЖӨБ Союзунун Дирекциясынын 2025-жылга карата бюджети жөнүндө баяндаманы угуу жана бекитүү;
▫️ ЖӨБ Союзунун ички документтерин кароо жана бекитүү.
📌 Отчеттун маанилүү бөлүгү катары айылдык кеңештердин, айыл өкмөттөрүнүн жана мэриялардын Союзга болгон ишениминин жогорулашы, мүчөлүк акыларды жогорулатып жана убагында төлөп берүүсү, ошондой эле бул каражаттарды максаттуу жана ачык-айкын пайдалануу боюнча маалыматтар белгиленди. Союз өз ишмердүүлүгүн ачык-айкындуулук жана эффективдүү башкаруу принциптерине таянып жүргүзүүдө.
Талкуунун жыйынтыгында бардык күн тартибиндеги маселелер каралып, Башкармалыктын мүчөлөрү тарабынан бир добуштан жактырылып кабыл алынды.
Жыйындын жүрүшүндө Башкармалыктын мүчөлөрү Союздун ишмердүүлүгүн дагы да алдыга жылдыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар баалуу сунуштарын билдиришти. Бул сунуштарды ишке ашыруу үчүн Дирекция бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын жана алардын аткарылышын жылдын жыйынтыгы менен отчёт түрүндө мүчөлөргө сунуштай тургандыгын билдиришти.
889
📌 Эски көрүстөндөрдүн орду кандай колдонулат?
⠀
Коомчулукта көп суроо жаратып жаткан маселеге КР ЖӨБ Союзунун эксперти Айнур Кенжебаева түшүндүрмө берет.
🌳 Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы №53 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамына ылайык, мөөнөтү өтүп, 30 жылдан ашкан эски көрүстөндөр жабылып, алардын ордуна бак-дарактар отургузулат жана жашылдандырылат. Ал жерлерде имараттар жана башка курулуштар курууга тыюу салынат.
⠀
📍 Жер кодексинин 15-беренесине ылайык, жер участокторунун күмбөзгө (кладбищеге) трансформацияланышы (которулушу) – райондук мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укугуна кирет.
⠀
📄 Бул процесс «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө» мыйзамынын (2013-жыл, №145) жана КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтомунун негизинде жүргүзүлөт.
📹 Видеодо ушул маселелер боюнча кеңири маалымат берилет – көрүп, пайдалуу маалымат менен таанышыңыз!
https://www.instagram.com/p/DI3knLXogWo/
889
📍 21-22-апрель күндөрү пилоттук айыл өкмөттөр жана аларга караштуу муниципалдык ишканалар үчүн муниципалдык ишканалардын ишин уюштуруу жана башкаруу боюнча окутуучу семинарлар өткөрүлдү.
📌 Окутуулар Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады, Баш-Булак жана Отуз-Адыр айыл өкмөттөрүндө жана Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Гүл жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүндө өткөрүлдү.
👥 Семинарга 30дан ашуун катышуучу — айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңеш төрагалары, муниципалдык ишканалардын директорлору жана финансы-экономика бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
📌 Бул сапар — 10 пилоттук айыл өкмөттөр жана муниципалдык ишканалар үчүн пландалган бир катар окутуулардын алгачкысы болду. Алгачкы сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү жана документтери боюнча мониторинг жана анализ жүргүзүлдү.
📍 Баткен облусунда жаңыдан жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында, айрым муниципалдык ишканалардын иши али толук түзүлүп бүтө элек болгондуктан, бул багытта окутуулар мамлекеттик сатып алуулар, порталга катталуу, мыйзамдык негиздер боюнча өттү.
📍 Ош облусундагы окутуулар уставды өзгөртүү, сатып алуулар порталы менен иштөө жана тарифтик сеткалар боюнча болду.
🔜 Жакын арада дагы 2 сапар пландалууда. Алардын жыйынтыгында ар бир муниципалдык ишкана үчүн жеке өнүгүү сценарийлери иштелип чыгат. Бул алардын туруктуу жана натыйжалуу иштөөсүнө өбөлгө болот.
🟢 Окутуулар Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган "Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунун алкагында өтүп жатат. Бул долбоордо Нарын, Ош жана Баткен облустарынан 10 айыл өкмөт жана муниципалдык ишкана тандалып алынган.
📊 Долбоордун жыйынтыгында ар бир ишкананын ишмердүүлүгү, көйгөйлөрү анализденип, муниципалдык ишканалардын ишмердигин жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар даярдалат.
889
📚 КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалган тесттик суроолор менен билимиңизди текшерип көрүңүз!
Билимиңизди бекемдөөгө жардам бере турган кезектеги тестти сунуштайбыз.
🔹 Тема: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 2025-жылдын 23-январы, № 23, 2-бөлүк
📌 Тест кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Жалпы 20 суроо камтылган. Ар бир туура жооп - 5 упай. Тесттин жыйынтыгы боюнча максималдуу 100 упай топтой аласыз.
❗ Эгерде бир гана туура жооп бар болсо - тегерек белги менен, ал эми бир нече туура жооп болсо - төрт бурчтуу белги менен көрсөтүлөт.
✅ Тесттин шилтемеси:
Кыргызча: https://forms.gle/eAc52yBo42QmnCso6
Орусча: https://forms.gle/JwmNad7yZJ1k9nfx5
🔗 Бардык тесттердин тизмеси:
https://soyuzmsu.kg/tests
889
📢 Урматтуу кесиптештер!
2025-жылдын 18-апрелинде саат 10:00дө "Мамлекеттик сатып алуулар" темасында ZOOM конференция өтөт.
📌 Онлайн конференцияда сиздер мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызыктырган суроолоруңузду берип, КР ЖӨБ Союзунун эксперти Адилет Кошманбетовдон жоопторун ала аласыздар.
Конференциянын максаты — мамлекеттик сатып алуулар боюнча түшүнүктөрдү тереңдетүү жана практикада жолуккан маселелерди чечүүгө жардам берүү.
Катышууга чакырабыз! ✅
Шилтеме: ⤵️
https://us06web.zoom.us/j/84900781834?pwd=AAtL9ETgdchCob6QurYCzUgpxmal29.1
889
🗓️ 7–11-апрель күндөрү Талас шаарынын жана Талас облусунун айыл өкмөттөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын 150дөн ашуун кызматкери үчүн ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу төрт негизги багыт боюнча окутуулар өткөрүлдү.
🔹 1. Муниципалдык ишканаларды башкаруу
Катышуучулар муниципалдык ишканалардын түзүлүшү, башкаруу механизмдери, каржылык туруктуулук, бухгалтердик эсеп жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча кеңири маалымат алышты. Эксперттер ишканалардын ички регламенттери, кызматтык милдеттерди бөлүштүрүү жана стратегиялык пландаштыруу боюнча сунуштарды беришти.
🔹 2. Жер маселелери жана мыйзамдар
Семинардын алкагында жер участокторун трансформациялоо, берүү, пайдалануу жана менчик укуктарын каттоо боюнча колдонулуп жаткан мыйзамдар түшүндүрүлдү. Мэрия менен айыл өкмөттөргө жер маселелери боюнча ченемдик укутук актыларды талдоо жана даярдоо боюнча практикалык жардамдар көрсөтүлдү. Ошондой эле, ЖӨБ органдарынын жана кеңештердин бул багыттагы ыйгарым укуктары так белгиленип берилди.
🔹 3. Мамлекеттик сатып алуулар
Катышуучулар мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын негизги талаптары, тендер өткөрүү жол-жоболору, документтерди даярдоо, комиссиянын ишмердүүлүгү жана келишимдерди түзүү маселелери боюнча окутулду. Айрыкча, ката кетирүүчү учурлар жана коррупциялык тобокелчиликтерди болтурбоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
🔹 4. Муниципалдык кызмат жана кадр маселелери
Муниципалдык кызматтын түзүлүшү, кызматтык милдеттерди бөлүштүрүү, иш тартиби жана кызматкерлердин айлык акылары боюнча кеңештер берилди. Мэрия менен айыл өкмөттөргө штаттык расписание түзүү, муниципалдык кызматкерлерди тандоо жана баалоо маселелери боюнча сунуштар берилди. Айрым райондордо келишимдик негизде иштөө боюнча да түшүндүрмөлөр болду.
📌 Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар иш жүзүндө колдонмолорду алып, өз мекемелеринде натыйжалуу башкаруу жана мыйзамдуу иш жүргүзүү үчүн практикалык инструменттерге ээ болушту.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу тарабынан Талас шаарынын мэриясынын жана райондук мамлекеттик администрациялардын чакыруусу менен уюштурулду.
