en
Feedback
Союз МСУ КР

Союз МСУ КР

Open in Telegram

Содействуем развитию потенциала органов МСУ✔️

Show more
889
Subscribers
No data24 hours
-27 days
-330 days

Data loading in progress...

Attracting Subscribers
August '25
August '25
+3
in 0 channels
July '25
+7
in 0 channels
Get PRO
June '25
+27
in 0 channels
Get PRO
May '25
+7
in 0 channels
Get PRO
April '25
+13
in 0 channels
Get PRO
March '25
+22
in 0 channels
Get PRO
February '25
+71
in 0 channels
Get PRO
January '25
+36
in 0 channels
Get PRO
December '24
+20
in 0 channels
Get PRO
November '24
+19
in 0 channels
Get PRO
October '24
+21
in 0 channels
Get PRO
September '24
+85
in 0 channels
Get PRO
August '24
+18
in 0 channels
Get PRO
July '24
+18
in 0 channels
Get PRO
June '24
+37
in 0 channels
Get PRO
May '24
+39
in 0 channels
Get PRO
April '24
+33
in 0 channels
Get PRO
March '24
+32
in 0 channels
Get PRO
February '24
+23
in 0 channels
Get PRO
January '24
+45
in 0 channels
Get PRO
December '23
+594
in 0 channels
Date
Subscriber Growth
Mentions
Channels
10 August0
09 August0
08 August0
07 August+1
06 August+1
05 August+1
04 August0
03 August0
02 August0
01 August0
Channel Posts
🗓️ Бүгүн, 2025-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун Ревизиялык комиссиясынын отуруму өттү. 🔺 Жыйын башында комиссиянын төрагасы Дубанаев Алмазбек күн тартибин сунуштап, ал бир добуштан кабыл алынды. Ошондой эле жакында Союздун Жалпы жыйынында шайланган Ревизиялык комиссиянын жаңы мүчөлөрү менен тааныштырды. Отурумдун жүрүшүндө ЖӨБ Союзунун 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган ишмердүүлүгү боюнча маалымат угулуп, ачык талкуу болду. Мындан тышкары, 2024-жылдагы финансылык ишмердүүлүк боюнча көз карандысыз аудиттин жыйынтыгы жана 2025-жылдын январь-июнь айларында бюджеттин аткарылышы тууралуу кенен маалымат берилди. Ошондой эле ЖӨБ Союзуна мүчө болгон айыл өкмөттөрдүн жана шаар мэрияларынын мүчөлүк акыларынын төлөнүшү тууралуу маалымат каралды. Бул маалыматтар Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кылдат талданып, учурдагы жагдай боюнча бир катар сунуштар берилди. Ревизиялык комиссия ЖӨБ Союзунун 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы финансылык ишмердүүлүгүн текшерип чыгып, финансылык документтердин так, ачык-айкын жана мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын, финансылык мыйзам бузуулар катталбагандыгын белгилешти. Жыйындын алкагында Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүү максатында кызыкчылыктардын кагылышуусунун, байланышкан тараптар менен операциялардын, алдамчылык жана коррупциянын алдын алуу боюнча талаптар комиссиянын иштөө регламентине кошумча киргизүү сунушталып, талкуу жүргүзүлдү. Комиссиянын мүчөлөрү бул өзгөртүүлөрдү кабыл алып, кошумча сунуш-пикирлерин билдиришти. Жыйынтыгында, комиссиянын мүчөлөрү ЖӨБ Союзунун финансылык башкаруусу туруктуу, ачык жана ишенимдүү негизде жүргүзүлүп жатканын белгилешти. 📝Ревизиялык комиссиянын сунуштары каттоо баракчасына киргизилип, кийинки жыйындарда эске алынмакчы.

2
No text...
275
3
КР ЖӨБ Союзунун эксперттери 30-июндан баштап 05-июлга чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун айыл өкмөттөрүнө жана Токтогул шаарынын мэриясына практикалык жардамдарды көрсөтүштү. 📌 Практикалык семинарлар Токтогул шаарынын мэриясында, ошондой эле Кетмен-Төбө, Толук, Сары-Камыш, Иманалиев, А.Сүйөркулов жана Үч-Терек айыл өкмөттөрүндө өттү. Жалпысынан иш-чарага 60тан ашык кызматкер катышты. Практикалык жардамдар төмөнкү багыттар боюнча көрсөтүлдү: 1. Жер маселелери боюнча: ▫️ Жайыт жерлерин пайдалануу ▫️ Жер мунапысы (амнистия) ▫️ Жердин трансформациясы (бир түрдөн экинчи түргө, анын ичинде калктуу конуш категориясына өткөрүү) ▫️ Жол жээгиндеги жер участокторун ижарага берүү ▫️ Жалпы пайдалануудагы жерлерди туура пайдалануу ▫️ Токой фондуна тиешелүү жайыт жерлерди пайдалануу ж.б. 2. Муниципалдык кызмат боюнча: ▪️ Эмгек өргүүлөрү (отпускалар) ▪️ Келишим негизинде ишке алынган кызматкерлер боюнча түшүндүрмөлөр ▪️ Иш кагаздарын жүргүзүү тартиби ▪️ Структура жана штаттык түзүм боюнча маселелер ▪️ Класстык чендер тууралуу маалымат. 3. Муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү боюнча: ▪️ Ишкананын Уставын жазуу ▪️ Субсидия берүү эрежелери ▪️ Бухгалтердик эсепти туура жүргүзүү ▪️Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү ▪️Ишканалардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө маселелери. Бул окутуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнүмдүк ишин жакшыртууга, мыйзамдарды так аткарууга жана калк менен иштөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Ушундай эле иш-чаралар алдыда республиканын башка региондорунда да өткөрүлмөкчү.
324
4
No text...
272
5
🗓️ КР ЖӨБ Союзунун эксперттери 23–27-июнь күндөрү Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы, Төрт-Көл, Ийри-Суу, Мырза-Аке, Салам-Алик жана Кара-Шоро айыл өкмөттөрүнө практикалык жардамдары көрсөтүштү. ✅ Жалпысынан иш-чарага 70тен ашык кызматкер катышты. Иш-чаралардын негизги максаты - актуалдуу темалар боюнча билим деңгээлин жогорулатуу жана практикалык колдоо көрсөтүү болду. Семинарлар интерактивдүү форматта өтүп, реалдуу маселелерди талкуулоого жана практикалык чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түздү. Ар бир муниципалдык кызматкер менен жекече иш алып барылып, актуалдуу суроолору боюнча практикалык жардам көрсөтүлүп, жеринде көмөк берилди. 🔺 Окутуулар төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү: ▫️ Муниципалдык ишканаларды башкаруу; ▫️ Жер маселелери жана тиешелүү мыйзамдар; ▫️ Муниципалдык кызматты өтөө. 🔸 Бул окутуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнүмдүк ишин жакшыртууга, мыйзамдарды так аткарууга жана калк менен иштөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
394
6
No text...
327
7
КР ЖӨБ Союзунун эксперттери 23–25-июнь күндөрү Нарын облусунун айыл өкмөттөрүнө жана Нарын шаарынын мэриясына практикалык жардам көрсөтүштү. 📌 Практикалык семинарлар Нарын шаарынын мэриясында, ошондой эле Дөбөлү, Эмгек-Талаа, Жан-Булак, Учкун, Миң-Булак, Чет-Нура жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүндө өттү. Жалпысынан иш-чарага 70тен ашык кызматкер катышты. Практикалык жардамдар төмөнкү багыттар боюнча көрсөтүлдү: 1. Жер маселелери боюнча: ▫️ Жайыт жерлерин пайдалануу ▫️ Жер мунапысы (амнистия) ▫️ Жердин трансформациясы (бир түрдөн экинчи түргө, анын ичинде калктуу конуш категориясына өткөрүү) ▫️ Жол жээгиндеги жер участокторун ижарага берүү ▫️ Жалпы пайдалануудагы жерлерди туура пайдалануу ▫️ Токой фондуна тиешелүү жайыт жерлерди пайдалануу ж.б. 2. Муниципалдык кызмат боюнча: ▪️ Эмгек өргүүлөрү (отпускалар) ▪️ Келишим негизинде ишке алынган кызматкерлер боюнча түшүндүрмөлөр ▪️ Иш кагаздарын жүргүзүү тартиби ▪️ Структура жана штаттык түзүм боюнча маселелер ▪️ Класстык чендер тууралуу маалымат Бул окутуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнүмдүк ишин жакшыртууга, мыйзамдарды так аткарууга жана калк менен иштөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган. ✔️ Ушундай эле иш-чаралар 30-июндан баштап Жалал-Абад облусунда да өткөрүлмөкчү.
418
8
No text...
342
9
Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! 🇰🇬Сиздерди 23-июнь – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун атынан чын дилимден куттуктайм! Бул майрам – мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өзүнүн билимин, күчүн жана жоопкерчилигин арнап келе жаткан ар бир кызматкерге таазим эте турган күн. Сиздер күн сайын талыкпай иштеп, жарандарга кызмат көрсөтүүдө, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун туруктуулугун камсыз кылууда, адилеттүүлүк менен жогорку кесипкөйлүктүн үлгүсүн көрсөтүп келе жатасыздар. ЖӨБ Союзу сиздердин ишиңиздерди бекемдөөгө, укуктук жана практикалык жардам берүүгө, окутууларды өткөрүүгө жана сиздердин кызыкчылыктарды улуттук деңгээлде коргоого аракет кылып келебиз. Бул жалпы иште сиздердин аракетиңиздер жана кызматка берилгендигиңиздер өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнө негиз болууда. Кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчтык жана жоопкерчиликтүү кызматта жаңы ийгиликтерди каалайм! Биз бирге — күчтүүбүз! Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун директору Бектурган Орозбаев
446
10
No text...
355
11
🗓️ 2025-жылдын 2-5-майында Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында ЖӨБ Союзунун эксперттери Чүй облусунун 5 муниципалдык ишканасына практикалык жардам көрсөтүштү. 📄 Жолугушуулар учурунда ишкананын Уставын жазуу, субсидия берүү эрежелери, сатып алуулар боюнча жол-жоболор, бухгалтердик эсепти туура жүргүзүү, муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү жана ишканалардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө маселелери талкууланды. 📌 Мындай практикалык жардамдар башка муниципалдык ишканалрда дагы өткөрүлмөкчү.
487
12
No text...
424
13
📚 КР ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалган тесттик суроолор менен билимиңизди текшерип көрүңүз! Билимиңизди бекемдөөгө жардам бере турган кезектеги тестти сунуштайбыз. 🔹 Тема: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 2025-жылдын 23-январы, № 23, 3-бөлүк 📌 Тест кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Жалпы 20 суроо камтылган. Ар бир туура жооп - 5 упай. Тесттин жыйынтыгы боюнча максималдуу 100 упай топтой аласыз. ❗ Эгерде бир гана туура жооп бар болсо - тегерек белги менен, ал эми бир нече туура жооп болсо - төрт бурчтуу белги менен көрсөтүлөт. ✅ Тесттин шилтемеси: Кыргызча: https://forms.gle/u3zgeh6R39AUpdQK9 Орусча: https://forms.gle/aLRhgY6ADamatdbt9 🔗 Бардык тесттердин тизмеси: https://soyuzmsu.kg/tests
543
14
No text...
361
15
📌 Депутаттарга пайдалуу маалымат! Бул видеодо жергиликтүү кеңештин депутаты сессияларга жана туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу маселеси каралат. Эмне кылуу керек, эгер сиздин негизги ишиңизден уруксаат берилбей жатса? 🤔 🎥 КР ЖӨБ Союзунун эксперти - Бакыт Рыспаев бул суроого түшүндүрмө берет. Видеону көрүп, өзүңүз үчүн маанилүү маалыматтарды билип алыңыз! Видео: ⤵️ https://www.instagram.com/p/DKb-GZXIxyX/
358
16
No text...
342
17
📘 2024-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) түзүү боюнча жаңы методология кабыл алынган. Бул методология маалыматтарды колдонуу, жарандардын катышуусу, бирдиктүү формат жана пландоо алгоритмин өзүнө камтыйт. 📚 ЖӨБ органдары жаңы методология менен иш алып баруу үчүн окутуулардан өтүштү. Окутуу учурунда катышуучулар тарабынан көптөгөн суроолор берилип, айрыкча маалымат булактарына байланышкан маселелер актуалдуу болгон эле. ЖӨБ Союзу тренерлер жана эксперттер менен бирге дайыма берилген «актуалдуу суроолорго 100 жооп» жыйнагын даярдады. Ал төмөнкү багыттагы адамдар үчүн пайдалуу: ▫️ ЖӨБО жетекчилери жана адистери ▫️ Жергиликтүү кеңештердин депутаттары ▫️ Активисттер жана жергиликтүү ишкерлер 📌 Жыйнак эмне үчүн маанилүү? ✔️ Жаңы методологияны түшүнүүгө жардам берет ✔️ СЭӨПтү сапаттуу иштеп чыгууга көмөктөшөт ✔️ Маалыматтарды туура колдонууга багыт берет 💻 Санариптештирүү менен байланышкан өзгөрүүлөргө жараша жыйнак жаңыланып турат. ЖӨБ Союзу келечекте да актуалдуу суроолорду топтоп, алардын негизинде жоопторду даярдоону улантат. 📎 Жыйнак менен бул шилтеме аркылуу таанышып жүктөп алсаңыздар болот: https://drive.google.com/drive/folders/1T4GC8tfcQyM82HuhAqQTgInob89wJPCc?usp=sharing
398
18
No text...
23
19
No text...
320
20
📍Бүгүн 23-майда Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу менен Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги биргеликте Бишкек шаарынын муниципалдык ишканалары үчүн окутуу семинарын өткөрүштү. 👥 Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин Биринчи орун басары Мирлан Байгончоков, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана кызматчылары катышышты. 🎙 📚 Семинарда ЖБ Союзунун директору Бектурган Орозбаев учурдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө анын ичинде муниципалдык ишканаларды уюштуруу боюнча учкай мааылмат берди. 🎙 📚 Эксперт Гульнара Саякбаева муниципалдык ишканаларды уюштуруу жана башкаруу тууралуу кеңири баяндама жасап, реалдуу мисалдар менен бөлүштү. 💻 Ошондой эле, Агенттиктин кызматкерлери менен биргеликте муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри (ЕРМИ) тууралуу пайдалуу маалыматтар берилди. 📌 Бул окутуу - Бишкек шаарынын муниципалдык ишканалары үчүн өткөрүлгөн биринчи тааныштыруу жолугушуусу болуп, анда алардын күнүмдүк ишинде кездешкен маселелерди аныктоо максатында пикир алмашуу жүргүзүлдү. 🤝 Иш-чаранын практикалык бөлүгүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, эксперттерден так жана мазмундуу жоопторду ала алышты. 📆 Жакынкы убактарда дагы кошумча окутуулар өткөрүлөрү пландалууда. Бул окутуу семинары муниципалдык ишканалардын ишин өнүктүрүүгө жана жергиликтүү деңгээлде башкаруунун сапатын жогорулатууга багытталган.
506